WeChat      Избранное

КЭРдин Төрагасынын КРге боло турган мамлекеттик иш сапарынын алкагында “Манас” операсы Кыргызстанда алгачкы жолу коюлмакчы

15/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

КЭРдин Төрагасынын КРге боло турган мамлекеттик иш сапарынын алкагында “Манас” операсы Кыргызстанда алгачкы жолу коюлмакчы

Маалымат жыйынынан бир көз ирмем. 

Сүрөт интернеттен алынды

2018-жылы Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында ШКУнун мамлекет башчыларынын кезектеги саммити болуп өткөн. Жыйынтыгында 2018-2019-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу укугу Кыргызстанга берилген. 

Учурда, бизде 13-14-июнь күндөрү өтө турган ШКУнун өлкө башчыларынын саммитине даярдык кызуу жүрүп жаткан кез. 

Мына ушул бараандуу иш-чараны утурлай президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков  жана Жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Ташпаева Назгүл 6-июнь күнү “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында журналисттер менен жолугушушту. 

Пресс жыйында ШКУнун саммитине көрүлгөн даярдык,  КЭРдин Төрагасынын КРге боло турган мамлекеттик иш сапары, Монголиянын президенти жана Индиянын премьер-министринин дагы жумушчу сапарлары тууралуу  маалымат берилди.  Азыркы тапта, күн тартибинде каралуучу маселелер такталып, даярдык иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Данияр Сыдыков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы: “Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында дээрлик 20 документке кол коюлат” 

-Учурда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумунда кол коюлары белгиленип жаткан 20га жакын жыйынтыктоочу документ иштелип жатат. 

Төрагалык кылуунун алкагында эксперт, министрлердин деңгээлинде Кыргызстанда, ШКУга мүчө мамлекеттерде 60тан ашык жолугушуу уюштурулду. Ушул жылдын жарым жылында Коопсуздук кеңешинин катчыларынын, коргоо министрлеринин, тышкы иштер министрлеринин отуруму жана медиа форум, эл аралык марафон, бизнес форум өңдүү ири иш-чаралар өттү. Жакын арада, 13-июнда эл аралык гала-концерт жана ШКУнун көркөм сүрөт көргөзмөсүн өткөрүү пландалган. 

Бишкекте 13-14-июнь күндөрү өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине карата бардык иш-чаралар аткарылган. Биз конокторду тосуп алууга даярбыз. Учурда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумунда кол коюлары белгиленип жаткан 20га жакын жыйынтыктоочу документ иштелип жатат. Алардын арасында Бишкектик декларация жана ар кыл тармакта кызматташуу боюнча документтер бар. 

Отурумга Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан катышары пландалууда. Андан тышкары, ШКУнун башкы катчысы жана ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору катышат. Байкоочу мамлекеттерден Афганистан, Беларус, Иран жана Монголиянын президенттери келишмекчи. 

Бул айда маанилүү окуялардын бири – Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары жана анын Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышуусу болот. 

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында дээрлик 20 документке кол коюлат. Бүгүнкү күнү Кыргызстан менен Кытай ортосунда тыгыз координация жүрүүдө.

Сапардын алкагында эки лидердин жолугушуусунун расмий аземи, расмий сүйлөшүүлөр, эки тараптуу документтерге кол коюу аземи өтөрү каралган. Андан тышкары, сапардын алкагында көркөм сүрөт көргөзмөсүнө баруу да пландалууда. Ошондой эле, бизнес-форум өтмөкчү. Анда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү кызматташуу маселелерин талкуулап, документтердин топтомуна кол коюшат. Алсак, дээрлик 40 документке кол коюлары күтүлүүдө. 

Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө манасчы Жусуп Мамайдын айтуусу боюнча түзүлгөн "Манас" операсынын ачылышы болгон. Анда биздин президент, төрага Си Цзиньпиндин КРга боло турган сапарынын алкагында Кыргызстанда гастролдордун ачылышын өткөрүү боюнча кайрылган.

Кытай Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү. Биздин өлкөлөр ортосундагы мамиле жогорку деңгээлде турат. Ошентсе да, тараптар кызматташууну дагы бийик деңгээлге көтөрүүнү пландап жатат. Кытай көп жылдан бери Кыргызстан үчүн маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөш болгон жана болуп келет. Учурда биргелешкен аракеттер менен КРдан Кытайга экологиялык таза продукттардын экспорту боюнча иштер уланууда. Кыргызстан да Кытай менен унаа, туризм, айыл чарба тармагы жана инфраструктураны өнүктүрүү тармагындагы түз инвестициялар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр. 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга 12-13-июнь күнү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Ал белгилегендей, сапардын алкагында Монголиянын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат. Жээнбеков менен Баттулганын жолугушуусунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги темаларын белгилешет. 

Ошондой эле, Ата-Бейит мемориалдык комплексинде гүлчамбар коюу аземи, Монголиянын Бишкектеги элчилигинин расмий ачылышы өтөт. Учурда, 14 документ даярдалып жатат. Биз 7-8 документке кол коюлат деп божомолдоп жатабыз. Алар саламаттык сактоо, экономика, коопсуздук жана аймактык кызматташуу тармагында болот.

Назгүл Ташпаева, Жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы: “ 22 мамлекеттин сүрөтчүлөрүнүн эмгектери Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде коюлмакчы” 

-ШКУ жана КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик иш сапарынын алкагында бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Алгач, “Манас” операсы Бишкек шаарында Абдылас Молдобаев атындагы Кыргыз Улуттук Опера жана балет театрынын сахнасында ушул жылдын 11-12-июнь күндөрү коюлат. 

12-июнь күнү бардык каалоочулар үчүн эшик ачык, кирүү акысыз.  Опера чыгаан манасчы Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манастын” негизинде коюлуп, ал Кытай Эл Республикасынын Маданият министрлигинин жана Кытай Улуттук опера институтунун колдоосунун алдында ишке ашкан. Сценарийи белгилүү, биринчи даражадагы кытай сценаристи Ван Сяолин тарабынан жазылды. Ал эми, операны эл алдына алып чыгуу үчүн эки жылдык убакыт сарп кылынып, даярдоо иштери жүргүзүлгөн. 

Операнын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салты менен жашоосун чагылдырууга да кеңири орун берилген. "Манас" операсы Кытайдын Борбордук опера театры тарабынан коюлат. Борбордук опера театрынын продюсери Юан Пин анын продюсери болсо, режиссеру – Ван Ен Су. 

Операда Манастын, анын уулу Семетейдин улуу жеңиштери, ошондой каармандык менен мекенди сүйүү көрсөтүлгөн. Атасы өңдүү өзүнүн элин коргоого алып, аны бириктирүүгө умтулган, тынчтык, достук жана ынтымакты бекемдөөгө аракет кылган Семетейдин образы ачылат". “Манас” операсы Кытай Эл Республикасында былтыр көрсөтүлө башталаган. Бир нече жолу кытай көрүүчүлөрүнө тартууланган. Кыргызстанда алгачкы жолу коюлуп жатат. 

Мындан сырткары, 13-15-июнь күндөрү Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Анын максаты ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий байланыштарын бекемдөө жана тажрыйба алмашуу. Бүгүнкү күндө “Көп кырдуу цивилизация бир жол” эл аралык сүрөт көргөзмөсүнө 22 өлкөдөн 45 сүрөтчү катышууда. Чет өлкөлүк сүрөтчүлөр, анын ичинде кытай сүрөтчүлөрү 15 болсо, КРден 10 сүрөтчү катышып жатат. Кыргыз жана кытай сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүнө эки мамлекеттин башчылары 10 июнда КРдин жана КЭРдин лидерлеринин катышуусунда резиденцияда өтүлүүсү күтүлүүдө. 

Муну менен катар эле, ШКУ мамлекеттеринин белгилүү ырчыларынын катышуусунда Гала концерт өтмөкчү.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)