WeChat      Избранное

​Кыргызстан ШКУ Төрагалыгын ийгиликтүү аяктап, Россияга өткөрүп берди

22/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Кыргызстан ШКУ Төрагалыгын ийгиликтүү аяктап, Россияга өткөрүп берди

ШКУ-2019. Бишкек.

Сүрөттөр интернеттен алынды

13-14-июнь күндөрү Бишкек шаары Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттер башчыларынын саммитине катышууга келген сыйлуу меймандарды кабыл алды. 

14-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны ийгиликтүү өткөрүлдү.

Жыйынга Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев катышты. 

ШКУ байкоочу-мамлекеттердин башчылары - Ооганстан Президенти Ашраф Гани, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Иран Президенти Хасан Рухани, Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга дагы жыйынга катышып, ШКУнун ишмердүүлүгү тууралуу өз ойлорун билдиришти. 

Мындан тышкары, жыйынга ШКУ Башкы катчысы Владимир Норов, ШКУ Регионалдык антитеррористтик структурасынын (РАТС) Аткаруу комитетинин директору Джумахон Гиёсов, БУУ Башкы катчысынын орун басары Розмари Дикарло, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу директору Сергей Лебедев, Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, БУУ Башкы катчысынын Жакынкы Чыгышта жана Борбор Азияда гуманитардык өнөктөштүк маселелери боюнча жардамчысы Рашид Халиков катышышты.

Саммитин жүрүшүндө катышуучулар чыгып сүйлөгөн соң, жыйындын жыйынтыгы боюнча Бишкек декларациясы жана башка бир катар документтер кабыл алынды.

Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өттү, ШКУнун келерки жыйыны 2020-жылы Россияда өтөт.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек шаарында өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын, Белоруссиянын, Ирандын, Монголиянын жана Япониянын 115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналисттер аккредитациядан өтүшкөн. Ошондой эле, Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү дагы бул иш-чарага катышышты. 

Иш-чаранын алкагында биргеликте сүрөткө түшүү аземинен соң делегация башчылары ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына катышышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө “ШКУ эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө”, – деп баса белгиледи. 

КР Президенти: “Алмашып турган эл аралык абалдын шартында ШКУ дүйнөлүк коомчулукка эл аралык аракеттенишүүнүн жаңы форматын көрсөтүүдө. Ар бир мамлекет өз добушуна ээ жана чечим биргелешип, консенсус менен кабыл алынат. Биздин уюмдун ачыктыгы аны башкаларга жагымдуу кылууда. Жылдан жылга ШКУнун ареалы кеңейип жатат. Евразиядагы ири территорияны ээлеп, ШКУ Хартиясынын, Шанхай духунун принциптерин карманып, ШКУ келечекте көп полярдуу дүйнөнү курууга аянтча боло алат. Биз биргеликте Евразиядагы макулдашылган, жооптуу жана маанилүү чечимдерди кабыл алуунун борборун түзүп жатабыз. Өтүп кеткен жыл ШКУнун негизги принциптеринин кыйышпастыгын көрсөттү. Биз эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп жатабыз. Ал толугу менен БУУнун Уставында жана башка документтеринде бекитилген эл аралык укуктун жалпы таанылган максаттарына жана принциптерине шайкеш келет. Уюмдун ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча активдүү иш жүргүзүлгөн.

Аймактагы коопсуздукту камсыздоо тармагында биз Аймактык Антитеррористтик Структуранын мындан аркы натыйжалуу ишин, 2017-жылдагы экстремизмге каршы аракеттенүү Конвенциясынын күчүнө киргенин белгилей алабыз.

ШКУнун күн тартиби менен БУУнун күн тартибинин жалпы окшоштуктары арбын. Бул коопсуздук маселелери, экономикалык өнүгүү маселелери жана адамдык чен-өлчөм маселелери.

Баңги заттардын мыйзамсыз айлануусуна каршы күрөш тармагында эл аралык структуралар, анын ичинде БУУнун структуралары менен дагы натыйжалуу кызматташуу уланууда. Өткөн жылдын ноябрь айында биз “БУУ жана ШКУ: тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук үчүн кызматташуу” деген жогорку деңгээлдеги атайын иш-чара өткөргөнбүз. Бул жаатта афган көйгөйүн чечүү маанилүү болуп турат. Биз бул көйгөйдү чечүүдө афган бийлигинин аракеттерин жана ШКУнун активдүү киришүүсүн канааттануу менен белгилейбиз. Бул үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте өткөн ШКУ-Афганистан Контакттык топтун кезектеги жыйынынын жыйынтыгында жана бүгүнкү Саммиттин талаасында кол коюла турган Жол картасынын долбооруна дагы таасирин тийгизди. 

Экономикалык кылмыштар, адатта, трансулуттук мүнөзгө ээ. Алар баңгизаттарды сатуу, аткезчилик, кылмыштык жол аркылуу табылган кирешелерди адалдоо менен тыгыз байланышкан. Алар мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Кыргыз тарап экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ШКУнун Органын түзүүнү сунуштоодо. Заманбап шарттарда интернет айдыңынан келип жаткан коркунучтар мамлекеттердин коопсуздугунун реалдуу коркучунтары болуп эсептелет. Текшерилбеген, көп учурда алдын-ала калп маалыматтар таркатылып, терс маанай жаратып жатканы көп болууда. Кылмыштуу, террористтик жана согуштук-саясий максаттарда АйТи технологияларды колдонуу коркунучтары күчөп жатат. 

Буга байланыштуу маалыматтык коопсуздукту камсыздоо ШКУнун күн тартибинин маанилүү маселеси болуп калышы керек деп эсептейбиз. Санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында аракеттенишүү жана аймактар аралык кызматташуу системасын куруу маанилүү. ШКУга мүчө бир катар мамлекеттердин бул тармакта топтогон чоң тажрыйбасы бар. Кыргызстан өзгөчө экономикалык жакка басым жасалган ШКУнун 2025-жылга чейинки Өнүктүрүү стратегиясындагы милдеттерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурат. 

Байкоочу мамлекеттерди дагы камтыган мамлекеттер аралык транспорттук-логистикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү маанилүү. Бул контекстте биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду тезинен ишке ашырууну кубаттайбыз. ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү, анын ичинде улуттук валюталар менен эсеп-кысап жүргүзүү боюнча консультацияларды улантуу сунушталууда. Учурда ШКУнун экономикалык мазмунун өнүктүрүүдө чоң ролду Эл аралык ишкерлик кеңеш жана Банктар аралык бирикме ойноп жатат. Биз  чараларды көрүшүбүз керек. Кызыкдар өкмөттүк структуралардын жана бизнес-чөйрөлөрүнүн интеграциялык потенциалга ээ биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга катышуусун кубаттоо зарыл. Аймактык кошумча нарк чынжырчасын түзгөн өндүрүштөрдү кубаттоо маанилүү. Агрардык секторду өнүктүрүү, экологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү, жашыл экономика – биздин биргелешкен ишмердиктин артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.

​Кыргызстан ШКУ Төрагалыгын ийгиликтүү аяктап, Россияга өткөрүп берди

ШКУ мамлекет башчыларынан кезектеги саммитинен бир көз ирмем. 

ШКУнун аймактык экономикалык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык байланыштарынын кеңейтүүнү маанилүү деп эсептейбиз. Бул жаатта “ШОС - ЕврАзЭС” форматында кызматташууну ишке ашыруунун келечеги кең болууда”, - деген ой менен сөзүн жыйынтыктады.

Ал эми, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырза болсо, “ШКУ жалпы коопсуздукту сактоонун үлгүсү болууга багыт алган”-деп билдирди. 

“ШКУну биринчиден биримдиктин жана өз ара ишенимдин классикалык үлгүсүнө айлантуу керек. Экинчиден болсо, анын мүчөлөрү коопсуздук маселесинде жоопкерчиликти бирдей сезип, аны сактоо үчүн бирге аракет кылуусу абзел. Саясий ишенимди бекемдөө, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууга ыңгайлуу шарттарды түзүү, келишимде айтылган ШКУнун принциптери жана Шанхай деми менен кетүү маанилүү. “Ырыс алды – ынтымак”, ынтымак ичинде ШКУнун жаркын келечегин ача берели", - деп сөзүн жыйынтыктады Кытай башчысы Си Цзиньпин.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, өз сөзүндө: “ШКУ чындыгында ийгиликтүү өнүгүп келе жатат. Терроризм бул чоң коркунуч. Россия терроризмге үгүт кылып жаткан бардык тармактарды токтотуп, бирге иш алып барууну колдойт. Афганистанды экономикалык, гуманитардык, коопсуздук жаатында колдоого даяр. Учурда, терроризм очокторун жоготуу заман талабы. Муну менен катар биз ШКУга мүчө өлкөлөр менен экономика жаатындагы байланыштарды чыңдообуз керек дейт элек. “Бир алкак - бир жол” долбоорун дагы колдоп, кызматташууну чыңдоо керек. Биздин төрагалык алдында маданий, гуманитардык иштерге дагы көңүл бурмакчыбыз”, деп айтып өттү.

Индия Премьер-министри Нарендра Моди болсо, “Индия ШКУга мүчө мамлекеттери менен тереңдеп кызматташууну өнүктүрүүгө, маданият, экономика жаатында дагы тыгыз иш алып барууга даяр. Муну менен катар эле, биз телемедицина, медицина жаатындагы тажрыйба менен дагы бөлүшүп, карым-катнашты кеңейтүүгө аракет кылмакчыбыз. Биздин кызматташуу ачык жана айкын болуусу шарт. Мына, ушундай кызматташууга ыңгайлуу болгон шарттарды түзүү үчүн Индия бүгүн бир катар келишимдерге кол коймокчу. 

Күндүн энергиясын пайдалануу боюнча Индия дүйнөдө 6-орунда турат. Санариптештирүү жаатында дагы кызматташуу заман талабы. Чындыгында, адабият, маданий алаканы өнүктүрүү керек. Бул дагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө мыкты пайдубал болуп бере алат. Терроризм дагы замандын эң чоң коркунучу. Индия терроризмге каршы эл аралык саммитти өткөрүүгө чакырат”, - деген оюн билдирди.

Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан дагы Пакистан терроризм, наркомания, экологиянын бузулушу адамзаттын үстүндө турган кара булут экендигин айтып, биргеликте бул коркунучтарга каршы туруу зарылчылыгын айтып өттү. 

“ШКУ-Афганистан” Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин Жол картасына кол коюу чечими кабыл алынды 

14-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек декларациясына кол коюлду.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

--Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2018-2023-жылдарга Баңгизатка каршы стратегиясынын аткарылышы боюнча Программасынын пункттарын ишке ашыруу боюнча Иш планын (2019-2020-ж.ж.) бекитүү жөнүндө чечим;

-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин региондорунун башчыларынын Форумунун Регламентин бекитүү жөнүндө чечим;

-ШКУга мүчө-мамлекеттердин санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтык Концепциясын бекитүү жөнүндө чечим;

-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин региондор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө чечим;

-Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Докладын бекитүү жөнүндө чечим;

-Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Баяндамасын бекитүү жөнүндө чечим;

-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2019-2021-жылдар мезгилинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын Планын бекитүү жөнүндө чечим;

-Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча Башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

-Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Дүйнөлүк туристтик уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

-Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен “Астана” Эл ортосундагы финансы борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

-Шанхай кызматташтык уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун Тамак аш жана айыл чарба уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечими;

-Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

-“ШКУ-Афганистан” Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин Жол картасына кол коюу жөнүндө чечим;

-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча маалымат билдирүү (кол коюусуз кабыл алынат).

Ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан кол коюлган документтер:

-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрү ортосундагы жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө келишим;

-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишим;

-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2019-2021-жылдарга саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралар Планы;

-Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Дүйнөлүк туристтик уюм ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

-Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Бириккен Улуттар уюму Башкармалыгы ортосундагы Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

-Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы жана Эл аралык «Астана» финансылык борбору ортосундагы Өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

-“ШКУ-Афганистан” Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин Жол картасы.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)