WeChat      Избранное

КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китеби Кытайды таануууга көмөкчү болмокчу

14/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китеби Кытайды таануууга көмөкчү болмокчу

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөө учурунда.

Сүрөттөр редакцияга таандык

Бишкек шаарында бүгүн, 8-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин кыргыз тилинде басылып чыккан “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин бет ачаары болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. 

Иш-чараны КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин Пресс-канцеляриясы, КЭРдин Басма иштери жана чет тилдердеги адабиятты таратуу башкармалыгы, КЭРдин КРдагы Элчилиги, Кытайдын Чет тилдердеги адабият басмасы, ошондой эле “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ менен бирдикте уюштурду. 

Китептин кыргыз тилиндеги котормосу “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФнын катышуусу жана колдоосу менен Кытайдын Чет тилдердеги адабият басмасы менен бирдикте даярдалды. Котормосун кыргыз дипломаты Бактыгүл Каламбекова жүзөгө ашырды. Китептин басылмасы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүүгө салым болуп саналат.

Китептин бет ачаары Кыргыз Республикасына КЭР Төрагасы Си Цзинпиндин мамлекеттик иш сапарынын астында уюштурулду.

Иш-чарага ошондой эле, экс-президент Роза Отунбаева, КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандагы КЭРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, Кытайдын КПсынын БКинин үгүт бөлүмүнүн башчысынын туруктуу орун басары Ван Сяохуэй, Кыргызстан жана Кытайдын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, коомдук ишмерлер жана ЖОЖ студенттери катышты. 

“Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” кыргыз тилиндеги китебинин бет ачаарынын алкагында  илимий конференция уюштурулду.

Сооронбай Жээнбеков, КР Президенти: “Мен китептен дүйнөлүк өнүгүүгө болгон жаңы идеяларды, адамзаттын жашоосун жакшыртууга багытталган асыл ойлорду таптым” 

-Жакында, Кыргызстандын жакын досу, кыргыз коому тереӊ урматтаган дүйнөлүк лидерлердин бири - Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын биздин өлкөгө  мамлекеттик сапары болот. Бул визит кыргыз-кытай мамилелеринин жаӊы тарыхый барагын ачат. Өз ара алакабыз жогорку сапатуу деӊгээлге көтөрүлүп, стратегиялык өнөктөштүктү тереӊдетүү этабына өтөбүз.

Ушул тарыхый окуянын алдында, бүгүн, Си Цзиньпин мырзанын “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” фундаменталдуу эмгеги  кыргыз тилинде чыкканына байланыштуу чогулуп олтурабыз. Саясий, маданий, философиялык мааниси терең жана глобалдуу маселелерди камтыган бул китеп - биздин коомго 5 жыл мурда орус тилинде белгилүү болгон. Эми кыргыз тилинде окуган жарандарыбыз да бул уникалдуу китепти окуу мүмкүндүгүнө ээ болушту. Китептин авторунун - учурдун эӊ таасирдүү саясатчысынын - тарыхка, бүгүнкүгө, келечекке болгон көз карашы менен тааныша алышат. Китепти кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына жеткирген “Роза Отунбаева демилгеси” фондуна, анын төрайымы, экс-президент Роза Исаковна Отунбаевага чоң ыраазычылык билдирем.

Си Цзиньпин мырзанын китеби чоң кызыгууну жаратып, дүйнөгө кеңири таркады. Көптөгөн тилдерге которулуп, миллиондогон нускалар менен жарык көрүүдө. Бул эмгек – дүйнөдөгү окурмандар үчүн Кытайдын мамлекеттик саясатын тереңирээк түшүнүүгө болгон көпүрө. Кытайдын өнүгүү логикасын баамдоо, кытай коомунун терең философиясына негизделген мамлекеттик башкаруу ыкмасын түшүнүү үчүн бул китепти сөзсүз окуп чыгуу абзел. Дүйнөлүк саясий аренада зор кызыгууну жараткан бул китепти окурмандар жаңы кылымдын жаңы көз карашы катары кабыл алып, баалап жатышат. Китептин негизги мазмунун -  учурда болуп көрбөгөндөй темп менен өнүгүп жаткан Кытайдын тарыхына таянып, анын келечеги жөнүндө автордун ой толгоосу түзөт. Кытай мамлекетинин өнүгүү жолун көрсөткөн концептуалдык идеялар жазылган. Кытай коомун бир максатка, келечекке умтулууга багыттаган, бардык улуттарды ынтымакка бириктирген  ынанымдуу аргументтер бар.

Си Цзиньпин мырзанын эмгеги кытай элинин ийгиликтеринин сырын, дүйнөлүк аренадагы кытай феноменин, өлкөнүн концептуалдык философиясын, өнүгүү формуласын терең өздөштүрүүгө жол ачат. 

Кытай лидеринин бул фундаменталдуу чыгармасы, бир гана кытай мамлекетине тиешелүү маселелерди  көтөрүп тим болбостон, жалпы дүйнөлүк чакырыктарга жаңы көз карашты, жаңы мамилени чагылдырып турат.

КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китеби Кытайды таануууга көмөкчү болмокчу

 Ван Сяохуэй, КЭРдин Борбордук пропаганда бөлүмүнүн катчысынын орун басары.

Бул эмгек глобалдык башкаруунун жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, тынчтыкта жашоонун, бирге өнүгүүнүн  идеяларына негизделген философиясын камтыйт. Китепте автордун адамзаттын келечек жашоосун жакшыртууга багытталган гуманисттик көз карашы жана саясий концепциясы жазылган. Улуу мамлекеттин лидеринин позициясын, анын дүйнөлүк экономикага, коопсуздукка, глобалдуу экологияга багытталган философиясын ушул китептен тапсак болот. Мен китептен дүйнөлүк өнүгүүгө болгон жаңы идеяларды, адамзаттын жашоосун жакшыртууга багытталган асыл ойлорду таптым. Биз үчүӊ өтө маанилүү жагдай – Си Цзиньпин мырза  чектеш мамлекеттерге, өзгөчө Орто Азиядагы коӊшу өлкөлөргө карата өзүнүн көз карашын жеткиликтүү билдирген. Китепте жазылган, ынак коӊшулук дипломатияга арналган ар бир сүйлөм кыргыз окурманынын жүрөгүнөн жылуу орун табат, авторго карата тереӊ ыраазылык сезим жаратат. Эң башкы дөөлөт - тынчтыкта, биримдикте жашоо, ар бир коӊшу мамлекеттин тандаган жолун сыйлоо экендиги бул китепте  өзгөчө баса белгиленген. Си Цзиньпин мырза ушул тапта  Кытай менен Орто Азия өлкөлөрү үчүн өнүгүүнүн сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүктөрү пайда болгонун баса белгилейт.

Ал: “Биз Орто Азиялык өлкөлөр менен чогуу өз ара ишенимди бекемдеп, достукту күчөтүп, кызматташтыкты алдыга жылдырып, биргелешип өнүгүү жана гүлдөп өсүүгө жөлөк болуп, бардык өлкөлөрдүн элдеринин бакубат болушун камсыздай алабыз” - деп жазат. Автор өзүнүн кичи мекени - Шэньси провинциясы Улуу Жибек жолунун башталышында жайгашканын эске алып, “Биз муундан муунга өтүп келе жаткан достук мамилелерди колдоп, гармония менен тынчтыкта жашаган ынак коңшулар боло алабыз” – деп оюн  жыйынтыктайт.

Мен Си Цзиньпин мырзанын “Мамлекеттин көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү, коопсуздук жана туруктуулук сыяктуу улуттук маселелерди чечүүдө Россия жана Орто Азия өлкөлөрү менен жигердүү, шайкеш иштөө менен, аймактын гармониялуу болушу үчүн талыкпай аракет жумшоого даярбыз” деген ойлорун толук колдойм. Китеп Си Цзиньпин мырзанын “Бир алкак - бир жол” демилгесинин маӊызын жакшы чагылдырып турат. Азыркы учурда терроризм, качкындар, финансылык кризис орун алган кезде “Бир алкак - бир жол”  идеясы адамзатты бир максатка баш кошууга чакырат. Көп кылымдар мурда байыркы Жибек Жолу континенттерди бириктиргендей эле, бүгүн “Бир алкак - бир жол” демилгеси Жер шарынын баардык материктерин жана элдерин жакындатууда деп айтаар элем. 

Учурда өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан саясий, экономикалык, укуктук реформалар алкагында, коомду, башкаруу системасын жаӊылоодо  - бул эмгек биз үчүн зор кызыгууну жаратып турат. Менин терең ишенимимде, бул китеп ар бир ойлонгон адамга баа жеткис азык, турмуштук сабак, тажрыйба берет. Кыргыз окурмандары менин оюмча бул китептен көптөгөн суроолорго жооп табат, дүйнө таанымын, көз карашын алда канча кеңейтет. Китеп биздин саясатчыларыбызга, мамлекеттик жетекчилерге, чиновниктерге жалпы эле кыргыз окурмандарына өтө баалуу табылга. Бул китеп саясий ой-жүгүртүүнү мезгил талабына шайкеш жүргүүзүгө, мамлекетчилдик, жаратмандык  сезимдерди, улуттук көөнө баалуулуктарды сыйлоого, өз элинин тарыхынан сабак алууга чакырат. 

Кылым карыткан кыргыз-кытай достук жана коӊшулук мамилелери дагы тереӊдей берет деп бекем ишенем. 

Ван Сяохуэй, КЭРдин КПсынын БКинин үгүт бөлүмүнүн башчысынын туруктуу орун басары: “КР Президенти Сооронбай Жээнбековго өз ыраазычылыгымды билдиргим келет” 

-Мен бүгүн КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын китебинин бет ачаарына катышып жаткандыгыма абдан кубанычтамын. Учурдан пайдаланып, КР Президенти Сооронбай Жээнбековго иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзү үчүн өз рахматымды айткым келет.

Чындыгында, Кытай ийгилиги Кыргызстан үчүн дагы тажрыйба болуп эсептелет. Президенттин сөзүнөн улам мен, эки өлкөнүн лидерлери мамлекетти башкаруу чөйрөсүндө бирдей ой-пикирди карманат экендигине күбө болдум. Бул дагы да болсо, кыргыз-кытай алакасын өнүктүрүүгө мыкты өбөлгө болуп бермекчи. Муну менен катар эле, Роза Исаковнага жана ушул китепти которууга көмөктөш болуп, кызмат кылган бардык адамдарга чын дилимден өз ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Бул китеп аркылуу Кытайдын өнүгүү жолун толугу менен көрүүгө болот. Ички жана тышкы саясатка болгон мамилебизди дагы мыкты жазылган. 2015-жылы Роза Исаковна китепти кыргыз тилине которуу сунушун киргизген. Китепте жалпысынан 79 макала камтылган. Бирок, Кыргызстан менен Кытай тарап кеңешип, кыргыз тилине китептин 24үн которуу чечимин кабыл алышкан. 

Мына, ушул төрт жылдан ашуун убакыт аралыгында кыргыз-кытай котормочулары абдан тыгыз иш алып барып, жигердүү иштешти. Бүгүн болсо, ар тараптуу колдоого алынып, которулган Си Цзиньпин мырзанын китебинин кыргызча бет ачаарында жолугуп отурабыз. 

Роза Отунбаева, КРдин экс-президенти: “Төрага Си Цзиньпиндин китеби азыркы Кытайды түшүнүү үчүн мыкты жол” 

-Алдыбызда, мазмуну боюнча терең, руху боюнча күчтүү китеп турат. Ал жеңил окулат. Алгачкы барактардан тартып эле маселени так коюсу, кесипкөй, сынчыл ыкмасы анын маңызын терең сүрөттөөсү менен суктандырат. Бул китепти окуп жатып, “Мамлекет кантип башкарылат, ушундай өнүгүүгө кантип жетишип жатат?, бийликтин жана коомдун, борбордун жана аймактардын, партиянын жана аткаруу бийлигин өз ара мамилелеринин саясаты кандай? Кытайдын жетекчилеринин курчап турган чөйрөдөгү коңшуларына көз карашы кандай?” –деген суроолорго жооп алууга болот. 

Бүгүнкү күндө эки өлкө стратегиялык өнөктөш болуп, өсүп-өнүгүп жатабыз. КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин таанышып, жолугушуу учуру канчалык терең болсо андан кийинки кызматташуу пайдубалы да ошончолук бекем болуп саналат деген оюн билдирет. Эки тараптуу мамиледе позитивдүү энергияны топтоо керек деп чакырат. Төрага Си Цзиньпиндин китеби азыркы Кытайды түшүнүү үчүн мыкты жол.

Ал студенттер менен жолугушуусунда мындай дейт: “Улут, өлкө ал өзү эч ким болуп саналбайт, анын булактары кайдан башталаарын, ал кайда баратканын билүү зарыл, аны түшүнгөндөн кийин өз максатына кыйшаюсуз барууга тийиш. Биз узакка созулган издөөлөрдүн натыйжасында, өзүбүздүн туура үлгү жолубузду таптык. Биз кытай спецификасы бар социализмди куруп жатабыз”. 

Кытайды социализм гана сактап кала алат деп ырастайт. Төрага үчүн, ким адамдардын жүрөгунөн түнөк тапса, ал партияны баш ийдирет. Ал эми ким түнөк таппаса ал өлкөнү жоготот деп ишендирет. 

Текстте жол башчынын кадыр баркы ачык айкын айтылып турат. “Кытай жетекчилери тандаган өз жолун, тышкы жана ички саясатын урматтайт, Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички иштерине кийлигишпейт, региондук маселелерди чечүүдө таасир этүүчү чөйрөлөрдү түзбөйт. Биз тынч өнүгүү жолу менен баратабыз. Кытай бул жооптуу мамлекет. Биз өз ишибизди кылууга биринчи иретте тийишпиз. Биз адилеттүүлүктү жактайбыз”, -деген оюн дагы КЭР Төрагасы Си Цзиньпин билдирет.

Тышкы саясатта Кытайдын ролу көрүнүктүү деңгээлде өстү. Азыр кыргыз тилинде кытай тууралуу китептер жана фильмдер өтө аз. Китептин экинчи томун чыдамсыздык менен күтөбүз.

КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китеби Кытайды таануууга көмөкчү болмокчу

Иш-чарадан бир көз ирмем.

Ду Дэвэнь, Кыргызстандагы Кытайдын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси: “Кытай теңдештик, өз ара пайда жана өз ара пайдалуу кызматташтык принцибин жактайт” 

-Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин кыргыз тилинде басылып чыккан “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин 1-томунун бет ачаары болуп өттү. Бул китептин 1-тому 2014-жылы жарыяланган. Ал 20дан ашуун тилдерге которулду жана дүйнөнүн көптөгөн булуң-бурчтарына жарыяланды. Ал бардык өлкөлөр тарабынан кеңири көңүл бурууга жана колдоого ээ болууда. 

Китеп кытай спецификасы бар социализмди жактагандык жана аны өнүктүрүү, тынч өнүгүүжолун кабыл алуу сыяктуу жана башка 18 темага бөлүнгөн. Ал Кытайдын жана дүйнөнүн өнүгүшүнө тиешелүү негизги теориялык жана практикалык маселелерге топтолгон жана Төрага Си Цзиньпиндин кытай спецификасы бар социализмдин жаңы доорунун маңызын чагылдырат. Бүткүл дүйнөдөгү достор, анын ичинде Кыргызстан-Кытай жолунун жаңы доорун, кытай концепциясын жана кытай программасын алда канча терең түшүнөт, ал алда канча кастарлап окуп чыгууну камсыз кылат. 

Быйылкы жылы Кытай Эл Республикасына түзүлгөн күндөн тартып 70 жыл толот. Өткөн 70 жылдын ичинде Кытай Коммунисттик партиясы мезгил менен үзөңүлөш кадамдап, кытай элин бириктирүүгө алып келди. Элдин ынтымагын бекемдеди жана зор жетишкендиктерге жетти. Бул китепти окуп, силер “Кандай дүйнөнү куруу керек жана ушул дүйнөнү кантип куруу керек” деген сыяктуу адамдын тагдырына тиешелүү негизги маселелер боюнча Төрага Си Цзиньпиндин терең ой жүгүртүүсүн, ошондой эле бир катар бай кытай өзгөчөлүктөрүн жана анын сунуш кылган доорунун ишке ашырылышын, адамазаттын өнүгүү жана прогресс үчүн жаңы идеяларды жана жаңы демилгелерди түшүнө аласыңар. 

“Бир алкак-бир жол” демилгесин биргелешип жүзөгө ашыруу бүткүл дүйнө өлкөлөрүнүн өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берди. Бул долбоорду Төрага Си Цзиньпин 2013-жылы сунуштап, уюштурган. Ал көп сандаган өлкөлөр тарабынан таанылды жана колдоого алынды. 150дөн ашуун мамлекет жана эл аралык уюмдар Кытай менен “Бир алкак-бир жол” кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга кол койду. Өз ара кызматташуунун негизинде. Кызматташтыктын көп сандаган долбоорлору пайда болду. 

Кыргызстан бул демилгени колдоп чыккан алгачкы мамлекеттердин катарын толуктайт. Ушул жылдын апрель айында КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Пекин шаарында “Бир алкак-бир жол” эл аралык иш-чарасына катышып келди. Ал жакта бул долбоорду 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын илегирилетүү жагынан КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен маанилүү консенсуска жетишти.Бул кызматташтык долбоору Кыргызстанга өзүнүн максатына, атап айтканда, улуттук өнүгүүгө жана гүлдөп өсүүгө жардам берет. 

Муну менен катар эле, коңшулаштык жана достук мамилелерди өнүктүрүү үчүн фундаменталдык негизди түзөт. Төрага Си Цзиньпин мындай белгилеген: “Кытай чектеш өлкөлөр менен коңшу турат жана жакшы коңшулаштык жана достук принциптерин сактоого, бир-бирин коргоого, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо менен бирге, региондук кызматташтыкты өнүктүрүүгө аракеттерди кылмакчы. Кытай менен Кыргызстан жакшы коңшулар, жакшы достор жана өнөктөштөр болуп саналат. Эки тарап тең эки тараптуу мамилелер жана ШКУ сыяктуу көп тараптуу алкактарда жигердүү кызматташат. 

Кытай теңдештик, өз ара пайда жана өз ара пайдалуу кызматташтык принцибин жактайт. Ошондой эле, эки өлкөнүн стабилдүүлүгүн колдоо жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүүгө боюнча күч-аракеттерде бир-бирин чечкиндүү колдойт. Коопсуздук маселелери боюнча коомдоштукту түзүүгө көмөктөшөт. 

КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер жана ШКУну өнүктүрүү үчүн орчундуу тарыхый мааниси бар. Эки коңшу мамлекет ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк багытын өнүктүрүүдөгү иштелип чыккан программа жаңы келечекти ачат. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)