WeChat      Избранное

​Профессор Ю Тайшандын табылгасы кыргыздын байыркы эл экендигин дагы бир жолу тастыктады

23/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Профессор Ю Тайшандын табылгасы кыргыздын байыркы эл экендигин дагы бир жолу тастыктады

Жыйындын жүрүшүнөн бир көз ирмем. 

Сүрөттөр редакцияга таандык

10-июнь күнү Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасында “Кыргызстан менен Кытай: Байыркы жибек жолундагы достук мамиле жана байыркы кытай жазмаларындагы кыргыздар тууралуу маалыматтарды изилдөө, жыйноо жана жарыялоо” деген аталыштагы эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өттү. 

Аталган жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду, Кытай Коомдук илимдер академиясы, Кытай Эл Республикасынын Байыркы Кытай тарыхын изилдөө институту, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институту тарабынын уюштурулду. 

Окумуштуулардын жыйыны Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун колдоосу астында өткөрүлдү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев катышып, иш-чараны ачып берди. Ал өз сөзүндө Кытай менен Кыргызстандын тарыхчы окумуштууларынын биргелешкен изилдөөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков ырааттуу колдоп жатканын айтты. 

“Көөнө кытай жазма даректериндеги кыргыз тарыхына байланыштуу маалыматтарды жаңыча иликтеген Бээжиндик профессор Ю Тайшандын жаңы табылгасына караганда, байыркы кыргыздар Батыш Чжоу мамлекетине байланыштуу булакта да эскерилген. Албетте, мындан дээрлик 3000 жылдай илгерки кыргыздар тууралуу жагымдуу жаңылык Кыргызстандагы коомчулукту кубандырды”, деп Д. Эсеналиев баса белгилеп өттү.

“Мурас” фондунун төрагасы, профессор К. Молдокасымов өз сөзүндө кыргыз элинин тарыхындагы ар кандай доорлордогу, мисалга алсак, Хан, Тан сулалелери (династиялары), Монгол доорундагы, андан кийинки XVI-XVIII кылымдардагы тарыхтагы “ак тактар” эми гана, кытай тарыхчыларынын жардамы менен жаңы деңгээлде такталып, толуктала баштагандыгын белгиледи. 

Мисалы, Чингыли аттуу заманбап кытай тарыхчысы Чынгызхандын доорун изилдеп жатып, кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтарды тапкан жана учурда ал бул багыттагы иликтөөлөрүн улантууда. Буга байланыштуу кыргыз тарыхынын Монгол доорундагы тарыхы бир кыйла толукталмакчы. Ошону менен бирге кытай даректеринде XVI-XVII кылымдардагы Цинь-Манчжур дооруна таандык 2800 барактан турган документтер табылганы жана алардагы кыргыздар тууралуу ж.б. маалыматтар манчжур тилинен кытай тилине которула тургандыгы тууралуу К. Молдокасымов өзгөчө белгилеп кетти.

Жыйындын ишине Кытай Коомдук илимдер академиясынын вице-президенти Ванг Жиңчиң, Байыркы Кытай тарыхын изилдөө институтунун директору, профессор Бу Шиянчүн, Кытайдагы белгилүү тарыхчы окумуштуулар Ли Хуази, Чынгыли, Ли Йанлинг, Жаркын Турсун кызы, Сун Хао, Чжу Шяожиң, Чен Жу жана башкалар катышты. Кытай окумуштуулары Байыркы кыргыздардын географиялык байырлоо журттары, Таң сулалесинин ак сарайына багыт алган кыргыз элчилерине бөгөт кылган уйгурлар, Кара кытайлардын батыш тарапка жортуулу жана кытаңдык Ляо мамлекети менен Кыргыз каганатынын өз ара байланыштары тууралуу, “Монголдордун жашыруун тарыхы” жана кыргыздарды ж.б. токой элдерин монгодордун каратышы жөнүндө, Цин сулалеси доорундагы буруттардын тарыхы жаатындагы кытайлык илимпоздордун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы, XVIII к. Башындагы жана ортосундагы буруттардын коому жана саясаты, Таң жана Сун доорлорундагы кытай тарыхый жазмаларынын маалыматтары боюнча Кыргыз каганаты менен Таң сулалесинин карым-катнашы (болжол менен VII-XI кк. аралыгы) тууралуу мазмундуу баяндамаларын ортого салышты. 

Кытай жазма даректеринде Кыргыз тарыхына байланыштуу камтылган маалыматтар жыйнагы заманбап кытай окумуштуулар тарабынан жарыяланды.

Бул илимий жыйында сунушталган бир катар баяндамалардын тексттери Бээжиндеги илимий журналда алдын-ала англис тилинде жарык көрдү. Бул журналдык атайын чыгарылыш Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасына жана башка жергиликтүү илимий мекемелердин китепканаларына тапшырылды. Анда кытайлык окумуштуулардан тышкары бир катар кыргыз тарыхчыларнынын да макалалары да камтылган.

Бишкектеги кыргыз таануучу, булак таануучу, археолог, этнограф, чыгыш таануучу жана башка тарыхчы адистердин бул илимий шеринесине катышкан Кыргызстандын жана КЭРдин окумуштуулары көөнө жана орто кылымдардагы кытай жазма даректериндеги кыргыз тарыхына байланыштуу жаңы маалыматтарды иликтеп, жарыялоо боюнча мындан ары да биргелешкен иштерди ырааттуу жүргүзүү жолдору тууралуу да макулдашышты.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)