WeChat      Избранное

Чолпон Субакожоева: “Жусуп Мамай –кыргыз руху, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн мурасчысы, алыстан көк челип көрүнгөн туу чокусу”

21/05/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Чолпон Субакожоева: “Жусуп Мамай –кыргыз руху, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн мурасчысы, алыстан көк челип көрүнгөн туу чокусу”

Чолпон Субакожоева, Жусуп Мамай жана Ажыбек Ыбышев. КЭР Ак Чий ооданы 15. 04. 2012.

Сүрөт маек ээсине таандык

Быйыл, 2019-жылдын сентябрь айында манасчы Жусуп Мамайдын эстелигинин ачылыш салтанаты болоору күтүлүүдө. Өкмөттүн маалыматына ылайык эстеликтин ачылышы Кытай Эл Республикасынан “Манас” операсын кытай тилинде койгон чоң маданий топтун келишине карай уюштурулат. 

Мына, ушул мыкты саамалыкты утурлай тарыхчы, манас таануучу Чолпон Субакожоева менен залкар манасчы тууралуу кызыктуу маек курдук. Ал Жусуп Мамайдын замандаштарынын пикирлери менен бөлүшүп, анын уникалдуулугуна токтолуп, залкар манасчынын өзүнүн эскерүүлөрү менен дагы тааныштырды. 

“ “Манас” – биздин энциклопедиябыз” 

-Кылымдар кыйырында бир жаралчу манасчы Жусуп Мамай –кыргыз руху, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн мурасчысы, алыстан көк челип көрүнгөн туу чокусу, байыркы журт тарыхынын кылымдан кылымга салынган аманат көпүрөсү. 

“Манас” – биздин энциклопедиябыз, “Манас”-биздин көрүнбөй ээрчип жүргөн рухубуз, деп көп айтабыз. Эл төрөгөн океандай “Манасыбыз” туруш-турпаты, форма-мазмуну, идея-умтулуусу жагынан нукура кыргыздыкы.  Бир гана “Кыргыз” деп ураан чакырат, кыргыз урпактарын биримдиктүү болууга жердин деминдей керемет шык-демөөр байлатат.

27 уул-кыздын ата-энеси болушкан Мамай ата менен Бурул эне 24үн эрте жашында ээсине берген. Мамай кемпири менен өзүндөгү көөнөрүп бараткан жел оору, бел ооруларды айыктыруу, жер которуп, эл көрүп көңүлдөрүн сергитүү үчүн ээрчишип алыс сапарга чыгышат. Турпан, Кашкарга барып, арашанга түшүп, Аз-Султаны мазары, Азирети Аппак мазары, Султан Кармыш-Ата мазарларына тайынып, шаар аралап кайтат. Ушул сапардан кайткандан кийин көп өтпөй Бурул байбиче кош бойлуу болуп калат. “Жакшы тилек-жартыны бүтүн кылат, жаман тилек – бүтүндү күкүм кылат” деген даанышман сөзгө сыйынып, тилек кылгандан түңүлбөй Бурул эне 61 жашында Жусуп жарык дүйнөгө келет. Агасы Балбай, эжеси Ырапакан анан Жусуп 27ден 3өө аман эрэзеге жетет.

Залкар манасчы Жусуп Мамай көп кырдуу талант болгон, өзүнө күч берип, касиет-аруулугу менен колдогон манасчылык өнөрүнөн тышкары:

  • куш таптоо – мүнүшкөрлүктүн сырын жакшы билген;

  • кыргыз күүлөрүн жана обондуу ырлардын тарыхын кылдат чечмелеген:

  • жаратылыш көрүнүштөрүн – күз менен кыш, жаз менен жай кандай келип, кандай кетээрин алдын-ала айта алган;

  • мал багуу сырларын үйрөтүүдө алдына адам чыгарбас адис болгон;

  • ата-бабасынан бери келаткан – эл билген табыпчылык-дарыгердик өнөрдүн ээси болгон;

  • бирөөнүн тагдырын, атүгүл ким бирөөлөрдүн үйүнө келе жатканын, алардын ичинде кандай аурасы бар кишилер келе турганын да күн мурун боолголоп – билип кое турган касиети көп айтылчу;

  • кыргыздын улуттук салттарын, оюндарын, улууга-урмат, кичүүгө-ызаат көрсөтүү мүнөзүнүн артыкча жактарын жакшы билген;

Сөз жок, талаш жок, мындай элдик кадырлоо менен коштолгон “универсал” инсан чыгармачылыгы, узак жаш өмүр кечирген – даанышмандыгынан мурун, “Манас” рухунан “суу ичип”, тирүүлүк өмүрдө жана тагдырлаш ички толкундан күүлөнгөн, жаратуучулук жигери десек болот.

 “Улуулукту улуудай көрө билген Чыңгыз Айтматов” 

-Жусуп Мамай Кыргызстанга биринчи жолу 1989-жылдын июнь айында  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чакыруусу менен келген. Атактуу манасчы 71 жашында, Шинжаң университетинин чет тилдер факультетинин профессору Чин Шөшүн экөөнү Кытай менен Казакстандын чек арасындагы Хоргос бекетинен Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы Өскөн Даникеев, “Ала-Тоо” журналынын башкы редактору Кеңеш Жусупов, жазуучу-котормочу Мырзаян Төлөмүшев жана Казакстан Жазуучулар союзу жиберген өкүл, уйгур акыны Сайым Саванов сыяктуу белгилүү калемгерлер күтүп алышат.

Жусуп Мамай алп манасчы Сагынбай Орозбаковдун Кочкордогу айылында жаңы ачылган мектептин лентасын кесип, батасын берет. Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров: “Ошол мезгилде 70тен ашып калган курагы болчу. Көптү көргөн, көптү билген, акылман адам экени билинип турган. Мен өзүмдүн китебиме Жусуп Мамай ошол келишиндеги кечинде мейманканада узак сүйлөшкөндөрүмдү жаздым”-деп эскергени бар. 

Али эгемендүүлүгүбүз келе элек, СССР заманы М.С. Горбачев баштаган кайра курууга туш келген соңку күндөр Чыңгыз Айтматов Москвада болуп манасчы Жусуп Мамай менен жолуга албай калат. Кийин, Кыргызстанга келген тилчи, окумуштуу Макелек Өмүрбайга “Жусуп Мамай кыргыз рухун сактаган адам. Аны канчалык урматтасак арзыйт”-деп белегин берип жиберген.  Залкар манасчы экинчи жолу 1992-жылы, үчүнчү жолу 1995-жылы “Манас” эпосунун -1000 жылдык мааракесине катышкан. Ошол учурда Чыңгыз Айтматов менен манасчы Жусуп Мамай жүз көрүшкөн. 

Жусуп Мамайдын варианты СССР кезинен баштап Батыш окумуштууларынын изилдөөсүнө татыган 

Жусуп Мамайдын манасчылык феноменине жыйынтык чыгарсак:

1.Орустар айткандай “максимально точный” билим алган. Жусуп Мамай бийик билимдин негизинде, эпика дүйнөсүнүн чегине жеткен манасчы. 

2. Аң-сезиминин, жан-дүйнөсүнүн толук кандуу билим алганга чөйрөсү агасы Балбай, ошол кездеги кыргыз жашоосу шарт түзүп берген. (10 жолу келсе да убакыт өлчөлүү болмок. Эшмат манасчыдай Сагынбайдан манас үйрөнгөнгө келген) Айкөлдүн ааламынын чегине чыкканга чейин үйрөнгөнгө убакытысы болгон.

3. Зор катмарлуу, оозеки,  жандуу, кабыл алуу, эл оозунда уламышка айланган, санжыраларда баяндалган, тилге алынган манасчылар менен өз аймагындагы, көрүп кыймылдуу, жандуу кабыл алгандыгы, сегиз урпакка чейин айтканга дареметин жеткирген манасчы.

4. Өзүнүн аракети менен агасы Балбай окуткан билимди, талантты жууруп, китепти окуп, жараткан берген касиет менен кынтыксыз (идеальный) манасчы болуп чыккан.

5. Оозеки салт жок болсо, андан алыс кете алмак эмес. Жусуп Мамайда куйма кулак, чечендик менен катар оозеки салт, өнүккөн (цензура) ички чыпкалоо, элдин-жердин, тарыхы менен бирге кыргыз элинин рухун жашаткан салтуу манасчы болгон.

6. Кыргыздын оозеки чыгармачылыгын жакшы билген, өз  табыгый кубулушунда, өз дүйнөсүндө жашаган, далилдүү манасын айткан түш көрүп “аян” алган манасчы.

7. Сюжетти аягына чейин билгени манасчыны өзгөчө орунга чыгарган. Айтуу техникасын, мимиканы устаттары кандай пайдаланганын теледен эмес, интернеттен эмес жандуу көрүп, шакирт кандай айтыш керегин “күч” кайда экенин өздөштүргөн манасчы. 

Жусуп Мамай манасчыдай “Манас” эпосунун уникалдуу кубулушуна эч ким жакындай алган эмес. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жазгандай “байыркы кыргыз рухунун туу чокусу” болгон 

 Сагынбай манасчы кат тааныбагандыктан, Ыбрайм Абдрахманов тилекке каршы “Манас” бөлүгүн гана жазып алууга үлгүргөн. Калган бөлүктөрүн билсе да биздин күнгө жеткен жок. Саякбай манасчы кат тааныбагандыктан “Кененим, Алымсарык, Кулансарыктан ары жазылбай калган. Атаганат билгенин түгөл жазганда балким Саякбай атабыз деле андан ары улап айтмак.

 Биз манасчыларды айтуу менен “кыргыз-кыргыз болуп бир бүтүн улутка айланганы айтылган улуу күчтүн образы “Манас” эпосун”-айтып жатканыбызды унутпасак. Бөлбөсөк, жерибесек, кемитпесек. Сагынбай, Саякбай сыяктуу эле эң биздин заманга кынтыксыз изилдөөгө, талашсыз “Манас” эпосунун классикалык вариантын берген классик, гений манасчы деп Кытай Эл Республикасында жашап өткөн, Жусуп Мамайды айта алабыз, жана ошолордун катарына кошо алабыз. 

Жусуп Мамайдын варианты япон, англис, немец, кытай, уйгур, казак, жана башка тилдерге которулуп, СССР кезинен баштап Батыш илимпоздордун изилдөөсүнө арзып, дүйнөлүк фольклорго салым кошкон окумуштуулардын изилдөөсүнө татыган. Мисалы: орус окумуштуусу Путиловдун, немец окумуштуусу Карл Райхлдын, кытай окумуштуусу Лаң Йиңдин эмгектеринен кайсы бир деңгээлде дүйнөлүк алкакка алып чыккан “Манас” эпосунун Жусуп Мамай вариантынын изилдөөлөрүн кеңири дүйнөлүк фольклористер окуп жатканына сыймыктанбай койбойсуң. 

Лю Фажун, (КЭР) Лю Фажүн (1932-2006) Шинжаң эл адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун мурдагы орунбасар төрагасы. “Манас” эпосу борборунун улук кызматкери. : “Жусуп Мамай тынбай айтып жатып өңү саргарып, эрди кеберсип кетет” 

-Жусуп Мамайдын улуттук маданиятты коргоого барышында башкалар дагы алгылыктуу адисти жандуу ийгерүү, кайратынан тайбай өжөрлөнүүсү, коомдун өркүндөө багытына шайкешүү мүнөзү анын улуу жеңишке кол жеткирүүсүнүн негизи болду. Ал “Манас” эпосун айтуу жана жазуу жагында илгери болуп көрбөгөн ийгилик жаратты. 

1961-1962 – жылдары мамлекетибиз табигый апаатка учурап кыйынчылык тартып алсыраган убагы эле. Мейли айылда же шаарда болсун аш-азык аябай кемчил, акча каражаты болсо да сатып алып жээрге мүмкүндүк жок болчу. Бир ирет Карабулак кооперативдик магазинине печенье келиптир деген кабарды угуп алып учуп барсак, эчак эле сатылып бүтүп калган экен, айла жок бир нече тоголок набат алып жеп курсак тойгузганбыз. 1961- жылы биз Кызылсуу агартуу мектебинде жыйын залы жана мугалимдер эс алучу үйүндө жатып “Манасты” жазып алуу, которуу кызматын иштедик, окуучулар ашканасынан тамак жедик. Бир күндө үч убак, ар убакта өлчөмдүү 200 грамм конок ун фаго (куру сууга маштаган конок ун буу наны), атала, ал эми жайлоо, жайыттарда арпа, жарма ичип жүрдүк. Сэй (көктат, жашылча) да жок, эт да жок, дайыма тойбой жүрөбүз. Бир айлык аш нормабыз 29 жыңдан (грамм) ашпайт, турмуш жагдайыбыз ошончолук начар эле. 

Бирок, милдетибиз салмактуу, ишибиз күрдөөлдүү эле, айрыкча Жусуп Мамайдын кызматын көр! Ал ар күнү эпосту улантып 10 сааттан 12 саатка чейин айтат. Күндүзү да айтат, түндөсү да айтат. Жазып жаткан жолдоштордун колу талып, улам киши алмашып жазат. Бирок, Манасчыны алмаштырганга болбойт да, Жусуп Мамай тынбай айтып жатып өңү саргарып, эрди кеберсип кетет. Көрүп туруп чыдай албай боорубуз ооруп, аны арада бир-эки күн эс алдырып кайта эле айттырып жаздык. Манасчы буга эч качан кейип-кепчиген эмес. 

1961-жылдан бүгүнгө чейин Жусуп Мамай “Манасты” бизге үч ирет кайталап айтты. Биз дагы үч ирет кайталап жазып, кайталап котордук. 1961 – жылы биринчи жолу “Манастын” беш бөлүгү “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейиттен” турган жалпы 110000 (бир жүз он миң) сап айтты. 1964—жылдан 1966 – жылга чейин бул беш бөлүктү кайтадан толуктап айтты жана алтынчы бөлүк “Асылбача-Бекбачаны” жаңыдан айтты. Эпостун жалпы мазмуну 180 миң саптан артты. 1978- жылдан 1983-жыл 3 айга чейин Жусуп Мамай “Манасты” үчүнчү жолу башынан баштап айтты. Мында 7 урпак “Сомбилек” менен 8 – урпак “Чигитейди” жаңыдан айтып кошту. Бул кездеги эпостун жалпы мазмуну 200 миң саптан артты. Жусуп Мамай “Манас” үчүн ачууну да тартты, таттууну да тартты. 1960-жылдары Жусуп Мамай 40 тын кырындагы кыраан болсо, 1990-жылдарда чач - сакалдарын кыроо баскан карыяга айланды. Манасчы болгонуна жараша “Манастын” жолундай албан өмүрдү, татаал жашоону кечирип келди. Бир ирет айтканынан экинчиси толук, бай мазмундуу, кызык, тартымдуу чыкты. 

Жусуп Мамай бизге окшош эле “Манасты” эртерээк китеп кылып чыгарууну ойлойт болчу. 1979-жылы “Манасты” кайра баштан айта баштаганда адам күчүн коротпоо, эпостун кыргызча жана ханзуча китеп нускаларын бир мезгилде жарыкка чыгарууну ойлогондо, Манасчынын кат жаза алатурган артыкчылыгын эске алып, аны өз ичиндегини өзү жазып берүүнү кызмат милдети катары тапшырдык. Манасчынын өзү да буга кошулду, ошону менен бир киши эки кишинин жүгүн көтөрүп, башкаларды “Манасты” иреттөө, басмага даярдоо кызматынын бошотту. Акыркы сегиз бөлүктү “Манас” эпосун жазып алуу кызматын бүтүрдү. 

Карл Райхл, (Германия) Карл Райхл Бонн университетинин профессору, доктор: “Жусуп Мамай уникалдуу манасчы” 

-Мен Жусуп Мамай менен алгачкы жолу 1985-жылы Урүмчү шаарында жолуккам. Жусуп Мамай Энесай кыргыздары жана Күл Тегинге арналган жазмадагы “кыргыз” этнониминин чагылдырылышы тууралуу айрыкча эскерген. Мындан улам, “Манас” дастанынын ал айткан варианты көөнө чактагы кыргыздар Энесай дарыясынын өрөөнүндө бакыбат жашап келген доор менен башталат. Дал ушул жактан алганда, Жусуп Мамайдын дастандык варианты башкалардан уникалдуулугу менен айырмаланат.

Орозобекова Ж.К.,(Кыргызстан) Орозобекова Ж. К. Филология илимдеринин доктору: “Жусуп Мамайдын вариантын баштан аяк системалуу түрдө иликтөө манастаануу илиминдеги керек маселелерден” 

-Жазгыч манасчылардын тибине: жазгыч манасчы Ыбырайым Абдырахмановду, Тоголок Молдо, кытайлык кыргыздардын жазгыч манасчысы Жусуп Мамайды алууга болот.”Манастын” үчилтигинен сырткары сегиз урпагын өзү жазган манасчы. Кытайлык кыргыздар манасчыны улуу манасчы, залкар манасчы деп аташат, андыктан Мамайдын вариантын баштан аяк системалуу түрдө иликтөө манастаануу илиминдеги керек маселелерден. 

Манастын үчилтигинен сырткары кийинки беш урпагын жазган, жалгыз манасчы, Жусуптун варианты деп жазам десе керек, окумуштуу айым, Мамай деп кат сабаты жок, “Манас” эпосунан бир ооз айтпай дүйнөдөн өткөн атасын атап алган. Ушундай баш аламандыктар азыркы студенттердин жаңылуусуна алып келет. Өз  асан чакырып койгон аты Жусуп. Атасынын аты Мамай. 

Лан Йиң, (КЭР) Лан Йиң, Жуңго Коомдук Илимдер Академиясы, Аз сандуу улуттар адабиятын изилдөө институтунун кезиндеги орунбасар башчысы, профессор, доктор: “Жусуп Мамай кыргыз улуттук маданиятынын сактоочусу, жайылтуучусу болуу менен бирге, кыргыз улуттук маданият кампасынын данакерине айланды” 

-Жусуп Мамай 8 бөлүктүү Манастын толук нускасын айта ала турган дүйнөдөгү бирден-бир манасчы болуп, 230 миң саптан ашуун эпосту айта билет. “Манасты” Жусуп Мамайдын айтуусунда баштан-аяк бир жылдан ашуун убакыт кетет.

Жусуп Мамай сегиз жашынан тартып “Манас” айтып, кыргыз элинин көркөм-маданият өнөрүн өнүктүрүү үчүн талыкпастан эмгектенип келди. “Манас” эпосунан тышкары манасчы көптөгөн элдик кенже эпосторду айтып, “Эр Төштүк”, “Курманбек”, “Багыш”, “Толтой”, “Кыз Сайкал”, “Жети каган” сыяктуу китептери басмадан жарык көрдү. Ал кыргыз улуттук маданиятынын сактоочусу, жайылтуучусу болуу менен бирге, кыргыз улуттук маданият кампасынын данакерине айланды.

Жусуп Мамайдын жеке эскерүүсүнө таянсак, Мухтар Оморкановичтин манасчы Сагынбай Орозбаковду жазганына окшошуп кетет. 

“1916-жылкы чоң качкында  келген элдерден угуп, ар кандай киши “Манасты” канча билем десе ошончо жазып алдым. Кээ биринде кол жазма бар экен, аны сатып алдым. Мен жазгандарым, ар кимден сатып алгандарым Чоюке, Шапак, Таабалды, Дыйканбай, Балык, Найманбай ата-бала, сарыбагыш Мамыркан молдо сыяктуу  кишилер көп болгон.  Айтылган сөздүн көбү  бирдей окшош. Тыныбектин айтуусундагы “Семетей”  басмадан чыккан экен. Семетейдин Үргөнчкө барып суу кечкен жери бар. Калганы жыртылып жок экен. Тыныбектин баласы Актандан алдым.

 Сагымбайдын айтуусу боюнча Алмамбеттин Көкчөдөн чыгып, Манаска келгиче болгон аралыгын ак молдо Ыбырай жазган экен, Чалбай аркылуу Ат-Башыдан алдым.

Энесай боюндагы Кал Мамайдан тартып Семетейге, Сейтекке чейинкилерин Какшаалдакы кытай кыргыздарынын жомокчусу Жүсүбакун Апай уулунан өз колум менен алдым. Кириштирип, кураштырдым. Көп аракет кылдым. Жер, эл, баатырлардын аттарын жомок боюнча алдым. Кириштиргенде көп күч жумшадым”-деди.

Агам Балбай жана бир кепти айткан: “Тыныбектин “Семетейинин” көбү жок.  Казактардын бузулушу, Сыр коргондун камалы, Байтайлактын өлүмү, Коңурбайдын Семетейди өзү чакырып барып өлтүрөм деп өзү өлүшү, Күрпүлдөктөкү Кызылуюк дөө, жалгыз көздүү Мадыкан, Жамгырчынын өлүмү, Буурулдун бутунун сынышы, Жубатайды Гүлчоронун өлтүрүшү буларды Жусупакундун айтуусу боюнча “Семетейге” коштум”-деген эле-деп манасчы өз эскерүүсүндө жазат.

Демек, манасчы Сагынбай Орозбаков дагы “Манас” эпосун Тыныбектен башынан аягына чейин уккан. Жусуп Мамайда агасы Балбай Мамайдан “Манас” эпосунун урпактарын толук уккан, жана кимдер айтканынан бери билген.    Манастаануучу Ауезов көп жылдык изилдөөсүнөн кийин жазган эмгекти эмдигиче эмнеге талдап окубай, кытайлык манасчы Жусуп Мамайды “Манас” эпосун баштан аяк агасынан билип, кыргыздын руханий казнасын чыпчыргасын коротпой элине бергени үчүн ар кандай, изилдебей, окубай айткан окумуштууларыбыздын айтканына ишенебиз.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)