WeChat      Избранное

“Орто Азиялык достук коомдук бирикмеси” “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитине ардак грамота тапшырды

08/04/2019  Источник:оригинал   шрифта:

“Орто Азиялык достук коомдук бирикмеси” “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитине ардак грамота тапшырды

Сүрөттөр редакцияга таандык

29-март күнү биздин гезиттин жалпы жамааты үчүн кубанычтуу күндөрдүн бири болду. Себеби, Кыргызстанда жайгашкан “Орто Азиялык достук коомдук бирикмеси” тарабынан “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” басмасына ардак грамота тапшырылды. 

Коомдук бирикменин төрайымы Ху Ю Мэй баштаган топ кеңсебизге келип, гезиттин башкы редактору Чэн Юн мырза менен жолугушушту.

Бул жолугушууда кыргыз-кытай алакасын чыңдоодогу гезиттин кошкон салымы айтылып, эки элдин маданиятын, каада-салтын бир-бирине таанытууда дагы анын мааниси зор экендиги баса белгиленди. 

“Орто Азиялык достук коомдук бирикмеси” “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитине ардак грамота тапшырды

Ху Ю Мэй айым, өз сөзүндө Чэн Юн мырзага ыраазычылыгын билдирип, гезит бетиндеги материалдар ар дайым маанилүү жана кызыктуу экендигин айтты. Эки элдин ынтымагын бекемдеп, өнүктүргөн материалдардын, экономика жаатында да керектүү маектердин чыгып турганы бардык окурмандарды кубантаарына дагы басым жасады. 

Соз соңунда, гезиттин жалпы жамаатына ийгилик каалап, алардын аркалап жаткан кызматы абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү экендигине токтолду. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)