WeChat      Избранное

Узарбек Жылкыбаев: “Ош облусунда инвестициянын кɵлɵмү 2,3 эсе ɵстү”

24/04/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Узарбек Жылкыбаев: “Ош облусунда инвестициянын кɵлɵмү 2,3 эсе ɵстү”

Узарбек Жылкыбаев пахта талаасында.

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков аймактарды ɵнүктүрүү маселесине ɵзгɵчɵ маани берип келүүдɵ. Ага далил, быйылкы жыл да “Аймактарды ɵнүктүрүү жана санариптештирүү” деп жарыяланды. Гезитибиздин салт болуп калган облус башчылары менен болгон маектерибизди улантып келебиз. Бул ирет ɵкмɵттүн Ош облусундагы толук ыйгарымдуу ɵкүлү Узарбек Жылкыбаев менен аймактагы экономикалык жааттагы жылыштар боюнча кыскача маек курдук. 

- Узарбек Казыевич, Ош облусуна салыштырмалуу жакында эле келдиңиз, менимче бардык райондорду кыдырып чыктыңыз окшойт, облуста кандай көйгөйлөр курч?   

- Ош облусуна келип иштегениме 8 ай болуп калды. Келгенден тартып, бардык райондордун айылдарына барууну пландаштырып, иш-план негизинде айланып кыдырып айыл жеринин турмушу менен таанышып жатамын. Кыргызстандын баардык региондору тең эле айыл чарба, мал чарбачылыгы жана чакан соода менен алектенет эмеспи, ошого байланыштуу көйгөйлөр да окшош. 

Негизинен көйгөйлөрдү таза суу менен камсыздоо, сугат суу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, турак жай үчүн жер алуу жана жумушсуздук ээлейт эмеспи. 

Бардык кайрылган жарандардын арыз-муңдарын карап чыгып, маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилип жатат.

- Кыргыз Республикасынын президентинин «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жарлыгынын негизинде ишкерлерди өнүктүрүү жана региондорго инвестиция тартууда облуста кандай жумуштар аткарылып жатат? 

- Ош облусу боюнча 2019-жылдын биринчи кварталына карата өнөр жай продукциясын өндүрүү 2 миллиард  87  миллион сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 128,4 пайызды түздү. Жалпы республикадагы өндүрүштүн көлөмүндө облустун үлүшү 3,3 пайызды түздү. 

Облуста 2019-жылдын биринчи кварталында 10 жаңы ишкана ачылып,  111 жумушчу орун түзүлдү, анын ичинен 7 ишкана өнөр жай багытында, 3 ишкана айыл чарба багытында. Алардын эсебинен 66 миллион 600 сомдук инвестиция тартылды. 

Инвестициянын көлөмү боюнча айта кетсем, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпысынан 13 миллиард  78 миллион 214 миң сомду түзүп, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 7 миллиард  365 миллион 749,7 миң сомго, же болбосо 2,29 эсеге көп тартылган. 

Бизнести коргоо жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечим, буйруктары менен ар кандай текшерүүлөрдөн коргоого алынган. Инвестиция тартуу боюнча жумуштар аткарылып жатат. Мисалга алсак, 2019-жылдын 27-28-мартында өткөрүлгөн «Кыргыз - Орус региондор аралык 8-конференциясынын» жыйынтыгы менен Россиянын Саратов, Екатеринбург, Челябинск шаарлары менен бир катар соода, экономикалык келишимдер түзүлдү. Россия тарап, жыгач курулуш материалдарын, катуу ун азыктарын (макарон) экспорттосо, биз тарап Өзгөндө өндүрүлүп жаткан травертин (сары  таш), күрүч, тоо балын  сунуштадык. 

Жакында эле Корей кызматташтык уюму Ноокат районуна жүндү кайра иштетүүчү завод куруп, ишке кирди.  

Мады айыл өкмөтүнүн аймагынан 150 гектар жер ɵндүрүштүк база куруу үчүн трансформациялоого жиберилди,  Кара-Суу районунун Мады жана Отуз-Адыр айылдык өкмөтүнүн аймагында жаңы аэропорт куруу пландаштырылып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.  Өзгөн районунда  мал союучу заманбап ишкана курулуп бүтсө, этти чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүндүгү пайда болот. 

Президентибиз Сооронбай Шариповичтин жарлыгынын алкагында жакшы көрүнүктүү жумуштар жүрүп жатат.

Узарбек Жылкыбаев: “Ош облусунда инвестициянын кɵлɵмү 2,3 эсе ɵстү”

Баардык жердей эле Ош облусунда куносканлар онугуудо.

- Облустун аймагында  кичи жана орто ишкерлерди колдоодо консультация жана маалымат берүүдө кандай жумуштар аткарылып жатат, ушул маселе боюнча дагы айтып өтсөңүз?

- Аймактарды өнүктүрүүдөгү негизги фактор,  сиз айткан кичи жана орто бизнести колдоо болуп саналат. Ошондуктан, облустун ичинде ишкерлерди колдоо жана аларды жаңы маалыматтар менен тааныштыруу  үчүн жыйын залы ачылып, компьютерлер менен жабдылган.

Ар бир райондо ишкерлердин кеңеши жана ишкерлер ассоциациясы уюштурулуп, аларга иштөө шарттары түзүлүп берилген.

- 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү боюнча региондук өнүгүү түйүндөрүнөн өсүү борборлорун түзүү үчүн Ош облусунан канча шаарлар тизмеге же программага кирген?

- Ош облусунан региондук өнүгүү түйүндөрүнүн өсүү борборлорун түзүү үчүн Кара-Суу, Өзгөн шаарлары жана Алай районунун Сары-Таш айылы перспективдүү жана ийгиликтүү шаарлар катары өз алдынча программага киргизилген. Бирок, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын кайрылуусу менен Сары-Таш айылы Гүлчө айылдык аймагы менен алмаштырылды. Себеби, Гүлчө айылы Алай районунун борбору болуп саналат.

Жогорудагы шаарлар социалдык-экономикалык программаларынын стратегиялык планы иштеп чыгылып бекитилген. Бекитилген иш чаралардын негизинде жумуштар жүргүзүлүп жатат.

- Кыргызстандын  калкын таза суу менен камсыз кылууда атайын программалар иштелип чыккан, бүгүнкү күнү канча айыл суу менен камсыз болуп, канча айыл таза суу менен камсыз боло элек?

- Бүгүнкү күнгө карата облус аймагындагы 1 миллион 281 миңден ашык адам жашаган 493 калктуу конуштун ичинен 972 миң 657 адам жашаган 377 калктуу конуш ичүүчү таза суу менен камсыз болгон. Башкача айтканда таза суу менен камсыз болуу облус боюнча 76,5 пайызды түзөт. 

Ал эми таза суу менен камсыз болбогон  308 миң 529 адам жашаган  116 калктуу конуштун  абалы курч бойдон калууда. 

Бул айылдарды таза суу менен камсыздоону 2023-жылга чейин 100 пайыз аяктайбыз деген план бар, ошонун негизинде ЕБР ж.б. долбоорлор,жергиликтүү каржы менен иш жүрүп жатат.  

- Облустун кайсы региондору Кытай Эл Республикасы менен өз ара мамиле түзүп жатат жана Кытай Эл Республикасы кайсы тармакка инвестиция салууда? 

- Кытай Эл Республикасы Ош облусунда негизинен Араван районундагы 2 цемент заводдо (Синьжи-Прим, ЮКСМ компаниялары) жана Чоң Алай районундагы «Кайди» ишканасында инвестиция салып, иштешип жатат. Жалпы Ош облусунда иштеп жаткан Кытай жарандарынын саны 173 түзөт. 

Ошондой эле Алай жана Чоң-Алай райондорунан 30 окуучуну бюджеттик негизинде газ тармагы боюнча адистикке окутуп жатат.

- Облуста туризм кандай өнүгүп жатат?

- Ош облусунда туризмди өнүктүрүү максатында атайын буйрук менен комиссия түзүлдү.  Аймактарды өнүктүрүү программасынын негизги талаптарынын бири ушул туризмдин өнүгүүсүнө алып келет. Анткени инфраструктура жакшырган, шарты жакшы аймакка туристтерди тартуу да жеңил болот.  Ал үчүн комплекстүү иш-чараларды баштадык, анын биринчи  кадамы катары азыр аппаратта сырткы байланыштар жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүн ачып жатабыз. Бул туризм тармагында комплекстүү иш алып барууга мүмкүнчүлүктү кеңейтет. Мисалы, ушул жылы Алай районунун Талдык айылында дүйнөлүк стандартка жооп берген лыжа базасын курууну пландадык. Бул бүтүн Фергана аймагынан жакынкы коңшу өлкөлөрүнөн туристтерди тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт деген үмүт бар. Андан сырткары ошол база аркылуу эко туризм жана Ленин чокусуна альпинисттердин агымын арттырсак дейбиз.

Туризмди   өнүктүрүүгө бизде   ыңгайлуу табият, климат, кооз жерлер, тарыхый жайлар, меймандос элибиз бар. Бирок, бизде инфраструктура аксагандыктан, албетте, эң чоң көйгөй – жол маселеси болууда. Ал да ушул жылдардын жыйынтыгы менен акырындап чечилүүдө.

- Маегинизге рахмат!

- Сиздердин гезитиниздерге да ийгилик каалайм!

(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)