WeChat      Избранное

Улуттун көркөм дөөлөтү болгон кыргыз-кытай элинин баш кийимдери

08/04/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Улуттун көркөм дөөлөтү болгон кыргыз-кытай элинин баш кийимдери

Сүрөттөр интернеттен алынды

Ар бир элдин өзүнө гана тиешелүү болуп, башкалардан өзгөчөлөнтүп, айырмалап турган улуттук дөөлөттөрү бар. Буга эне тилинен баштап, улуттук кийим-кечесине чейин кирет. Кыргыз эли дагы ушундай көрөңгөлүү улут баалуулуктары менен сыймыктанып, мактана алат. Анткени, кылым карыткан кыргыз маданиятында не деген улуу ойлор катылып, не деген миң түркүн мурастар сакталып келет. 

Кыргыз кийиминин, анын улуттук өзгөчөлүктөрүнүн калыптанышы элдин этникалык тарыхы менен ажырагыс байланышкан. Чарбачылыктын шарты жашоо ыңгайы, табигый жагдайлар, кыргыздын урук-уруу топторунун көчүп-конуусу, соода байланыштары, ошондой эле бөтөн элдер менен узак убакытка чейин коңшулаш жашоосу да, улуттук кийимдин өнүгүүсүнө таасирлерин тийгизбей койгон эмес. Башкача айтканда кыргыздардын элдик кийимдеринин узун тарыхы бар. Алар элдин турмуш шартына, эстетикалык ыкка, керектөөлөргө ылайыкташтырылган. 

Муну менен катар эле, улуттук кийимдер, баш кийимдер аркылуу адамдын коомдогу ээлеген ордун, жаш өзгөчөлүгүн дагы айырмалап билүүгө мүмкүн болгон. Айымдардын статусун аныктоодо чачтын орду дагы өзгөчө болгон. 

Бүгүн кеп кыргыз маданиятынын көркөм дөөлөтү болгон кыргыз улуттук баш кийимдери тууралуу болмокчу. Баш кийимди ар дайым кастарлап кийген кыргыз элине Нооруз майрамын утурлай Спутник Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Жаз майрамына белек катары "Улуттук баш кийимдердин" сүрөт көргөзмөсүн өткөрдү.

Бул иш-чара "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылып, 20-марттан тарта калаа тургундарынын жана меймандарынын кубанычына ортоктош болду. Көргөзмөдө аялдардын, эркектердин жана балдардын улуттук баш кийимдери көрсөтүлүп, аларга түшүндүрмө берилип, аймактык өзгөчөлүктөрү тууралуу дагы айтылды. Муну менен катар эле, элечекти, калпакты, шөкүлөнү, тебетейди кимдер кийип, жоолукту кимдер салынганы тууралуу дагы кызыктуу маалыматтар көргөзмөнүн ичине камтылды. 

Сүрөттөгү моделдердин баш кийимдери менен кийимдерин "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун уздары тигип, аталган коомдук фонд тууралуу дагы маалымат берилди. 

Спутник Кыргызстан маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина Нооруз жалпы кыргызстандыктарды ушул Жаз майрамы менен куттуктап, ал биримдиктин, ынтымактын майрамы экендигин айтып өттү. Ал өз сөзүндө: “Бул өтө жылуу жана шаңдуу майрамдардын бири, ал ата-бабалардан кийинки муунга кылымдар бою берилип келе жатат. Андыктан биздин "Улуттук баш кийимдер" долбоорубуз да тарыхый маданий баалуулукту камтыган татыктуу белек", — деген оюн билдирди. 

Улуттун көркөм дөөлөтү болгон кыргыз-кытай элинин баш кийимдери

Сезим Токтобек кызы, “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун өкүлү: “Ааламдашуу заманында ар бир улут, эл өзүнүн улуттук мурастарына дагы терең көңүл буруп, аны сактап, коргоп калуусу абзел деп ойлойм”  

-Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан “Улуттук баш кийимдер” сүрөт көргөзмөсү Нооруз майрамына карата кыргызстандыктарга тартууланган мыкты белек десем эч жаңылышпайм. Иш-чаранын башкы максаты жалпы журтка кыргыздын салттуу баш кийимдери тууралуу кенен маалымат берүү болуп саналат. 

Бул көргөзмө алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Ичине 50 сүрөт камтылган. Учурда, бардыгыбыз билгендей улуттук баш кийимдер кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн баштапкы, нукура өздүгүн жоготуп бара жаткандыгы маалым. Бул дагы да болсо, көпчүлүктүн кыргыздын баш кийимдер тууралуу толук кандуу маалымат билбегендигин тастыктайт. Мисалы, азыркы учурда элечектин формасы, жасалышы, ага колдонулган материалдар анын түпкү нускасына эч эле коошпойт. Негизи, байыртан элечекти кыргыздын айымдары турмушка чыкканда кийе башташкан. Анын түзүлүшү, жасалышында аймактык жана уруулук өзгөчөлүктөрү бар. Кеп такыя тууралуу дагы айта турган болсом, бул элечектин ичине кийиле турган баш кийим болгон. Анын өзүн жалгыз кийип чыгуу, абдан уят нерсе катары бааланган. 

Чындыгында, мындай тарыхый маалыматтарды топтоо оңойго турган жок. Жер-жерлерге барып, үймө-үй кыдырып улуттук кийимдер тууралуу маалыматтарды чогулттук. Эң өкүнүчтүүсү, учурда кыргыздын ушундай каада-салтын, маданиятын жакшы билген каадалуу карылардын арабыздан суюлуп, азайып бара жатканы болууда. 

Кыргыздын улуттук көркөм дүйнөсүнө кызыгып, маданиятын үйрөнөм дегендерге “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун эшиги ар дайым ачык. Биз кыргыз улуттук кийимдери боюнча дагы атайын окууларды өткөрүп турабыз. Фонддун мааниси зор деп эсептейм. Анткени, ааламдашуу заманында ар бир улут, эл өзүнүн улуттук мурастарына дагы терең көңүл буруп, аны сактап, коргоп калуусу абзел деп ойлойм. 

Улуттун көркөм дөөлөтү болгон кыргыз-кытай элинин баш кийимдери

Таалайгул Усенбаева, Спутник Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти: “Көрөңгөлүү кыргыз элинин даанышмандыгына дагы бир жолу баа бердим”  

-Долбоордун негизги максаты бул унутта калган кыргыздын салттуу кийимдерине басым жасап, алардын түп нускасын түзүп, жаштарга жеткирүү болуп саналат. Бул жакта бүгүн кыргыздын улуттук баш кийимдеринин көргөзмөсү уюштурулду. Буларды ишке ашыруу оңойго турган жок.

Чындыгында, мен деле өзүм бул багытта толук маалыматым жок экен. Долбоорду баштап, баш кийимдерди изилдегенде гана абдан көп кызыктуу нерселерди үйрөндүм. Көрөңгөлүү кыргыз элинин даанышмандыгына дагы бир жолу баа бердим десем болот. Көргөзмөнү даярдоого жалпысынан бир жылдай убакыт кетти. 

Алдыда, кыргыздын башка кийимдерин дагы ушундай деңгээлде изилдеп, эл алдына тартуулоо планыбыз бар. бул долбоор толугу менен Спутник Кыргызстан маалымат агенттигине таандык. Бул жерден “Кийиз дүйнө” коомдук фонду формаларды даярдап беришти. 

Мен дагы бул көргөзмөдө кыргыздын “бөртмө жоолугун” салынып түштүм. Аны кыргыздын айымдары көбүнчө майрам күндөрү, же мейманга барганда кийишчү экен. Бөртмө жоолук чоң болгону менен, келиндерге абдан жарашып, көркүнө-көрк кошуп калат экен. 

Улуттун көркөм дөөлөтү болгон кыргыз-кытай элинин баш кийимдери

Элечек-кыргыз айымдарынын жүзү 

Элечек-кыргыз айымдарынын баш кийимдеринин бир түрү. Негизи, аны турмуш жолуна аттанган аялзаты кийген. Элечек өзү ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролуп жасалган. Бул баш кийимдин баш кеп (кеп такыя), сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар.

Оромол-элечектин негизги бөлүгү болгон. Мурунку учурда, элечекти орогондо жети кабаттын кырын чыгарып оросо жети атага ызаат көрсөтүп, алардын колдоосун алат деген түшүнүк болгон. Чындыгында, элечекти ороо дагы өзгөчө чеберчиликти талап кылган. Ошондуктан, эл арасында элечекти мыкты орогон айымдарды атайын чакыртып келип, оромолун жасатышчу. Бир ороткондон кийин, аны жандырбастан абайлап алып кийип колдонушчу. 

Элдик салтта аялдар бул баш кийимди жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык кийишкен. Мисалы, улгайгандардын элечеги жөнөкөй оролуп, көлөмдүү көрүнсө, аза күткөн аял кара бүркөгөн элечек кийген. Ал эми, жаңы келген келиндин элечегине кызыл чүпүрөк менен кыргак тагылчу. Элечектин көлөмү дагы анын ээсинин жашоо-турмушуна жараша болгон. Бай, оокаттуу кыргыздар элечектин оромолуна 25-30 метрден кем эмес ак кездемеден орошкон. Колунда жок, жардыларында анын узундугу 5-10 метрге чейин эле болгон. Баалуу кооздук буюмдары дагы кыргактарына тагылып, көздүн жоосун алып турган. Ушундан улам, эл арасында элечектин формасына жана кооздолушуна жараша кыргыз аялзатынын коомдогу ордун же болбосо статусун аныктоого мүмкүнчүлүк болгон.

Аймактык, географиялык жайгашуусуна ылайык дагы элечек ар башкача жасалат. Мисалы, түндүк аймактарга тиешелүү элечектердин дээрлик барыдыгында ээк алмайы бар. Ал сууктан, шамалдан сактап турат. Ал эми, түштүк аймактарда күн ысык болгондуктан элечеги сорогой болуп, үстүнө сөзсүз түрдө дурия жоолук жабылган. Ал күндөн сактап, көлөкө берип турган. Ошондой эле кеп такыянын алды ачык болгон, тактап айтканда ээк алмайы жок болгон. 

Аймактык өзгөчөлүктөргө жараша, анын аталыштары дагы ар башка. Мисалы, түштүктүн кээ бир жеринде элечек “келек” деп аталса, Таласта, Токтогулда “илеки” деп аталган. 

Кыргыздар көчмөн калк болгондуктан, “жол азабы-көр азабы” дегендей, элечектин оромолун кепин катары дагы колдонушчу. Кээ бир булактарда оромол атайын кепин үчүн оролгон деген дагы маалыматтар бар.

Улуттун көркөм дөөлөтү болгон кыргыз-кытай элинин баш кийимдери

Калпак-кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү 

Калпак-кыргыз улуттук баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, “ак калпак” деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылган кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилген. Ошол жери маңдай жагы болуп эсептелген. 

Убакыттын өтүшү менен калпактын бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак-бул кыргыздын улуттук көркөм баалуулуктарынын ичинен эң ыйыгы десек жаңылышпайбыз. Анын касиетин, өзгөчөлүгүн, кастарлап кийип жүргөндөр сезе алышат. 

Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат десек болот. Калпак-кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп тузүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын белгиси катары, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң-салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. 

Калпакты ак кийизден жасайт. Формасы да ар урууда ар башкача жасалган. Калпактын кийизине уяң ак жүндү жууп-тазалап, тытып, андан соң гана пайдаланган. Кийиз даяр болгондон кийин көркөмдөлүп бычылып, кийин кыркылып алынат. Бычымдарды бири-бирине беттеп көк жашыл тукабадан, чийбаркыттан, сатинден, макмалдан, баркыттан, кыжымдан кыюу коюп тигип чыккан. 

Калпактын кырына коюлган түстүү кыюулар адамдын жаш өзгөчөлүгүнө жараша болгон. Мисалы, балдардын калпагынын кыюусу кызыл, жашыл кездемеден болсо, жигиттердин калпагынын кыюусу көк кездемеден жасалган. Ал эми, орто жашка чейинкилердин калпагынын кыюусу күрөң, кара кездемеден; улгайып калган карыялардын, аксакалдардын калпагынын кыюусу ак же ала кездемеден даярдалган. 

Кийинчерээк калпактын турдүү формасы бычылып, бооруна оймо, түр салынып, өзгөчө кооздоп тигиле баштады. Азыркы күндө калпакты синтефондон да жасашат. Бул материалдан жасалган калпактын баасы кийизден жасалган калпакка салыштырмалуу бир топ арзан. Бирок сапаты жана пайдалуугу жагынан табигый жүндөн жасалган калпакка эч жетпейт.

Кытай элинде эркек киши сөзсүз түрдө баш кийим кийүүсү абзел болгон

Кытай элинде дагы байыртадан бери баш кийимдерге өзгөчө маани берилип келген. Кыргыздардай эле Кытайда дагы баш кийим аркылуу адамдын коомдо ээлеген ордун аныктап билүүгө мүмкүн болгон. 

Баш кийим негизинен кийимдин бир бөлүгү катары бааланып, ар дайым эркек кишинин башы жабык болуусун этикет талап кылган. Абдан чоң салтанаттарда дагы мырзалар сөзсүз түрдө баш кийим кийүүгө милдеттүү болушкан. 

Ал эми, кытай императору “мянь” деп аталган баш кийим кийген. Аны императордон сырткары, сарайдын башкы өкүлдөрү дагы кандайдыр бир маанилүү ырым-жырымдарды кылууда кийе алышкан. Мяньдын түзүлүшү абдан оор болуп, ар бир ага камтылган бөлүкчө өзүнчө бир түшүнүктү билдирген. 

Жашы жете элек өспүрүмдөр кичинекей темирден жасалган кичинекей калпакчаларды кийишкен. Ал эми, мартабалуу адамдардын өспүрүм балдарынын калпакчалары алтындан же болбосо башка баалуу таштардан жасалган. Бала жыйырмага чыкканда, башкача айтканда эрезеге жеткенде атайын той уюштурулган. Бул тойдо жигитке “гуаньли” аттуу мартабалуу баш кийимди кийгизишкен. 

Салтанаттуу иш-чараларда кытай мырзалары чатырча формасындагы баш кийим кийишкен. Анын төбөсүнө түймөк бекитилип, ошонун өңүнө жараша мырзанын коомдогу статусун биле алышкан. 

Орто кылымдарда Кытайда карапайым элдин арасында кеңири таралган бул камыш шляпа. Баш кийим жеке гана камыштан жасалбастан күрүч, саман ж.б. өсүмдүктөрдөн дагы жасалган. Ал күн ысык кезде кийилчү эң сонун баш кийим болуп саналат. Бүгүнкү күнү дагы КЭРде ушундай камыш баш кийимдерди улуу муундун өкүлдөрүнөн көрүүгө болот. 

Кытайда айымдар баш кийим кийишкен эмес. Үйлөнүү үлпөтүндө, же болбосо абдан чоң майрамдарда гана “фэнгуань” деп аталган баш кийим кийишкен. Негизинен алар кийме чачты ар кандай кымбат баалуу кооздуктар менен жасалгалап, дайыма кийип жүрүшкөн. Бул көбүнчө ак сөөк айымдарга тиешелүү болгон. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)