WeChat      Избранное

Кытайлык кыргыз өнөрпоздору Кыргызстанды Нооруз майрамы менен куттуктады

28/03/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кытайлык кыргыз өнөрпоздору Кыргызстанды Нооруз майрамы менен куттуктады

Сүрөттөр редакцияга таандык

20-март күнү Кыргызстанга Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан (СУАР) этникалык кыргыздардын маданий делегациясы келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Делегацияны Кызыл-Суу-Кыргыз автоном облусунун партиялык комитетинин мүчөсү Хайбунуер Юйшань айым жетектеп келди. 32 адамдан турган чыгармачылык топту кытайлык кыргыздардын мыкты өнөр адамдары, манасчылар, ырчылар, бийчилер түздү. Аларды КРдин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлдөрү тосуп алышты. 

Кытай жергесинен келген өнөр адамдары Бишкек шаарында 20-марттан 25-мартка чейин болушту. Келген меймандар 21-март күнү Нооруз майрамына карата “Ала-Тоо” аянтында жана Курманжан датканын эстелигинин алдында өткөрүлгөн иш-чараларга катышып, кыргыздын мыкты ыр-бийлерин элге тартуулашты. 

Ошондой эле, маданий делегация 22-март күнү саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында, 23-март саат 15:00дө К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториясында чоң программадагы концерт тартуулашты. 

Мындан сырткары, этникалык өнөрпоздор М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп интернаты, Ч. Айтматовдун үй музейи, Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейи, “Ата-Бейит” тарыхый мемориалдык комплексине дагы барып, көрүп келишти. 

24-март күнү делегациянын Кыргызстандын маданият, өнөр тармагындагы адамдары менен кызыктуу жолугушуусу өткөрүлдү. 

Биздин редакциянын журналисттери дагы маданий топтун А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында болуп өткөн концертине күбө болуп, катышуучулардын, бийлик өкүлдөрүнүн жана көрүүчүлөрдүн ой-пикирин угуп кайтты. 

Бул маданий иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь айым, КРдин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев ж.б катышып, элдик таланттардын өнөрлөрүнө дагы күбө болушту.

Кытайлык кыргыз өнөрпоздору Кыргызстанды Нооруз майрамы менен куттуктады

Кайрат Иманалиев, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары:

 “Жакынкы күндөрү кытайлык опера чеберлеринин аткаруусундагы “Манас” операсын Кыргыз жергесинде көрүп калабыз” 

-Бүгүн биздин кыргыз маданиятында, Кыргызстанда өзгөчө бир кубанычтуу күн болуп жатат. Анткени, биздин коңшулаш, өнөктөш болгон Кытай Эл Республикасынан Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан таланттар келип, кыргыз жергесинде өз өнөрлөрүн тартуулап отурат.

Кыргызстандын эгемендүү жылдарында Кытай биз менен мамлекеттик саясий, маданий жагынан дагы өнөктөш болуп, биз менен жаңы кадам шилтөө жолубузда, өнүгүү жолубузда өнөктөш болгон коңшу эң бир жакын мамлекеттердин бири. 

Музыка ишмерлеринин, өнөр адамдарынын максаты эл менен элди бириктирип, мамлекет менен мамлекеттин достугун чыңдоо болуп саналат. Мына, ушул өңүттө биздин Кытай Эл Республикасындагы кыргыз боордошторубуз ушул жакка келип өнөрлөрүн тартуулап, биздин кыргыз көрүүчүлөрдү кубантып отурат. Кытай мамлекетиндеги кыргыз элинен чыккан атактуу таланттар Жусуп Мамай, Дүйшөкан Сейит кызы, Калийча Иса кызы менен ар дайым сыймыктанып келебиз. Ал таланттар ушул Кытайдагы кыргыз туугандарыбыздын өнөрлөрүн жеке гана бизге эмес, дүйнөгө таанытты десек болот.

Мына, ошондой биздин залкар таланттарыбыздын артынан жаңы муун келип, бүгүнкү күнү дагы бизге мыкты-мыкты өнөрлөрүн тартуулап отурушат. Учурдан пайдаланып, Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь айымга терең ыраазычылыгыбызды билдирмекчимин. Ушул маданият жаатында кызматташуубуз күндөн-күнгө күчөп келе жатат. Биз бардыгыбыз Кытай жергесинде “Манас” операсы коюлгандыгын билебиз. 

Мына, жакынкы күндөрү ушул кытайлык опера чеберлеринин аткаруусундагы “Манас” операсын Кыргыз жергесинде көрүп калабыз. Андыктан, маданият менен дагы кыргыз-кытай алакасы бекемдей берсин. 

Кытайлык кыргыз өнөрпоздору Кыргызстанды Нооруз майрамы менен куттуктады

Ду Дэвэнь айым, КЭРдин КРдагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси:

 “Кытай менен Кыргызстан достук, ынтымак алака ичинде жашаган мыкты коңшулардан” 

-Бүгүн Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун ыр-бий ансамбли Кыргызстанга Нооруз майрамын сиздер менен бирге белгилөө үчүн атайын келип отурат. Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин жана жеке өзүмдүн атымдан топтун мүчөлөрүнө чын дилимден ыраазычылык билдирмекчимин. 

Кытай менен Кыргызстан достук, ынтымак алака ичинде жашаган мыкты коңшулардан. Байыркы Улуу Жибек жолу эки элдин достук карым-катнаш тарыхынын барактарын ачып берген. Акыркы жылдары, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырза тарабынан көтөрүлүп чыккан “Бир алкак-бир жол” демилгесинин арты менен дагы, кыргыз-кытай мамилеси бардык тармактарда жогорку деңгээлде өнүгүүдө. 

Кытай жана Кыргызстан ар тараптуу стратегиялык өнөктөш мамлекеттерден. Маданий алака дагы эки тараптуу кызматташуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бүгүнкү аткарылып жаткан иштер дагы буга толук далил болуп бере алат. 

Биз Кытай менен Кыргызстандык достук мамилеси, алакасы дагы да болсо чыңдалып, кылымдарды карытат деп үмүттөнөбүз, ишенебиз. Сөзүмдүн соңунда, бардык кыргызстандыктарды жаркыраган Жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Нооруз майрамыңыздар кут болсун! 

“Биздин ансамблдин өнүп-өсүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн” 

Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Ыр-бий ансамблинин жетекчиси Дилшат Тилеш уулу дагы биздин бир-эки сурообузга жооп берип, ансамблдин ишмердүүлүгү менен тааныштырып өттү. 

Ал: “Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Ыр-бий тобуна жетекчи болгонума жети жылдын жүзү болду. Негизи, биз даярдап келген бардык концерттик программалар эл турмушунан эле алынган ырлар, бийлер десек болот. Биздин ансамблдин өнөр адамдары ар дайым эл менен бирге жүрөт. Биз оюн койгондо дагы алыскы айыл жерлеринен баштап, Пекин, Шанхай шаарларына чейин барабыз. Мындан сырткары, чет жерлерге дагы чыгып, өз өнөрлөрүбүздү тартуулап жүрөбүз.

Бүгүнкү сиздер көргөн кыргыз музыка аспаптарынын бардыгы Кызыл-Сууда жасалган, ал жакта өз адистерибиз бар. Бир бөлүк аспаптарды артисттерибиз дагы өз колу менен жасаган.

Чындыгында, мамлекетибиз улуттук баалуулуктарга өтө көңүл бөлөт. Каражат жагынан болобу, башка бир жардам керек болобу, өлкөбүз ар дайым бизге көмөк көрсөтүп келет. Бүгүнкү программанын биринчи бийи “Мекендин жылуу койнунда” деп аталат. Бардыгыбыз билгендей, Кытайда 56 улут жашайт. 56 улут бирге кол кармашып, ынтымак ичинде жашайбыз. Бул номерде 6-7 улуттун бийи көрсөтүлдү”,-деп сөзүн жыйынтыктады.

“Мен 25 жылдан бери ушул Ыр-бий ансамблинде иштеп жүрөм. Өмүрүм ушул бий менен байланыштуу десем болот. Мен бийлегенди абдан жакшы көрөм. 41 жашка чыксам да бийсиз жашоомду элестете албайм. 

Чындыгында, Кыргызстан бизди абдан жакшы кабыл алды. Бардыгы колдоп, жакшы маанай менен тосуп алышты. Бардыгына ыраазыбыз”,-деген ою менен бийчи айым Т. Бекиш кызы бөлүштү. 

Ал эми, Кызыл-Суунун ыр-бий ансамблинин дагы бир өкүлү, алып баруучу Эсентур Курманаалы уулу болсо, Кытайда “Манас” айтуу өнөрүнө абдан тыгыз көңүл бурууларын айтып, бүгүнкү концертке даярданууга жалпысынан бир айдай убакыт кеткенин да белгиледи. Ар бир номер өзүнчө маани, маңыз берип, өзгөчөлүк менен коштолгондугун дагы кошумчалады. 

Кытайлык кыргыз өнөрпоздору Кыргызстанды Нооруз майрамы менен куттуктады

Бейшеналиева Гүлай, “Баатыр эне”, көрүүчү: 

“Кыргыздын нукура салттуулугун сактап, ыр-бийине көңүл буруп, өнүктүрүп жаткан Кытай Эл Республикасына ыраазычылык билдирмекчимин” 

-Мен Нарын районунун Он-Арча айылынан Нооруз майрамына карата балдарыма конок болуп келгем. Жети балам бар. Баатыр энемин. 37 жыл бою саламаттыкты сактоо тармагында кызмат кылгам. Учурда, ардактуу эс алуудамын. 

Бүгүнкү иш-чарага катышып, кытайлык кыргыз боордошторубуздун концертине катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Мен күткөндөн дагы мыкты ыр-бийлер аткарылып жатат. Кыргыздын нукура салттуулугун сактап, ыр-бийине көңүл буруп, өнүктүрүп жаткан Кытай Эл Республикасына ыраазычылык билдирмекчимин. 

Чындыгында, кыргыз эли ар качан өнөр адамдарына бай болгон. Бүгүн мага өзгөчө жаккан бул “Келин көркү” бийи болду. Анда, келин узатуудан баштап, кыскача болсо да келиндин жашоосунан кандайдыр бир үзүмдөрдү бергенге аракет кылышыптыр. Негизи эле бардык бийлеринде терең маани камтылгандыгын көрсө болот. 

Касым Чаргынов, коомдук ишмер: 

““Манасты” комузга салып, башка кыргыз аспаптарынын коштоосу менен айтып берүүсү да абдан жакты” 

-Менин байкоом боюнча, кытайлык кыргыздардын чеберчилигиндеги бир өзгөчөлүк-бул жакта жалгыз эмес, командалык оюн көрсөтүү абдан өнүккөн экен. “Манасты” комузга салып, башка кыргыз аспаптарынын коштоосу менен айтып берүүсү да абдан жакты. 

Бийлеринде кыргыздын жашоосу чагылдырылып, ат үстүндө чаап бара жаткан жигиттердин образын берген бийи да өзгөчө көңүл бурууга татыктуу деп эсептейм. Кытай маданияты өзү дагы тарыхка бай, түбү терең маданият. Мына, аны менен катар эле ушу өлкөдө жашаган улуттардын маданиятын дагы кошо өнүктүрүп, барктап келе жатканы бул чоң мактоого арзый турган иш. 

Мен бүгүнкү концерттен кадимкидей эргүү алып, жан дүйнөмдү байытып чыктым десем болот. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)