WeChat      Избранное

МУХАММЕД ХУ ЧЖЭНЬХУА: “Кыргыз элинин Сыма Чианга ыраазычылык билдирген мүнөттөрүндө мен чогуу болдум”

15/03/2019  Источник:оригинал   шрифта:

МУХАММЕД ХУ ЧЖЭНЬХУА: “Кыргыз элинин Сыма Чианга ыраазычылык билдирген мүнөттөрүндө мен чогуу болдум”

Ху лаоши жубайы Фатима апа менен

Сүрөттөр интернеттен алынды

Кыргыз эли байыркы Кытай жазма булактарында кылымдарды карыткан кыргыз элине байланыштуу тарыхый жазмалар калтырылганы чын. Ал эми бүгүнгө чейин белгилүү болгон ошол кыргыздарга катыштуу тарыхый булактардын эң алгачкысынын автору ─ улуу тарыхчы Сыма Чиан экени талашсыз. Бул маекте биз Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын ошол булактардан түз алып кыргыз окурман чөйрөсүнө жарыя кылган кытайлык окумуштуу, кыргыз таануучу, белгилүү тилчи, “Манас” орденинин ээси, профессор Мухаммед Ху Чжэньхуа менен улуу тарыхчы Сыма Чиандын эстелиги кыргыз өлкөсүнө коюлганы тууралуу айткандарын ж.б. кызыктуу маалыматтарды бөлүшмөкчүбүз.

-Кылымдарга аты белгилүү болгон кытай тарыхчысы Сыма Чиандын эстелиги кыргыз өлкөсүнөн орун алгандыгы тууралуу көптөрү биле бербесе керек?

-Кыргыз өлкөсүндө Ала-Тоонун бермети болгон Ысык Көл бар эмеспи. Таң династиясында жашаган кечил Шуан Жуаң миссионерлик вазыйпасы менен Батышка бараткан сапарында мына ушул Ысык Көлдү бойлоп өткөнү жазылган. Көлдүн күнгөй жагында абасы жанга жагымдуу Чолпон-Ата шаары жайгашкан. Манас ордо аталыштагы имарат ушул шаардан орун алып, Кыргыз Республикасында жаз, жай, күз мезгилдери өтчү эл аралык масштабдагы иш-чаралар негизинен ушул жерде болот эмеспи. Кыргыз эли Сыма Чианга ыраазычылык билдирүү үчүн Манас ордонун гүл багына анын эстелигин көз жоосун алган сары алтындан коюшкан. Анын коюлушу тууралуу кийинки суроолордо жооп берейин.

-Советтер Союзу маалында жана андан кийин Борбордук Азия өлкөлөрүндө, Москвада илимий иш сапарда болгон экенсиз?

-Ооба, ал күндөр менин маданий, илимий жашоомдун алтын барактарында калды. 

Тээ илгери советтик мезгилде, Кыргыз ССРини чакыруусу менен Борбордук Азиядагы советтик республикаларга алгач жолу барган кытайлык окумуштуу катары, Кыргызстан, Казакстан жана Москваны кыдыргам. Советтер Союзунда 3 ай болгон убакытта, мен Фрунзедеги Илимдер академиясында, ЖОЖдордо, басма сөз мекемелеринде кыргыз тарыхына, тилине, Улуу жибек жолу жана Кытайдагы улуттарга, динге карата саясатка, кытайдагы дунгандарга байланыштуу илимий баяндамаларды жасап, илимий чогулуштарда өз пикиримди билдирип, айтып жүрдүм. Муну менен катар эле, республикалык телеканал аркылуу Кытайдагы “Манас” эпосу, залкар манасчы Жусуп Мамайды да жакындан тааныштырууга мүмкүнчүлүк алдым. “Кыргызстан маданияты” гезитине “Кытай түркологу Ху Чжэньхуа “Манас” эпосу жөнүндө” аталыштагы макала жарыяладым. 

Ошондо көптөгөн окумуштуулар менден кытай тарыхый булактарындагы кыргыздарга катыштуу даректер жана Кытайдагы манасчылар тууралуу, ошондой эле хэйлоңжаңдык кыргыздарынын (Фуйү кыргыздары) тарыхы, тили, этнографиясы жөнүндө тааныштыруумду суранышты. 

Союз ыдырап, Борбордук Азиядагы беш өлкө эгемендигин жарыялагандан кийин, мен 1992-, 1995- жана 1999-жылдары (1992-ж. эки жолу) Кыргыз Республикасына, Казакстанга, Өзбекстан Республикасына жана Түркмөнстанга академиялык байланыштар менен жана эл аралык илимий жыйындарга барып, илимий иш сапарда көп болдум.

-Кытай булактарынан кыргыз тарыхына катыштуу даректерди түпкү булактардан түз алып коомчулукка жарыялоонун мааниси абдан олуттуу экендигин билебиз. Ушул багытта сүйлөп берсеңиз? 

-Албетте, абдан эле олуттуу. Кыргыз Республикасында болгон илимий иш сапарымда кытайлык кыргыздардын тарыхын, тилин, “Манас” эпосун жана Фуйү кыргыздарынын абалын, жашоосун жакындан тааныштырдым. Ошону менен катар эле, кытай тарыхый булактарына таандык Сыма Чиандын «Шыжи» (Тарых-наме) китебинде баяндалган Хуннулар шежиресинин ичиндеги кыргыздарга катыштуу даректе жазылган «鬲昆» (ɡékūn) байыркы кыргыздардын улут атынын кытай тилинде берилиши экендигин жарыя кылдым. 

Менин оюмча жаңы гана эгемендүүлүк алган эл үчүн өз улутунун тарыхын илимий түрдө чечмелөөнүн мааниси абдан чоң болчу. Кыргыз таануучу кытайлык илимпоз катары, мен кыргыз окумуштууларына көмөк көрсөтүп, кыргыз тарыхын алар менен биргеликте туура, так иликтөөгө жана баяндоого салым кошушум керек болчу.

-Кыргызстандагы илимий иш сапарларыңыз абдан маанилүү болгондугун бардыгыбыз билебиз. Ушуларга бир аз токтоло кетсеңиз?

-1995-жылы мен “Манас-1000” мааракесине чакыртылып, анын алкагында өткөн эл аралык илимий жыйында баяндама жасадым жана президенттин сыйлуу коногу катары кабыл алындым.

1999-жылдын 31-мартында мен КР УИАнын чет өлкөлүк ардактуу академиги болуп шайландым. КЭРдин Кыргызстандагы Элчилиги КЭР Мамлекеттик улут иштери комитети аркылуу Кытай Борбордук улуттар институтуна (Азыркы Кытай Борбордук улуттар университети) кабар берип, мен августтун 10унда Бишкекке барып, КР УИАдан ардак грамотамды алуу салтанатына катышуумду айтышкан эле.

МУХАММЕД ХУ ЧЖЭНЬХУА: “Кыргыз элинин Сыма Чианга ыраазычылык билдирген мүнөттөрүндө мен чогуу болдум”

Кытайлык кыргыздар менен бирге

-Ош шаарынын 3000 жылдыгы белгиленгенде сиз чакыртылган экенсиз... кызыктуу илимий баяндама жасаганыңызды эскеришет?

-2000-жылдын октябрь айында КРда өткөн Ош шаарынын 3000 жылдыгын белгилөө салтанатына чакырылып, анын алкагында уюштурулган эл аралык илимий иш-чарада баяндама жасагам. Баяндамамда Сыма Чиандын «Шыжи» (Тарых-наме) китебинде берилген «大宛» (dàwǎn) топониминин негизинде Ош шаарынын кылым карыткан тарыхын жана Кытай менен болгон байланышын мисал келтирип, кыргыз айдыңдарыннын кытай тарыхый булактарына болгон кызыгуусун арттырдым десем болот. 

Ошондо кыргыз тарыхын иликтеген окумуштуулар мага мындан кийинки илимий иш-чараларда кытай тарыхый булактары тууралуу кененирээк баяндап турушумду же болбосо кыргыз тилинде чыгуучу басылмаларда, илимий жыйнактарда бул тууралуу макала жарыялашымды, мунун дагы көптөгөн кыргызстандыктардын кыргыз элинин узак тарыхка ээ экенин билиши үчүн мааниси чоң экенин айтып, суранышты.

-Таң династиясынын улуу акыны Ли Байдын 1300 жылдыгы Бишкекте белгиленгенде, илимий жыйында КРдин тунгуч президенти А. Акаев менен жолуккан экенсиз?

-2000-жылдын 23-ноябрында К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети улуу акын Ли Бай (орусча: Ли Бо) туулганынын 1300 жылдыгын белгилеп, эл аралык илимий иш-чара уюштурду. Илимий жыйындын ачылышында Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев ачылуу сөзүн сүйлөп, мына буларды айткан эле:”Кытайдын улуу акыны Ли Бай мындан 1300 жыл мурда Кыргызстандын аймагындагы Чүй өрөөнүндөгү Токмокко жакын жерде туулган. Мен Ли Бай менен мекендеш болгонум үчүн сыймыктанам, бул жалпы Кыргызстандын сыймыгы. Учурда Кытайда улуу Таң династиясынын 21-кылымдагы көрүнүшү пайда болуп жатат. Мына ушундай улуу, сыйчыл кошунабыздын болгонунан мактаныч сезебиз”. 

КЭРдин Кыргызстандагы элчиси, орус таануучу сөзүн сүйлөп бүткөндөн кийин мен баяндамамды кыргыз тилинде окуп, Борбордук улуттар институту Кыргыз президентине белекке арнаган “Борбордук улуттар институтунун 50 жылдык тарыхы сүрөттөрдө” альбомун жана КЭРдеги 56 улуттун образы түшүрүлгөн почто маркелер жыйнагын президентке тапшырдым. Бул менин президент Акаев менен алгач жолу жакындан жолугуп, таанышышым эле.

МУХАММЕД ХУ ЧЖЭНЬХУА: “Кыргыз элинин Сыма Чианга ыраазычылык билдирген мүнөттөрүндө мен чогуу болдум”

Ху Чжэньхуа Агай

-Кыргыз тарыхын иликтөө боюнча бир топ долбоорлорго катышканыңыздан да кабарыбыз бар. Ушул багытта дагы сүйлөп берсеңиз?

-Ошол эле жылы ноябрдын 24үндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чакыруусунда, КТМУнун ректору, профессор К. М. Молдобаевдин сунушу менен кыргыз тарыхын иликтөөгө арналган кызматташуу ишине бардым. 

Бул кызматташууга Орусия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Франция жана Кытай окумуштуулары чакырылып, уюштуруучу тарап жагынан “Түрк маданиятын изилдөө борборунун Кыргыз таануу бөлүмүнүн кеңеш комиссиясы” түзүлүп, мени кытайлык окумуштуулардын өкүлү ирээтинде кеңешчи комссия кылып, кайра эле ошол кытай тарыхый булактарынын негизинде, кыргыз тарыхын тааныштырган макаладан көбүрөөк жазып беришимди суранды. Мен эбак жазылып болгон 4 макаламды бердим. 

Аларды мурда-кийин болуп Илимдер Академиясында жана ЖОЖдордо болгон илимий жыйындарда окуп илим чөйрөсүнүн назарына түшкөм десем болот. Муну менен катар эле, бул эмгектериме кыргыз атка минерлери да көңүл бурушкан. 

Макалалар төмөндөгүчө: 1) “Улуу жибек жолу” (орусча); 2) “Кытай тарыхый булактарындагы кыргыз этноними” (кыргызча); 3) “Байыркы кыргыз мамлекети жөнүндө” (кыргызча); 4) “Өнүгүп жаткан Кыргызстан” (кыргызча). кийин бул макалалардын бардыгы 2003-жылы жарык көргөн “Маданияттар диалогу I, II, III” жыйнактарынан жана тарых изилдөө илимий жыйнагынан орун алды.

-“Манас” орденин сизге тапшырган күндөр али көз алдыңызда болсо керек?

-Албетте, андай көз ирмемдер түбөлүккө эсте калат эмеспи. 2002-жылы май айында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин чакыруусу менен Бишкекте өткөн илимий иш-чарага катыштым. Анда мени жана башка орусиялык үч профессорду Кыргыз Республикасынын Ала-Арча Мамлекеттик резиденциясына жайгаштырышты. Майдын 7-күнү КУУнун Башкы корпусундагы Жыйындар залында “Байыркы кыргыз мамлекетинин түзүлүшү жана өнүгүшү” аталыштагы эл аралык илимий жыйын болду. КУУнун ректору, академик A. Какеев бул ири илимий иш-чаранын ачылышын алып барды. 

Ачылышка КРнын президенти Аскар Акаев катышты жана мага, орусиялык 3 профессорго III даражадагы Манас орденин ыйгарды. Бул жолу мен башта айтып өткөн “Өнүгүп жаткан Кыргызстан” деген макаламды окудум жана кыргыз элинин тарыхый эволюциясын кыскача баяндадым. Кечки сый тамак мамлекеттик резиденцияда тартылып, анда президент мырза бизди орденибиз менен куттуктап, менин кыргыз тарыхын изилдөөгө кошкон салымымды мактаган эле. 

Президент мага сыйга берген “Макалалар жыйнагынын” мукабасынын ички бетине төмөнкүдөй арноо сөз жазыптыр:

Урматтуу профессор Ху Чжэньхуа:Сиздин кыргыз тарахын изилдөөдө жаңы натыйжаларга жетишиңизге тилектешмин!

Аскар Акаев (кол тамга)

-Орден алып баргандан кийин мекендештериңиз, кесиптештериңиз сыймыктануу менен тосуп алса керек...

-Мекениме кайткандан кийин көп өтпөй КРдин КЭРдеги элчиси КЭР Мамлекеттик улут иштери комитети аркылуу Кытай Борбордук улуттар (Минзу) университетине кайрылуу жолдоп, менин КР президенти өз колу менен тапшырган орденимди куттуктарын билдириптир. Университеттин жана КЭР Мамлекеттик улут иштери комитетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн жетекчилиги элчини кызуу маанайда тосуп алышып, куттуктоо салтанатын уюштурду. Университет атынан КР президентине ыраазычылык кат жөнөтүштү.

-II Дүйнөлүк кыргыздар курултайына да катышкан экенсиз. Сыма Чиандын эстелиги коюлганда ачылышына да күбө болупсуз, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

-Кыргызстандык тарыхчылар Сыма Чиандын “Шыжи” (Тарых-наме) китебиндеги «鬲昆» (ɡékūn) сөзү байыркы кыргыз этнонимин туюндура турганын тастыкташкан соң, Мамлекеттик бийликтин макулдугу менен 2002-жылдын 1-августунда КР президенти буйрукка кол коюп, 2003-жылды “Мамлекеттүлүк жылы” деп бекитишти. 2003-жылда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленмей болду жана мындай чечим ЮНЕСКОго да сунушталды.

2000-жылдын август айынын акыркында Ысык-Көлдүн жээгине жайгашкан жанга жайлуу Чолпон-Ата шаарындагы “Манас ордодо” II Дүйнөлүк кыргыздар курултайы ачылды. КЭР Тышкы иштер министри жана Мамлекеттик улут иштери комитети делегация баштап, жыйынга барды. 29-августтагы ачылуу салтанатына дүйнөнүн жер-жерлеринен келген кыргыздардын өкүлдөрү катышышты. 

Ошол кездеги КР президенти мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы тууралуу сөз сүйлөп жатып, менин ысымымды бир канча жолу атап өттү. Ар бир атаганда мен ордуман туруп урмат билдирдим. Залды дүркүрөгөн кол чабуулар жаңыртты. Андагы адамды толкундаткан көз ирмемди унутуп калуу мүмкүн эмес! Делегаттардын эсинде түбөлүккө калган дагы бир нерсе ─ Манас ордонун гүлгө оронгон аянттынын чордонунан орун алган Сыма Чиандын жаркырап көздү уялткан алтын эстелиги болду! Манас ордого Сыма Чиандын эстелигин коюуну президент мырза өзү демилгелеген. Муну Кыргыз президентинин өз элинин атынан Сыма Чианга ыраазычылык билдиргени деп кабыл алса болот.

Ошол эле жылы ноябрь айында КУУ, КТМУ сыяктуу университеттер Бишкек шаарында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган эл аралык илимий иш-чараларды уюштурушту. Сыма Чиандын ысымы болсо ал илимий иш-чараларда ооздон түшкөн жок. Ага мактоолор айтылды. Мен да Сыма Чианга ыраазычылык билдирген абдан кубанычтуу мүнөттөрдө кыргыз эли менен биргеликте болуп, бул мыкты маанайга күбө болдум. 

“Кыргыз уулу”-Ху Чжэньхуа 

Профессор Ху Чжэньхуа 1931-жылдын 9-январында Кытайдын Шандун провинциясында, темир жол жумушчусунун үйүндө жарык дүйнөгө келген. Ал 1949-жылы коммунисттик ыңкылапчыл иш аракеттерге да катышкан. 1948-жылдан 1953-жылга чейин, Нанжин чыгыш тилдер мектебинде араб тилин, Шандун университетинде орус тилин, Пекинде Борбордук Улуттар институтунда уйгур тилин үйрөнгөн. 

1953-жылы окуу жайды аяктап Борбордук Улуттар институтунда окутуучу болуп эмгек жолун баштаган. Ал тил теориясы жана улуттук адабиятты изилдөө иштери менен алектене баштаган.

Ху лаошинин эң бараандуу салымдарынын бири, Сыма Чиандын эмгегине таянып, изилдеп чыгып, кыргыздардын келип чыгышын жана алардын тарых барактарында “Ге Гунь” деп атааларын белгилегени. 

Ушундай тарыхый документтерди изилдөө менен профессор Ху Чжэньхуа кыргыздар тууралуу алгачкы маалымат, биздин заманга чейинки 201-жылга таандык экенин далилдеген. 

Ху Чжэньхуа Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк-түштүгүндөгү кыргыз айылдарын аралап, кытайлык кыргыздар арасында кыргыз тилин үйрөнгөн. Муну менен бирге эле кытайлык кыргыздардын тили, фольклору, дастандары жана тарыхына байланыштуу көптөгөн маалыматтарды жыйнаган. 

Азыркы тапта да кыргыз элинин руханий казынасы болгон “Манас” жана башка дастандары, маданияты, салттары жана кыргыз тили жаатында тынымсыз иликтөө жүргүзүп келет. Ал кыргыз элинин, Кыргызстандын астында зор эмгек сиңирген. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)