WeChat      Избранное

Замира Акбагышева: “Кыргызстан Аялдар Конгресси Кытай менен тыгыз кызматташып келет”

15/03/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Замира Акбагышева: “Кыргызстан Аялдар Конгресси Кытай менен тыгыз кызматташып келет”

Сүрөттөр маек ээсине таандык

Табиятты ойготуп, жаратылышка жан киргизген жаз мезгили менен катар эле, айымдардын 8-март эл аралык майрамы да кирип келди. Ушул майрамдык маанайды уланта, биз Кыргызстан Аялдар Конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева менен кызыктуу маек курдук. Замира Акбагышевна жалпы эле Аялдар Конгрессинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, асылзат айымдарды дагы майрамы менен куттуктап өттү. 

-Замира Акбагышевна, сөз башында Кыргызстан Аялдар Конгресси тууралуу бираз маалымат бере кетсеңиз?

-Кыргызстан Аялдар Конгресси 1993-жылы түзүлгөн. Ушул жылдар аралыгы жалпысынан 73 долбоорду ишке ашырдык. Ар бир облустта, райондо, 59 айыл өкмөттө биздин Конгресстин өкүлдөрү бар. Жер-жерлерде филиалдарыбыз ачылган. Ал жактарда дагы ишмердүүлүгүбүз ийгиликтүү жүргүзүлүүдө. Жогоруда айтылган, 73 долбоордун эң бараандуусу, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө салымын кошуп келген бул-Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Бизнес-инкубация долбоору. Учурда, Кыргызстан Аялдар Конгресси дүйнө жүзү боюнча бизнес инкубациянын лидери болуп саналат. 

Негизинен эле, биздин ишмердүүлүгүбүздүн башкы максаты бул-Кыргызстандагы аялдардын ролун баса белгилеп, алардын экономикада болгон катышуусун жогорулатуу болуп саналат. Учурдагы башкы приоритеттерибиздин бири аялдардын экономикадагы укугун коргоп, аларга жумуш ордун түзүп берүү, кредит-грантты алып берүү десем жаңылышпайм. Муну менен катар эле, дүйнө жүзү боюнча Кыргызстандын аялдарын даңазалоо, алардын идеяларын, иштерин, ой-пикирлерин, турмушка болгон умтулуусун элге жеткирүү болуп саналат. 

Жогоруда айтып кеткен, 73 долбоордун акыркысы Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги менен чогуу өткөргөн долбоор “Билимдүү айым-билимдүү мамлекет” деген аталышта ишке ашты. Бул долбоордун алкагында дагы иштер жүргүзүлүп жатат. Айта кетсек, Бишкекте жана Кыргызстандын башка аймактарында беш миңдей адамды окуттук. Ал жакта, бизнес-план түзүү багытында окууларды үйрөтүп, компьютердик жана башка заман талабына ылайык курстарды өтүп жатабыз.

-Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтык алакасына дагы бираз токтоло кетсеңиз?

-Учурда, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы бардык тармактарда кызматташып келет. Биз да Бүткүл Кытай Аялдар Федерациясы менен абдан тыгыз байланыштабыз. Бул уюм Кыргызстан Аялдар Конгрессинин эң мыкты, эң жакын өнөктөшү болуп эсептелет. Ал жактан дагы бизге көптөгөн делегациялар келип турушат. Биз да алардын Кытайда өткөрүп жаткан көптөгөн иш-чараларына катышып келебиз. Өз ара тажрыйба алмашуу максатында дагы иштер өтүп турат. Бүткүл Кытай Аялдар Федерациясы биз үчүн өзгөчө маанилүү, башка өнөктөштөрүбүзгө караганда дагы алар менен өтө жакын мамиледебиз десем эч жаңылышпайм. Анткени алар бизге бардык жагынан окшош, алдыга койгон максаттарыбыз бир. 

Мына, былтыр эле Бүткүл Кытай Аялдар Федерациясынын чакыруусу менен Пекин шаарына барып келдик. Иш-чарада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерден келген делегациялар менен биргеликте көп жакшы иштерди жасадык. Жыйында Кыргызстанда болуп жаткан иш-чаралар, жалпы ШКУ мамлекеттеринин аялдарынын умтулуусу, алардын иштери тууралуу өзүмдүн докладымда жакшылап айтып бердим. Жыйынтыгында, ШКУ мамлекеттеринин аялзатына арналган атайын резолюция кабыл алынды. 

Буюрса, үстүбүздөгү жылдын 15-16-май күндөрү Кыргызстан Аялдар Конгресси Өкмөт менен бирдикте ШКУга мүчө мамлекеттердин “2-Аялдар форумун” өткөрөлү деп даярданып жатабыз. Бул иш-чаранын мааниси дагы абдан зор, келечеги кең деп айтсам жаңылышпайм. Анткени, бул жакта аялзатынын коомдогу ролун жогорулатуу, гендердик саясат, тең укуктуулукка жеткирүү маселелеринин бардыгы талкууланат. 

Форумдун башкы программасында аялдардын экономикада болгон орду тууралуу маселелер каралат . Бул секцияда ишкер айымдардын азыркы учурдагы абалы жана ШКУ мамлекеттеринде ушуга байланыштуу маселелерди чечүү жолу дагы талкууга алынат. Аялдар жана ден соолук көйгөйлөрүнө дагы токтолобуз. Азыркы тапта, дүйнө жүзү боюнча эң актуалдуу болуп жаткан мамлекетти санариптештирүү маселеси дагы каралат. “Аялдардын ушул санариптештирүү системасындагы укугу” деген теманын алдында иштер аткарылат. 

Иш-чаранын программасы ШКУга мүчө мамлекеттерге расмий түрдө жиберилди. Учурда, даярдык кызуу жүрүп турган кез. Форумду эң жогорку деңгээлде өткөрүп алабыз деген ишеничтебиз. Жогоруда айтып кеткендей, бул эл аралык масштабдуу иш-чара алгач коңшу өлкөдө Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын сунушу менен жүзөгө ашырылган. Бул иш-чара Бүткүл Кытай Аялдар Федерациясы тарабынан уюштурулган. 

Бардыгыбыз билгендей, ШКУнун саммитинин Төрагалыгы быйыл Кыргызстанга берилген. Эми, биз болсо, Кыргызстан Аялдар Конгресси ШКУнун 2-Аялдар форумун өткөрүүнү даярдап жатабыз. 

Кытай Эл Республикасынын элчилиги менен дагы абдан тыгыз байланыштабыз. Кытай элчилери дагы кыргыздын каада-салтын, менталитетин жакшы түшүнгөн, ар дайым элге жакын элчилерден болот. Бул дагы да болсо кыргыз-кытай достук алакасын бекемдөөгө зор салым кошуп келүүдө. 

-Жогоруда айтылган “Бизнес-инкубация” долбоору тууралуу да маалымат берип өтсөңүз?

-Биздин долбоорлордун арасында негизги максат айымдарды жумуш орду менен камсыз кылуу, кандайдыр бир киреше булактарын таап берүү. Ошондуктан биз бизнес-инкубаторлорун түзгөнбүз. Ал жерлерде жумуш орундарын уюштуруп, ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик. Ошол жактан иштеп баштап, андан соң өзүнүн жеке чакан жана орто ишмердүүлүгүн баштап кеткен айымдарыбыз дагы көп. 

Чындыгын айтсак, биздин оюбузча учурда Кыргызстанда  чакан жана орто бизнеске даярдоо, уюштуруу маселеси абдан орчундуу болуп жатат. Бул тармакты толук кандуу жүзөгө ашыруу үчүн социалдык ишкердикти ортого алып чыгуу керек. Аны жүзөгө ашыруу үчүн мамлекет тарабынан гранттык фонд түзүлүшү абзел. Анын эсебинен аялдарга гранттарды чакан жана орто бизнести ачууга сынак жарыялап, аларга грант берүү керек. 

Мына ушундай жол менен дагы, айымдарга аз да болсо өз бизнесин ачууга көмөкчү болот элек. Бул кадам менен учурдун актуалдуу темасы болуп жаткан миграция, сырттан жумуш издөө сыяктуу көйгөйлөрдүн дагы алдын-алмакчыбыз. Алар мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнө дагы өз салымын кошмок. Биз ушул маселени дагы караштырып, изилдеп, иштеп көрсөкпү деп ойлоп жатабыз. Бул маселе боюнча, КРдин Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге дагы барып жолуккам. Ал киши дагы сунуштарды колдоп, ошол жерден эле тиешелүү тармактарга бир топ тапшырмаларды берген. 

-Кыргызстан Аялдар Конгресси эл аралык ири масштабдуу иш-чараларга дагы катышып келишүүдө, ушул багытта бираз сөз кылып берсеңиз?

-Биз былтыр Россия Федерациянын спикери Матвиенко Валентина Ивановнанын чакыруусу менен 1 жана 2 –Евразия Аялдар форумунда катышканбыз. Бул иш-чара Санкт-Петербург шаарында өткөрүлүп келет. Бул жерде да доклад жасап, жалпы эле Евразиялык интеграцияны колдоп жана Кыргызстандагы гендердик саясат боюнча баса белгилеп, биздин 25 жылдан бери жасап келе жаткан иштерибиз тууралуу дагы толук маалымат берген элем. Биздин ишмердүүлүгүбүз ал жакта үлгү катары каралып, жогорку баага татыган. Жыйында абдан көйгөйлүү маселелер талкууланып, аларды чечүү, алдын-алуу жолдору каралды. 

Мына, жакынкы күндөрү эле, Россияга барып келдик. Ал жакта 1-Эл аралык Аялдар форуму өттү. Бул форум “Өндүрүш аймактарын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу” деген теманын алдында болду. Иш-чарада да, жалпы эле өндүрүш иштериндеги маселелер каралып, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин аткарган иштери жогору бааланып, “Эл аралык таануу” сыйлыгына ээ болуп кайттык. Сыйлык мага ыйгарылды. 

Мен бул сыйлыкты өзүм дагы өтө бийик баалайм. Анткени, Аялдар Конгресси түзүлгөндүгүнө быйыл 26 жыл толуп отурат. Ушундай жакшы ийгиликтерди жаратып, эл үчүн кызмат кылып, аялдар үчүн аракет кылып жаткандыгыма элимдин колдоосу, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин жарым миллион мүчөсүнүн берген деми себеп болуп келет. Ушундай колдоо бар үчүн биз көп жетишкендиктерге ээ болдук, эл аралык сыйлыктарга дагы татып келебиз. 

Январь айында КРдин Франциядагы элчилиги тарабынан Францияга визит уюштурган эле. Ал жакка бир катар бийлик өкүлдөрү менен катар биз дагы барып келдик. Бул сапарыбыз дагы абдан ийгиликтүү өттү десем жаңылышпайм. Мисалы, Францияда атайын гендер боюнча Кеңешчи топ бар экен. Ал топтун ишмердүүлүгү менен да жакындан тааныштык. Франциянын 2022-жылга чейин алдына койгон максаттарына дагы күбө болдук. Бизге өзгөчө таасир калтырганы бул-2022-жылга карата Францияга келген инвестициялардын жарымы аялдар үчүн болуусу керек деген максаты болду. Бул дагы да болсо мамлекетте аялдарга өзгөчө көңүл бурулаарынан кабар берет. 

-Сөз соңунда, айымдарыбызды 8-март майрамы менен куттуктап кетсеңиз?

-Урматтуу замандаштар, ак элечек апалар, ыймандуу эжекелерибиз, сымбаттуу сиңдилерибиз сиздерди Кыргызстан Аялдар Конгрессинин атынан бардыгыңыздарды чын жүрөктөн 8-март майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Жаз мезгили менен тең жарышып кирип келген майрам кут болсун. Асылзат айымдарга аманчылык, бакубат жашоо, чың ден соолук каалайбыз. Ар дайым тегерегиңиздерде сиздерди баалап-барктап алган адамдар көп болсун!

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)