WeChat      Избранное

Бишкекте кытай ырларын эң мыкты аткарган жаш талант тандалып алынды

07/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Бишкекте кытай ырларын эң мыкты аткарган жаш талант тандалып алынды

Сүрөттөр редакцияга таандык

Күздүн акыркы күнү К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунун алдында жалпы республиканын таланттуу жаштары үчүн мыкты иш-чара уюштуруп берди. Жан дүйнө жаңырыктарын ыр аркылуу элге тартуулаган бул иш-чара, кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттер жана окуучулар арасында сынак түрүндө өтүп, залда отурган көрүүчүлөр эки сааттан ашуун кытай ырларына күбө боло алышты. 

Республиканын студенттери жана окуучулары арасында “Кытай ырларын эң мыкты денгээлде аткаруу” сынагы быйыл сегизинчи жолу Кыргыз жергесинде өткөрүлүп келет. Салтка айланып калган ыр сынагы, кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштардын сүймөнчүлүгүнө айланып, катышуучулар арасындагы атаандаштык жылдан-жылга күчтүү болуп бара жаткандыгы, бул сапар дагы бир жолу тастыкталды. Конкурстун ар бир катышуучусу көрүүчүлөр арасында өз күйөрмандарын таап, кызуу колдоого, дүркүрөгөн кол чабууларга татыктуу болушту. 

Кытай ырлар сынагы Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуанын жубайы Лю Ян айым, К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин проректору Дилдемуратов Нурмухамед, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин жетекчиси Чэн Юн менен бирге, бир катар сыйлуу коноктор тарабынан таразаланды. Кара кылды как жарган калыстар тобу, өз ишин так жана таза алып барып, республика боюнча кытай тилиндеги ырды эң жогорку деңгээлде ырдаган жаш талантты тандап алышты. 

Чындыгында, ар бир катышуучу өзүнүн үнү менен гана эсте калбастан, ырды аткаруу чеберчилиги, артисттик жөндөмдүүлүгү жана албетте, кытай тилин дагы мыкты деңгээлде өздөштүрүп, туура жана так сүйлөй алуусу менен эсте калды. Сынакка кичинекей мектеп окуучуларынан баштап, университеттин алдыңкы студенттери бирдей талаптар менен катышып, биринчи орун үчүн ат салышышты. 

Жыйынтыгында 28 катышуучунун ичинен К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин студенттери Ткачева Анастасия, Асанкалиева Гулнура, Ош мамлекеттик университетинен Таалайбек кызы Дамира, Бишкек шаарындагы №95 мектептин окуучусу Тыныбеков Адилет 3-орунга эгедер болушту. 2-орунга болсо, Бишкек Гуманитардык университетинин студенттери Таабалдиева Мээрим жана Аболумаматова Нурбүбү ээ болсо, алдыңкы орунду Токтогул Сатылганов атындагы №69-мектеп-гимназиянын 8-классынын окуучусу Майрамбек уулу Ырыскелди алып кетти. 

Ырыскелди жаш да болсо, өзүнүн таланты жана дагы кытай тилинде так жана туура сүйлөп, кытай ырларын жогорку чеберчилик менен аткара алуу жөндөмдүүлүгү менен биринчи орунду татыктуу багынта алды. 

Иш-чаранын соңунда, ар бир катышуучуга ардак грамота берилип, байгелүү орундарга ээ болгон жаштарга болсо Лю Ян айым дагы өз белегин тапшырды. Муну менен катар, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкка дагы ээ болушту. 

Бишкекте кытай ырларын эң мыкты аткарган жаш талант тандалып алынды

Дилдемуратов Нурмухамед, К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин проректору:

 “Бүгүнкү иш-чара дагы кытай тилин үйрөнүүгө гана жардамчы болбостон, кытай элинин маданиятын, музыка дүйнөсүн жакындан таанууга өз салымын кошмокчу” 

-Урматтуу меймандар, сүйүктүү студенттер, окуучулар алгач, мен Бишкек Гуманитардык университетинин ректору Мусаев Абдылда Инаятовичтин жана өзүмдүн атымдан ушундай мыкты иш-чаранын ачылышы менен бардыгыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм. Бүгүнкү кытай ыр сынагынын катышуучуларына ийгилик каалайм. Ар бир конкурста жеңүүчү жана утулган тарап болот. Бирок, эң негизгиси ушундай масштабдуу сынакка катышуу дагы оңой жетишкендик эмес экендигин айтып өткүм келет. Биз үчүн ар бир катышуучу өзүнүн таланты, уникалдуулугу менен эсте калат деп ишенем. 

Эң башкысы, бул конкурска катышуу аркылуу кытай тилин үйрөнүүгө, жакшылап өздөштүрүүгө дагы бир ишенимдүү кадам таштай алдыңар. Кыргызда “канча тил билсең, ошончо адамсың” деп коет, ошондуктан көп тил билген адам, кандай гана мезгил болбосун бааланат, кадыр-барктуу болот. Бүгүнкү иш-чара дагы кытай тилин үйрөнүүгө гана жардамчы болбостон, кытай элинин маданиятын, музыка дүйнөсүн жакындан таанууга өз салымын кошмокчу. Муну менен катар эле, кыргыз маданияты менен кытай маданияты күн сайын жакындап, карым-катнашы бекем болуп, кызматташуу өнүгүп жаткандыгынан дагы кабар берет. Бул абдан жакшы жөрөлгө. 

Учурдан пайдаланып, бүгүн бизге келип, калыстык кылып берип жаткан Лю Ян айымга дагы терең ыраазычылыгымды билдирем. 

Бишкекте кытай ырларын эң мыкты аткарган жаш талант тандалып алынды

Чжан Щицай, К.Карасаев атындагы БГУнун алдындагы Конфуций институнун директору: 

“Конкурс эки элдин маданият карым-катнашында байланыш көпүрө катары дагы кызмат кылып келет” 

-Кытай ырын ырдоо сынагы Кыргыз жергесинде 8-жолу өтүп жатат. Бардыгыбыз конкурстун деңгээли жылдан-жылга өнүгүп, катышуучулар мыкты даярдык менен келип жаткандыктарына күбө болуп жүрөбүз. Салтка айланып калган ушул сынак, чындыгында эле кытай тилин үйрөнүүнүн жана алмашуунун мыкты платформасы катары өзүн сунуштай алды. 

Бул жакта студенттер жеке гана кытай тилинде туура жана так сүйлөө ыкмасын өнүктүрбөстөн, кытай ырлары аркылуу кытай маданиятын дагы тереңдеп үйрөнүп, жакындан тааный алышат. Албетте, ушундай кызыктуу жол кытай тилин дагы жогорку деңгээлде өнүктүрүүгө шыктандырып, стимул болуп бермекчи. Ыр аркылуу кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттерибиздин, окуучуларыбыздын тил билүү деңгээлин дагы жакшы баалай алабыз. 

Бүгүнкү иш-чара эки элдин маданият карым-катнашында байланыш көпүрө катары дагы кызмат кылып келет. Ошондуктан, бул байланыш көпүрө жылдан-жылга бекемдеп, өнүгүп-өсүүсүнө чын жүрөктөн тилектешмин. Ушул сегиз жыл аралыгы бул конкурс ар дайым КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинин колдоосуна ээ болуп келет. Муну менен катар кытай компаниялары жана дагы университетибиздин жетекчилиги да ар тараптуу колдоосун көрсөтүп келет. Бизге көрсөткөн колооңуздар үчүн бардыгыңыздарга ыраазымын. Эки элдин кызматтыштыгы дагы да өнүгүп, бекемдей берсин. 

Гулзат Исаматова, БГУнун алдындагы Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору:

“Ар бир катышуучу кыргыз-кытай алакасындагы маданий-гуманитардык мамилени чыңдоого өз салымдарын кошмокчу” 

-Урматтуу бүгүнкү конкурстун кадырлуу меймандары, катышуучулар сиздерди биздин университетке кош келиңиздер демекчимин. Ушул сынакты өткөрүүгө колдоо көрсөткөн бардык тараптарга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Ар бир катышуучу кыргыз-кытай алакасындагы маданий-гуманитардык мамилени чыңдоого өз салымдарын кошмокчу. 

Бизде таланттуу жаштар абдан көп. Жеке гана кытай тилинде сүйлөбөстөн, ушул тилде жогорку чеберчилик менен ырларды аткара билүүсүнө бүгүн бардыгыбыз күбө болмокчубуз. Бүгүнкү иш-чара дагы бул сөзүмдү толугу менен тастыктайт деп ишенем. Бардык катышуучуларга ийгилик. Жаштарыбыздын келечеги кең болсун. 

Бишкекте кытай ырларын эң мыкты аткарган жаш талант тандалып алынды

Майрамбек уулу Ырыскелди, Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын 8-классынын окуучусу, конкурстун жеңүүчүсү:

 “Келекчекте кыргыз-кытай достук алакасына өз салымымды кошо ала турган татыктуу кесиптин ээси болгум келет” 

-Мен кытай тилин 4-класстан бери окуп, үйрөнүп келем. Ушул төрт жыл аралыгында тилди жакшы бир деңгээлде өздөштүрүп калдым десем болот. Биздин мектепте Конфуций классы бар, кытай тилин жогорку деңгээлде үйрөнүүгө бардык шарттар каралган. Мугалимдерибиз дагы сабактарды абдан кызыктуу өтүшөт. Жергиликтүү жана Кытайдан келген волонтер окутуучуларыбыз бар. Мына, ушул сүйүктүү мугалимдеримдин, кытай тилин үйрөнүүгө мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген мектеп жетекчилигинин эмгегинин, жакындарымдын колдоосунун арты менен ушундай жакшы бир ийгиликтерге жетип жатам десем эч жаңылышпайм. Ошондуктан, бардыгына өз ыраазычылыгымды айтып кетмекчимин. 

Бүгүн мен конкурска эки ыр даярдап келгем. Тактап айтканда, экөөнү кошуп ырдадым. Биринчи ырым “Гүл эмне мынча кызыл” деп аталса, экинчиси “Аскердеги досум” деген ыр болду. Мага кытай тилин ар тараптуу үйрөнгөн жагат. Кытай ырларынын арты менен тил өздөштүрүүмдүн деңгээлин бир топ көтөрдүм десем болот, муну менен катар эле кытай ырлары аркылуу анын маданиятын дагы, жан дүйнөсүнүн ыргактарын дагы байкай алдым. Мен өзүм кичинекей кезимден бри ырдаганды абдан жакшы көрөм. Эми, кыргызча, орусча ырлар менен катар кытай ырларын дагы ырдап, үйрөнгөнүм мен үчүн кубанычтуу. 

Албетте, бүгүн биринчи орунга ээ болгондугум үчүн кубанып турам. Классташтарым, мугалимдерим куттуктап жатышат. Өзүмдүн гана эмес сүйүктүү мектебимдин дагы намысын коргоо абдан маанилүү болду десем жаңылышпайм. Алдыда, дагы кытай тилин тереңдеп үйрөнүүнү уланта бермекчимин. Кытай тили өзүмө абдан жагат. Ошондуктан, келекчекте кыргыз-кытай достук алакасына өз салымымды кошо ала турган татыктуу кесиптин ээси болгум келет. 

Атыркүл Рыскелидиева, Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын Усулдук иштер боюнча директорунун орун басары: 

“Ушундай кадамдар аркылуу, окуучуларбыздын кытай тилине болгон кызыгуусун дагы тереңдете алабыз деп ишенем” 

-Бүгүнкү конкурс Кыргызстанда сегизинчи жолу өткөрүлүп жатат. Мурда дагы ушундай кароо-сынактар болуп келген. Быйыл студенттер менен окуучулардын деңгээли бирдей бааланды. Ошого карабастан, Ырсыкелди биринчи орунду алгандыгы мектеп үчүн сыймык, чоң ийгилик десем жаңылышпайм. Ырыскелди өзү абдан тырышчаак, эмгекчил активдүү окуучуларыбыздын бири. Мындан башка дагы сынактарда байгелүү орундарды багынтып, эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп жүрөт. 

Мектеп дагы окуучуларынын жаркын келечеги үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, татыктуу билим берүүгө аракет кылып келет. Бизде мыкты билим алып, ар тараптуу өнүгүү үчүн бардык шарттар бар. Окуучуларыбызды ар тараптуу колдоого дайым даярбыз. 

Конкурстун талаптары дагы жылдан-жылга күчөп, мыктылардын мыктысын гана тандап алып жатышат. Бүгүн биз аймактардан дагы күчтүү таланттар келгендигине күбө болдук. Уюштуруу иштери дагы абдан жогорку деңгээлде болду. Кароо-сынактын уюштуруу тобуна дагы терең ыраазычылык билдирмекчимин. Ушундай кадамдар аркылуу, окуучуларбыздын кытай тилине болгон кызыгуусун дагы тереңдете алабыз деп ишенем. 

Айнура Жаныбаева, окуучу: 

“Концертти көргөндөн кийин мен дагы кийинки жылдары, ушул сынакка катышуу тилегим пайда болду” 

-Бүгүнкү конкурс мага абдан жакты. Ага абдан көп катышуучу болсо дагы, убакыт тез эле өтүп кеткендей болду. Бардык катышуучулар абдан даярданып келишиптир. Айрыкча, кыздардын көйнөктөрү абдан жакты. Кээ бирлери жеке гана ырдабастан, сонун бийлеп дагы жатышты. 

Кытай тилин мен, эки жылдан бери үйрөнүп келем. Бүгүнкү иш-чараны көргөндөн кийин мен дагы кийинки жылдары, ушул сынакка катышуу тилегим пайда болду. Бирок, жакшы ырдай албайм. Ошентсе дагы, кытай тилинде сүйүп уккан ырларым бар. Аларды жакшы жаттап, сынакка даярдансамбы деп ойлоп жатам. Биздин волонтерлор эжейлерибиз дагы жакшы жардам беришет. 

Биринчи орунду ээлеген бала чындап эле абдан жакшы ырдады. Азамат экен. Негизи эле, бардык катышуучулар катуу даярдык менен келишиптир. Абдан сонун концерттик конкурс болду. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)