WeChat      Избранное

Мураталы Тагаев: “Экономикалык жана маданий байланыштар эки элдин өз ара жакындыгын, ишенимдүүлүктү арттырат”

07/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Мураталы Тагаев: “Экономикалык жана маданий байланыштар эки элдин өз ара жакындыгын, ишенимдүүлүктү арттырат”

Сүрөттөр интернеттен алынды

Бардыгыңыздарга белгилүү болуп калгандай, биз “Маанилүү маек” рубрикабызда Кыргызстандын шаар мэрлери менен маек куруп, КРдин Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жылы” жарлыгына ылайык жер-жерлерде аткарылып жаткан иштер тууралуу дагы маалымат алып келебиз. 

Мына, биздин гезиттин бүгүнкү сыйлуу коногу Жалал-Абад шаарынын мэри Тагаев Мураталы Абдыкадырович болду. 

-2018-жыл КРдин Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыяланган. Ушул багытта Жалал-Абад шаарында кандай иштер аткарылып жатат? 

-Өлкө башчыбыз быйылкы жылды региондорду өнүктүрүүгө багыттаганы эң туура болду. Анткени өлкөнүн туруктуулугу, алдыга өнүгүүсү албетте, региондордун өнүгүшү менен коштолууга тийиш эле. Себеби, ар бир региондун өзүнүн өзгөчөлүгү, артыкчылыгы жана көйгөйү бар, тарых-таржымалы менен перспективасы да жок эмес. Мына, ушуларды эске алуу менен региондорго жаңыча дем берүү керек эле да, Президентибиз муну көз жаздымда калтырбады. 

Ал эми Жалал-Абад шаарын ала турган болсок, быйылкы жыл шаарыбыз үчүн, чындыгында эле “өнүгүүнүн, алга ишенимдүү кадам таштоонун” жылы болуп калды. Шаар тарыхында биринчи жолу, инфраструктуралык жаңыруу курулуштарына жергиликтүү бюджеттен 147 миллион сом бөлүнүп, ондогон зарыл долбоорлор ишке ашырылды жана учурда дагы жүзөгө ашууда. Эгер салыштыра келсек, мурда бул багытта 25-30 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн эмес эле. 

Эмне үчүн инфраструктуралык курулуштар? Анткени шаарыбыз илгерки маалда 40-50 миң адамга ылайыкталып, ошого жараша долбоорлонуп, курулган экен. Демек, бүтүндөй шаар инфраструктурасы да ошого ылайык түзүлгөн. Бүгүнкү күндө, шаарыбызда расмий эмес маалыматтар боюнча 170 миңге жакын адам жашап турат, ички миграциянын эсебинен башка район-шаарлардан бизге келип байыр алгандар саны дагы эле өсүүдө. Анан калса, көчөлөргө автоунаалар батпай калды, жөө атуулдардын агымы да өтө көп. Ошондуктан да, илгерки шаар инфраструктурасы талапка жооп бере албай калган. Ушунун негизинде, шаарды заманбап инфраструктура менен тез арада камсыз кылуу зарылдыгы келип чыкты. 

Андыктан биз көчөлөрдү кеңейтүү, кошумча көчөлөрдү, тротуарларды куруу, калктын эс алуучу жайларын камсыз кылуу, жаңы конуштарда жолдорду, жарыкты, сууну берүү, газ жана жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу, суу тармагын реабилитациялоо, мектептерди жана балдар бакчаларын куруу, спорт жана маданий объекттерди көбөйтүү, социалдык маанилүү маселелерди чечүү багытында алдыга көп милдеттерди койдук. Буюрса, алардын баары быйыл аткарылып бүтүп жатат. Бир сөз менен айтканда, региондорду өнүктүрүү жылында Президент алдыга койгон милдеттерди жалал-абаддыктар абийирдүүлүк менен аткара алышты десек жаңылышпайбыз. 

Сөзүбүз куру болбосун үчүн бир-эки мисал келтире кетели. Шаардагы эң негизги делген Пушкин жана Чехов көчөлөрү жергиликтүү бюджеттин эсебинен кеңейтилип, Байзаков көчөсү реконструкцияланды, буга 57 миллион сом каражат жумшалды. Мурда унаа тыгындар, жөө атуулдардын башаламан кыймылынан улам жол коопсуздугу камсыз кылынбаган көчөлөрдө, бүгүнкү күндө жүрүү жагымдуу болуп калды. Кенен жана жарык, жол боюнда тротуарлары дагы бар, эң негизгиси ыңгайлуу. 

Ошондой эле, эгемендик мезгилинде Кыргызстанда биринчи жолу жер астынан өтмөк курдук. Бул да, борбордук Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүндөгү жол кыймылынан коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылды. Узуну 31, туурасы 6 метр өтмөктүн курулушуна жергиликтүү бюджеттин 12 миллион 801 миң сомдук каражаты жумшалды. Атуулдардын жана унаа кыймылынын коопсуздугу камсыз кылынды, шаар тургундары бул иш үчүн шаар бийликтерин алкап жатышат, биз үчүн дагы бул кубанычтуу саамалык. 

Эң негизгиси, бизде быйыл 275 орундуу жаңы мектеп курулду. Азыркы Президентибиз Сооронбай Шарипович өлкөнүн Өкмөтүн башкарып турганда №6 мектептин оор абалын көрүп, жаңы мектеп курууга убада берген эле. Ошол кыялыбыз орундалып, жаңы мектеп быйылкы жылы пайдаланууга берилди. 

Муну менен катар “Газпром-Кыргызстан” компаниясы тарабынан заманбап спорт комплекси курулуп, ишке берилди. Андан сырткары, биз өзүбүздүн күчүбүз менен 4 миллион сомго эки балдар бакчасына 150 орундуу кошумча имараттарды куруу иштерин жүргүзүп, мектептерге спорт залдарды курдук. Он чакты көчөлөргө тротуарлар курулду. Бир чоң көчөбүзгө эл эс ала турган атма суулары менен сквер курулду.

Чындыгында, аткарылган иштерибиз абдан көп. 147 миллион сомдук көлөмдөгү иштерди бирден санап өтүүгө да убакыт керек. 

-Жалал-Абад шаарынын инвестициялык климаты тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Эгер Кыргызстандын картасын карап көрсөңүз Жалал-Абад шаары өлкөнүн ортосунда жайгашкан уникалдуу аймак. Анткени, биз “тогуз жолдун тоомунда” дегендей, ар тараптуу коммуникациялык артыкчылыкта – жол боюнан орун алып, темир жол жана аба жолунан пайдаланабыз. 

Бизде Кыргызстанга гана эмес, ысык суулары менен дүйнөгө белгилүү “Жалал-Абад” санаторийи орун алган. Ислам дүйнөсүнө таанымал Азирети Аюб тоосу диний зыярат кылуучу сейрек жайлардан. Ошондой эле шаарыбызда өнөр жай, тейлөө тармагы жакшы өнүккөн, туристтик ишкердикти өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу жай эсептелет. 

Шаарыбыз бекеринен “Жаштар шаары” деп аталбайт, себеби бир катар жогорку жана орто окуу жайларында миңдеген жаштар билим алып, шаарды жашартып, келечекке ынтызар умтулуусун камсыз кылып турушат. Шаар калкы замандын тенденцияларын жакшы туйган, ишкердик, маданият, билим жана спорт менен көбүрөөк алек болуп келет, бул жагынан бизде ийгиликтер да бар. Башкасын айтпайын, спорттун айрым түрлөрү боюнча дүйнөлүк, азиялык, аймактар аралык мелдештерде чемпиондук титулду колго алышууда. Ошентип, Жалал-Абад шаары – ар тараптан динамикалуу өнүгүп-өсүп бараткан заманбап шаар. 

Бизде өнөр жай жана кайра иштетүү, каржы институттары чөйрөсүн, туризмди жана билим берүү менен медицина тармагында ири бизнес долбоорлорду ишке ашырууга ыңгайлуу, жагымдуу шарттар бар. Себеби, Жалал-Абад областында кен-байлыктар, энергетикалык ресурстар, жаратылыштагы табигый мөмө-жемиштер, туристтик потенциал, агросектор, соода структурасы жагынан башка аймактардан алдыда турат. 

Шаарыбыз – облустун борбору. Демек, шаарыбызда өнүгүүнү самаган ири компаниялардын орун алып иштешине чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми шаар бийликтери инвестиция алып келген ар бир инвесторго жагымдуу шарт түзүп бере алат, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары да, жогорку бийлик органдарынын талаптары да туура келет.

Бизде билим берүү тармагы чет жактар менен тыгыз иштешип келүүдө. Ошондуктан да шаарыбызда жайгашкан негизги эки окуу жайында – Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Эл аралык университетинде Индия, Непал, Пакистан, Түркия, Россия, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдөн 1200дөн ашуун студенттер келип, билим алышууда. Бул да болсо, шаарыбыздын чет жактарга канчалык таанымал экенин, туристтик мүмкүнчүлүктөрү барлыгын көрсөтүп турат. 

Ал эми Жалал-Абад шаары азыр туристтик объекттерди куруу жана иштетүү, шаарда реновация саясатын ишке ашыруу, кайра иштетүү өндүрүшүн жолго коюу, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү, шаар инфраструктурасын ого бетер жакшыртуу багытында инвесторлор менен иштешүү зарылдыгы бар. Шаардагы өнөр жай ишканалары чет элдик өнөктөр менен экспорттук товарларды чыгаруу жаатында чогуу иштешүүгө даяр. Эгер Жалал-Абад шаарына келип, инвестиция салгысы келген, пайда тапкысы келген инвесторлор болсо, эшигибиз дайыма ачык.

Дагы бир нерсени айта кетейин, Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу ишке берилген соң Жалал-Абад шаарынын өнүгүү мүмкүнчүлүгү дагы да артат. 

Мураталы Тагаев: “Экономикалык жана маданий байланыштар эки элдин өз ара жакындыгын, ишенимдүүлүктү арттырат”

-Мэрия тарабынан Жалал-Абад шаарына сырттан инвестицияларды тартуу иштери кандай жүрүп жатат, инвесторлор үчүн кандай жеңилдиктер каралган?

-Дароо эле бир фактыны айта кетейин. Быйылкы жылы 10 ай аралыгында биздин шаарыбызга тартылган тышкы инвестициянын көлөмү 1 миллиард 956,1 миллион сомго жетти. Бул өткөн жылдын 10 айында тартылган тышкы инвестициянын көлөмүнөн 14 эсеге көптүк кылат. Ушул 14 эсе өсүүнүн өзү эле шаарга тышкы инвестиция тартуунун абалы тууралуу айтып турат деп ойлойм. 

Биздин шаарыбыздын ишканалары өз демилгелери менен долбоорлорду түзүп, сырттан каражат тартууну өздөштүрүшүүдө. Мисалы, билим берүү тармагында быйылкы жылы мектептер тарабынан эле 7 миллион сомдон ашуун тышкы каражаттар тартылып келинди. Бул, албетте, өлкө масштабында аз гана каражат, бирок биздин шаар үчүн маанилүү факт. 

Бизде бир нече жылдардан бери шаардагы суу менен камсыз кылуу тармагын реабилитациялоо иштери жүрүп жатат. Суу тармагындагы жабдыктар, суу түтүктөрү мындан 60 жыл мурун курулган, бүгүнкү күндө алар эскирип, чирип, жараксыз абалга келди. Реабилитациялоо иштери үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕБРР) 7 миллион евро каражат алынган, анын 3 миллиону насыя, калган төрт миллиону грант түрүндө. Быйыл ушул шаарыбыз үчүн үлкөн долбоордун биринчи фазасы аяктады, суу тармагын жаңылап алдык. 

Эми алдыда ушул эле долбоорду улантуу иштери турат, башкача айтканда, экинчи фазасын башташыбыз керек. Бул максатта шаарга аталган банк тарабынан 8 миллион евро тартуу маселеси чечилген, эми аны ишке ашыруу боюнча деталдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Кыскасы, тышкы инвестиция тартуу жагынан ушундай аракеттерибиз бар. 

Алдыда биз кошуна мамлекеттердеги бизнес-структуралар, компаниялар менен өз ара кызматташууларды арттыруу максатында турабыз. Айталы, Кытай өлкөсүнүн, кошуна Өзбекстандын бизнес-чөйрөлөрү менен иштешүү биз үчүн кызык, анткени өз ара пайдалуу аракеттер болушу керек. Бул жагынан инвесторлор менен чогуу иштешүүчү бир катар маанилүү долбоорлор түзүлгөн. Жалал-Абад шаарынын 2018-2023-жылдарга өнүгүү программасы бар, ага ылайык 14 инвестициялык долбоор даярдык. Алардын жалпы наркы 1 миллиард 532,82 миллион сомго барабар. 

Негизинен биз шаардын туристтик жагымдуулугун жана ыңгайлуулугун арттырууну максат кылдык. Ошону үчүн да долбоорлор шаарда коомдук унаалар менен тейлөөнү өнүктүрүү, түнкү жарыктандырууну модернизациялоо, көп кабаттуу парковкаларды куруу каралды. Ошондой эле шаардын өндүрүштүк-экспорттук потенциялын арттыруучу бир катар долбоорлор түзүлгөн. Бул долбоорлордун баары мамлекеттик - жеке менчик өнөктөштүк принцибинде жүзөгө ашырылат. 

-Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан көтөрүлгөн “Бир алкак – бир жол” долбоорунда Жалал-Абад шаарынын стратегиялык орду кандай, ушул долбоордун алкагында кандайдыр бир иштер аткарылып жатабы? 

-Албетте, “Бир алкак – бир жол” долбоору бир гана Кытай Эл Республикасынын экономикалык артыкчылыктарына эмес, жалпы региондун өз ара карым-катнашта чогуу өнүгүшүнө кызмат кыла ала турган үлкөн программа десек болот. 

Анткени бүгүнкү технологиялар өтө өнүгүп бараткан заманда деле жүктү экономикалык баалулуктарды тийиштүү жерге жеткирүү зарылдыгы башкы орунда турат. Анан калса, темир жол коммуникациясы бир гана экономикалык баалуулук эмес да, бул ар тараптуу өз ара кызматташууларды жана байланыштарды бекемдөөчү, өз ара өнүгүүнү камсыз кылуучу фактор. 

Ал эми бул долбоор биздин шаарыбызга да сөзсүз түрдө өзүнүн оң таасирин тийгизет деген ойдобуз, анткени ар кандай пайдалуу байланыш, коммуникация биздин перспективабыз үчүн маанилүү. Эгер биздин шаарыбыз транзиттик түйүн статусунда болсо, албетте, жакшы болмок. Кандай болгондо да трансулуттук темир жол коммуникациясы шаарыбыздын батыраак өнүгүшүнө, тышкы дүйнө менен ар тараптуу алакаларды жандантышына таасирин тийгизет деген жакшы үмүттө турабыз. 

Биздин учурдагы, шаарды кайрадан куруп чыгуу, инфраструктуралык кайра жаңыртуу иштерибиздин баары, менимче ошол максатка да туура келет. Кандай болгондо да бул долбоор ишке ашкан мезгилде биздин шаарыбыз дүйнөнүн жаңы, кыйла динамикалуу процесстерине, чакырыктарына даяр болушу абзел. Биз ошол багытта аракет кылып жатабыз десем жаңылышпайм. 

-Учурда Кытай экономикасынын ушунчалык тездик менен өнүгүүсүнүн негизинде дүйнөгө кытай туристтеринин агымы башталды. Жалал-Абад шаарына сырттан туристтерди тартуу боюнча кандайдыр бир иш-чаралар пландалуудабы? 

-Мен жогорудагы айткан шаардын инфраструктурасын кайра жаңыртуу, өнүктүрүү, жакшыртуу иштери дал ушул нерсеге да багытталган. Шаардын жалпы туристтик заманбап турпатын калыптандыруу максаты – башкы приоритеттерден. Албетте, биз азыркы заманбап талаптарга төп келген шаарды курушубуз керек. Ушул багытта аракет кылуудабыз, бир катар даяр долбоорлорубуз бар. Эми ошол долбоорлорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде же тышкы инвестордун жардамынан пайдаланып ишке ашырсак, туристтер үчүн жакшы шарттар түзүлөт. 

Бизде заманбап тейлей турган мейманканалар, соода жайлары, байланыш мүмкүнчүлүктөрү бар, шаар коопсуздугу үчүн да аракеттерди жасап жатабыз. Муну үчүн шаарга видео-көзөмөл каражаттарын орнотуу, түнкү жарыктандыруу иштери акырындык менен жүрүүдө. Эми унаа коммуникациясын жакшыртуу аракетин көрөбүз, анткени коомдук унаалар да заманбап талаптарга жооп бериши абзел. Шаарыбыз чакан, тынч жана ыңгайлуу шаар болот, албетте, туристтердин агымын шарттаган долбоорлорубуз ишке ашат. Бизде кемпинг, туристтик логистика багытында аткара турган иштерибиз бар. Буюрса бул максаттарды да ишке ашырабыз деп ойлойм. 

Жогоруда айтылган шаарды өнүктүрүү программасынын алкагында “Жалал-Абад шаары – ден соолукту чыңдоочу туристтик борбор” долбоорун ишке ашыруу максатыбыз бар. Анткени шаар чет жакасында дүйнөгө кеңири белгилүү “Жалал-Абад” санаторийи бар. Анын базасында ошол курорттук зонада эс алуу борборун уюштуруу менен шаар борборунан ага чейин асма жол куруу долбоорун иштеп чыкканбыз. Эс алуу борборунда кышы-жайы кемпинг, зарыл тейлөө объектилери атуулдарга кызмат кылышы керек. Биз кошуна өлкөлөрдөн биздин шаарга келип, ден соолуктарын чыңдап, эс алып кетишин каалайбыз. Ошентип, саламаттыкты чыңдоо туризмин өнүктүрүү үчүн бизде жетишерлик жагымдуу шарттар бар. Бул да болсо, өз ара маданий алмашуулардын да өнүгүшүнө жакшы өбөлгө болмок. 

-Жалал-Абад шаарынын Кытайдын шаарлары менен кызматташтык алакасы барбы, ушул багытта кеп салып берсеңиз. 

-Бул жагынан алганда биздин ишкерлер, коңшу мамлекет менен кызматташууга кызыкдар өкүлдөрүбүз жыл сайын облусубуздун аймагынан түзүлгөн делегациянын курамында Кытай Эл Республикасынын Синцзянь аймагына барып турганын айта алабыз. 

Ал жакта өз ара пайдалуу алмашуулар жүрүп, ишкердик жана маданий өз ара байланыштарды күчөтүүгө шарттар түзүлүп келет. Анан ошондой эле 2015-жылы бизге Кытай Эл Республикасынын Хунань провинциясындагы Чанша шаарынан делегация келип кеткен. Шаар бийликтери менен келген коноктор өз ара достук байланыштарды түзүү жана күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү алып барышкан. Ал эми депутаттардын шаардык кеңеши ошол жылы 3-сентябрдагы атайын токтому аркылуу Жалал-Абад шаары менен Чанша шаарынын ортосундагы расмий достук байланыштарын түзүү чечимин кабыл алган. 

Албетте, биз кошуна өлкөнүн шаарлары менен тыгыз кызматташтык байланыштарын түзүүгө, өз ара өнүгүү үчүн атайын долбоорлордун алкагында чогуу аракет жасаганга кызыкдарбыз. Анткени, өнүгүү жагынан кошуналарыбыздын тажрыйбасы, жетишкендиктери бизди дайыма кызыктырат. Экономикалык жана маданий байланыштар эки элдин өз ара жакындыгын, ишенимдүүлүктү арттырат, бул болсо эки тараптын да кызыкчылыктарына туура келет деп ойлойм. 

-Кытай рыногуна Жалал-Абад шаарынын кандайдыр бир продукциялары экспортко чыгабы, бул багытта кандай иштер аткарылууда?

-Албетте, Жалал-Абад шаары сыртка экспорт чыгарууга дайыма аракет жасап келген. Шаарыбыз негизинен тышкы рынокко №27 ден соолук чыңдоочу дарылык касиетке ээ минералдык суулары менен белгилүү. Ал суулар көптөгөн өлкөлөргө чыгарылып жатат, ошондой эле биздин ишкерлер аны кошунабыз Кытай Эл Республикасына да жөнөтүшүүдө. Андан тышкары, бизден бал, мөмө-жемиш жана башка да экологиялык таза айыл чарба продукциялары Кытай рыногуна жиберилип жатат. 

Албетте, биз кошунабыздын үлкөн рыногунан пайдаланууга куштарбыз, бул өлкөлөр жана аймактар аралык байланыштарды соода байланыштары бекемдейт жана байытат. Менимче биздин өз ара соода жана маданий байланыштарыбыз ырааттуу өнүгө бериши керек. Буга бизде суроо-талап да, мүмкүнчүлүктөр дагы бар. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)