WeChat      Избранное

“Акылдуу саатын” ээси Асел Алымбаева

04/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Акылдуу саатын” ээси Асел Алымбаева

Сүрөт А. Алымбаевага таандык

Урматтуу биздин сүйүктүү окурмандар, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити сиздер үчүн ар дайым кызыктуу жана кымбат баалуу белектерди ойнотуп, түрдүү сынактарды уюштуруп келет. 

Бул сынактар биздин фейсбук жана инстаграм баракчаларыбызда жарыяланып, автоматтык түрдө жеңүүчүлөр тандалып алынат. Ошондуктан, алдыда дагы биздин мыкты тартууларыбызга ээ болууну кааласаңыздар, анда гезиттин интернет баракчаларына катталууга чамдаңыздар. 

Ал эми, биз бүгүн сиздерди кезектеги сынактын жеңүүчүсү, сүйүктүү окурманыбыз Асел Алымбаева менен жакындан тааныштырмакчыбыз. 

“Чындыгында, бул мен үчүн абдан күтүүсүз мыкты жаңылык болду” 

Мен 26 жаштамын, үй-бүлөм бар. Эки баланын апасымын. Улуттук онкология жана гематология борборунун кабылдамасында катчы болуп иштейм. Бирок, учурда декреттик тыныгуудамын. 

Гезит тууралуу айта турган болсом, жаштарга жакшы үлгү боло турган, кызыктуу маалыматтарды ичине камтыйт экен. Мен негизинен гезиттин электрондук варианты менен жакындан таанышмын десем болот. Анткени, фейсбук аркылуу аны дайыма көрүп, ал жакта чыккан жаңылыктар менен таанышып турам. 

Негизи эле, бул макалалар аркылуу биз Кытай өлкөсү, эли, ал жактын каада-салты, жаңылыктары тууралуу толук маалымат алып турабыз. Чындыгында, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин кыргыз-кытай достук алакасына өз салымын кошкон, эки мамлекеттин ортосундагы байланыш көпүрөсүн бекемдеген медиа тармагы десек да болот. Менин бир байкаганым, гезитте ар дайым позитивдүү, кызыктуу макалалар жарыяланып турат. 

Учурдан пайдаланып, сиздердин гезитке, жалпы редакциянын эмгек жамаатына ийгилик каалап кетмекчимин. Окурмандар үчүн ушундай күтүүсүз кубанычтарды тартуулаганыңыздар үчүн чоң рахмат. Ар дайым өнүп-өсүп, Кыргызстандын медиа тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү болууңуздарга тилектешмин. 

Бүгүн мен Хуавей компаниясынын “акылдуу саатын” жеңип алдым. Бул компания дагы дүйнө жүзүнө белгилүү бренд компаниялардын бири. Биз, негизинен Хуавейдин телефондорун көп колдонобуз. Башка телефондорго салыштырмалуу, алардын сапаты абдан жакшы. Ошондуктан, бүгүнкү менин жеңип алган сыйлыгым үчүн абдан кубанып турган кезим. 

Сиздердин сынакты фейсбук баракчасынан көрүп, катышып калдым. “Жеңишке жетем” деп эч ойлогон эмесмин. Чындыгында, бул мен үчүн абдан күтүүсүз мыкты жаңылык болду. Ошондуктан, бардык окурмандарды, алдыда боло турган сынактарга катышууга чакырмакчымын. Себеби, сынак ак жана таза өтөт экендигине өзүм күбө болдум. 

Дагы бир жолу, гезиттин редакциясына ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)