WeChat      Избранное

Чынара Маразыкова: “Кытай тили окуучуларыбыздын жаркын келечегине жол ачып берүүдө”

11/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Чынара Маразыкова: “Кытай тили окуучуларыбыздын жаркын келечегине жол ачып берүүдө”

Учурда, эки же үч чет тилди мектеп партасынан эле өздөштүрүп, аны колдоно билүү заман талабы болуп калды десек жаңылышпайбыз. Ошондуктан, орто мектептер өз окуучуларына татыктуу билим берүү үчүн ар тараптуу жаңычылдыктарды киргизип, заман менен бирге кадам таштап, өнүгүүнүн үстүндө. 

Мурунку мезгилдерде француз, же немис тилинде эркин сүйлөө билимдүүлүктүн белгиси болсо, андан соң англис тили канчалаган жылдардан бери дүйнөлүк аренадан өзүнүн ордун бербей келет. Бирок, кийинки жылдары дүйнөдөгү “биринчилик орунга” кытай тили да ат салышып, англис тилине татыктуу атаандаш болуп жатат. Кытайчаны үйрөнүү оор болгондугуна карабастан, дүйнөдө бул тилди өздөштүрүүнү каалагандар күн санап көбөйүүдө. 

Учурда, Кыргызстанда мектеп окуучулары дагы кытай тилин кызыгуу менен үйрөнүп жаткан мезгил. Борборубузда, окуучуларына ушундай мыкты шарттарды түзүп берген бир канча мектептер бар. Алардын бири, баш калаабыздагы №2 орто мектеп. Биз дагы ушул мектеп менен жакындан таанышып, ал жактагы кытай тилинин үйрөтүлүшү, окуучулардын келечегине түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу мектептин директору Чынара Маразыкова менен баарлашып, окуучулардын кытай тили сабагына дагы катышып кайттык.

-Чынара Бейшембаевна, кытай тили мектепте кайсы мезгилден бери үйрөтүлүп келет, алгач, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

-Биздин мектеп Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту менен 2009-жылдын апрель айында кызматташтык алакасын куруп баштаган. Дал ошол, мезгилде эки тараптуу келишим түзүлүп, алгачкы байланыш кадамдарыбыз жүзөгө ашырылган. 

Ал эми, 2011-жылы мектепке Конфуций классы ачылып, кытай тилин окуучуларыбызга толук кандуу үйрөтүүгө бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Тактап айтканда, Конфуций классы толугу менен заманбап техникалык жабдыктар, окуу куралдары менен камсыз болуп, окуу парталары, шкафтар, сыналгы менен жабдылып, колдонууга берилген болчу. Эң негизгиси, Конфуций институту бизге жергиликтүү күчтүү мугалимдерди жана Кытайдан келген ыктыярчы мугалимдерди бөлүп берген. 

Мына ошол мезгилден бери, биздин окуучулар өз каалоосу менен кытай тилин өздөштүрүп, ар кандай кароо-сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп, бир топ ийгиликтерди багынтып келишүүдө. 

-Өзүңүз айтып өткөндөй, кытай тилин үйрөнгөн окуучулар жакшы ийгиликтерди жаратып жатышкан экен, бул жерде кытай тилин үйрөткөн мугалимдердин дагы салымы зор болсо керек?

-Албетте, окуучулардын сапаттуу билим алуусунда, мугалимдердин мааниси абдан зор. Бул жакта Кытай жергесинен келген мугалимдердин, ыктыярчылардын орду дагы өтө маанилүү. Кытай тилин үйрөнүп жаткан окуучуларга, кытай мугалимдери менен иштешүү абдан кызыктуу, алар менен кошо туура сүйлөөгө үйрөнүшөт. Өзүбүздүн мугалимдер дагы билимди Кытай жергесинен алып келишкен. Бирок, ошондой болсо да, алардын тажрыйбасын жогорулатууга көмөкчү болуп, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип келүүдөбүз. 

Жогоруда айтып кеткендей, кытай тилин, маданиятын жана салт-санаасын окуучуларыбыз өз каалоолору менен үйрөнүшөт. Азыркы учурда, коңшу элдин тили ийрим катары гана өткөрүлөт. Учурда, ага 3-класстан баштап, 11-класска чейинки 300дөн ашуун окуучу катышып, билим алууда. 

-Эми, сөз нугун окуучуларыңыздын жетишкендиктерине бурсак...

-Чындыгында, ушул жылдар аралыгы окуучуларыбыз кытай тилин үйрөнүүдө бир топ эле бийиктиктерди багынтып, мыкты көрсөткүчтөргө жетише алышты. Аларды атай кетсем, 2011-жылы Чалых Яна аттуу окуучубуз кытай тили боюнча сынактан башкы байгени жеңип алып, Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү жана Пекин шаарларына барып, кыдырып келүү мүмкүнчүлүгүн жеңип алган. Учурда, бул кызыбыз Пекин шаарындагы университеттердин биринде өз билимин тереңдетип, окуп жатат. 2012-жылы болсо, 1-класстын окуучусу Саматова Жамал кытай тилин өздөштүрүү сынагында 1-орунду ээлеп, 300 доллар акчалай сыйлыкка эгедер болгон. 2013-жылы болсо, 8-9-класстын окуучулары Таалайбек кызы Милана, Нурбек кызы Нагима, Касыгулова Адинай, Касыгулова Бегимай “Кытай тили боюнча оратордук искусство” конкурсуна катышып, 2-3-орундарды жеңип алышкан. Ал эми, 2014-жылы болсо, 9-11-класстын окуучулары Алиев Аалам, Нурбек кызы Нагима, Усубалы уулу Жангазы, Касымбеков Азим кытай тилин өздөштүрүү боюнча сынактын үч түрүнө катышышып, мактоо кагаздарына ээ болушкан. 

2015-2016-окуу жылында, биздин мектептин окуучулары “Кытай тили боюнча оратордук искусство” кароо-сынагында 1,2,3,4-орундарды багынтып, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн. Аларды атай кетсем: Усубалиев Жангазы, Колматова Бермет, Бакытбекова Алия, Нурбекова Нагима,Касымбеков Азим, Алиев Аалам, Сатылганова Сезим жана Нартаджиев Изатула. 

Ал эми, 2016-2017-окуу жылындагы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Усубалиев Жангазы, Касымбеков Азим, Алиев Аалам, Колматова Бермет жана Нартаджиев Изатула Кытай Эл Республикасынын Жогорку окуу жайларына бюджеттик негизде окууга өтө алышты. Мына, кытай тили биздин окуучуларга келечекке карай ушундай мыкты жол ачып берүүдө. Убакыттын өтүшү менен кытай тилин үйрөнүүнү каалаган окуучулардын саны дагы көбөйүүдө. 

Чынара Маразыкова: “Кытай тили окуучуларыбыздын жаркын келечегине жол ачып берүүдө”

-Мектепте кытай майрамдарына карата дагы иш-чаралар өткөрүлүп турабы?

-Албетте, жогоруда айткандай биз окуучуларыбызга жеке гана кытай тилин үйрөтпөстөн, коңшу элдин маданиятын, тарыхын, улуттук баалуулуктарын, салт-санаасын жана майрамдарын дагы үйрөтүп, жакындан таанытууга аракет кылабыз. Ошондуктан, бул багытта атайын иш-чараларды уюштуруп, ар кандай ыр-бий фестивалдарын дагы өткөрүп турабыз. Мындай кадамдардын бардыгы эле, кытай тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүүгө өбөлгө болуп берет. Муну менен катар, Кытай Эл Республикасы, кытай эли тууралуу ар тараптуу маалыматтарга ээ боло алышат. 

Азыркы мезгилде, бардыгыбыз көрүп тургандай Кытай өтө тездик менен өнүгүүнүн жолунда, Кыргызстанда дагы инвесторлордун басымдуу бөлүгү кытай ишкерлери, ошондуктан бул тилди үйрөнүү заман талабы десек да болот. Алдыда, дагы да болсо, кытай тилин окуучуларыбызга жогорку деңгээлде үйрөтүүнүн үстүнөн иштей бермекчибиз. 

Нурбекова Нагима, №2 орто мектептин бүтүрүүчүсү, КЭРдин Шэньян Политехникалык университетинин студенти: 

“Кытай жергеси, эли, маданияты, ажайып жайлары мага башкача бир дүйнөнү ачкандай сезим калтырды”

-Мен кытай тилин 6-класс кезимде өздөштүрүп окуй баштагам. Албетте, тилди жаңы үйрөнүп баштаганда мен үчүн оор эле болду. Бирок, убакыттын өтүүсү менен кытай тилине болгон кызыгуум күч алып, ушул кызыгуунун артынан тилдин оорчулугу анчалык деле сезилбей калды. 7-классымда, Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарына жайкы лагерге баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бул мен үчүн жашоомдогу абдан кубанычтуу мезгил болду десем жаңылышпайм. Анткени, Кытай жергеси, эли, маданияты, ажайып жайлары мага башкача бир дүйнөнү ачкандай сезим калтырды. 

Ошентип, Кыргызстанга кайтып келгенде кытай тилин жакшылап үйрөнүү үчүн болгон аракетимди жумшадым. Кытай тили экзамендерин тапшырып, кошумча курстарга барып, өз алдынча дагы үйрөнө баштадым. Жыйынтыгында, 11-классты аяктагандан кийин КЭРдин Шэньян шаарындагы Шэньян Политехникалык университетине окууга өттүм. Учурда, 1-курста билим алып жатам. Бюджеттик негизде окууга өтүп, 2500 юань көлөмүндөгү стипендия алып окуйм. Албетте, мени ушул даражага жеткирип, ар дайым колдоп жол көрсөткөн ата-энеме, сүйүктүү мугалимдериме, Чынара Бейшенбаевнага, мектебиме чын дилимден ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)