WeChat      Избранное

​“Көчмөндөрдүн алтын доору”-Кырчын этношаарчасы меймандарын тосуп алды

04/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Сүрөттөр редакцияга таандык

3-сентябрь күнү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен катар Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан дагы жубайы менен катышып, күбө болушту. 

Ачылыш азем «Улуу Ордонун» сахнасында «Көчмөндөрдүн алтын доору» аттуу театрлаштырылган оюн-зоок менен башталды. «Улуу Ордонун» жасалгаланган сахнасында кыргыздардын тарыхын жана улуттук салт-санаасын баяндаган оюн коюлду. 

Оюн соңунда, Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, ал көчмөндөрдүн мурасын жана көчмөн рухун сактап калган Кыргызстанда сыймыктуу жана кубанычтуу окуялар болуп жатканын белгиледи. 

“Кечээ Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин өткөрдүк. Бул аземге боордош, бир тууган мамлекеттердин башчылары, өкмөт жетекчилери катышты. Элүүдөн ашык мамлекеттерден ардактуу коноктор келишти. Алыскы Европада турса да, түбү көчмөн, теги биз менен боордош экенин унутпай, бизди тууган тутуп келген Венгриянын Премьер-министри урматуу Виктор Орбан мырза менин жанымда турат. Көчмөн турмушун, көчмөн маданиятын жакындан көрүш үчүн ал атайын „Кырчын“ жайлоосуна келди”,—деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана бардык кыргызстандыктардын атынан ага ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктарга кайрылып, алар дүйнө жүзү көңүл буруп, кызыгуу менен карап жаткан окуялардын катышуучусу болуп жатышканын белгиледи.

Бүгүн Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын катышуусу менен Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин Саммитинин мамлекет башчыларынын жыйыны болгонун айтып өттү. 

“Чолпон-Ата шаары түрк мамлекеттеринин жыйынынын, түрк дүйнөсүнүн борбору болуп калды. Биз кызматташуу жана достуктун көп маселелерин талкууладык. Көчмөндөрдүн оюндарын, маданиятын, жашоо образын жүздөн ашык маалымат каражаттары жер шарынын булуӊ-бурчундагы көрүүчүлөргө жеткирип жатышат. Биз Көчмөдөр оюндарын үчүнчү жолу откөрүп жатабыз жана бүт дүйнөгө атагын чыгардык. Көчмөн цивилизациясын андан ары жайылтуунун максатында биз оюндарды өткөрүү укугун Түркияга өткөрүп бердик. Түркия элине жана анын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз”,— деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Андан соң, иш-чара чет элдик чыгармачылык жамааттардын концерттик программасы менен улантылды. 



(Автор:Чолпонайа Турдакунова / Редактор:GL)