WeChat      Избранное

ИИМдин 6 миңден ашуун кызматкери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммитине жана III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындарынын ачылышына тартылган

06/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

ИИМдин 6 миңден ашуун кызматкери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммитине жана III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындарынын ачылышына тартылган

Сүрөт ред. таандык

Бүгүн 4-сентябрь күнү Бактуу-Долонотудагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде кезектеги пресс-конференция болуп өттү. Бул сапар журналисттер менен КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жамангулов, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаева, КРнын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сапар Асаналиев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы Канат Жумагазиев ж.б. жолугушуу өткөрүп, берилген суроолорго жооп беришти. 

“2-сентябрдан 8-сентябрь аралыгында Кыргызстандын борборунда жана Ысык-Көл облусунда мамлекетибиздин тарыхындагы эң масштабдуу иш-чаралар өткөрүлүп жатат. КРнын Ички иштер министрлигинин алты миңден ашуун кызматкери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммитиндеги жана III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы ачылышында элдин коопсуздугун карап жатышты. Андан соң, кайрадан өз жумуш орундарына кайтып кетишти. Ал эми, учурда жалпысынан 2 миңдин тегерегиндеги кызматкерлерибиз Ысык-Көл жергесинде күнү-түнү дебей кызмат үстүндө”,-деп билдирди Сапар Асаналиев. 

Ал эми, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы Канат Жумагазиев болсо, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы унаа каттамдарды 700дөн ашуун ЖКККББнын кызматкерлери көзөмөлдөп жаткандыгын айтып, муну менен катар алар сырттан келген меймандарга жол көрсөтүү, түшүндүрүү иштери менен дагы алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Соңунда, пресс-конференциянын катышуучулары журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2-сентябрдан бери III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Ага жалпысынан 50 мамлекеттен 500дөн ашуун журналист келгендиги маалым. 

Муну менен катар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн 2500 спортчу каттоодон өтүп, анын программасына спорттун 37 түрү киргизилген. 


(Автор:Чолпонай Турдакунова / Редактор:GL)