WeChat      Избранное

Айжан Абдесова: “III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы өзгөчөлүк бул-“Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” болмокчу”

17/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Айжан Абдесова: “III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы өзгөчөлүк бул-“Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” болмокчу”

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби.

2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Кыргызстанда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өткөрүлмөкчү. Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын программасы дагы ар тараптуу болуп, көптөгөн тармактарды ичине камтып, кызыктуу жана маңыздуу болуусу күтүлүүдө. Анда жеке гана спорттук мелдештер орун албастан, интеллектуалдардын да жарышы өткөрүлүп, кыргыз маданиятын ар багыттан дүйнө жүзүнө таанытууга толук мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Муну менен катар, ушул оюндардын алкагында “III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары: тарыхый мурас жана келечек” деген аталыштагы илимий форумдун өтүүсү дагы пландалган. 

Мына ушул, Кыргызстандын жүзү болуп, салттуу иш-чарага айланып калган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин утурлай, анын акыркы жаңылыктарын, даярдыктарын билүү максатында III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылыгына кайрылдык. Биздин суроолорубузга катчылыктын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова жооп берип, көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу кенен маалымат берди. 

-Айжан Нургалыевна, алгач, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын Катчылыгы тууралуу окурмандарга маалымат бере кетсеңиз, катчылыктын башкы максаты кандай?

-Биздин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылык (III ДКО Катчылык)-III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат. Ал 2017-жылдын 8-ноябрында №733 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде түзүлгөн. 

Биздин башкы максат III ДКОну даярдоо жана эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруу болуп саналат. Катчылыктын негизги милдеттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын брендин эл аралык аренада пропагандалоо жана андан ары илгерилетүү менен катар, III ДКОну даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдарга көмөктөшүү жана ишти координациялоо болуп саналат. 

Штабда жетекчиликти кошкондо жалпысынан жети адам иш алып барат. Бирок, биздин Катчылыктан сырткары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде уюштуруп, аны өткөрүү иштери менен алектене турган 12 уюштуруу тобу дагы түзүлгөн. Анын башында КРнын Биринчи вице-премьер министри туруп, өзү төрагалык кылат. Ар бир топтун өзүнө гана тиешелүү милдеттери бар, мисалы коопсуздук маселесине жооп берген команда, маданият, спорт ж.б.у.с. багыттар боюнча иш алып барган топтор. Муну менен бирге бир катар КРнын министрликтери менен дагы иш алып барып, тыгыз кызматташтыкта болуп келебиз. 

-III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы максаты менен окурмандарды тааныштырып, ага болуп жаткан даярдыктар, алдыга коюлган пландардын ишке ашуусу тууралуу айтып берсеңиз?

-Алгач, III ДКОнун башкы багыты жана максаты тууралуу айта кетсем, азыркы ааламдашуу доорунда дүйнө жүзүндөгү этностор жана элдер арасындагы көп жактуу тарыхый, маданий мурастарды сактап калуу башкы маселе болуп саналат. Ошондуктан, биз ушул багытта иш алып барабыз. Дүйнөлүк этноспорт кыймылын өнүктүрүү, этностор жана элдер арасындагы салтуу оюндар мелдештерин эл аралык деңгээлге чыгаруу менен бирге аны коомчулукка кеңири таанытуу жана өнүктүрүү, этноспорттун түрүнө илимий жана уюштуруу-методикалык түшүндүрмөлөргө жардамдашуу дагы биздин максаттардын бири. Муну менен катар улуттардын ар тараптуу, бай маданиятын жайылтып, өнүктүрүү менен элдер арасындагы, маданий байланыштарды чыңдоо, этностор арасындагы ар тараптуу маданиятты демонстрациялоо жана алардын ортосунда ынтымакты күчөтүп, бири-бири менен кызматташууну бекемдөө да биз алектенген багыттардын тобуна кирет. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары экологияга дагы өзгөчө көңүл бураары бардыгыбызга белгилүү. III ДКОнун расмий тумары болуп ак илбирс саналат. Мындай аракет дүйнө элдеринин көңүлүн ушул касиеттүү жаныбарды сактоого үндөө болуп саналат.

Ал эми, азыркы тапта III ДКОнун эл аралык деңгээлде татыктуу өткөрүлүүсү үчүн бардык иш-аракеттер ийгиликтүү аткарылууда. Алдыга коюлган пландар дагы жүзөгө ашырылып, өз мүдөөсүнө жетип келе жатат. Учурда, 8-августка карата алсак, көчмөндөр оюндарынын маданият тармагында өткөрүлчү иш-чараларына 22 мамлекет катталып, катышууга өз каалоолорун билдиришти. Мындан сырткары, биз Евразия экономикалык кызматташтык уюмунун алдындагы World folk.vision мекемеси менен дагы кызматташуудабыз. Алар жактан да 20 мамлекеттен 200дөй адамдын келүүсү күтүлүүдө. 

Айжан Абдесова: “III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы өзгөчөлүк бул-“Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” болмокчу”

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинен бир коз ирмем.

Ал эми, учурда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 өлкөдөн 1 миң 946 спортчулар катышаары айтылууда. Спортчулардын билдирүүсү автоматташтырылган электрондук аккредитация системасы аркылуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин дарегине келип түшүп турат. Спорттук делегациялардын аккредитация системасынан өтүү 2018-жылдын 15-августунда аяктайт. Ошондуктан, учурда дагы кошумча кабыл алуулар болуп жатат. 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга билдирме берген көп спортчулардын саны тууралуу айта кетсем, 1-орун Кыргызстанга таандык. Биздин өлкөнүн спорттук курамы 458 кишиден турат. Спорттук курамы боюнча 2 орунда Орусия Федерациясы-235 адам, Казахстан-195, Өзбекстан-108, Пакистан-91, Иран-92, Түркмөнстан-65, Индия-64, Афганистан-62, АКШ-58, Тажикстан-55, Украина-46, Кытай-37, Шри-Ланка-34, Монголия-21, Франция-19, Польша-23. Мындан сырткары, Беларусь жана Болгариядан 17ден спортчу катышса, калган өлкөлөрдүн спортчуларынын саны 16 га чейин жетти. 

Улуттук спорттун түрү боюнча Дирекция III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жалпы байге фондун 26 615 000 сом суммасында бекитти. Жалпысынан 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло) ойнотулмакчы. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун программасына спорттун 37 түрү киргизилди. Мисалы, Ат чабыш, ат үстүндө мелдештер, улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеш, күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеш, салттуу интеллектуалдык оюндар, салттуу жаадан ок атуу, улуттук аңчылык түрлөрү боюнча мелдеш “Салбуурун” ж.б. 

Күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү (биринчи орун үчүн) 70000 сом, (экинчи орун үчүн) 35 000 сом берилет жана (үчүнчү орун үчүн) 17 500 сомдон эки адамга берилет. “Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” мелдешинде жеңүүчү 1 млн. сом байге алат.

Учурда, дагы да болсо даярдыктар кызуу жүрүүдө. Кээ бир мамлекеттер III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорт таймаштарына жана маданий иш-чараларына, экөөнө тең катышууга каалоосун билдирсе, кээ бир өлкөлөр спортко же болбосо маданият жаатындагы көргөзмөлөргө гана катышууга даярдыктарды көрүп жаткан мезгили. 

-III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары тууралуу, жана дагы мурунку көчмөндөр оюндарына салыштырмалуу айырмачылыктары, өзгөчөлүктөрү менен окурмандарды тааныштыра кетсеңиз?

-Быйыл III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч багытта өтөт: этномаданият, этноспорт жана илим. Этномаданият программасынын ичине “Көчмөндөр ааламы” Эл аралык этнофестивалы кирет. Бул эл аралык этнофестиваль III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасын толугу менен өз ичине камтыйт. 

Ал этнохит, этнобий, этносаркеч, этнобазар (көргөзмө-жарманкеси), эпос айтуучулар (эпос, дастан), “этноүй” (көчмөндөр үйү) багыттарында кызыктуу көргөзмөлөрдү тартуулайт. Этнофестиваль, өлкөлөрдүн, улуттардын тарыхын, маданиятын, жашоосун чагылдырган, ар бир мамлекеттен келген катышуучулар тарабынан коюлган улуттук, маданий программаны көрүүчүлөргө тартууламакчы. 

Ошондуктан, бул иш-чарадан ар түрдүү көчмөн калктарынын маданияты, улуттук кийим-кечелери, ыр-бийлери менен жакындан таанышууга толук мүмкүнчүлүк түзүлөт. “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивалына катышууну каалаган мамлекеттердин саны дагы абдан көп. Бирөөсү өзүнүн улуттук бийи менен катышууну кааласа, бирөөсү көргөзмө-жармаңкеде толугу менен өз улутунун тарыхын чагылдырган музейи менен келүүгө даярданып жаткан чагы. 

Этновестивалдын багыттарына дагы кыскача токтоло кетсем, мисалы, “Этнохит”-иш чарасына фольклордук этнографиялык ансамблдар, элдик ырларды ырдаган жеке ырчылар, аспаптык музыкалар, эстрада ырчылары (чыгармачыл топтун курамындагы) катыша алышат. Иш-чаранын негизги максаты, ар элдин музыкалык маданиятын, ырларын дүйнөгө таанытуу болуп саналат. “Этнобий”-бул иш-чара дүйнө элдеринин нукура этнобийин таанытууга арналат. “Этнобий” иш чарасында бир ырчынын же ансамблдын аткаруусунда (чыгармачыл топтун делегаттарынын курамында) ырлар аткарылышы мүмкүн. Программада ырым-жырым бийлери, элдик бийлер жана тарых, маданият, жашоону чагылдырган бийлер камтылышы керек. 

Айжан Абдесова: “III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы өзгөчөлүк бул-“Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” болмокчу”

Дүйнөнү таң калтырган “өрт жигити”. 

“Этносаркеч” аты эле айтып тургандай, бул багыт улуттук кийимдерге басым жасайт. “Этносаркеч” иш чарасына катышууга кийим дизайнерлери, жеке дизайнерлер чакырылып, алар салттуу, улуттук кийимдердин коллекцияларын же болбосо этно нуктагы заманбап кийимдеринин коллекцияларын көрсөтүшү керек. Эң аз дегенде эле кийимдердин 10 түрү элге тартуулануусу абзел. “Этнобазар”-иш-чарасына катышуучулар өз элинин салттарын, маданиятын чагылдырган кол өнөрчүлүк буюмдары менен катыша алышат. Эпос айтуу бөлүмүндө болсо, катышуучулар улуттук кийимдерин кийип алышып, эпос дастандарды айтуу менен бирге сөз чеберчиликтерин көрсөтүп, чыгарманы аткаруу ыкмалары менен бөлүшүп, өз улутунун оозеки чыгармачылыгын даңазалашмакчы (чыгармачыл топтун делегациясынын ичинен). Ал эми, “Этноүй” иш-чарасында көчмөн доорлорунда пайдаланылган боз үйлөрдүн, алачыктардын, тез тигилип, тез жыйналуучу жеңил курулуштардын көргөзмөсү уюштурулмакчы. 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун, жогоруда айтылып өткөн маданий программасы көрсөтүлө турган “Кырчын” этно-шаарчасында 1000ден ашык боз үй тигилгени жатат. Бул этно-шаарчанын аймагында улуттук кыргыз боз үйү менен байланышкан конкурстар дагы болмокчу. Бирок атайын программанын негизинде боз үйдү ылдамдыкта тигүү таймашы белгиленген. 

III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарындагы быйылкы өзгөчөлүктөрдүн бири катары “Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы” аталышындагы биринчи эл аралык фестиваль өткөрүлмөкчү. Фестивалдын максаты-чет элдик жана жергиликтүү меймандарга көчмөн элдеринин ашканасын көргөзүү. Ошондой эле фестиваль аркылуу “көчмөндөрдүн маданияты” деген түшүнүктү кеңейтүү менен, көчмөн элдердин жашоо образын элге түшүндүрүү болуп саналат. “Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы” фестивалы-бул көчмөн элдердин мыкты ашпозчуларынын таймашы. Алар көчмөн, ар улуттун тамак-аш, дүйүм-даамдарын ылдам жана эң даамдуу кылып даярдоо ыкмасы боюнча жарышышат.

Ал эми, кечки маалда күндүзгү маданий иш-чаралар жыйынтыкталганда "Кырчын" этношаарчасында алгачкы эл аралык "Мөңгү" кинофоруму өткөрүлмөкчү. Бул жакта этно-экологиялык фильмдер элге тартууланат. 

Мындан сырткары, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына киргизилген жаңылык бул-улуу жеңүүчүлөр ортосундагы таймаш болуп саналат. Ал “Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” деп аталып, эреженин эркин түрүндө өткөрүлгөн бел боо күрөшү болмокчу. Ага 13 улуттук күрөштүн абсолюттук жеңүүчүлөрү гана катышуу укугуна эгедер. Ал алыш, аба гюреш, гореш, гуштини милли камарбанди, гюлеш, казаx куресы, кураш, кыргыз күрөшү, монгол бох, пахлаван, самбо, ссирым, сумо күрөш түрлөрү кирет. Муну менен катар Улуу жеңүүчүлөрдү даңазалаган китеп дагы даярдалмакчы. Бул китеп дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрүн даңазалап, алардын тарыхын сактаган жыл баян катары баалуу эмгек болуп калмакчы. Ал көчмөн элдеринин өзгөчөлүктөрүн чагылдырып, салттуу, тарыхый нукта жасалгаланат. 

Чындыгын айтканда, быйыл көчмөндөр оюндары маданий жана спорттук иш-чараларга абдан бай. Бардык меймандар, иш-чаранын катышуучулары бизге келип көчмөндөрдүн жашоосуна сүңгүп кирип, аны ар тараптуу таанууга толук мүмкүнчүлүк алышат деп ишенем. 

Айжан Абдесова: “III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы өзгөчөлүк бул-“Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” болмокчу”

Кырчын жайлоосундагы кыз куумай.

-III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттер сатылып жаткандыгы белгилүү, ушул билеттерди кайдан алса болот, баасы канча турат?

-III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин салтанатына кирүү билеттери 400 сомдон 4 900 сомго чейин болсо, жабылыш аземиники 350 сомдон 3800 сомго чейин турат. Ал эми, көчмөндөр оюнунун калган иш-чараларына кирүү акысы бекер. 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун билеттерин Бишкек шаарынын ( Чүй көч. 96. Киев көч.114), Ош шаарынын (Ленин көч.320) жана Чолпон-Ата(Советская көч.122) шаарындагы Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүнөн сатып алса болот. 

Ошондой эле билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий тиркемеси аркылуу алууга дагы мүмкүнчүлүк бар. Тиркемени Android и IOS платформалары аркылуу да алууга оңой. Кирүү билеттери ар бир адамга өзүнө гана таандык QR-коду менен белгиленип басылган. Билеттерде жеке белгилер шифр менен жазылган. Анда алуучунун аты-жөнү, сүрөтү, паспорттук реквизиттери жана башка белгилер бар. Билетти кимдир бирөөгө берүүгө жана басылган QR-кодду бузууга болбойт. Жогоруда көрсөтүлгөн эрежелер сакталбаса билет жокко чыгарылат. 

-Бардыгыбызга маалым болгондой, быйыл көптөгөн чет элдик ММКнын өкүлдөрү дагы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн Кыргызстанга келүүлөрү күтүлүүдө. Журналисттерге түзүлгөн шарттар тууралуу дагы маалымат бере кетсеңиз?

-III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырган ЖМК өкүлдөрүнө кеңири тилкелүү интернет жеткиликтүү, үзгүлтүксүз жана акысыз болот деп айтылды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мезгилинде уюштурулган ар бир пресс-борбордо интернет жеткиликтүү болот. Кырчын этношаарчасында ЖМК өкүлдөрү иштөөсүнө ылайык мобилдүү операторлор аркылуу интернетти колдоно алышат. Ал эми, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында WI-FI коюлат. 

Мындан сырткары, чет элдик журналисттер менен жергиликтүү журналисттер быйыл бир жатаканада жайгаштырылмакчы. Ушуну менен алар бири-бирине жардам көрсөтүү менен катар иш жүзүндө тажрыйба алмашууга дагы жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. 

Чындыгында, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн Кытай Эл Республикасынын ССТВ каналынан баштап, Абу-Даби медиа өкүлдөрү дагы келүүгө даярданып жатышат. Муну менен катар башка мамлекеттердин дагы алдыңкы ММКларынын келүүсү күтүлүүдө. Мына ушундай жол менен дагы Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, туризм тармагын өнүктүрүүгө дагы зор салым кошо алабыз деп ишенем.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу кыскача маалымат 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-бул Кыргыз Мамлекетинин эл аралык деңгээлдеги эң ири долбоору болуп саналат. Бул долбоор Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан демилгеленген.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында 2014-жылы 9-14-сентябрь күндөрү өткөрүлгөн. Ага 19 мамлекеттен келген 583 спортчу катышкан. Мелдеш этноспорттун 10 түрүнөн өткөрүлгөн. Маданий иш чарасын өткөрүүдө 1200 адам катышкан. 

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы 3-8-сентябрь аралыгында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн. Ага 62 мамлекеттен 1200 спортчу катышкан. Мелдештер этноспорт оюндарынын 26 түрү боюнча өткөрүлгөн. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)