WeChat      Избранное

“Эркиндик, эгемендик” аттуу улуу баалуулуктун баркын түшүнүп, аны кадырлап алуу биздин ыйык милдет

29/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Эркиндик, эгемендик” аттуу улуу баалуулуктун баркын түшүнүп, аны кадырлап алуу биздин ыйык милдет

1991-жылы 27-августта Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши 31-августта кезексиз жыйынга чогулуу боюнча токтомун чыгарган. Ага чейин, 23-августта Кыргызстандын демократиялык күчтөрү Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча кайрылуу менен чыгышкан. Ошентип, 31-августта легендарлуу парламенттин депутаттары 6-кезексиз сессиясын өткөрүшкөн. Бул кезексиз жыйын Кыргызстандын тагдырындагы эң чоң кубанычтуу бурулушка алып келген.Тактап айтканда, дал ушул күнү “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү тууралуу” декларация кабыл алынган.

Ошентип, дүйнөнүн саясий картасында Кыргызстан аттуу эгемен, көз карандысыз жаңы мамлекет пайда болгон. Ушул күндөн баштап биздин өлкөнүн жаңы тарыхы, жашоосунун жаңы этабы башталган десек жаңылышпайбыз. Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары, башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык карым-катнаш алакасын түзүп, дүйнөнүн саясий аренасында дагы өз ордун таап, дүйнө өлкөлөрү менен тең ата мамилесин түзүүгө дагы жетишип келүүдө.

Чындыгында, кыргыз тарыхына сереп салсак ушундай эгемендүүлүккө жетүү биздин элдин изги тилеги болуп келген. Мына, быйыл Кыргызстандын көз карандысыздыгына 27 жыл толуп отурат. Ушул 27 жыл аралыгында Кыргыз Республикасы эбегейсиз бийиктиктиктерди багынтуу менен бирге, оор жоготууларга дагы учурады. Бул эгемендик жолун басып өтүү оңойго турган жок. Ошондуктан, “эркиндик, эгемендик” аттуу улуу баалуулуктун баркын-баасын түшүнүп, аны кадырлап алуу бардыгыбыздын ыйык милдетибиз. 

Эгемендүүлүк күнү Кыргыз жергесинде чоң шаан-шөкөт менен менен белгиленет. Бул күнү борбор шаарыбыздан баштап, айыл жергелеринде дагы майрамдык маанай тартуулаган оюн-зоок программалары уюштурулуп, жалпы элге мыкты маанай тартууланат. Бул улуу күн Бишкек шаарында мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү менен башталат. 

Бүгүнкү биздин меймандарыбыз, Кыргызстанды ушундай улуу майрамы менен куттуктап, эгемен жылдарындагы кыргыз-кытай алакасына дагы бираз сереп салып, өз ой-пикирлерин билдиришти. 

“Эркиндик, эгемендик” аттуу улуу баалуулуктун баркын түшүнүп, аны кадырлап алуу биздин ыйык милдет

Адилбек уулу Шумкарбек, КРнын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору: 

“Биздин кызмат эркин өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө салым кошуп, эл аралык карым-катнашты өөрчүтүүгө өбөлгө болмокчу”

- Чындыгында, 31-август бардык кыргыз жарандары үчүн эң башкы майрам. Көз карандысыздыкты алган күн ар бир эл үчүн абдан маанилүү күн экендиги талашсыз. Ушул жылдар аралыгы Кыргызстан дүйнөлүк аренада да өзүнүн саясатын жүргүзүп, эл аралык байланыштарын бекемдөөгө өзгөчө басым жасап келет. 

Ушундай мамлекеттердин катарына коңшубуз Кытай Эл Республикасы дагы кирет. Кытай менен болгон карым-катнаш алакабыз ар дайым достук ичинде өнүгүп, шериктештик мамилебиз бекемделип келет. Бул алаканы экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. тармактарда айкын көрө алсак болот. Акыркы жылдары, Кытай Эл Республикасынын ишкерлери биздин жерде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү менен инвестиция багытында дагы бараандуу салым кошуп келет. 

Дагы да болсо, Кыргызстан эл аралык аренада өзүнүн ордун татыктуу таап, өнүгүүсү үчүн, инвесторлор менен толук кандуу иш алып баруусу үчүн, мыйзам системасын жакшыртуунун үстүнөн иштөөбүз заман талабы. Бул ишке байма-бай аракетибизди жумшап, агенттик тарабынан дагы ушул багытта иштерди жүргүзүп, ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп, демилгелерди көтөрүп келүүдөбүз. Мисалы, учурда инвестициялык лотторду түзүүнүн үстүнөн иштер жүргүзүлүп жатат. “Инвестициялык лот”-дегенибиз, келечектеги болочок инвесторго ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жерди толугу менен даярдап, ага керектүү бардык документтерди жыйнап, маалыматтык базасын ж.б. керектүү аналитикалык маалыматтарды алдын-ала даярдап, ишкерге сунуу болуп саналат. Бул аракет инвесторлорго Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн ишке ашырууга зор көмөкчу болуп, анын ишин бир кыйла жеңилдетүүгө ыңгайлаштырылган. 

Мындан сырткары, бүгүнкү күндүн актуалдуу талаптарынын бири болгон инвестициондук карталарды түзүү иштери менен дагы алектенүүдөбүз. Бул карта Кыргызстандын экономикасын, инвестициондук мүмкүнчүлүктөрүн, аналитикалык маалыматтарын ичине камтыйт. Башкача айтканда, Кыргызстанда инвестициондук долбоорлорду ишке ашырууга кандай керектүү маалыматтар зарыл болсо, ошонун бардыгын көрсөтө турган атайын карта болуп саналат. Учурда, бул картанын үстүнөн жаңыдан иштей баштадык. Бул ишти аяктап алсак, анда дүйнөнүн төрт бурчунан тең Кыргызстандын инвестициондук абалы, мамлекетибиз тууралуу кеңири маалымат алуу мүмкүнчүлүгү пайда болмокчу. Мындай кадамдар дагы да болсо, эркин өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө салым кошуп, эл аралык карым-катнашты өөрчүтүүгө өбөлгө болмокчу. 

Ал эми, 31-август күнү боло турган Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамы менен биздин агенттиктин жалпы жамаатынын атынан, жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм. Мамлекетибизде ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн, мамлекеттик органдар жөнөкөй кыргыз жарандары үчүн иштеп, өлкөбүздүн жаркын келечегине өз салымдарын кошсун деп каалап кетет элем. Өзгөчө, мамлекетибизде иштеп жаткан ички жана сырткы бизнес өкүлдөрүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, экономикабыз өнүгүп, карапайым калкыбыздын жашоо-шарты жогорку деңгээлде болуусун каалайм. Элибиздин ойлогон ой-максаттары ишке ашсын. 

Эл аралык байланыштарыбыз дагы жогорулап, өнүгө берсин. Эң негизгиси, кыргыздын улуттук баалуулуктарын кадырлап-барктай билген, өлкөбүздүн келечеги үчүн мыкты кызмат кылып бере ала турган жаштарыбыз көп болсун!

“Эркиндик, эгемендик” аттуу улуу баалуулуктун баркын түшүнүп, аны кадырлап алуу биздин ыйык милдет

Сталбек Акматов, Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы Катчылыгынын жетекчиси: 

“Эгемендүүлүк жылдарында кыргыз-кытай кызматташтык алакасы бир топ өнүгүп, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алды” 

- Кыргызстан 27 жылдык эгемендүүлүк жылдарында бир топ жетишкендиктерге жетип, өзгөрүүлөргө дуушар болду. Экономика, саясий, маданий, билим берүү, спорт ж.б. тармактарда көптөгөн ийгиликтерди жарата алды. Эл аралык байланыштарды дагы бекемдеп, эки тараптуу дипломатиялык карым-катнаштарын бүгүнкү күнү дагы чыңдап келет. 

Коңшу Кытай Эл Республикасы дагы алардын катарында. Байыртан бери кыргыз-кытай алакасы болуп келген. Ага тарых барактары толук күбө болуп бере алат. Ал эми, Кыргызстан 1991-жылы өз эгемендүүлүгүн колуна алгандан кийин эки мамлекеттин ортосундагы алака жаңы күч, жаңы дем менен өөрчүдү десек жаңылышпайбыз. Ушул жылдар аралыгы эки элдин байланышы чыңдалып, өзгөчө соода-сатык алакасы өнүгүп келгендиги бардыгыбызга белгилүү. Чындыгында, бардык тармактардан кыргыз-кытай мамилесин көрүүгө болот. Тоо-кен өндүрүшүндө дагы кытай инвесторлорунун басымдуулук кылгандыгын билебиз, учурда курулуш тармактарында дагы алар көп аралашып жүрүшөт. Мындан сырткары, жолдорду оңдоп-түздөө иштери да кытай компаниялары тарабынан жүзөгө ашырылууда. 

Биздин ишкерлер дагы коңшу мамлекеттин ишкерлери менен тыгыз иш алып барып, кандайдыр бир долбоорлорду биргеликте аткарып, чогуу иштеп жаткан учурлар дагы аз эмес. Мисалы, тигүү цехтерин иштетүүдө, ага керектүү сырьенун негизги бөлүгү Кытайдан алынып келинет. Учурда, Кыргызстанда ушул тигүү тармагында болжол менен 250 миң кишиге жумуш ордун түзүп берип жатат. Ошондуктан, Кытай Эл Республикасы менен тигүү тармагы да тыгыз байланышта. Ушул багытта дагы кызматташуу алакасын бекемдөө үчүн биздин ишкерлерге дагы Кытай жергесине кенен кирип чыгууга, алар менен карым-катнашты өз жеринде өнүктүрүп, Кытайдын өндүрүш чарбасы менен дагы жакындан таанышууга мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү заман талабы.

Азыркы учурда, мен Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы Катчылыгын жетектеп жатам. Ал жакка Кыргызстан боюнча 75 ассоциация кирет. Бир айда бир жолудан ишкерлер менен жолугушуубуз болуп турат. Ошол жакта дагы Кытай жергесине баруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланып турат. Анткени, коңшу мамлекетте биздин ишкерлерге керектүү жана пайдалуу иш-чаралар абдан көп өткөрүлүп турат. 

Алдыда дагы ушундай эки мамлекеттин кызматташтык мамилесин бекемдөөнүн үстүндө иштей бермекчибиз. Кытай чоң рынокко эгедер, ошондуктан коңшу элдин рыногуна чыгуу дагы заман талаптарынын бири. Чындыгында, эгемендүүлүк жылдарында эки мамлекеттин кызматташтык алакасы бир топ өнүгүп, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алды. Бирок алдыда аткарылчу иштер дагы көп. 

Эми, өзүбүздүн сүйүктүү Кыргызстанды, жалпы кыргыз элин 31-август эгемендүүлүк майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бардыгына бакубат жашоо, ынтымак, ийгилик, тынччылык каалайм. Кыргызстан келечеги кең мамлекеттердин бири. Бардыгыбыз анын жаркын келечеги үчүн иш алып барып, тынымсыз аракеттерди көрүүгө даярбыз. “Ынтымак бар жерде-ырыс бар,”-дейт, ошондуктан бардыгыбыз ынтымактуу болуп, элибиздин жаркын жашоосу үчүн ак кызматыбызды кылалы! 

“Эркиндик, эгемендик” аттуу улуу баалуулуктун баркын түшүнүп, аны кадырлап алуу биздин ыйык милдет

Мирланбек Джолдошев, Кытай Эл Республикасынын Хэйлунцзян университетинин докторанты: 

“Ар бир кадамдарыбызды ийгиликтер коштосун!”

- Урматтуу кыргызстандыктар! Бардыгыңыздарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм! 

Саясий–экономикалык туруктуулукка, өнүгүү жолуна багыт алган мамлекетибиздин келечеги кең, түбөлүгү түз болуп, Ала-Тоо кучагындагы кереметтүү жергебизде эркиндиктин, биримдиктин жана тынчтыктын туусу түбөлүк желбирей берсин!

Элибиз эзелтеден эңсеген эгемендүүлүккө жеткенине мына быйыл 27 жылдын жүзү болуп турат. Ушул жылдарда өлкө ар кандай сыноолорду башынан өткөрүү менен бирге, бир кыйла жетишкендиктерге жетишти. Анын ичинен чет өлкөлөр менен болгон дипломатиялык мамилелер мурдагыдан да өнүгүп-өөрчүп, Кыргызстан дүйнөлүк аренада өз ордун татыктуу тапты десем жаңылыштык болбос. Кыргызда “Алыскы туугандан жакынкы кошуна” дейт эмеспи, биз коңшулаш мамлекеттер менен достук мамиледе болуп, бейпилдикте жашап келе жатабыз. Өзгөчө байыртадан тарыхый мамилеси бар Кытай Эл Республикасы менен болгон дипломатиялык мамилебиз мурдагыдан да жакшы болуп, бардык тармактар боюнча алакалар өнүгүп, учурда дагы чыңдалуунун үстүндө. 

Келечек жаштардын колунда демекчи, келечекте эки өлкөнүн алакасын чыңдай турган жаштарыбыз, билим алуу тармагында да бир нече эл аралык программалардын негизинде ар жылы миңдеген студенттер, магистранттар жана докторанттар стипендия багытында ар тармактуу кесипте билим алып жатышат. Маданий маалымат алмашуу тармагында КЭРдин бир нече университеттеринде кыргыз маданий борборлору ачылып, Манас таануу илиминде алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Ал эми Кыргызстанда да кытай борборлору ачылып, кытай тилин жана маданиятын үйрөтүү боюнча Конфуций институттары үзүрлүү иштөөдө.

Эки мамлекеттин достук мамилеси мындан ары да бекемделип, жаркын келечекке багытталган ар бир кадамдарыбыз байсалдуу болуп, алдыга койгон асыл ой-максаттарыбызды ийгиликтер коштоп жүрүүсүнө тилектешмин.

Учурдан пайдаланып сиздердин эмгек жааматыңыздарды да майрамыңыздар менен куттуктайм жана сиздерге чың ден соолук, жарык маанай, бакыт-таалай каалайм. Үй-бүлөңүздөр жана жакындарыңыздар менен ар дайым бар болуңуздар!

Эгемендүүлүк жылдары-Кыргызстан жана Кытай 

Көз карандысыздык жылдар аралыгында, эл аралык байланыштар дагы бекемдеп, Кыргызстандын дүйнө элдери менен болгон алакасы бүгүнкү күнү дагы жогорулап өсүүдө. Бул кызматташтык, байыртан кошуна болуп келген Кытай Эл Республикасына дагы тиешелүү.

Кытай Эл Республикасы 1991-жылдын 27-декабрында Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган алгачкы мамлекеттердин бири болгон, ал эми 1992-жылдын 5-январында дипломатиялык байланыш түзгөн. Ушул жылдын январь айында дипломатиялык байланышыбызга 26 жыл толду. 

Бул жылдар аралыгы эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык алака бир топ өнүгүп, бардык тармактарда көзгө көрүнүктүү мамилелер түзүлдү. Эки тарап биргеликте көптөгөн иш – чараларды өткөрүп, өзгөчө, “Бир алкак-бир жол” долбоору кыргыз-кытай байланышын өөрчүтө алды. Бул демилге жеке гана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрбөстөн, аймактар аралык алаканы дагы бекемдөөгө өбөлгө болууда.

Азыркы учурда, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 300гө жакын мамлекеттик, өкмөттөр, мекемелер аралык документтерге кол коюлган. Бул коңшу мамлекеттердин эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кылган иш-аракеттерин билдирет. Муну менен катар, эки мамлекеттин эл аралык жана аймактык позицияларында көз караштары дагы дал келгендигинен кабар берет. 

Мындан сырткары, билим берүү тармагында да биргеликте иш жүргүзүп, студенттер менен тажрыйба алмашуу, илимий конференцияларды өткөрүү сыяктуу иштерди чогуу алып барышат. Кытай тарабынан Кыргызстандын студенттери үчүн жыл сайын Өкмөттүк стипендия бөлүнүп, кытай жергесинде билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилүүдө.

Биздин, өз ара кызматташуубуз эки элдин этникалык, тил жана маданий өнүгүүсүнө өбөлгө болуу менен бирге, алардын келечекте дагы жакындан иш алып баруусун өөрчүтө алат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)