WeChat      Избранное

Кыргыз-кытай ишкерлерин бир арага чогулткан Инвестициондук форум

23/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз-кытай ишкерлерин бир арага чогулткан Инвестициондук форум

14-август күнү Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде “Курулуш жана жасалголоочу материалдарды чыгаруучу секторуна, эмерек жана тиричилик техника тармагына инвестицияларды тартуу жана кыргыз-кытай ишканаларын өнүктүрүү” аттуу инвестициондук форум болуп өттү. 

Бул иш-чарага аталган комитеттин жетекчилиги, ЖИА бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү, КРнын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КРнын КЭРдеги Башкы консулу, кыргызстандык жеке ишкерлер жана Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын алдыңкы компанияларынын жетекчилери катышышты.

Бул инвестициондук форум кытайлык компаниялар менен байланыш түзүү менен бирге Кыргызстанга инвестиция тартуу максатын көздөдү. 

Форумдун жүрүшүндө, катышуучулар ишмердүүлүгүн презентация аркылуу тааныштырып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Муну менен катар эки тараптуу кызматташуу алакалары дагы талкууланып, ушул багытта ой-пикирлер айтылды.

Сырттан келген ишкерлерди Кыргызстандын инвестициондук климаты менен тааныштыруу учурунда, КРнын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек, кытай ишкерлерине, өз ишин токтотуп, иштебей калган завод-фабрикаларды жандандыруу багытында иш алып баруу сунушу менен кайрылды. Ал өз сөзүндө, Кыргызстандын аймагында иштебей, токтоп калган ишканалар абдан көп экендигине токтолуп, бул багытта иш алып барган инвесторлорго салыктын 4 түрүнөн бошотуу маселелери дагы учурда каралып жаткандыгын айтып өттү. 

Иш-чара КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан уюштурулду.

Уланбек Рыскулов, КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы: 

“Кыргызстанда эл аралык Курулуш индустрия борборун түзүү пландалууда”

-Бүгүн биздин комитет курулуш, эмерек жана тиричилик тармактарына басым жасоо менен, кыргыз-кытай кызматташтык алакасын өнүктүрүү багытында ушул форумду өткөрүп жатат. Иш-чаранын башкы максаты кытайлык жана кыргызстандык ишкерлердин башын бириктирип, дал ушул курулуш индустриясы тармагында кызматташтык мамилелерин курууга өбөлгө болуу болуп саналат. 

Болжол менен бир ай мурун комитет Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын Курулуш материалдарынын бирикмеси менен кызматташуу меморандумуна кол койгон. Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан форум дагы дал ушул меморандумдун негизинде жүзөгө ашырылууда. Ушул келишимдин алкагында биз Кыргызстанда электр шаймандарын жана турмуш-тиричилик техникаларын чыгаруучу компаниялар жайгашкан эл аралык Курулуш индустрия борборун түзүү боюнча дагы маселелерди талкуулаганбыз. 

Учурда, бул пландалып жаткан инвестициондук долбоор, дагы да болсо ар тараптуу изилденип, кем-карчтары такталмакчы. Ошондуктан, долбоордун кайсы мезгилде ишке ашуусу азырынча белгисиз. Өзүңүздөр көрүп тургандай, бул багытта алгачкы кадамдар башталды. Бул инвестициондук долбоордун жалпы суммасынын көлөмү 150 млн доллардын тегерегин түзүүдө. Аталган борбор иш жүзүнө ашканда Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө дагы зор салым кошмокчу. 

Учурда, Кыргызстанда курулуш тармагында 10 миңден ашуун жумушчу орунду камсыз кылган 300 компания өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бүгүнкү иш-чарага дагы ушул кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү катышып отурат. Мындай жол менен Кытай Эл Республикасынын ишкерлери арасынан дагы алар өнөктөш таап, кызматташууга мүмкүнчүлүк ала алышат. Кыргызстандын тоо кен тармагы көмүр менен алтынга гана эмес, курулуш материалдар жасачу минералдык-сырьелук базага дагы бай. Ошондуктан, курулушка керектелчү продукцияларды дагы өндүрүп чыгара турган ишканаларды көбөйтүү заман талабы десек болот. 

Муну менен катар Гуандун провинциясынын Курулуш материалдар бирикмеси менен бирге кабыл алынган келишимдин алкагында, Кыргызстандын аймагындагы өндүрүш процессин токтотуп, иштебей калган завод-фабрикаларды дагы кайрадан ишке киргизүү маселелери каралмакчы. 

Бүгүнкү өтүп жаткан форумдун жыйынтыгында, курулуш тармагында мол тажрыйбага эгедер кытай кесиптештерибиз жергиликтүү ишкерлер менен бирге иш алып барууга алгачкы кадамдарын таштайт деген оюм бар. Эки тараптуу кызматташтык алакасы түзүлөт деп ишенем. 

Кыргызстандын инвестициондук климаты ишкерлер үчүн дагы ыңгайлуу болуп, ар тараптан өнүгүп келүүдө. Биздин комитет да бул багытта инвесторлорду колдоого ар дайым даяр. 

Сөз соңунда, Кыргызстандын бардык тармактары инвестициондук долбоорлор үчүн ачык экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Форумдун бардык катышуучуларына ийгилик каалоо менен бирге, ушул иш-чараны уюштурууга көмөкчү болгон Лан Фан айымга да терең ыраазычылык билдирмекчимин. 

Лан Фан, Гуандун провинциясынын Курулуш материалдар бирикмесинин жетекчиси: 

“Гуандун провинциясында 7 миллиондун тегерегинде чакан жана орто бизнес ээлери иш алып барат” 

-Биздин Кыргызстанга келгендеги башкы максатыбыз, бул жакта Курулуш индустрия борборунун долбоорун талкуулоо болуп саналат. Бүгүнкү күнү Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясында 7 миллиондун тегерегинде чакан жана орто бизнес ээлери иш алып барат. Алардын ичинен 400 000 ишкана жергиликтүү өндүрүш иштери менен алектенет. Негизинен, керамика буюмдарын чыгаруу биздин башкы багыт болуп эсептелет. 

Бардыгыбыз билгендей Гуандун аймагы дүйнөлүк рынокто өзүнүн керамика буюмдары менен таанымал. Мен Кыргызстанга 2013-жылы алгачкы жолу келип кеткем. Ошол мезгилден бери Кыргызстан менен иштешүүгө кызыктармын. Менин жеке пикиримде бул жактын инвестициондук абалы дагы жылдан-жылга жакшырууда, инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Ошондуктан, толук ишеним менен Кыргызстан менен иштешүүгө даярбыз. Бүгүнкү болуп жаткан форумга Гуандун провинциясынын курулуш материлдарын жана үй ичиндеги интерьерлерди даярдаган алдыңкы компаниялары катышууда. Ушул багытта иш алып барган жергиликтүү компаниялар менен дагы таанышып, байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Бул эки тарапка тең пайдалуу болгон, алдыда жемишин бере турган мыкты кадам деп эсептейм. 

“Курулуш жана жасалголоочу материалдарды чыгаруучу секторуна, эмерек жана тиричилик техника тармагына инвестицияларды тартуу жана кыргыз-кытай ишканаларын өнүктүрүү” форумунда, эки тарап тең өздөрүнүн алып барган ишмердүүлүгү менен келген катышуучуларды кенен тааныштыра алышты. Ушул презентациялар аркылуу дагы Кыргызстанды жакындан таанып биле алдык десем болот. 

Жалпы дүйнөгө белгилүү кытайлык брендтердин негизги бөлүгү Гуандун провинциясына тиешелүү 

Акыркы 20 жыл аралыгында Гуандун провинциясынын экономикасы укмуштуудай тездик менен өнүккөн. Ошондуктан, учурда бул аймак Кытай Эл Республикасынын экономикасында биринчи орунда турат. Аталган провинциянын жалпы экономикалык мүмкүнчүлүгү коңшу мамлекеттин экономикасынын 1/9 көлөмүн ээлейт. 2015-жылы Гуандун провинциясынын башкы шаары болуп эсептелген, Гуанчжоу шаарынын ички дүң продукциясынын көлөмү 524 млрд. АКШ долларын түзгөн. 

Гуандун провинциясынын башкы багыттарынын бири-курулуш жана жасалгалоочу материалдарды чыгаруучу тармак болуп саналат. Жалпы дүйнөгө белгилүү кытайлык брендтердин негизги бөлүгү Гуандун провинциясына тиешелүү. 

Жылына эки жолу Гуанчжоу шаарында бүткүл Кытайды ичине камтыган экспорттук жарманке өткөрүлүп турат. Бул жакта Кытайдын бардык булуң-бурчтарынан экспорт үчүн өндүрүлүп чыгарылган продукциялардын көргөзмөсү болот. Бүгүнкү күнү бул жарманке дүйнө жүзү боюнча эң көп келишим түзүлгөн жарманкелердин ичинен 3-орунду ээлеп келет. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)