WeChat      Избранное

Медиктердин бир эле миссиясы бар, ал- ооруларды айыктыруу, бейтаптарга жакшы көңүл буруу жана тез жардам берүү

13/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Медиктердин бир эле миссиясы бар, ал- ооруларды айыктыруу, бейтаптарга жакшы көңүл буруу жана тез жардам берүү

Доктор Чуань Джунь

Кыргызстанда Кытай жергесинен келип, ар тармакта эмгектенип, жашап жаткандар арбын алардын катарында кытай дарыгерлери да жок эмес. Профессор-врач Жеңишбек Назаралиевдин MCN Nazaraliev клиникасында кытайлык дарыгерлер да эмгектенишет. Алардын бири доктор Чуань Джунь Кыргызстандагы жашоосу жана клиникадагы жумушу тууралуу биз менен баарлашты.

- Өзүңүз тууралуу кыскача айтып кетсеңиз?

- Кыргызстанга келгенде жергиликтүү калкка оңой болсун деп Дима деген ысымды тандап алгам. Бейтаптарым да мени доктор Дима деп кайрылышат. Төрөлүп чоңойгон жерим Кытай Эл Республикасынын түндүгүндө жайгашкан Харбин шаары. Харбин шаарында Кытай медицинасы боюнча билимге ээ болдум. Дарыгер болуп 25 жылдан бери эмгектенип келе жатам. 

- Кыргызстанга келип, иштеп жатканыңызга канча убакыттын жүзү болуп калды? 

- Кыргызстанга келип, жашап, иштеп жатканыма эки жылдын жүзү болду. Бул жакка досторумдун чакыруусу менен келип калгам. Алар дагы кытайлык  эле. Үч ай чогуу иштедик. Үч ай ичинде бир топ эле бейтаптарды кабыл алып, ар-кандай оорулардан айыктырдым. Күндөрдүн биринде Кыргызстанда белгилүү Профессор-врач Жеңишбек Назаралиев келип калды. Менден массаж курсун алды. Буттары ооруп жаткан экен. Массаждан кийин буттарынын оорусу басылганынан, биздин массаждын канчалык эффективдүү экенин байкап мага чогуу иштешүүнү сунуш кылды. Мен дагы чын жүрөгүмдөн макул болдум. Ошол күндөн бери Жеңишбек Назаралиевдин MCN Nazaraliev клиникасында иштеп келем.  Эми баардык дарыгерлердин бир эле миссиясы бар эмеспи. Ал- ооруларды айыктыруу, бейтаптарга жакшы көңүл буруу, жардам жана тез жардам берүү дегендей. Ошондой эле, мен дагы дарыгер катары өз кесибимди сүйүп, бейтаптарымды дагы сүйүп, алардын айыгышына салымымды кошом. Назаралиев клиникасында көбүнчөсү чет мамлекеттен бейтаптар келишет. Ушунча жол артып, үмүт менен келип жатканын көрүп, менин колуман жана биздин клиникадан айыккандарын көрүп албетте кубанып турам.

Медиктердин бир эле миссиясы бар, ал- ооруларды айыктыруу, бейтаптарга жакшы көңүл буруу жана тез жардам берүү

Жеңишбек Назаралиев менен

- Кыргызстан сизге кандай жагынан жакты? 

- Кыргызстан мага бүт жагынан жакты. Аба-ырайы да жакшы. Төрт мезгилди жашайт экенсин. Харбин шаары суук эмеспи. Салыштырсам, Бишкек Харбинге караганда кышында жылуу эле. Кыргыз эли меймандос келет экен. Менин кытайлык экенимди билип заматта “нихау” деп жылмайып учурашышат. Азыр элдин баары “нихау” саламын билип калышты окшойт. Кечке бейтаптар менен алекмин. Үй-бүлөм да бул жерде. Жубайым да медик. Чогуу иштейбиз. Эки балам бар. Алар Кытайда окуп жатышат. 

- Сиз бейтаптарды кайсы метод же ыкма менен дарылайсыз?

- Мен сөзсүз түрдө Кытай чыгыш медицинасын колдоном. Аларга: ийнетерапиясы, от массажы, банкалар, электр массажы, кол массажы, дары чөптөр кирет.  Булардын баары зыянсыз жана оорутпайт. Биринчи, албетте диагноз коюп, кайсы жери ооруп жатканын аныктайм. Андан кийин себебин аныктап, ошого жараша дарылоону баштайм. Азыркы учурда менде псориаз, витилиго, подагра, варикоз менен ооруган бейтаптар даарыланып жатышат. 

Медиктердин бир эле миссиясы бар, ал- ооруларды айыктыруу, бейтаптарга жакшы көңүл буруу жана тез жардам берүү

Арабиядан келген бейтап менен 

- Кыргызстан- Кытай өлкөлөрүнүн мамилелерине кандай баа бересиз?

- Албетте эң жогорку баа берем. “Бир алкак- бир жол” долбоору бир топ тармакта иштеп жатат. Медик катары эле байкоомду айта турган болсом, мынакей, Ош шаарында Орто Азия боюнча эң чоң жана көп профилактикалуу бейтапкана курулуп жатат. Ошондуктан мен  бир гана макул деп айтар элем. “Бир алкак- бир жол” долбоору алкагында Кыргызстан жана Кытай элдери чогуу, ынтымакта, бир топ жетишкендиктерге э болушат деп ишенем. 

- Сөз соңу ...

- “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезит жамаатына албан ийгиликтерди каалайм. Окурмандарыңар көбөйө берсин. Ушул гезит аркылуу эң сонун макалалар жазылып, окурмандардын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алыңыздар. 

(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)