WeChat      Избранное

Самаган Мырзаканова: “Быйыл Кытайга 10 студентибиз магистратурага өттү”

13/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Самаган Мырзаканова: “Быйыл Кытайга 10 студентибиз магистратурага өттү”

Кытай элинин жаңы жылына арналган майрамдан бир көз ирмем.

21- кылым билимдүү, ар тараптуу өнүккөн, бир нече чет тилдерде эркин сүйлөй алган жаштардын заманы десек эч жаңылышпайбыз. Учурда, эки же үч тилде сүйлөп, пикир алышуу менен эч кимди деле таң калтыра албайсың. Ушундай күчтүү атаандаштык доордо балдары артта калбоосу үчүн ата-энелер дагы аракет кылып, балдарын кошумча курстарга берип, чет өлкөлөргө окууга жиберип, замананынын татыктуу өкүлү болуусу үчүн кам көрүп келишет. 

Акыркы жылдары бул багытта кытай тилин үйрөнүү талабы дагы кошулуп, көптөгөн жаштарыбыз ушул тилде эркин сүйлөөгө, аны тереңдеп үйрөнүүгө аракет кылып келишет. Азыркы учурда, кытай тилин үйрөтүп жаткан билим берүү мекемелери дагы көп кездешет. Алардын бири Ош гуманитардык педагогикалык институту болуп саналат. 

Бизге дал ушул институттагы Кытай тили кафедрасынын жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу кафедранын жетекчиси Самаган Мырзаканова кызыктуу маек куруп берди.

-Самаган, алгач өзүң тууралуу айтып берсең? 

-Мен 1988-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда төрөлгөм. Орто мектепти аяктаган соң, 2005-жылы К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Дүйнөлүк экономика адистигин бүтүргөм. Менин бөлүмүмдүн өзгөчөлүгү болуп кытай тилин билген экономисттерди даярдап чыгуусу болчу. Мен ошол жактан кытай тилин өздөштүрө баштагам. Азыркы учурда болсо, Ош гуманитардык педагогикалык институтунда Кыргыз-Россия факультетинин Кытай тили кафедрасынын башчысы болуп эмгектенем. 

-Кытай тилин үйрөнүүңө эмне түрткү болду?

-Убагында, орто мектепти Бишкек шаарында окуп калдым. Ошол кезде эле кытай тилине болгон кызыгуум абдан күчтүү болчу. Себеби, коомдо кытай тилине болгон кызыгуу жаңы гана пайда болуп, кытай тилин үйрөнүүнү каалаган жаштар көбөйө баштаган. Ушул тилди өздөштүрүп, кытай тилинде жазып, сүйлөй алган студент кошуналарыбыз бар болчу. Алардын сүрөттөй кылып бир башкача жазган иероглифтерин көрүп, сөздөрдүн маанисин үйрөнгүм келчү. Мына, ошол мектеп жашымдан бери эле кытай тилин окуп, үйрөнүү изги тилегим болгон. 

-Кытай жергесинде, тил үйрөнүү курсунда дагы окуп келипсиң, ушул тууралуу айтып берсең, Кытай жергеси сага жактыбы?

-Кытай тилин үйрөтүү тармагында иштеп жаткандыгым үчүн, өз учурунда Кытай Эл Республикасынанын Үрүмчү шаарына Синьцзян педагогикалык университетине тажрыйба топтоо, квалификацияны жогорулатуу максатында окууга барып келип жаттым. 

Мага Кытай жергеси абдан жакты. Үрүмчү шаары өзүнүн өзгөчө архитектуралык курулуштары менен эсимде калды. Чындыгында, Кытайда ушунчалык ар түрдүү маданияттар бири-бири менен эриш-аркак болуп, бир чөлкөмдө жайгашкандыктан көзгө башкача кооз көрүнөт. Үрүмчү шаарында чыгыш колорити басымдуулук кылат. Тамак-аш жагынан эч кандай кыйынчылык болгон жок. Дагы да алдыда, Кытайдын ички шаарларын кыдырып, көрүп келүү максатым бар. 

-Эми, сөздүн нугун, Ош гуманитардык педагогикалык институтуна бурсак, институтта Кытай тили кафедрасы качан ачылды эле, анын жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсең? 

-Ош гуманитардык педагогикалык институтунда Кытай тили кафедрасы 2003-жылы ачылган. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам, кытай тилин үйрөнгөн студенттердин саны аз болуп жабылууга учураган. Ошол мезгилде, кытай тили Дүйнөлүк тилдер кафедрасынын ичинде эле орун алып калган. Ал эми, 2013-жылы болсо өзүнчө Кытай тили кафедрасы болуп бөлүнүп чыккан. Институттун аты айтып тургандай эле, бизде жалаң гана мугалимдер тарбияланып чыгат. Алардын катарында кытай тили мугалимдерин дагы даярдап чыгарабыз. Биздин кафедранын башка университеттерден айырмасы дагы ушунда десем болот. 

Мен Ош мамлекеттик университетинен 2014-жылы сентябрь айынан баштап ОГПИге бөлүм башчысы болуп которулуп келгенмин. Ошол жылдары 260тын тегерегинде студент билим алчу. Ал кезде бюджеттик орундар көп бөлүнчү экен, ошондуктан кытай тилин үйрөнүүнү каалаган бардык студенттер бизден билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу. Тилекке каршы, учурда бюджеттик орундар каралган эмес. Ушуга байланыштуу кытай тили мугалимдигине тапшырган студенттердин саны азайды. 

Бирок, буга карабастан жыл сайын Кытай жергесинде билим алууга, магистратурага бир нече студенттерибизди, ал эми тил үйрөтүү курстарына болсо 10-12нин тегерегинде окуучуларды жиберип турабыз. Биз негизинен Синьцзян Педагогикалык университети менен кызматташып, алака түзгөнбүз. Мындан башка дагы эки университет менен түзүлгөн кызматташтыгыбыз бар. Ушул кызматташуунун негизинде тил үйрөнүү курстарына студенттерибиз бюджеттик негизде барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Тил үйрөтүүдө кытай кесиптештерибиз дагы чоң жардамчы болушат. Алар негизинен, студенттерге оозеки сүйлөшүү сабактарын өтүшөт. Жалпысынан алганда, ушул жылдар аралыгында алты кытай кесиптешибиз келип иштеп кетишкен. Жакында эле эки волонтерубуздун келишими аяктап, Кытайга кетишти. Учурда болсо, бир кытай кесиптешибиз эмгектенүүдө. 

Жылдан-жылга Ош жергесинде дагы кытай тилин үйрөнүүнү каалаган окуучулардын, жаштардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан, бизде Конфуций институтунун колдоосу менен Конфуций классы ачылган. Бул дагы да болсо, студенттерибиздин кытай тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты десем жаңылышпайм. 

Муну менен катар, мектеп окуучулары дагы бизге тил үйрөнүү үчүн көп кайрылышат. Ошондуктан, иш күндөрү түштөн кийин каалоочуларга кытай тилин бекер үйрөтөбүз. Негизинен, 9-10-11-класстын окуучулары кытай тили курстарына келип турушат. 

Самаган Мырзаканова: “Быйыл Кытайга 10 студентибиз магистратурага өттү”

Кытай элинин жианжи салттуу өнөрү.

-Факультетте кытай маданиятын студенттерге жакындан таанытуу үчүн кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат, кытай майрамдары майрамдалабы? 

-Бардыгыбыз билгендей, бөтөн бир тилди өздөштүрүүдө жеке гана тилди үйрөнбөстөн, ошол элдин маданиятын, каада-салтын, улуттук майрамдарын билүү дагы чет тилди тереңдеп үйрөнүүгө мыкты көмөкчү болуп берет. Ошондуктан, биз дагы студенттерге кытай тилин гана үйрөтпөстөн кошуна элди ар тараптуу жакындан таанытканга аракет кылып келебиз. Албетте, кытай элинин майрамдары бизде дагы өзгөчө шаң менен өткөрүлөт. Белгилүү бир даталарда атайын иш-чараларды уюштурабыз. Студенттерибиз дагы бардык иш-чараларыбызга абдан активдүү катышып беришет. 

-Кытай тили кафедрасынын кандай жетишкендиктери бар, студенттер үчүн дагы кандай шарттар каралган?

-Жогоруда айтып кеткендей, бизде эң башкысы тилди жакшы өздөштүрүп, үлгүлүү жүрү-турушу менен айырмаланган студенттерибизди Кытайга тил курстарына жиберип турабыз. Окууну аяктаган соң, Кытайдын чоң-чоң шаарларына магистратурага өткөн, биз сыймыктанган студенттерибиз көп. 

Мен келип иштей баштаган мезгилди алсак деле, жалпысынан 40ка жакын окуучу коңшу мамлекетте магистратурада билим алышты. Быйыл 10 студентибиз магистратурага өттү. Эң мыкты окуучубуз Абдрахманова Бурулай Шанхай университетинде билим алуу укугуна ээ болду. Калгандары Гуанчжоуго, Үрүмчүгө, Сычуаньга жана башка Кытайдын шаарларына окууга өтүштү. Булар дагы Кытай тили кафедрасынын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчү боло алат деп ойлойм. 

-Кытай тилин үйрөнүүнү каалаган же үйрөнүп жаткан студенттерге тилди дагы жакшылап өздөштүрүү үчүн кандай кеңеш берет элең?

-Кытай тилин үйрөнүп жаткан ар бир окуучу сабакты эч калтырбоосу зарыл. Эгерде, бир эле күн сабакка катышпай калып, бир иероглифти билбей калса эле, кийинки темалардан эч нерсе түшүнбөй калат. Ошондуктан, биринчи орунда сабак калтырбоо керек, андан кийин берилген тапшырманы сөзсүз аткарып, жаттап, жазып, үйдөн жок дегенде кошумча эки саат даярдануулары керек. 

Эң башкысы иероглифтерди жаттап, анын жазылышын, колдонулушун жакшылап үйрөнүү керек деп эсептейм. Жеке эле кытай тилин эмес, чет тилдерди үйрөнүү оңойго турбайт. Бирок канчалык мээнет коротуп окуса, кийин ошончолук үзүрүн көрөт деп ишенем. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)