WeChat      Избранное

Эрбол Өмүралиев: “Кытай Өкмөтү инвесторлорго иштөө үчүн эң мыкты шарттарды түзүп берген”

03/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Эрбол Өмүралиев: “Кытай Өкмөтү инвесторлорго иштөө үчүн эң мыкты шарттарды түзүп берген”

Эрбол Өмүралиев.

Сүрөттөр Э. Өмүралиевдин өздүк архивине таандык

Кытай жергесинен билим алып келген жаштардын саны күн санап өсүүдө. Кошуна элдин тилин гана мыкты өздөштүрбөстөн, анын каада-салтын, маданиятын, тарыхын изилдеп, мыйзамдарын жакшы билген жаштарыбыз арабызда жок эмес. Алардын бири, бүгүнкү биздин дүйнө тааным рубрикасынын сыйлуу коногу Эрбол Өмүралиев. 

Эрбол, Кытай жергесиндеги окуусу, учурда алектенип жаткан иши тууралуу кызыктуу маек куруп, коңшу мамлекетке окууга кете турган жаштарга дагы мыкты кеңештерин берип, тажрыйбасы менен бөлүшө кетти. 

-Эрбол, алгач, өзүң тууралуу маалымат берип кетсең? 

-Мен 1988-жылы Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда (ал мезгилде Кант району болчу) мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Менин балалык кезим Советтер Союзу тараган учур менен катар, Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарынын алгачкы мезгилине туш келди. Мектепти 2006-жылы аяктагам. Өзүм кичинемден эле, негизинен гуманитардык илимдерге басым жасап, жакшы көрүп окуп, келечекте журналист болуп иштесем деп кыялданган да учурларым болгон. 

Бирок, 11-классты аяктаган кезде адис тандоо багытында терең ойлонуп көрсөм, өзүмдүн көңүлүмө Чыгыш таануу бөлүмү туура келди. Ошондуктан, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетине тапшырдым. Жогорку окуу жайда окуп, студенттик кезим башталганда менин жашоомдун жаңы барактары ачылды десем болот. Мектепте окуп жүргөн кезимдеги ойлонгон пландарым, кыялдарымдын басымдуу бөлүгү ушул студенттик кезимде ишке ашты. Көптөгөн иш-чараларга, илимий конференцияларга катыштым. Тарыхты, маданиятты изилдедим, дегеле дүйнө таанымын абдан кеңейди. Ушундай себептерден улам, мен өз университетимди жашоомдогу эң чоң жетишкендиктеримдин бири деп эсептейм. Окуу жайым мен үчүн руханий, илимий түнөк болду. 

Ар тараптуу өнүктүм, кытай тилин дагы үйрөнө баштадым. Менин адистигиме саясат жана чыгыштагы саясий процесстерди таануу, изилдөө, үйрөнүү, маданият, тарых, дин таануу, геосаясат, тышкы саясат, дипломатия ж.б.абдан көп багыттар кирет. Ушул тармакта билим алган соң, окуу жайды аяктагандан кийин Кытай жергесинде кытай тилин дагы тереңдеп өздөштүрүүнү максат кылгам. 

Бирок, университетти бүткөндөн кийин, Кытайга окууга тапшырганга кечигип калып, өзүмдүн окуу жайыма эле тарых факультетине аспирантурага тапшыргам. Ал жактагы диссертациям “Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүүсү” деп аталып, ушул багытта дагы кенен изилдөөлөрдү жүргүзүп келдим. Кийинки жылы, Кытай Эл Республикасына окууга өттүм. Ошентип, 2011-жылдан баштап, эки жерде тең билим алып окуй баштадым. Кытайдан каникулга чыкканда, аспирантуранын экзамендерин тапшырып, университет тарабынан уюштурулган иш-чараларга активдүү катышып жүрдүм. Бул жактан кетип Кытайдан билим алып жаттым. 2014-жылы аспирантураны ийгиликтүү аяктап, 2016-жылы болсо КЭРнын Харбин шаарында университетти бүтүрүп, Кыргызстанга кайтып келдим. 

-Аспирантурада жактаган диссертациямдын темасы “Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүүсү” деп калдың, ШКУ тууралуу айтып берсең?

-Чындыгында, Шанхай кызматташтык уюмунун келечеги абдан кең, бул уюмдун алкагында болуп жаткан бардык кызматташуулар, муну менен катар эле кыргыз-кытай алакасы дагы бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынын бири. Шанхай кызматташтык уюму абдан чоң, дүйнөлүк аренада абдан кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын бири болуп саналат. Ал дагы да болсо өнүгүүнүн үстүндө, өзүбүз көрүп жаткандай, убакыттын өтүшү менен уюмга башка мамлекеттер дагы мүчө болуп кошулушууда. Бул да анын перспективдүүлүгүнөн, эл аралык кызматташууда өз ордун таба алгандыгынан кабар берет. 

Кыргызстан үчүн дагы бул эл аралык уюмдун ачып берген мүмкүнчүлүктөрү көп. Биздин мамлекеттин ар кайсы чөлкөмдөгү эл аралык уюмдарга мүчө болуусу, анын тең салмактуулугун бекемдеп, эл аралык деңгээлде биздин аброюбузду, таасирдүүлүгүбүздү көтөрүп, экономикалык-саясий, маданий, өзгөчө билим берүү тармагындагы биздин өнүгүүбүздү камсыз кылып, биздин позициябызды чыңдап, чоң-чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып бере алат. 

Мисалы, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында дагы Кытайда барып билим алып келген жаштарыбыз бар. Чындыгында, бул уюмдун артыкчылыктары дагы, мүмкүнчүлүктөрү дагы абдан кеңири. Уюм абдан чоң теманы ичине камтыйт. Анын дагы бир өзгөчөлүгү катары мен, шериктештиктин-эл аралык коопсуздук маселелерине мыкты көңүл буруп, ушул багытта дагы бир топ бараандуу иштерди аткаруусун белгилеп кетет элем. 

-Кытай Эл Республикасынын Харбин шаарында кайсы университетте окудуң, шаар тууралуу айтып берсең?

-Харбин педагогикалык университетин аяктадым. Учурунда, дал ушул университетке, Харбин шаарына барып, билим алгандыгыма эч өкүнбөйм. Харбин негизинен орус падышачылыгы кулаган кезде, орустар качып келген аймак экен. Ошондуктан, шаарда негизинен орус архитектурасы басымдуулук кылат. 

Мындан сырткары, биздин тарыхты алып караганда, Энесайлык кыргыздар Ала-Тоого көчүп келе жатканда, бир тарабы азыркы Кыргызстандын аймагына келсе, бир тарабы түндүк-чыгышка, Кытайдын Харбин аймагына келип, жердеп калып калышкан. Аларды фу-йу кыргыздары деп атап келишет. Чындыгында, бул маалыматты мен кийин уктум. Алардын улуту кыргыз, бирок тили толугу менен кытайча болуп калган. Паспортунда болсо, улуту кыргыз деп жазылат. 

Фу-йу кыргыздарына байланыштуу бир кызыктуу окуяны айтып берсем. Бир жолу досторум болуп, Харбиндин чоң супермаркеттерине азык-түлүк алганы барсак эле, анын кире беришинде биздин оюлар түшүрүлгөн кийимдерди кийген кытайлык аялдар нан сатып жатышыптыр. Кийимдерине кызыгып, мен алардан: “Каяктын кийимдери, кайсы улутка тиешелүү”-деп сурасам, “Бул биздин өзүбүздүн улуттук кийимдер”-деген жоопту уктум. Абдан таң калдым. Оюлар толугу менен кыргыздыкы эле. Эч түшүнө албадым, кытайча таза сүйлөп жатышат. “Силер кимсиңер?”-десем, “Биз Кытайдын жарандарыбыз” дешти. Мына, ошондо фу-йу кыргыздарына жолуккан экем. Бирок, муну мен кийин түшүндүм. 

Харбин тууралуу айта турган болсом, Харбин шаары абдан кызыктуу шаар. Көптөгөн жаңыланууларды, өзгөрүүлөрдү башынан кечирген аймак. Дүйнө жүзүнө Муз шаарчасы менен белгилүү. Кыш мезгилинде Муз шаарчасынын кооздугун көрүү үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан зыяратчылар келип, аймак өзгөчө жандуу боло түшөт. 

-Кытай ашканасына кандай баа бердиң, ал жактын тамактарына көнүү жеңил эле болдубу?

-Бардыгыбыз билгендей, кытай ашканасы дүйнөгө белгилүү. Кыргызстанда дагы кытай ашканалары көбөйүп, жергиликтүү эл арасында коңшу элдин тамактарын сүйүп жегендер жетишээрлик. 

Негизинен, Кытайдын провинцияларындагы тамак-аш бир-бириникинен кескин түрдө айырмаланышы мүмкүн. Харбин ашканасы мен үчүн тамак-ашынын ачуулугу менен эсте калды. Бирок, башка жактардан айырмаланып, Харбинде нан-токочтор эл арасына кеңири жайылган. Ошондуктан, нан жагынан эч кыйналган жокпуз. 

Эрбол Өмүралиев: “Кытай Өкмөтү инвесторлорго иштөө үчүн эң мыкты шарттарды түзүп берген”

“Кытай жергесинде тайпалаштарым менен биргеликте”

-Кытай тилин үйрөнүүнү каалаган же үйрөнүп жаткан жаштарга тилди жакшылап өздөштүрүү үчүн кандай кеңештерди берет элең?

-Кытай тили чындыгында, өздөштүрүүгө абдан оор тилдердин бири. Бирок, биздин убактагы үйрөнгөн кытай тили менен азыркы окуп жаткан кытай тилиндеги мүмкүнчүлүктөр, окуу куралдары, технологиялардын айырмасы абдан чоң. Мисалы, биз 2006-жылы кытай тилин үйрөнө баштаганда китеп сөздүгүн колдончубуз. Ал сөздүктү колдонуу дагы жеңил эмес болчу, иероглифтеги чиймелерди санап, ошого жараша номерлерин таап анан сөздүн котормосун билчүбүз. Ал кезде, биринчиден, интернетти колдонуу абдан кымбат болчу. Экинчиден болсо, кол телефондор дагы учурдагыдай өнүгө элек мезгил. Мындан сырткары, окуу куралдары, китептер жана ошондой эле атайын окуу программалары дагы жокко эсе эле. Кытай тилин үйрөткөн жекече курстар дагы жок болчу. 

Учурда болсо, электрондук сөздүктөрдүн түрлөрү көп. Интернет арзан. Кыргызстанда кытай тилин үйрөнүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Кытайга окууга кетүүгө, билимин улантууга дагы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген окуу программалары дагы абдан көп. Мындан сырткары, ал жакта окуп, жашап келген, өз тажрыйбасы менен бөлүшө турган, кеңеш бере алган жаштар дагы арабызда арбын. 

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кытай жергесине окууга бара турган жаштарга дагы кеңешимди берип кетсем. Коңшу мамлекетке бараардын алдында сөзсүз түрдө, Кытайдын мыйзамдарын, каада-салтын, элдин менталитетин, кулк-мүнөзүн билүү, үйрөнүү абзел. Бул абдан маанилүү нерсе. Анткени, жогоруда айтылгандарды билбей туруп, Кытайга баруу туура эмес, абдан кооптуу. Кытайдын мыйзамдары абдан катаал. Ал жакта тартип күчтүү.

Негизи, менин оюм боюнча, биз Кытай тууралуу, көргөн, билген маалыматтарыбызды, башыбыздан өткөн окуяларды Кытайга кетип жаткан жаштарга айтып берүүбүз керек. Өзгөчө мектепти жаңы аяктап, ак-караны ажырата элек балдар-кыздарга кеңешибизди айтып, тажрыйбабыз менен бөлүшүүбүз абзел. 

Коңшу мамлекеттин мыйзамдары менен таанышкан соң, ден соолукту Кыргызстандан жакшы чыңдап алуу керек. Кээ бир учурларда, шаардын климаты, аба-ырайы ден соолукка туура келбеген учурлар дагы кездешет. Ошондуктан, интернеттен ал шаардын климаты менен таанышып алуу ашыктык кылбайт. Мисалы, Харбин шаарынын климаты абдан суук, нымдуу болуп эсептелет. Кыш мезгилиндеги суук 40-45 градуска чейин жетет, анын орточо температурасы 30-35 градусту түзөт. 

Анан эң негизгиси, чет жерде Кыргызстанды уят кылбай, жакшы окуу керек. Кытайда жүрүм-туруму түз, талыкпай окуп, аракет кылган, коомдук иштерге активдүү катышкан чет элдик студенттерди абдан баалашат. Мен ойлойм, чет өлкөгө бара жаткан студенттерге жакшы көңүл буруубуз керек, алар Кыргызстандын жүзү, күзгүсү болуп саналат. 

Мындан сырткары, Кытай жергесинде билим алып, окууну аяктаган соң, Кыргызстанга сөзсүз түрдө кайтып келип, өзүбүздүн мекенибиздин өнүгүүсүнө салым кошуп, сырттан алган билимибизди, тажрыйбабызды Кыргызстандын келечеги үчүн сарптап, иштөөбүз абзел деп эсептейм. Кайсы гана жерде жүрбөйлү, кандай гана мыкты жашоону көрбөйлү Кыргызстанга келип, элибизге кызмат кылуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Бардыгыбыз ынтымакта иш алып барып, биримдикте аракет кылсак, өз жергебизде дагы элибиздин мыкты жашоосуна шарт түзө алабыз деп ишенем. 

-Учурда, эмне менен алектенип жатасың?

-Учурда, мен “ОПТИМУС” юридикалык компаниясында иштеп жатам. Ал былтыр, 2017-жылы сентябрь айында өз ишмердүүлүгүн баштаган. Компаниянын түптөлүшүнө башкы себепкер катары, кытай ишкерлеринин, негизи эле инвесторлордун Кыргызстанга көп келүүсү эсептелет. Анткени, кээде алардын укуктары бузулуп, Кыргызстандын мыйзамдарын толук түшүнбөгөн учурлар көп кездешкендиги үчүн, жалпы эле чет өлкөлүк инвесторлорго юридикалык колдоо, кызмат көрсөтүү муктаждыгы келип чыккан. 

Ошондуктан, биздин компания ачылып, ушул багытта өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп келет. Учурда, юридикалык кеңешке, кызматка муктаж болгон инвесторлордун саны өсүп жаткандыгын байкоого болот.

-Сиздердин компанияга кытай жарандары негизинен кандай маселелер менен көп кайрылышат?

-Кытай ишкерлери тууралуу айта турган болсок, алар негизинен виза ачуу, жумушка керектүү иш кагаздарын расмий тилге которуу, нотариалдык кызматты колдонуу боюнча кайрылышат, эки тараптуу келишпеген маселелер пайда болсо, аларды чечүү жолдорун издөө багытында дагы иш алып барабыз. 

Бардыгыбыз билгендей, кытайлык жарандар Кыргызстанга келип, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, инвестиция кылып жатышат. Эки тараптын ортодо келип чыккан түшүнбөөчүлүктөрү жалпысынан, кытай ишкерлеринин Кыргызстандын мыйзамы менен жакындан тааныш болбогондугу дагы себеп болууда десем жаңылышпайм. Кытай Эл Республикасынын мыйзамы башка, биздики башка, ушундай учурларда ич ара түшүнбөөчүлүк келип чыгып, жаңылыштыктар кетип жатат. Бул жакта эки элдин менталитетинин айырмачылыктарын билүү дагы маанилүү. 

Жалпысынан юридикалык кеңеш алуу үчүн кайрылгандар абдан көп. Бирок, кээ бир учурларда биздин караган иштер сотко чейин жеткен учурлар болот. Азыркы тапта, кытай ишкерлери негизинен алтын иштетүү тармагында иштеп жатышат. Анда, кээде эки ортодо кабыл алынган келишимдер туура эмес түзүлүп калып, жергиликтүү калк менен дагы келишпестиктер пайда болгон учурлар көп кездешүүдө. Ошондой учурларда дагы, биздин кызматкерлер барып өз жардамын көрсөтүшөт. 

Мындан сырткары, кытай ишкерлери дагы азыр көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштерин колго алып, инвестиция кылып, ушул тармакта дагы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишүүдө. Кээ бир учурда, келишимдеги милдеттерди кытай тарап аткарбай койсо, кээде биз тараптан дагы катачылык кетирген учурлар кездешет. Ушундай кырдаалдарда бардыгын мыйзам чегинде аткаруу үчүн бизге кайрылышат. 

Биздин жумуш бир жагынан алганда абдан кызыктуу, бир жагынан алганда абдан катаал жана оор. Биз мындай эки тараптуу түшүнбөөчүлүк учурунда, жеке гана юридикалык жардам көрсөтпөстөн, кандайдыр бир деңгээлде дипломатиялык кызматты дагы аркалап калабыз. Анткени, биз ар бир иш ийгиликтүү аяктап, тынчтык жолу менен чечилүүсүнө кызыктарбыз. 

Мен жогоруда айтып кеткендей, көптөгөн түшүнбөөчүлүктөр мыйзамды билбестиктен келип чыгат. Мисалы, Кытайда бизнес ачуу, сырттан инвестор тартуу, ишкерлерге толук кандуу иш жүргүзүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп берүү сыяктуу ыңгайлуу шарттар мыйзам жүзүндө кабыл алынган. Өкмөт ишкерлер үчүн абдан көп мүмкүнчүлүктөр менен катар жеңилдиктерди дагы берген. Кытай Эл Республикасынын мыйзамы боюнча, Кытай Өкмөтү жергиликтүү администрацияга көптөгөн ыйгарым укуктарды берген. Алар маселени өз жеринен карап, керектүү чечимдерди кабыл алуу укугуна ээ. Ошондуктан, ал жакта иштер ыкчам бүтөт. Бизде болсо, мындай чечимдердин кабыл алынуусу үчүн бир канча убакыт керектелет. Себеби, инвестор иш баштоо үчүн бир катар мамлекеттик мекемелердин уруксатын алуусу керек. 

Бирок, азыркы тапта Кыргызстанда дагы инвесторлорго бир катар жеңилдиктерди берүү, иштерине көмөкчү болуу максатында Өкмөт тарабынан жакшы иштер аткарылып жатат. Ушул багытта жаңы мыйзамдар дагы иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке сунушталып жаткандыгын көрүп жатабыз.

Алдыда, кыргыз-кытай алакасы дагы да бекемделип, бардык тармактарда кызматташуу мамилеси өнүгөт деп ишенем. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)