WeChat      Избранное

Ош шаарында ишкерлерге мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген “Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык жарманкеси болуп өттү

23/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Ош шаарында ишкерлерге мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген “Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык жарманкеси болуп өттү

Цзя Нин мырза куттуктоо учурунда.

15-17-август күндөр аралыгында Ош шаарынын С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрында “Түштүк ЭКСПО-2018” аттуу эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеси болуп өттү. Бир нече чет мамлекеттик ишкерлер менен катар жергиликтүү ишкерлердин башын бириктирип, бир арага чогулткан бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаменти, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. 

Көргөзмөнүн расмий бөлүгүнө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаментинин өкүлдөрү, элчиликтен атайын өкүлдөр, ишкерлер келип катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Алар өз сөзүндө бул жарманкенин эл аралык байланышты бекемдөөдө ролу зор экендигин билдирип, ишкерлер үчүн дагы мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жаткандыгына токтолуп өтүштү. 

Кытай Эл Республикасынан келген делегация өкүлдөрү “Түштүк ЭКСПО-2018” жарманкесинин эки мамлекеттин кызматташтык алакасын чыңдоого чоң салым кошуп жаткандыгын, ушундай иш-чаралар абдан маанилүү экендигин баса белгилешти. 

Иш-чарага жалпысынан 36 чет өлкөлүк, 22 кыргызстандык өндүрүш компаниялары катышып, өз продукциялары менен жарманкенин катышуучуларын тааныштыра алышты. Мындан сырткары, ишкерлер үчүн дагы өз ара кызматташтык алакасын курууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

Узарбек Жылкыбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: 

“Бүгүнкү болуп жаткан жарманке дагы кызматташуу алакаларына жаңы күч, жаңы дем берет деген терең ишенич бар” 

-Эл аралык “Түштүк ЭКСПО-2018” тармактык соода жарманкеси Ош жергесинде быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Бул жарманкеге чет мамлекеттерден келип, Кыргызстан менен жакындан таанышып, өз продукцияларын дагы бизге тааныштырып жаткан меймандарыбыз көп. Алар негизинен Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Пакистан ж.б. чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү. Муну менен катар өзүбүздүн жергиликтүү ишкерлер дагы иш-чарага активдүү катышууда. 

Бул жарманке аянтчасы ишкерлер ортосунда кызматташтык алака түзүүгө, кандайдыр бир эки тараптуу келишимдерге кол коюуга өбөлгө болуп берет деп үмүттөнөм. Биз дагы өз тарабыбыздан ишкерликти колдоого, жардам көрсөтүүгө болгон аракетибизди кылмакчыбыз.

Өзүңүздөр билгендей, Ош облусу Кыргыз Республикасынын ири аймактарынын бири. Рыногу чоң. Географиялык жактан алып караганда дагы абдан ыңгайлуу жайгашкан. Чектеш аймактарына Кытай, Өзбекстан, Тажикстан дагы кирет. Башкача айтканда, соода-сатык иштерин жүргүзүүгө абдан ыңгайлуу болуп эсептелет. 

Мындан сырткары, бул жактан ишканаларды ачууга, өндүрүш иштери менен алектенүүгө бардык шарттар каралган. Өкмөт дагы жаңы кызматташууларга, чет мамлекеттер менен алакаларды бекемдөөгө ар дайым кызыктар. Ошондуктан, биз ар тараптуу колдоого дайым даярбыз. Буга чейин дагы көп-көп жолугуушулар болгон, иш-чаралар өткөрүлгөн. Бүгүнкү болуп жаткан жарманке дагы кызматташуу алакаларына жаңы күч, жаңы дем берет деген терең ишенич бар. 

Ош шаарында ишкерлерге мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген “Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык жарманкеси болуп өттү

Саибжан Турдуев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри: 

“Түштүк ЭКСПО-2018” жарманкеси- ата мекендик жана чет өлкөлүк компаниялар үчүн бизнес аянтча катары түштүк борборунун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берет” 

-Түштүк ЭКСПО-2018” жарманкеси-эл аралык маанидеги ири адистештирилген жарманкелерди өткөрүүдө, ата мекендик жана чет өлкөлүк компаниялар үчүн бизнес аянтча катары түштүк борборунун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берет деп терең ишенем. 

Убакыттын өтүшү менен, Бишкек шаары гана эмес, Ош шаары дагы потенциалдуу инвесторлордун, жакынкы жана алыскы чет өлкөлдөрдөн келген ишкерлердин көңүл борборунун обьектисине айланууда. Алар негизинен, соода-сатык, кайра иштетүү, курулуш жана энергетика тармактарына кызыктар. Бизде, жергиликтүү ишкерлерден башка Кытай Эл Республикасы, Белоруссия, Өзбекстан ж.б. мамлекеттердин ишкерлери тарабынан өндүрүлгөн продукциялар көргөзмөгө коюлуп, ар тармактуу ишканалардын өндүрүш иштери менен таанышып, кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп турат. 

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, бүгүнкү жарманкени уюштурган Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаментине, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө чын дилимден терең ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Муну менен бирге элибиздин, мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулуусу үчүн тынымсыз, талыкпай зор салымын кошуп келе жаткан ишкерлердин иштерине дагы ийгилик каалайм. 

Мансурова Надира, Евразия өнүктүрүү банкынын Монголия жана Борбордук Азиянын Кичи жана орто бизнести каржылоо жана өнүктүрүү боюнча департаментинин өкүлү: 

“Кыргызстандын түштүк аймактарында 300дөн ашуун долбоорлорду жүзөгө ашырдык” 

-Бүгүнкү болуп жаткан саамалык бардыгыбыз үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан алгач, ушундай иш-чараны уюштуруп, өткөрүп берип жаткан уюштуруу тобуна ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Биз дагы бир сыйра жарманкени кыдырып чыктык, ар тараптуу, бардык кардарлардын купулуна толо турган продукциялар бар экен. Биздин департамент дагы бир катар кызматташуу келишимдерин сунуштай турган потенциалдуу ишкерлерди белгилей алды. 

Биздин банк Кыргызстанда 1997-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ушул жылдар аралыгы көптөгөн жумуштар аткарылды, бир катар инвестициондук долбоорлор ишке ашты. Кыргызстандын түштүк аймактарын ала турган болсок, бүгүнкү күнү 300дөн ашуун долбоорлорду жүзөгө ашырдык. 

Муну менен катар биз аймактарда инвестициондук абалды жакшыртуунун үстүнөн дагы иштеп келебиз. Биз ар качан кызматташууга даярбыз, орто жана чакан бизнес ээлерин колдоо менен катар, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө багытталган бир катар долбоорлорду дагы аткардык. Бүгүнкү өтүп жаткан иш-чара дагы жемиштүү болуп, эки тараптуу кызматташуу мамилелерин чыңдай алабыз деп үмүттөнөм. 

Рима Апасова, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти: 

“КРнын Соода-өнөр жай палатасы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата активдүү кызмат көрсөтүп келет” 

-“Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеси алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн кайратман ишкерлерин бир арага чогултуп, алардын жергиликтүү ишкерлер менен тыгыз кызматташтык алакасын түзүүгө өбөлгө болуп жатат. Ошондуктан, жарманкенин мааниси абдан зор. 

Бизге коңшу жайгашкан Кытай Эл Республикасы менен болгон соода-сатык ж.б. тармактардагы мамилелерибиз жылдан-жылга өнүгүп жатат. Бул көргөзмөгө Синьцзян Уйгур автономдуу районунун Кашгар аймагынын компаниялары дагы келишти. Ошондой эле жолдун алыстыгына карабастан Пакистандан да ишкерлер келип, өз продукциялары менен катышып отурушат. Бүгүнкү иш-чарага жалпысынан алты мамлекеттин ишкерлери катышууда. Алыстан келген бардык меймандарыбызга ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Муну менен катар жергиликтүү өзүбүздүн ишкерлер дагы ушундай жарманкелерге активдүү катышып, аймактар аралык кызматташуулар дагы өөрчүүдө. 

КРнын Соода-өнөр жай палатасы, Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялаган жарлыгына ылайык көптөгөн иш-чараларды өткөрүп, аны жүзөгө ашыруу үчүн активдүү кызмат көрсөтүп келет. Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан жарманке дагы ушул аткарылган иштердин бир багыты десем жаңылышпайм. Жарманкенин жыйынтыгында бир катар келишимдер түзүлүп, алар ийгиликтүү ишке ашат деп ишенем. 

Сун Лицюнь, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу: 

“Бул жарманке ар башка мамлекеттердин ишкерлеринин башын бириктирип, жакындан таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө” 

-Бүгүн бардыгыбыз үчүн мыкты саамалык болуп отурат. Дал бүгүн бардыгыбыз күткөн “Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык ар тараптуу көргөзмө-жарманкеси болуп жатат. Ушундай жогорку деңгээлдеги эл аралык мыкты жарманкени өткөрүп жаткан уюштуруу тобуна терең ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Бул жарманке ар башка мамлекеттердин ишкерлеринин башын бириктирип, бир-биринин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Муну менен катар, бул иш-чара ишкерлер ортосундагы кызматташтык алаканы дагы чыңдап, жаңы келишимдерди түзүүгө дагы мыкты себепкер болмокчу. 

Учурдан пайдаланып, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун атынан чын дилимден “Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык жарманкесинин ачылышы менен бардык катышуучуларды куттуктайм. Иштериңиздер ийгиликтүү болсун!

Цзя Нин, Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын Эл Өкмөтүнүн Генералдык секретарынын орун басары: 

“26 жыл аралыгында өнүгүп келген кыргыз-кытай дипломатиялык алакасы бүгүнкү күнү өзүнүн жемишин берип жатат” 

-Мен бүгүнкү Кыргызстандын бирден-бир кооз шаары болгон Ош жергесинде уюштурулуп, өткөрүлүп жаткан “Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык жарманкесинде катышып жаткандыгым үчүн абдан кубанычтамын. КЭРдин Ганьсу провинциясынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан ушул иш-чараны уюштурган КРнын Ош облусунун администрациясын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаментин жана жалпы эле катышуучуларды жарманкенин ачылышы менен чын дилимден куттуктайм. Бизди дагы чакырып, меймандос Ош жергесинде тосуп алганыңыздар үчүн терең ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

26 жыл аралыгында бекемделип, өнүгүп келген кыргыз-кытай дипломатиялык алакасы бүгүнкү күнү өзүнүн жемишин берип жатат. Буга КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун июнь айындагы Кытай Эл Республикасына болгон мамлкеттик сапары толук далил болуп бере алат. Ушул мамлекеттик сапар алкагында, эки өлкөнүн жетекчилери ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Мына ушул кадам дагы Ганьсу провинциясынын Кыргызстан менен кызматташуусуна өз салымын кошту. Муну менен катар “Бир алкак-бир жол” долбоору дагы эки мамлекеттин мамилесин бекемдеп, өнүктүрүп келет. 

Чындыгында, Ганьсу провинциясы менен Ош облусунун кызматташтык алакасы мурунтан эле башталган. 2012-жылы, КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков, ал учурда Ош шаарынын губернатору кезинде Ганьсу шаарына болгон кыргыз делегациясынын башында болуп, бизге келип кеткен. Ошол кезде, расмий түрдө Ганьсу менен Ош жергесинин ортосунда достук келишими түзүлүп, кол коюлган. Ошондон бери, эки аймак ортосунда соода-сатык, туризм, маданий, экономикалык алакалар бекемделип, өнүгүп келүүдө. Алдыда, айыл-чарба тармагында дагы алакаларды бекемдеп, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. тармактарда да биргеликте иш алып баруу иштери каралууда. Биздин провинциядан дагы ишкерлер бүгүнкү жарманкеге катышып жатышат. Алар дагы өздөрүнө өнөктөш таап, эки тараптуу келишимдерди түзүп кетет деп ишенем. 

Ош шаарында ишкерлерге мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген “Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык жарманкеси болуп өттү

Чжан Цян, КЭРдин Синьцзян Уйгур автономдуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун губернаторунун орун басары: 

“Кыргызстан Кытай Эл Республикасынын стратегиялык өнөктөшү болуп эсептелет” 

-Бүгүн биз абдан кооз, ары меймандос Ош шаарында “Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык жарманкесинде сиздер менен жолугушуп, катышып жаткандыгыбызга абдан кубанычтабыз. Алды менен мен Кытай Синьцзян Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун Эл Өкмөтү атынан жарманкенин ачылышы менен бардыгыңыздарды кызуу куттуктайм. 

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кыргызстан Орто Азиядагы орчундуу мамлекеттердин бири. Муну менен катар Кыргызстан Кытай Эл Республикасынын стратегиялык өнөктөшү болуп эсептелет. Байыркы Улуу Жибек жолу дагы кыргыз-кытай элдерин тыгыз байланыштырып келген. Кызыл-Суу облусу Жибек жолу экономикалык алкагынын негизги орчундуу дарбазасы болуп саналат. 

“Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында Кызыл-Суу району дагы Кыргызстандын чектеш жайгашкан аймактары менен кызматташтык алакасын бекемдеп, өөрчүтүп келет. Экономика, соода-сатык, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. тармактарда дагы эки элдин алакасы күчөөдө. Бүгүнкү болуп жаткан эл аралык жарманке дагы ушундай кызматташуулардын өнүгүүсүнө зор салымын кошмокчу. Бардыгыңыздарга ийгилик каалайм!

Ань Годун, Кыргызстандагы Кашгар административдик башкаруу округунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси: 

“Биз Кыргызстан менен иштешүүгө абдан кызыктарбыз” 

-Мен алгач бүгүнкү иш-чараны уюштурган кыргыз тарапка чоң ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Кашкар Кыргызстан менен чектеш чек ара тилкесине ээ болуу менен бирге, мурунтан бери маданий жана экономикалык тыгыз байланышта болгон салттуу алакага эгедер. Торугарт жана Эркечтам байыртадан бери Улуу Жибек жолунда жайгашкан маанилүү өтмөктөрдөн болуп эсептелет.

Акыркы жылдары, эки өлкө ортосундагы жана жарандар арасындагы тыгыз байланыштын арты менен ар тараптуу кызматташтыктар бекемделип, саясат, экономика, соода-сатык жана маданият тармактарында жогорку деңгээлде өнүгүү болуп жатат. Кашгар аймагы Ош жана Баткен облустары менен кызматташтык мамилесин өнүктүрүп келет.

Бул эл аралык жарманкеге Кашгардын ири компаниялары өз продукцияларын алып келди. Чындыгында биз Кыргызстан менен иштешүүгө абдан кызыктарбыз. Бардыгыбыз билгендей Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Ошондуктан, Кыргызстандын рыногу беш өлкөнү камтып турат. Кытайдан кандайдыр бир продукциялардын керектүү жабдыктарын гана алып келип, Кыргызстанда чогултуп, өндүрүш иштерин бул жакта жайгаштыра турган болсок, анда “Кыргызстандан өндүрүлгөн” (made in KG) деген ат менен Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге, бажы төлөмү жок киргизгенге мыкты мүмкүнчүлүк пайда болмокчу. 

Мындан сырткары, ал продукциялардын баасы бир канча эсе арзанга түшмөкчү. Биз Кашгар округунан Кыргызстанга ушундай техникалардын, ар тараптуу продукциялардын жабдыктарын алып келип берүүгө даярбыз. Бизге Кыргызстандан өнөктөштөр гана керек. Ошондуктан, ушул багытта кызыккан ишкерлер болсо, бирге кызматташууну сунуштайт элек. Бүгүнкү жарманкенин мааниси абдан зор. Жыйынтыгы ийгиликтүү болот деп ишенем. 

Ош шаарында ишкерлерге мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген “Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык жарманкеси болуп өттү

Кебекбаев Мырзамамат, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын “Түштүк-Экспоцентр” борборунун жетекчиси, уюштуруучу: 

“Быйыл жарманкеге жалпысынан 36 чет өлкөлүк, 22 жергиликтүү ишканалар катышып жатышат”

-“Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык жарманкеси быйыл 2-жолу уюштурулуп жатат. Былтыр бул иш-чара сентябрь айында өткөрүлгөн. Ага дагы алты мамлекеттен келген ишканалар катышып, өз продукциялары менен көргөзмөгө катышып кетишкен. “Түштүк ЭКСПО-2017” жарманкесинин жыйынтыгында 28млн 700миң долларга келишим түзүлгөн. Мына ушунун негизинде биз, бул керектүү, пайдалуу иш-чара экендигин, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө дагы кошумча шарт, мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрүн түшүнүп, быйыл дагы өткөрүп жатабыз. 

Быйыл жалпысынан 36 чет өлкөлүк, 22 жергиликтүү ишканалар катышып жатышат. Бул эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкенин башкы максаты болуп, сырттан өнөктөштөрдү табуу, эл аралык мамилелерди чыңдоо жана ушул жарманке аянтчасында ишкерлер өз ара баарлашып, тажрыйба алмашуусуна, кызматташуу келишимдерин түзүүсүнө өбөлгө болуу болуп саналат. Мындан сырткары, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана биздин продукцияларды дагы чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу дагы башкы максаттарыбыздын бири десем жаңылышпайм. 

Сөз соңунда, сиздердин гезитке дагы ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Былтыр өткөрүлгөн “Түштүк ЭКСПО-2017” эл аралык жарманкеси тууралуу кытай ишкерлери сиздердин гезиттен окуп, быйыл биз менен байланышышты. Сиздер эки элдин достук мамилесин гана чыңдабастан, маалымат алмашуу айдыңында дагы зор роль ойноп жатасыздар. Иштериңиздерге ийгилик каалайм!

Дамира Кампабекова, “Дордой дары” ЖЧКсынын жетекчиси, ишкер айым: 

“Ат-Башы аймагында дары чөптөр менен алектенген “органикалык аймак” деп атайын цехти ишке киргизүүнүн алдында турабыз”

-Мен Нарын облусунун Ат-Башы районунан келдим. Бугүнкү жарманке бардык ишкерлер үчүн абдан маанилүү. Себеби, бул жактан жеке гана өзүбүздүн продукцияларыбызды таанытпастан, чет өлкөлүк ишкерлер менен дагы байланыш түзүп, кызматташууга мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат.

Биздин “Дордой дары” фирмабыз бал өстүрүү менен катар дары чөптөрдү терип, кургатып, элдин саламаттыгын табийгый жол менен дарылоого өз салымыбызды кошуп келебиз. Мен бул тармакта 30 жылдан бери эмгектенем. Эми аз күндө, Ат-Башы аймагында дары чөптөр менен алектенген “органикалык аймак” деп атайын цехти ишке киргизүүнүн алдында турабыз. Жетекчибиз Аскар Салымбековдун колдоосунун алдында Кытайдан заманбап техникалык жабдыктар алынып келинген. Ал жабдыктар негизинен чөптөрдү кургатууда, тууроодо колдонулмакчы. Продукцияны таңгактоочу дагы атайын техникалык жабдыктар келди. 

Бул цех ишке кирип калса, кошумча жумуш орундары дагы түзүлмөкчү. Азыркы тапта, ушул техникалык жабдыктарды орнотуп, ишке киргизүү үчүн Кытайдан атайын адисти күтүп жатабыз. Чөптөрдү негизинен бийик тоолуу жерлерден терип келебиз, жана дагы өзүбүз айдап өстүрөбүз. Мына, ушундай дары чөптөрүбүз менен бүгүнкү иш-чарага катышып жатам. Жарманке жемиштүү өтүүдө. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)