WeChat      Избранное

Данакер Нурлан уулу: “Кытай жергесинде билимим менен катар спорттук чеберчилигимди дагы жогорулаттым”

30/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Данакер Нурлан уулу: “Кытай жергесинде билимим менен катар спорттук чеберчилигимди дагы жогорулаттым”

Нурлан уулу Данакер.

Учурда, жеке гана дүйнө жүзүндө эмес, Кыргызстанда дагы кытай тилине болгон кызыгуу күндөн-күнгө күч алып, “кыргыз-кытай достук көпүрөсүн” бекемдей турган жаштарыбыз арабызда көбөйүүдө. Биз дүйнө тааным рубрикабызда дал ушундай студенттерибиз тууралуу жазып, коңшу мамлекеттен билим алып, өзүнүн тырышчаактыгы, мыкты окуусу жана үлгүлүү жүрүш-турушу менен аты чыккан кыргызстандык жаштарыбызды окурмандарыбызга таанытып келебиз. 

Бүгүнкү биздин мейманыбыз дагы Ички Кытайда билим алып жеке гана билим жаатында эмес, спорт тармагында дагы мыкты ийгиликтерди багынтып келген Данакер Нурлан уулу. Данакер биз менен Кытай жергесиндеги окуялары менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп берди.

-Данакер, алгач, өзүң тууралуу маалымат берип кетсең? 

-Мен Бишкек шаарында төрөлгөм, бирок үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу Ысык-Көл облусунда чоңойгом. Тактап айтканда, 7 жашыма чейин чоң ата, чоң энемдин колунда тарбияланып, мектеп жашыма келгенде өз ата-энемдин жанына келгем. Ошентип, Каракол шаарында №3 орто мектепте билим алып, 7-класста Токтогул мектеп-интернатына которулуп, окуумду ал жактан уланткам. 

-Кытай тилин үйрөнүүңө эмне түрткү болду?

-11-классты аяктаган соң, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Тарых факультетине өткөм. Чындыгында, мектепте окуп жүргөн кезимде эле, менин өзүмө гуманитардык багыт жакын келип, тарых изилдөө иштери дагы абдан кызыктырчу. Ошентип, тарых факультетинин ичинен Аймак таануу багытында билим алуумду уланттым. 

Аймак таанууда Кытайды тандап, коңшу элдин тилин, маданиятын жана тарыхын тереңдеп үйрөнө баштадым. Кытайды канчалык тереңдеп үйрөнгөн сайын, аны дагы да жакындан таанып, кытай тилин жакшылап өздөштүрүү тилеги пайда болду. Мен 2-курска келген кезимде, университетте Конфуций классы ачылып калды. 

Ошентип, өз максатымды жүзөгө ашыруу үчүн Конфуций классына которулуп кеттим. Ал жактан билим алуу менен бирге, Кытай жергесинде окуумду улантуу үчүн атайын окуу программаларын изилдей баштадым. Соңунда, “21-кылымдын кадрлары” программасынын негизинде Кытай Эл Республикасында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. 

-Ошондо, Кытай Эл Республикасынын кайсы шаарларынан билим алдың?

-Алгач, Хубэй провинциясынын Ухань шаарында бир жыл окудум. Кийинки жылдары болсо, Нинся провинциясынын Иньчуань шаарында студенттик күндөрүмдү өткөрдүм. 

Ухань шаары элинин жыштыгы, көз мелжиткен имараттары менен мени абдан таң калтырган. Шаар калкынын саны 9 миллион. Ошондуктан, Каракол шаарынан барган студентке өзгөчө таасир калтырган десем жаңылышпайм. Университет дагы заманбап техникалык жабдыктар менен жабдылып, студенттердин татыктуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Окуу системасындагы талап абдан күчтүү болчу. Сабакка себепсиз келбей же болбосо кечигип келгендерге айып пул салынчу. 

Мен, ушул бир жыл аралыгында сабактан 3 жолу гана калгам. Экөөсү ден соолугума байланыштуу болсо, бирөөсүндө Кыргызстандан досторум келип калып суранып кеткем. 

Уханьда бир жыл бою кытай тилин тереңдеп үйрөнүп, жыл аягында кытай тилинин деңгээлин аныктоочу сынакка катыштым. Кытайга окууга барган программанын талабы боюнча, биз бир жылда кытай тилинин 4 деңгээлин тапшыруубуз зарыл болчу, ошондо гана калган 4 жылдык окуубузду бюджеттик негизде уланта алмакпыз. Мен ал сынакты ийгиликтүү тапшырып, окуумду бекер улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. 

Данакер Нурлан уулу: “Кытай жергесинде билимим менен катар спорттук чеберчилигимди дагы жогорулаттым”

"Дүйнө туристтерин өзүнө тарткан-Улуу Кытай сепили".

Ошентип окуум Иньчуань шаарында уланды. Ал аймак дунгандардын автономдуу провинциясынын аймагы болуп саналат. Мен алгачкы барып тааныган Иньчуань менен азыркы таптагы Иньчуаньды салыштырып болбойт. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Кытай Өкмөтү акыркы жылдары аймактарды өнүктүрүү, ички туризмди өөрчүтүү программаларынын алкагында бул аймакка акча-каражат жагынан колдоону жогорку деңгээлде көрсөтүп, заңгыраган заманбап мегаполис шаарга айлантып салды. Бүгүнкү күнү дагы бул аймак өзгөрүүнүн жана өнүгүүнүн үстүндө. 

Негизинен бул жерди Кытайдын ичиндеги “араб борбору” десек да болот. Биз менен чогуу окуган чет өлкөлүк студенттердин 90%ы Араб өлкөлөрүнөн келген студенттер. Ошондуктан, араб тилин өздөштүрүп жаткан кытайлар, ушул шаарга келип арабча үйрөнүшөт. Бардык эле Кытайдын шаарлары сыяктуу Иньчуань дагы өзүнүн ажайып жерлерине бай. Тарыхый жерлер дагы көп кездешет. 

-Кытай жергесинде кандай жетишкендиктерге жеттиң, спорт тармактарында дагы багындырган ийгиликтериң тууралуу айтып берсең?

-Кытайга барган биринчи жылы спортко жана коомдук иштерге дагы катыша алган жокмун. Жалгыз гана тилди тереңдеп өздөштүрүү менен алек болдум. Экинчи жылы болсо, ал жактан “Патриот KG” аттуу студенттердин уюмунун негиздөөчүлөрдүн бири болуп, жетектеп, коомдук иштерге дагы активдүү катыша баштадым. Муну менен эле катар, спорт менен дагы машыгып, ушу-саньда, тай боксу жана бокс багыттарында өзүмдүн чеберчилигимди жогорулаттым. Спортто 3 жыл катары менен машыгып, бир топ таймаштарга катыштым. 

Биринчи жылы провинциянын ичиндеги мелдешке катышып, ал жактан ушу-саньда боюнча 2-орунга ээ болдум. Кийинки жылдары, университеттер аралык турнирде дагы 3 жыл катары менен 60 кгдык салмакта 1-орунду эч кимге берген жокмун. Мындан тышкары, 2 жыл бою тай боксу менен университеттин сыртындагы дагы таймаштарга катышып, алдыңкы орундарды камсыз кылып келдим. 

Чындыгында, кытай жергесиндеги студенттик күндөрүм абдан кызыктуу жана жемиштүү өттү десем жаңылышпайм. 

Данакер Нурлан уулу: “Кытай жергесинде билимим менен катар спорттук чеберчилигимди дагы жогорулаттым”

"Спорт менен машыгуу көптөгөн ийгиликтерди алып келди".

-Кытай тилин үйрөнүп, ал жакка окууга кетип жаткан студенттерге кандай кеңештерди берет элең?

-Чындыгында, кытай тилин үйрөнүү оңой эмес, бирок каалоо күчтүү болсо, бардык тилди мыкты өздөштүрүүгө болот. Кытай тили, биз билген англис тилиндей же башка чет тилдердей кандайдыр бир формулага салынып, үйрөтүлбөйт. Бул жакта иероглифтерди жаза билүү, маанисин түшүнүү башкы орунда турат. Ал эми, иероглифтерди жазып жаттоо ар кимдин кабыл алуу жөндөмдүүлүгүнө жараша болот. Кээ бир студентке аны бир эле жолу жазып, үйрөнүп алуу жетиштүү болсо, кээ бирине бир барак толтуруп жазып чыгуу керектелет.

Мындан тышкары, чет тилдерди үйрөнүүдө сөзсүз түрдө практика керек. Мен дагы кытай тилин жакшылап өздөштүрүү үчүн бир нече жерден практика өттүм. Кытай жергесинде практикада жүргөндө, айлык алгандай эле жакшы төлөп беришет. Ошондуктан, бул бардык жагынан пайдалуу десем болот. Мен негизинен, саламаттыкты сактоо тармагында котормочулук иштерин аркалап жүрдүм. 

Ал эми, Кытайга барчу студенттерге айта турган кеңешим, учурда, Кыргызстанда ал жакта окуп же окуусун аяктап келген жаштар көп. Ошолор менен байланышып, ар бир шаар тууралуу кенен маалымат алуу пайдалуу болот деп ойлойм. Биздин убакта мындай мүмкүнчүлүк аз болчу. 

Ар бир студентке Кытайдан чакыруу кагазы келгенде, ошол баракчанын арт жагында, окууга өткөн университеттин байланыш телефондору же электрондук даректери жазылган. Ошолор аркылуу байланышып, Кытайга келчү күнүн так айтып коюулары керек. Мыйзам боюнча, Кытай тарап гранттык негизде өткөн бардык чет өлкөлүк студенттерди аэропорттон тосуп алууга милдеттүү. 

Анан эң негизгиси, чет жерден келген студенттер Кытайдын мыйзамын сыйлап, коомдук иштерге активдүү катышып, окуусун жакшы өздөштүрүүсү башкы шарт. 

“Чакыруу кагазын жакшылап карап албай, башка шаарга адашып барып калгам” 

Кытай жергесинде көп эле кызыктуу окуялар болду. Негизи студенттик жашоо өзү эле абдан кызык болот эмеспи. Ал эми, менин эң эле эсимде калган окуям катары бул-Кытайга болгон эң алгачкы сапарымды айтсам болот. 

Мага Кытайдан окууга чакыруу кагазы келгенде, ал жакта эки Ухань жана Иньчуань шаарларынын аты жазылып турган экен. Негедир ага көңүл бурбай эле, Иньчуань шаарына билет алып, сентябрда ал жакка барып калдым. Университеттин Эл аралык студенттер менен иштешүү бөлүмүнө келсем, ал жакта иштеген кызматкерлер күлүп: “Сен бул жакка кийинки жылы келесиң, бул жылы Уханьда окуйсуң”,-деп калышты. Ошентип, чакыруу кагазын жакшылап карап албай, башка шаарга адашып барып калгам. 

Ал жактан, Уханьга кетүү үчүн самолеттун билети дагы калбай калып, поезд менен кетүүгө туура келген. Поезд менен кеткенде дагы жатууга орун жок болуп, 42 саат бою отуруп кеткем. Ошентип, алгачкы барганда эле Кытайды бардык жагынан тааныдым десем болот. Поездде ар түрдүү адамдарга жолуктум, өмүрү көрбөгөн жерлерди кыдырып өттүм. 42 саат бою отуруп барган сапарым абдан таасирдүү жана кызыктуу болгон. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)