WeChat      Избранное

Марат Аманкулов: “Көк бөрү оюну-Кытайда дагы жылдан-жылга өнүгүп, өсүп жаткандыгын көрүүгө болот”

13/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Марат Аманкулов: “Көк бөрү оюну-Кытайда дагы жылдан-жылга өнүгүп, өсүп жаткандыгын көрүүгө болот”

Ар бир элди бир-биринен айырмалап, өзгөчөлөнтүп турган бул-каада-салт, маданият, тарых жана улуттук оюндар. Күжүрмөн кыргыз элинин жашоосунда улуттук оюндар башкы орунду ээлеп, өзгөчө, көчмөн жашоону башынан өткөргөн биздин элде ат оюндары кеңири жайылгандыгы бардыгыбызга белгилүү. 

Бул ат жалындагы оюндар, бир жагынан жүрөгүндө жалыны бар эр азаматтардын эл арасынан суурулуп чыгуусуна көмөкчү болсо, экинчи жагынан күчкө толуп-ташып турган жигиттерди машыктырып, каруусуна дагы күч топтоого, шамдагайлыкка үйрөтүүгө өбөлгө болуп келет. 

Мына ушундай эрендерди тарбиялап чыккан кыргыздын улуттук оюндарынын бири-көк бөрү. Бул оюнду ата-бабабыз байыртан аздектеп ойноп, муундан-муунга өткөрүп келген. Бардыгыбыз билгендей көк бөрү оюну тээ байыртан бери эле кыргыз жигиттеринин кан-жаны менен бирге бүткөн улуттук оюн. 

Бүгүнкү күнү дагы биздин жашоо-турмушубузда көк бөрүнүн орду өзгөчө. Кырчылдата кыл чайнашкан бул оюн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында дагы кыргызды дүйнөгө таанытып, белгилүү кылып келет. 

Мына дал ушул кыргыздын улуттук оюну көк бөрү боюнча бизге Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын Улуттук оюндар дирекциясынын көк бөрү боюнча тренер-методисти Марат Аманкулов кенен маалымат берип, алдыда келе жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болуп жаткан даярдыктар менен дагы ой бөлүштү. 

-Марат агай, алгач Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын тарыхы, түптөлүшү тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз?

-Көк бөрү федерациясы алгачкы жолу Кыргызстанда 1998-жылы 27-июнда ачылган. Анын ачылыш аземи Туңгуч театрында болуп өткөн. Жер-жерлерден дагы көптөгөн катышуучулар келип, иш-чара абдан жогорку деңгээлде өткөрүлгөн. Ошондо, Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын туңгуч президенти болуп Болот Шерниязов шайланган. 

Негизи эле, өлкөбүздө көк бөрүнүн өнүгүүсүнө, аны эл аралык деңгээлге көтөрүүгө, заманбап эрежелерди түзүүгө эң көп салым кошкон кыргыздын чыгаан уулдары катары Болот Шерниязовду, кыргыздын залкар кинорежиссеру Болот Шамшиевди, убагында көк бөрү федерациясынын башкы катчысы болуп жүргөн, белгилүү кинорежиссер Темир Дүйшекеевди, кыргыздын белгилүү ишкери, коомдук ишмер Аскар Салымбековду атап кетсек болот. Булар менен катар кино жана театр артисти Асылбек Өзүбековду дагы белгилеп кетүү керек. Ал өзү көк бөрү оюндарынын алгачкы комментатору катары дагы эл арасында белгилүү. 

Мына ушул, 4-5 киши кыргыздын көк бөрүсүн топтоп, түптөп эл аралык деңгээлге алып чыгууга тынымсыз эмгек кылып, Совет бийлиги учурунда белгилүү бир себептерден улам көңүл бурулбай калган улуттук оюндун кайра жаралуусуна зор салым кошушкан. 

-Көк бөрү оюнунун заманбап эрежелерине токтолуп, окурмандарыбызга ушул багытта маалымат бере кетсеңиз?

-Көк бөрү оюнунун эрежелери тууралуу айта турган болсом, оюн талаасынын узундугу 200 метрди түзсө, туурасы 70-80 метр болот. Бардыгыбыз билгендей, талаанын эки тарабына тай казандар салынат. Ар бир командада 12 оюнчу, 12 ат болот. Таймаш мезгилинде ар бир тайпадан төрттөн гана оюнчу ойноп, алар катары менен алмашып турушат. Оюнда атаандаштар ат менен бири-бирин койдурмай, урдурмай, камчы чапмай жок. 

Оюндун алдында улакчылардын аттары дагы текшерилет. Оюн башталып аяктаганга чейин оюнчулар алдындагы аттарын алмаштырууга укуктары жок. Эгерде, тайпада аттардын алмашылгандыгы билинип калса, анда ал команда автоматтык түрдө жеңилет. Оюн жалпысынан 3 бөлүк менен өтөт. Ар бир бөлүк 20 мүнөткө созулуп, арасында 10 мүнөттөн эс алууга убакыт берилет. 

Эгерде, оюнчу кандайдыр бир эрежелерди бузса 2 мүнөттөн 5 мүнөткө чейин оюндан четтетилет, ал эми эреже одоно түрдө бузулуп, анын себебинен башка бир оюнчу жаракат алса, анда эрежени бузган оюнчу оюндун аягына чейин таймашка катышуу укугунан ажыратылат. 

Улакчылардын алдыдагы аргымактары теппей, тиштебей турган аттар болушу керек. Үзөңгүлөрүндө учтуу темирлердин болбоосу абзел, эрежеге жараша туяктарындагы така жалпак жана жука болуусу зарыл. Негизинен башкы эрежелер ушундай. Анан албетте, атаандаштарынын тай казанына улакты эң көп таштаган тарап жеңүүчү болуп аталат. 

-Көк бөрү оюнундагы аргымактардын ролу кандай?

-Көк бөрүдө аттардын ролу абдан маанилүү. Ар бир оюнчунун өзүнө көнгөн, бирге машыккан аты болот. Аттар дагы тапталып, оюн үчүн атайын даярдалат. Көк бөрү үчүн аттарды таптоо ыкмаларын билген күчтүү саяпкерлерибиз бар. 

Жогоруда айтып кеткендей аттар оюн учурунда теппей, тиштебей таймашка катышуусу керек. Мындан сырткары, улакты эңип алган соң, ат ушунчалык күүлөнүп барып туруп, так тай казанга жеткен мезгилде токтоп калуусу зарыл. Мына, ушул сыяктуу ыкмаларды билген, күчтүү, күлүк, акылдуу аргымактар ээлери менен бирге оюнду дагы көркүнө чыгарышат. 

Бардык оюндар сыяктуу эле, көк бөрү таймашынын дагы тактикасы бар. Ар бир оюнчу өзүнүн атаандашын кармап, жолун тосуп, улакка жакындатпаганга аракет кылат. Бул жерде дагы оюнчунун атынын мааниси абдан зор. Аттар дагы ээсине жардам берип, кадимкидей тирешип, атаандашына жол бербегенге аракет кылат.

Командалардын, оюнчунун дагы өздөрүнө ылайык келген ыкмалары бар. Оюн башталганда, улак талаанын дал ортосуна ташталат. Мына, ошол жерден улакты эңе турган жигит, жана анын аты дагы өзүнчө даярдалып, машыктырылат. 

-Улак тартууда улактын ордуна муляж болобу, же улактын өзүн тартышабы?

-Жогоруда, айтып кеткендей 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясы ачылбадыбы. Ошол мезгилден баштап, оюндун эрежелери талкууланып, эл аралык деңгээлге алып чыгууга ылайыкталып, даярдала баштаган. Бул жерде, кыргыздын чыгаан кинорежиссер Болот Шамшиевдин кошкон салымы зор. Ошондо, кабыл алынган эреже боюнча көк бөрүдө муляж ойнотулбайт. Жалгыз гана улак тартылат. 

Бул жерден айта кетчү нерсе, тартылган улактын салмагы 32 килограммдан кем, 35 килограммдан ашык болбоосу абзел. Бирок, аба-ырайына байланыштуу жаан-чачын же болбосо кандайдыр бир оюнга тоскоол болчу шарттар болуп калса, улактын салмагы 30 кгга чейин азайтылышы мүмкүн. Ал эми, оюнчуларда жаш чектөөлөр жок. Эгерде, күүлүү-күчтүү, шамдагай, тажрыйбасы мол оюнчулар болсо, жаш өзгөчөлүктөрүнө карабастан эле таймашка катыша беришет. 

Марат Аманкулов: “Көк бөрү оюну-Кытайда дагы жылдан-жылга өнүгүп, өсүп жаткандыгын көрүүгө болот”

-Эми кеп нугун, жакында боло турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бурсак. Көк бөрү таймашы-Көчмөндөр оюндарынын башкы жүзү болуп калды десек дагы жаңылышпайбыз. Быйыл бизде даярдык кандай, Кыргызстандын атынан чыкчу көк бөрү командасы кандай түзүлдү?

-Ооба, учурда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн биздин командада даярдыктар абдан кызуу жүрүүдө. Кабыл алынган чечим боюнча, быйыл Нооруз майрамынын жана 9-май Жеңиш күнүнүн урматына карата өткөрүлгөн көк бөрү оюндарынын жыйынтыгы боюнча курама команда түзүлдү. 

Көк бөрүчүлөр арасында Ноорузда жеңишке жеткен Таластын “Ынтымак” тобунан беш бала курама командага тандалып алынды. Ал эми, 9-майда өткөрүлгөн оюнда Оштун “Достук” командасы баш байгени багынткан. Ошондуктан, алардан төрт бала курама командага кирди. Ал эми, калган үч орунду Чүй жергесинин Сары-Өзөн командасынын мыкты оюнчулары толуктады. Ошентип, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча Кыргызстандын намысын коргоочу курама команда толугу менен түзүлүп, таймашка даярдык көрүлүп жаткан учур. 

Балдарды даярдап, машыктыруу үчүн команданын жетекчиси болуп Туташев Мыктыбек бекитилди. Ал өзү “Достук” командасынын башчысы. Курама команданын Башкы машыктыруучусу кылып Кудайбергенов Рамисти дайындадык. Ал өзү Таластан болот. Өткөн айда, Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын күчү менен балдарыбыз 12 күн Чуңкурчакта биринчи даярдыгын көрүп келишти. 

Учурда болсо, курама команда Чолпон-Атада Ипподромдун жанында машыгуу иштерин жүргүзүп башташты. Ал жакта толугу менен бир ай бою көк бөрү оюнуна даярдыктар көрүлмөкчү. Мына, учурда ушундай кызуу даярдыктар жүрүүдө. 

-Көк бөрү оюну кытайлык кыргыздарда канчалык деңгээлде өнүккөн, аларда күчтүү улакчылар барбы?

-Кытайлык кыргыздарда көк бөрү оюну сакталып, аш-майрам тойлордо ойнотулат. Акыркы жылдары, алар дагы көк бөрү боюнча эл аралык таймаштарга катышып, өз күчтөрүн сынап жүрүшөт. Кыргызстанда өткөрүлүп келген 1-2 Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Кытай дагы катышкан. Негизинде Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун ал-күчкө толуп турган жигиттеринин оюндарына күбө болуп жүрөм. 

Былтыр Астана шаарында болуп өткөн “ЭКСПО-2017” көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде казак тарап кокпар (ред.: казактар көк бөрүнү кокпар деп аташат) боюнча дүйнөлүк чемпионат уюштурушту. Ал жакка дагы Кытайдын командасы келип катышты. Мына, ошол жактан Кытайда көк бөрү оюну өнүгүп, оюнчулардын даярдыгы мыкты экендигин байкадым. Алар абдан жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшүп, татыктуу таймаш көрсөтүштү. 

Мурунку жылдары ойноп жүргөнүнө салыштырмалуу өсүш абдан чоң болгондугун көрүүгө болот. Дүйнөлүк чемпионатта 11-12 команданын ичинен 3-орунду ээлеп, өздөрүнүн мыктылыгын далилдей алышты. Бул дагы болсо, алардын тынымсыз машыгып, күчтүү даярдыктарды көргөндүгүнөн кабар берет. Кытай улакчылары эгерде өз жергесинде ойноп, өз аттары менен таймашка катышса мындан дагы жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алмак деп ишенем. Алар былтыр ЭКСПОдо казактардын аттары менен ойношту да, ошондо дагы ушундай көрсөткүчкө ээ болушту. 

Быйыл III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дагы Кытайдын командасы келип катышаары белгилүү болду. Көк бөрүгө оюнчулар өз аттары менен келип катышууга толук укугу бар, бирок кандайдыр бир себептерден улам аргымактары жок келишсе, биз оюнчуларды аттар менен камсыз кылууга даярбыз. 

Быйыл көк бөрү таймашында биздин, Афганистандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Кытайдын командалары менен катар дагы башка бир нече командалар күч сынашмакчы. Мыктылардын мыктысы гана тандалып, алдыга озуп чыгат деп ишенем. 

Марат Аманкулов: “Көк бөрү оюну-Кытайда дагы жылдан-жылга өнүгүп, өсүп жаткандыгын көрүүгө болот”

Жазаланган бөрүлөр же болбосо бөлтүрүктөр оюну 

Көк бөрү оюнунун келип чыгышы тууралуу ар кандай уламыштар айтылып жүрөт. Мисалы, тээ атам заманда ата-бабаларыбыз жоокер эл болуп, казатка аттанганда же аңчылыкка чыккан кезде, айылда кары-картаңдар, аялдар жана жаш балдар гана калышчу экен. 

Ошондой күндөрдө карышкыр күч алып, короодогу мал-жанга кол салып, бардыгын кырып кеткен учурлар көп болуп турат. Эл дагы малын кырып кеткен бөрүлөрдү "карышып кал, карышкыр"-деп каргайт экен, мына ушул жерден “карышкыр” сөзү дагы келип чыккан деп айтылат.

Айылдын эр азаматтары кайтып келген кезде, кырылып калган малды көрүп, бөрүлөрдүн артынан түшүшөт. Жигиттер карышкырларды жок кылуу үчүн жаа, кылыч жана найза менен аттанат. Кай бири карышкырларды аттын үстүнөн эле таяк менен тумшукка чаап алып, оозун байлап, бири биринен жулуп, ала качып, айтор, тартышып ойногон экен. Ошондон кийин, бул оюн “көк бөрү” деп аталып калган деген божомол бар.

Убакыттын өтүшү менен карышкырдын ордуна серке, улак тартып ойношкон. Андыктан, бул оюндун экинчи аты-улак тартыш деп да аталып келет. Торпок тартып ойногон учурлар дагы кездешет. 

Ал эми, башка бир уламыш кеп боюнча, тескерисинче, карышкырлар койдун башын бөлтүрүктөрүнө алып келип берип, бөлтүрүктөр койдун башын талашып ойношкон. Муну көргөн эл “бөлтүрүктөр оюну, бөрүлөр оюну” деп атап, кийин бул оюн "көк бөрү" оюну аталып калса керек деп да айтышат.

ЮНЕСКО III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алды 

ЮНЕСКО III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, “Көк-бөрү” оюнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизди, бул тууралуу Президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-июлда ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиеваны кабыл алды. Бул жолугушууда ЮНЕСКО Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алгандыгы белгилүү болду. Мындан тышкары “Көк-бөрү” салттуу ат оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизилгендиги дагы айтылды.

2017-жылдын декабрь айында ЮНЕСКОнун “Көк-бөрү” боюнча кабыл алган чечими ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, өлкөнүн эксперттери менен биргеликтеги 4 жылдык ишмердигинин натыйжасы болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө ЮНЕСКОнун III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, патронатын берип, “Көк-бөрү” оюнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизгени бардык кыргызстандыктар үчүн чоң жетишкендик, сыймык жана жеңиш экенин белгиледи. Президент: “ЮНЕСКОнун патронаты Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык аренада кадыр-баркын көтөрөт. Биз ушул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук кыргыз оюну көк-бөрүнүн деңгээлин көтөрүп, бүт дүйнөгө белгилүү кылып таанытканбыз. Көк бөрү-бул кыргыз элинин байыркы жоокерчилик доорунан бери сакталып келген, кылым карыткан, муундан муунга мурас катары уланган жана бүгүн дагы эл арасына кеңири тараган оюн. Мен дагы бул оюнду ойногом, улам-улам ойногуң келип, өзүнө тартып турат”-деп белгиледи. 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдештин байге фонду 6 миллион сомду түзөт 

Быйыл күздө өтө турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында көк бөрү мелдешинин байге фондуна алты миллион сом коюлат. Бул туурасында ДКОнун катчылыгы кабарлады.

Алты миллион сом алдыңкы төрт орун үчүн бөлүнөт.

Биринчи орунга 3 000 000 сом;

Экинчи орунга 1 500 000 сом;

Үчүнчү орунга 1 000 000 сом;

Төртүнчү орунга 500 000 сом.

Мындан тышкары, мелдештин жүрүшүндө "Көк-бөрү боюнча Улуу оюнчу" аныкталып, ага 100 миң сом байге берилет. Ал эми "Көк-бөрүнүн Улуу аты" 100 миң сом менен сыйланат.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарында дагы байге фонду 6 миллион сомду түзгөн. Бирок анда биринчи орун үчүн 3, 5 миллион сом, экинчи орунга 1 миллион сом жана үчүнчү болгон командага 600 миң сом ыйгарылган. Калганы төртүнчүдөн жетинчи орунга чейин бөлүштүрүлгөн.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өткөрүлмөкчү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)