WeChat      Избранное

Жарманбет Мамбетазис уулу: “Келечекте кыргыз-кытай достук алакасына өз салымымды кошуу изги тилегим”

17/07/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Жарманбет Мамбетазис уулу: “Келечекте кыргыз-кытай достук алакасына өз салымымды кошуу изги тилегим”

Жарманбет Мамбетазис уулу “Сиздердин гезиттин биз үчүн мааниси зор”.

Кыргызстанда Кытай жергесинен келип билим алып жаткан боордошторубуз көп. Алардын бири, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде орус тилин үйрөнүп жаткан Жарманбет Мамбетазис уулу. Жарманбет Кыргызстандагы студенттик күндөрү жана келечектеги пландары тууралуу биз менен ой бөлүштү. 

- Алгач өзүңдү окурмандарга тааныштырып кетсең?

- Мен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян аймагынын Кашгар шаарынын Көкжар Кыргыз улуттук айылынан болом. Учурда 20 жаштамын. Ата-энем кыргыздын эле карапайым адамдары. Атам мал чарбачылыгы менен, апам болсо үй иштери менен алектенет. Үч бир тууганмын, байкем жана иним бар. Ата-энем бардыгыбызга татыктуу тарбия берип, билимге дагы абдан көп көңүл бурушат. Ошондуктан, Кыргызстанда жогорку билим алып жаткандыгыма алардын салымы зор деп айтаар элем. 

- Кыргызстанда билим алып жатам деп калдың, ушул тууралуу кеп салып берсең?

- Мектепте окуп жүргөндө Кыргызстандан окуп калам деп ойлогон эмесмин. Орто мектепти бүткөн соң, бул жактан окуу мүмкүнчүлүгү чыгып калды. Анын үстүнө, Кыргызстандан билим алган тааныш балдар, : “Бул жактан орус тилин үйрөнүү абдан оңой, тез өздөштүрүп кетесиң”,-деген ойлорун айтышты. Ошентип, учурда Кыргыз Улуттук университетинде бакалаврда окуп жатам. Чындыгында, Кыргызстанда билим алган кытайлык кыргыздар көп экен. Бардыгыбыз бири-бирибиз менен байланышып, ал-абалыбызды сурашып турабыз. 

- Кыргызстан тууралуу оюңду айтып кетсең, бул жактагы жашоо сага жактыбы?

- Кыргызстан тууралуу менде мурун толук кандуу маалымат жок болчу. Үстүртөн гана угуп, интернет аркылуу окуп жүргөм. Ал эми, бул жакка билим алууга келгенден кийин, жергиликтүү калктын жашоо-турмушу менен жакындан тааныштым. Ар түрдүү улуттардан досторду күттүм. Башында, шаардыктардын басымдуу бөлүгү орус тилинде сүйлөшөөрү мен үчүн бираз таң калыштуу болгон. Бирок, учурда эки-үч жыл мурункуга караганда кыргыз тилинин кадыр-баркы көтөрүлүп, кыргыз тилинде сүйлөгөн жаштар көбөйгөндүгү мени кубандырат. 

Эмнегедир, бул жактын тамак-ашына көнүп кетүү мен үчүн оор болду. Өзүм тамак жасап жеп жүрдүм. Азыр болсо, бардык нерсеге көнүп, өз алдынча жашоого үйрөндүм. Студенттик кез жашоонун эң кызыктуу күндөрү деп коет эмеспи, мына ушул күндөрүм Кыргызстанда өтүүдө. Бул жакта окуп жаткандыгыма эч өкүнбөйм. Мугалимдерим абдан жакшы. Жеке гана сабактан эмес, кандай жашап жатабыз, кем-карчыбыз жокпу?-деп сурап, бардык тараптан колдоо көрсөтүп турушат. 

- Жакында эле, жалпы Кытай жергесинен келген студенттер менен бирге бир иш-чарага катыштым деп калдың, ушул тууралуу айтып берсең?

- Ооба, май айынын аягында, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин жана Конфуций институтунун колдоосу менен ушул жерде билим алып жаткан бардык Кытайдан келген окуучуларды жана кытай тилин үйрөнүп жаткан балдарды бир арага чогултуп, кытай маданияты борборуна алып барышты. Ал Кытай жергесиндеги белгилүү Синьхуа  китеп дүкөнүнүн Кыргызстандагы филиалы экен. Бул китеп борбору гана болбостон, кытай маданиятынын чордону деп аталууга дагы толук укуктуу десек болот. Анткени, чай церемониясынан баштап, кытайдын салттуу каллиграфиясына керектүү бардык куралдарды табууга болот экен. Кытайдын маданияты менен жакындан таанышып чыгууга бардык шарттар каралыптыр.

Бизди ал жактан өтө кубандырган нерсе, мындан ары биз Синьхуа  китепдүкөнүн атайын китепкана катары дагы колдоно берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Биз үчүн бул иш абдан кубанычтуу болду. Себеби, башка тилдерди үйрөнүп жатып, кытай тилин аз да болсо унута берет экенсиң. Аны унутпоо үчүн ошол жактан китептерди үйгө алып кетип окууга жакшы шарт түзүлдү. 

- Кашгар шаары тууралуу айтып берсең?

- Кашгар, өзүңүздөр билгендей Байыркы Улуу Жибек жолунда жайгашкан эски шаарлардын бири. Борбордук Азиядагы башкы соода түйүндөрүнүн бири десек да болот. Акыркы жылдары, “Бир алкак-бир жол” демилгесинин негизинде шаар өнүгүүнүн үстүндө. Жерибиз абдан жемиштүү. Жеке гана дан түшүмдөрүнө мол болбостон, пахта өндүрүүгө, башка жер-жемиштерди өстүрүүгө ылайыктуу. Кашгар килемдеринин даңкы алыска кеткен. Бүтүндөй дүйнө жүзүндө бул килемдерге суроо-талап көп. 

Мындан сырткары, Кашгардын четки аймактарында жез кен байлыгы дагы казылып алынат. Жогоруда айткандай, “Бир алкак-бир жол” демилгесинин негизинде өнүгүп жатабыз, келечекте дагы көптөгөн өсүштөрдү көрөбүз деп ишенем. 

- Алдыдагы пландарың менен бөлүшө кетсең?

- Азыр бакалаврда окуп жатам, аны аяктаган соң, Кыргызстандан эле магистратураны улантып окусамбы деген оюм бар. Бирок, мүмкүнчүлүк болуп калса, орус тилин дагы тереңдеп үйрөнүү максатында Россиядан дагы билим алуу максатым бар. Азыркы убактагы, башкы максатым татыктуу билим алуу. Келечекте кыргыз-кытай достук алакасына өз салымымды кошуу изги тилегим. Учурдан пайдаланып, Кытай Эл Республикасынын жаштарды колдоп, жакшы шарттарды түзүп берип жаткандыгы үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Мендей жаштар көп, бардыгыбыз эки элдин ынтымагы, достук карым-катнашы үчүн кызмат кылабыз деп ишенем. 

- Сөз соңу...

- Сиздердин гезит дагы Кытай жергесинен келген студенттер үчүн абдан баалуу десем жаңылышпайм. Анткени, ушул гезит аркылуу Кытай жергесинде болуп жаткан жаңылыктар менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк бар. Мындан сырткары, кыргыз-кытай алакасын чагылдырууда, гезиттин салымы зор. Эки элдин маданиятын бир-бирине жакындан таанытып, эки мамлекеттин ортосундагы достук көпүрөсү болуп жүрө бериңиздер, ишиңиздерге ийгилик!

Жамал Эсенканова: 

“Синьхуа  китеп дүкөнүндө китепкана бурчу түзүлдү” 

Синьхуа  китеп дүкөнүнүн менеджери Жамал Эсенканова китеп дүкөнү тууралуу кошумча маалымат берди. 

- Биздин Синьхуа  китеп дүкөнүбүз 2017-жылдын октябрь айында ачылган. Ошол мезгилден бери ийгиликтүү иштеп келебиз. Китептердин басымдуу бөлүгү кытай тилинде жазылган. Бизден китеп сүйүүчүлөр кытай маданияты, чай маданияты, каллиграфия жана тайжичуан өнөрү боюнча дагы китептерди таба алышат. Мындан сырткары, көркөм адабий китептер дагы кездешет. Эң негизгиси, кытай тилин үйрөнүүнү каалаган окуучулар, үйрөнүп жаткандар дагы биздин дүкөндөн өзүнө керектүү, пайдалуу окуу куралдары менен камсыз боло алышат. Жалпылып айтканда, кытай тили, кытай маданияты, кытай адабияты менен таанышуунун каалаган жарандарыбыз үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. 

Жакында эле, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин жана Конфуций институтунун колдоосу астында, иш-чара өткөрдүк. Бул иш-чарага Кытайдан келген студенттер жана кытай тилин үйрөнүп жаткан окуучулар катышышты. Атайын алар үчүн китепкана бурчу түзүлдү. Бул кичине китепканада окуучулар өздөрүнө жаккан китептерди алып кетип окуй алышат. Аз да болсо, ушундай кадам менен китеп сүйүүчүлөрүнө кубаныч тартуулай алдык деп ишенем. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)