WeChat      Избранное

Темирбек Токтогазиев: ““Кыргыз улутунун тарыхый санжыралары”китеби-кыргыздын нукура тарыхы”

23/07/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Темирбек Токтогазиев: ““Кыргыз улутунун тарыхый санжыралары”китеби-кыргыздын нукура тарыхы”

Төлөк Төрөкан уулу менен Темирбек Токтогазиев.

“Тарыхы жок элдин-келечеги жок” демекчи, кыргыз эли ар качан өтмүшүнө өзгөчө баа берип, тарыхты барктап келишкен. Тарыхты жакшы билген, санжыра айтып кеп улаган аксакалдар ар качан эл арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ болгон. Мына, ушундай мыкты жөрөлгө кытайлык кыргыздарда дагы сакталып, санжырачы Төлөк Төрөкан уулунун “Кыргыз улутунун тарыхый санжыралары” аттуу китеби, бүгүнкү күнү кыргыздын жаңы тарых барактарын ачып отурат. 

Ушул китеп тууралуу биздин гезитке манас изилдөөчү, тележурналист, “Манас жаңырыгы” телеканалынын жетекчиси Темирбек Токтогазиев кенен маек куруп берип, телеканалдын Кытай тарап менен болгон кызматташтык алакасына дагы токтоло кетти. 

-Темирбек агай, учурда, кытайлык кыргыз, санжырачы Төлөк Төрөкан уулунун “Кыргыз улутунун тарыхый санжыралары” аттуу китеби жөнүндө эл арасында кептер көп болууда. Сиз китептин автору менен убагында жакындан тааныш болуп, Кыргызстанга бул китепти жайылтууда дагы өз эмгегиңизди аябай келесиз. Ушул тууралуу сөз кылып берсеңиз?

-Алгач китептин автору тууралуу маалымат бере кетсем. Төлөк Төрөкан уулу өзү кытайлык кыргыздардын белгилүү санжырачы аксакалы болгон. 1932-жылы төрөлүп, 81 жашында көз жумган. Анын атасы Төрөкан, чоң атасы Үркүнбай дагы, үчөө тең Кашгарда медреседе билим алып, кат-сабаты жоюлган билимдүү адамдар болгон. Кыргыздын кенже эпосторун, санжыраларын мыкты билишкен. Эски араб жазуусун окуй алышкан. Бул санжырадан сырткары дагы Төлөк аксакал кыргыздын 99 кенже эпосун билген. Учурда, бир уулу жана кыздары бар. 

Китеп 2011-жылы Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун Кызыл-Суу басмаканасынан араб ариби менен жазылып, кыргыз тилинде жарык көргөн. 500 эле нуска чыккан. Ал эми, 2015-жылы биздин Улуу Тоолор басмасы менен Кызыл-Суу басмасынын биргелешип алып барган ишмердүүлүгүнүн негизинде, кирилл тамгасында Кызыл-Суу басмасынан басылып чыккан. Ошондо, китептин 100 нускасы Кыргызстанга алынып келип, бир топ киши сатып алган. 

-Китептин мазмунуна бираз токтолуп, маалымат бере кетсеңиз, анын баалуулугу эмнеде?

-Чындыгында, мен бул китеп тууралуу көп жерде маалымат берип жүрдүм. Бирок, ал фольклор чыгарма катары эле кабыл алынып, ал мезгилде көп көңүл бурулган эмес. Ал эми, жакында эле, тарых изилдөөчү Дастан Сарыгулов менен ушул эмгек тууралуу баарлашып, ал киши дагы белгилүү Советтик тарыхчылардын китептери менен бул санжыралар жыйнагын салыштыргандан кийин: “Бул жөн гана санжыра эмес, чыныгы кыргыз тарыхы турбайбы”,-деген оюн билдирди. 

Чындыгында, орус окумуштууларынын тарыхый далилдер менен жазылган эмгектеринде кездешкен окуялар, Төлөк Төрөкан уулунун китебинде дагы жолугуп жатат. Бул кыргыз тарыхы үчүн абдан баалуу, табылгыс эмгек. Биздин Кыргызстандын тарыхында көп нерселер көрсөтүлгөн эмес. Себеби, Советтер Союзу, андан мурунку падышачылык бийлик учурунда дагы, кыргыз тарыхы бурмаланып келгендиги баарыбызга маалым. Ошондуктан, бул эмгектин баалуулугу анын жөн гана санжыра эмес, чыныгы болуп өткөн тарыхый окуяларды ичине камтыганында десем эч жаңылышпайм. 

Ичиндеги эмгектер дагы эң сонун берилген. Китепте кыргыздын ар кайсы мезгилде болуп өткөн окуялары толугу менен чагылдырылган. Ошол эле Манастын чоң атасы Орозду хандын окуясы, баарыбызга белгилүү Шырдакбек хандын окуясы дагы таасын айтылган. Эмгекте, ушул сыяктуу кыргыздын баатырларынын окуялары кездешет.

Анан бир кызыгы китептин байыркы аталышы “Кыргызыя түгөнбөс зар-заман” деп аталган. Анын себебин айта турган болсом, тынчтык болуп жай жашоо болгон учурларды, эмгекте бир сап менен эле берип койгон. Мисалы, “150 жыл жай, тынчтыкта жашашты, 300 жыл жай турмуш болду”-деп эле бир сүйлөм менен эле жазылган. Ал эми, согуш, башка элдер менен болгон уруш мезгилдерди жана ошол учурдун баатырларын таамай сүрөттөп, кызыктуу окуялар менен коштоп жазган. Кыргыздын баатыр кыздарынын дагы окуялары кездешет. Мисалы, биз өмүрү укпаган Айнуру баатыр кыргыз кызы тууралуу дагы эмгекте маалыматтар бар.

-Китептин келип-чыгыш тарыхына токтоло кетсеңиз?

-Бул эмгектин келип чыгышы, басып өткөн жолу дагы абдан кызыктуу. 1920-жылдары бай-манаптарды, молдолорду, билимдүү адамдарды куугунтукка алып жаткан мезгилде, Данияр казы деген адам бир атка жалаң китептерди артынып, Кытайды көздөй качып кеткен экен. Ал өзү Таластан, кушчу уруусунан болгон. Артынан кууган Кызыл Армиянын аскерлерине алтындарын чачып ыргытып, китептерди сактап калганы эл оозунда айтылып жүрөт. Ал өзү дагы кадыр-барктуу, сыйлуу адам болгон экен. Алгач, Кыргызстандын чегинен алысыраак деп, Жусуп Мамайдын агасы Балбайдын жанына качып барган экен. Ал жакта жарым жылдай жүрүп, Балбайга “Манас” баштаган бир топ китептерин, кенже эпосторду тартуулаптыр. 

Кытай жергесинен дагы, Советтик бийлик артынан түшүп издегенде, Төлөк аксакалдын атасы Төрөкандын жанына келиптир. Ал киши дагы, жогоруда айткандай, өз мезгилинин билимдүү, кат тааныган элдик чыгармаларды чогулткан адам болгон. Ошондо, азыркы “Кыргыз улутунун тарыхый санжыралары” эмгегинин өзөгүн түзгөн, кыргыздын санжырасын Төрөкан аксакалга берген экен. Артынан куугун болуп, издөө иштери улантыла бергендиктен, Данияр казы атын өзгөртүүгө мажбур болуп, жергиликтүү калктын жардамы менен, Хотан жакка бир мечитке имам болуп кеткен экен.

Бирок, анын кыргыз санжыралары тууралуу кол жазмалары толугу менен Төрөкан аксакалдын колунда сакталып калган.

Ал эми, бул эмгектин келип чыгыш тарыхына сереп сала турган болсок, тээ байыркы учурларга туура келет. Алгач, кол жазмалар руни, кыргыздын байыркы жазуусунун негизинде жазылган экен. Б.з. 630-жылдары араб жазуусу кире баштаганда араб жазуусуна көчүрүшкөн экен. Моңолбай аттуу киши муну араб жазуусуна көчүрүү үчүн 32 казыны чогултуп, 90 миң коюн берип, андан сырктары 45 адам миңден кой берип китепти араб жазуусуна оодарышкан экен. 

Ал эми, экинчи жолу 17-кылымдын аягында, Зарыпбек Султандын мезгилинде китеп айрылып, кээ бир барактары жоголуп, эскирип калганда, ал дагы билимдүү адамдарды чогултуп, 70 миң кой берип, 17-кылымга чейинки окуяларды дагы толуктап киргизип, кол жазманы кайрадан жаңыртыптыр. Ушул бүгүнкү китептин өзөгүн дал ошол кол жазмалар түзөт. 

Бул китеп бурмаланбаган, кыргыздын нукура тарыхы болгондугу үчүн абдан баалуу. Ошондо, китептин ичинде кыргыздын жети миң жылдык тарыхы 17-кылымга чейинки мезгил толугу менен камтылган. Бул дүйнө элинин тарыхына дагы кошо турган салымы бар эмгек. Ар бир кыргыздын үйүндө тура турган кыргыздын нукура тарыхы. Ошондуктан, аны кайрадан басып чыгаруу сунушу менен мен, Дастан Сарыгулов жана кыргызда генетика боюнча изилдеп жүргөн, экономист Кубан Чороев болуп биргеликте элге кайрылуу жасадык.

-Бардыгыбыз билгендей, сиз Кытай тарап менен маданият алмашуу жаатында болобу, тажрыйба алмашуу жаатында болобу, ар дайым тыгыз кызматташып келесиз. Ушул багытта кандай жаңылыктарыңыз бар?

-Биз жакында эле, Кулжадагы Иле-Казак автономдуу облусундагы Маданият борбору менен келишим түздүк. Булар ар жыл сайын Хоргос шаарында бий фестивалын өткөрүп келишет. Быйыл биз дагы, Кыргызстандын атынан төрт номинация боюнча катышканы турабыз. Буюрса, бул иш-чара июль айынын аягында өткөрүлмөкчү. Жакында эле, мен дагы Хоргос шаарына барып фестивалдын акыркы даярдыктары менен таанышып, биз тараптан барчу кишилердин тизмесин такташып келдим. 

Мындан сырткары, Кытайдын Ляингань шаарында дагы, “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде эл аралык телефестиваль жыл сайын өткөрүлүп келет. Былтыр биз дагы катышып, Нарын музыкалык драмтеатрынын ырчысы Жаңылай Айсаракунова менен барганбыз. Ал Кытай жергесинде Кыргызстанды татыктуу таанытып, комуз менен ырдап кытай көрүүчүлөрүнүн купулуна толгон. Бул телефестиваль Кытайдын алдыңкы он телеканалдарынан түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн. 

Быйыл дагы ушул иш-чарага катышканы турабыз. Биз тараптан дагы эки топту алып баралы деп даярданып жатабыз. Сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Мына ушундай багытта, коңшу мамлекет менен кызматташуу алакабыз өнүгүп жатат. 

Темирбек Токтогазиев: ““Кыргыз улутунун тарыхый санжыралары”китеби-кыргыздын нукура тарыхы”

 “Кыргыз улутунун тарыхый санжыралары” китеби, араб ариби менен.

“Чоң чатактын башы-Ороздунун ашы” 

- Китептен үзүндү айтып берсем. Бизде “Чоң чатактын башы-Көкөтөйдүн ашы” деп айтылат эмеспи. Бирок мен бул китепти окуган соң, эң чоң чатактын башы Көкөтөйдүн ашы эмес, Ороздунун ашы экенине көзүм жетти. Бул Манас төрөлө элек кезде болгон окуя. Китептин “Ороздунун баяны” деген бөлүмүндө, Орозду хан өтө адилеттүү, мыкты эл башчысы болгон деп айтылат. Ал өлгөндөн кийин абдан урмат-сый менен коюлган экен. Артында беш аялынан 10 уулу калыптыр. 

Анан он баласы жыл айланса дагы атасынын ашын ойлонбой, Кызсайкал аттуу сулуу кызга бардыгы ашык болуп, бир-бирине атаандашып, урушуп-талашып күн өткөрүшүптүр. Ошентип арадан эки жыл өтүптүр. Ошондо аксакалдар бир арага чогулуп, Орозду хандын ашын берүү тууралуу кеңеш курушуптур. “Бул он бала атасынын ашын деле ойлонбой эле турат, өзүбүз өткөрөлү”,-деген чечимди кабыл алышыптыр. 

Ал мезгилде, Бакай он сегиз жаштагы жигит экен. Жаш болсо да, өзгөчө акылын курчтугу, даанышмандыгы менен эл арасынан кадыр-барк күтүп, “Акылман Бакай” деген наамга, урматтоого татыган мезгили экен. Ошондо, Бакай Орозду хандын ашын өткөрүүгө төмөндөгүдөй сунуш киргизет экен. “Ашка “Кыйык атууну” (кыйык атуунун жамбы атуудан айырмасы, аны атуу укугу жеке гана хандарга тиешелүү болгон, карапайым адамдар ата алган эмес)киргизели, бул жамбы атуунун татаалдашкан түрү, кыйык атууда 160 кес (кес-бир метр төрт сантиметр, дагы бир мааниси чыканак) устун даярдайлы, анын баш байгесине Кызсайкалды коелу, дагы 100 төө, 100 ат, 100 уй, 100 топоз, 1000 кой, 100 жамбы (жамбы-тайдын туягына эритилип куюлган алтын) берели”-деген оюн айтыптыр. “Эгерде, Ороздунун он баласынын кимиси кыйыкты атып кетсе, анда ал Кызсайкалды алат, байгени дагы алат, мындан сырткары кыргыздын хандыгын ээлеп калат. Ал эми, кыйыкты кыргыздын башка хандары атып алса, Кызсайкалга эч кандай тиешеси жок, байгени алат, хандыкты ээлеп калат. Эгерде, коңшу элдерден келген хандар байгени жеңип алса, анда алар Кызсайкалды, кыргыздын хандыгын дагы албастан, башка байгелерди алып кетет”-деп сунуш киргизет. 

Ошентип, дүйнөнү дүңгүрөткөн аш башталат. Алты күн бою кыргыздын улуттук оюндары ойнолуп, келген элдин чери жазылат. Андан кийин, эки күн катары менен кыйык атуу сынагы болот. Ороздунун он баласы кыйыкты атып түшүрө албайт. Кыргыздын хандары чыгып дагы ата алышпайт. Башка элдерден келген хандар дагы жеңишке жетпейт. Аягында, Кызсайкал, аксакалдарга кайрылып: “Баш байгеге мени сайдыңар эле, мага уруксат берсеңер кыйык атууга катышайын”-деп өтүнөт. Бардыгы макул болушат. Ошондо, Кызсайкал Кылкүрөң деген атын чаап барып, анын капталына жатып кыйыкты атып алат. 

Жеңишке жеткен Кызсайкал, кайрадан аксакалдарга кайрылып: “Баш байгеге мени сайдыңар эле, эми кыздын ордуна мага кимди бересиңер”-дейт. Ошенткенде, эл даанышмандары кеңешип: “Ороздунун он баласын сага кулдукка бердик”,-дешет. Мына, ошондо чоң чатак башталат. Манастын башкы жоосу болгон Коңурбайдын атасы Алооке баш болгон топ, Жакып менен Шыгайга келип: “Көрдүңөрбү, туугандарыңар силерди атаңардын хандыгын бербөө үчүн эмне гана кылган жок, силерди шылдыңдап жатат, силер биз жакка өтсөңөр, кол топтоп келип, атаңардын хандыгын кайтарып беребиз”-дейт. Ошол кезде, Ороздунун он баласынын кол алдында 20 миңден 100 миң адам болгон экен. Ошентип, 100 миң адам Энесайдан Алтайга калмактардын арасына көчүп кетет. 

Эми, ушул санжырадагы окуя Кытайдын “Ханзу жазмаларындагы кыргыздар” (2004-жылы Синцзянда басылып чыккан) аттуу тарых китебинде дагы таасын берилип, тастыкталып жатат. Бул гана эмес, Саякбай Каралаевдин “Манасында” дагы ушул окуя сүрөттөлүп айтылып жатат. Мына ушундай, тарых менен тастыкталган окуяларды ичине камтыган үчүн дагы бул эмгек абдан баалуу. Китепте кездешкен окуялардын бардыгы кыргыздын нукура тарыхы. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)