WeChat      Избранное

Кыргызстандын билим берүү тармагын биргеликте өнүктүрүүгө чакырган кытай компаниясы

24/07/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстандын билим берүү тармагын биргеликте өнүктүрүүгө чакырган кытай компаниясы

Иш-чаранын жүрүшүнөн бир көз ирмем.

Бекеринен, “21 кылым-технологиялардын кылымы” деп айтылбаса керек. Себеби, дал ушул доордо бардыгын техника башкарып, маалымат товар катары колдонулуп, кечээ эле элди таң калтырган технология бүгүн өзүнүн актуалдуулугун жоготуп, укмуштуудай тездик менен өнүгүп өсүүдө. Бүгүнкү күнү маалымат технологиялары адамзаттын жашоосуна ушунчалык сүңгүп кирип, бардык тармактарда кеңири колдонулууда. Өндүрүш иштери, илим, билим берүү, экономика, маданият, мамлекеттик башкаруу, социалдык структуралар, темир жол, авиакаттам ж.б.у.с. тармактарды технологиясыз элестетүүгө мүмкүн эмес. 

Ал эми, билим берүү системасын компьютерлештирүү дагы учурдун башкы талабы болуп, бул багытка дүйнө жүзү өзгөчө көңүл бурууда. Акыркы жылдары, Кыргызстанда дагы ушул тармакты өнүктүрүп, бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайларына чейин сапаттуу билим берүүгө басым жасалып, мултимедиялык технологиялар менен класстарды жабдуу маселеси көтөрүлүп келет. 

Мына, дал ушул багытты өнүктүрүү максатында, 10-июль күнү Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян “Джахун Синьда” маалымат-технологиялык компаниясы өзүнүн мультимедиялык технологияларынын презентациясын өткөрдү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жана билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, серепчилер катышып, компаниянын чыгарган продукциясы жана жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалымат ала алышты. 

Бул иш-чара “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде өткөрүлүп, Синьцзян “Джахун Синьда” маалымат-технологиялык компаниясынын делегациясы тарабынан Кыргызстандын бул долбоордогу ээлеген ордуна басым жасалды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Кытай Эл Республикасынын акыркы он жылдагы билим берүү тармагындагы басып өткөн жолуна сереп салып, анын өтө тездик менен өнүгүүсүнө салым кошкон мультимедиялык технологиялар тууралуу сөз кылышты. Кыргызстандын билим берүү системасына дагы ушул технологияларды киргизүү жолу менен эки тараптуу кызматташуу алакаларын бекемдөө иштери дагы талкууланды. 

Чжан Шияо, Синьцзян “Джахун Синьда” маалымат-технологиялык компаниясынын башкы директору: 

“Компаниянын жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн негизин билим берүү тармагындагы медиа продукцияларын өндүрүү жана изилдөө иштери түзөт” 

- Биздин компания кечээ же бүгүн эле курула калган жок. Анын мультимедиялык технологияларды чыгарууда көп жылдык тажрыйбасы бар. Жалпысынан алганда, бул багытта 1980-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал эми, Синьцзянда 2011-жылы компаниянын филиалы ачылып, ошол мезгилден бери ийгиликтүү иш алып барууда. Бизде 300дөн ашуун кызматкер иштейт. Ал эми, башкы кеңсебиз Гуанчжоу шаарында орун алып, ал жакта 500дөн ашуун адам эмгектенет.

Компаниянын жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн негизин билим берүү тармагындагы медиа продукцияларын өндүрүү жана изилдөө иштери түзөт. Мындан сырткары, биз көп функционалдуу көргөзмө залдарын, мультимедиялык жыйын залдарын компьютерлештирүү, акыркы технологиялар менен жабдуу иштери менен дагы алектенебиз. Акыркы жылдары, “Бир алкак-бир жол” демилгесинин негизинде Борбордук Азия, Түштүк-чыгыш Азия, Европанын жана Америка Кошмо штаттарынын кээ бир аймактары менен кызматташып, эки тараптуу алакабызды өнүктүрүп келүүдөбүз. Ошондуктан, компаниянын чет мамлекеттерде иш жүргүзүү тажрыйбасы мол десем эч жаңылышпайм. 

Ал эми, кыргыз-кытай алакасына токтолсом, бул мамиле мурунтан эле болуп келген. Айрыкча, 1991-жылы Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүгүн алуусу менен, эки коңшу мамлекеттин кызматташтык алакасы жаңы дем, жаңы күч менен өнүгө баштады десем туура болот. Бул жылдар аралыгында, эки тарап бардык тармактарда кызматташтык алакасын бекемдей баштады. Бирок, билим берүү тармагына келгенде, эки мамлекетттин кызматташтыгы жогорку деңгээлде өнүгө элек деп айтаар элем. Жакында эле, Бишкек шаарынын бир катар жогорку окуу жайларында болуп, ал жактагы класстардын технологиялык жабдуулары начар абалда экендигине күбө болдук. Бирок, кыргызстандык жаштардын билимге болгон умтулуусу абдан күчтүү экендигин дагы көрдүк. Ошондуктан, алардын толук кандуу, сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап технологиялар менен жабдылган мултимедиялык класстарды жасап берсек, алардын жаркын келечеги үчүн дагы бараандуу салым кошкон болот элек. Билимдүү жаштар мамлекеттин өнүгүү жолунда зор күч болуп бермекчи. 

Жакында эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Кытай Эл Ресубликасына болгон мамлекеттик сапарында дагы эки өлкөнүн кызматташтык алакасы талкууга алынды. Эки лидер маданият, билим берүү жана гуманитардык тармактардагы кызматташтык байланышка басым жасап, бул багыттардагы алаканы дагы тереңдеп өнүктүрүү зарылчылыгына токтолушту. Ал эми, бардыгыбыз түшүнгөндөй 21-кылымдагы татыктуу билим алуу жолун жогорку өнүккөн технологияларсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Бала бакчадан баштап, мектеп жана жогорку окуу жайлардын бардыгы заманбап технологиялар менен жабдылып, мультимедиялык окуу куралдары менен сабактар өтүлүүсү шарт. 

Мен Кыргызстанга биринчи жолу келип отурам. Бирок, бир катар билим берүү мекемелерин кыдыруу учурунда, кыргызстандык жаштардын кытай маданиятына, тилине болгон кызыгуусу абдан күчтүү экендигин байкадым. Кыргызстанда төрт Конфуций институту, бир нече Конфуций класстары бар экен. Алардын материалдык базасына кытай тарап жакшы колдоо көрсөткөндүгү баарыбызга маалым. 

Учурда, кичинекей баладан баштап, чоң адамдарга чейин интернеттин берген таасири абдан күчтүү. Азыркы мезгилде, окуучуларга жаңычылдыгы жок, жөн гана доскаларга жазып, сабак өтүү эч кандай кызыгууну жаратпайт. Ошондуктан, акыркы заманбап технологиялар менен жабдылган класстар окуучулардын билимге болгон кызыгуусун ойготуп, сапаттуу билим алуусуна себепкер боло алат. 

Биз бүгүн сунуштап жаткан мултимедиялык технологиялар толугу менен азыркы жаштардын талаптарына жооп берип, мугалимдердин ишин бир топ эле жеңилдетет. Мугалим эң негизгиси, ушул технологияларды майда-баратына чейин өздөштүрүп, аны толук колдонгонду гана билүүсү зарыл. Бул кандай технологиялар? Биринчиден цензердик сенсордук доскалар. Бул доскаларды компьютердин бетин колдонгондой эле, колдоно берсе болот. Ал жактан окуучуларга керектүү бардык маалыматтарды таап чыгууга мүмкүн. Доскалар ар түрдүү өлчөмдө чыгарылат. Ошондуктан, ар бир тарап өзүнө ылайыктуусун тандап алса болот. 

Проекторлор дагы билим берүү системасында абдан маанилүү, мугалимдин компьютерине байланыштырылып, бардык окуучуларга маалыматты көрсөтүүгө жардамчы боло алат. Бул дагы заманбап класстын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Биздин компаниянын эң сыймыктуу продукциясы болуп, бул мугалимдин өздүк столун, трибунаны атасак болот. Азыркы учурда, трибунанын бешинчи муунун өндүрүп чыгаруудабыз. Башында ал жөн гана жыгачтан жасалса, учурда желимден жасалып, ичи толугу менен класстагы технологияларды башкаруу системасы менен жабдылган. Ошондо, мугалим трибуна аркылуу эле, керектүү медиа куралдарды колдонуп, үн коштоо каражаттарын башкара алат. Бул гана эмес, башка бир мамлекеттин университеттери менен кызматташтык алака түзүп, ал жактын күчтүү профессорлорунун сабактарына дагы түз эфир аркылуу катышса болот. Мындай кадам дагы, студенттердин билимин тереңдетип, ага болгон кызыгуусун дагы да арттырмакчы.

Мындан сырткары, окуу жайдын кире беришинде же болбосо китепканада туруучу атайын компьютерлештирилген такта. Бул тактада билим берүү мекемесинде болуп жаткан жаңылыктар, жарыялар орун алып же болбосо гезиттин жаңы сандары чыгарылып турат. Биздин технологиялар жеке гана билим берүү жайларында колдонулбастан, чоң-чоң компаниялардын жыйын залдарында, аэропорттордо, ар түрдүү мамлекеттик мекемелерде дагы кеңири колдонулат. Мисалы, атайын конференция өткөрүү үчүн, адамдар бир шаардан башка бир шаарга учуп келип отурбастан, бул технологиялар аркылуу түз эфир жыйындарын өткөрө алышат. Чындыгында, 21-кылым маалымат технологияларынын заманы. Ошондуктан, заман менен кошо кадам таштап, бирге өнүгүү башкы максат. 

Биздин компания Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар. Жогоруда айтып кеткендей, бул биздин Кыргызстанга болгон биринчи иш сапарыбыз. Алдыда, дагы кызматташуубуз тереңдейт деп ишенем. Синьцзян “Джахун Синьда” маалымат-технологиялык компаниясынын өндүргөн продукциясы менен жакындан тааныштыруу үчүн Бишкек шаарындагы К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин бир классын заманбап технологиялар менен бекер жабдуу чечимин кабыл алды. Ал жакты толугу менен жасап бүткөн соң, Кыргызстандын башка билим берүү мекемелери келип, технологиялардын иштөө процесси менен жакындан тааныша алышат. Эгерде, мультимедиялык класстар алардын купулуна толуп, жакса биздин компания дагы алар менен тыгыз иштешүүгө даяр. 

Кыргызстандын билим берүү тармагын биргеликте өнүктүрүүгө чакырган кытай компаниясы

Бешинчи муундагы мугалимдин өздүк столу.

Рахат Бейсебаев, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Кыргыз-кытай факультетинин деканы: 

“Билим берүү тармагын өнүктүрүп, студенттерге сапаттуу билим берүүдө мындай мультимедиялык класстардын болуусу заман талабы” 

- Бүгүнкү иш-чара абдан маңыздуу өттү деп эсептейм. Анткени, биз учурдагы IT технологияларынын абалы менен толук тааныша алдык. Башкача айтканда, IT рыногунан жогорку окуу жайларына, мектептерге, бала бакчаларга кандайча колдонуу, пайдалануу керектиги тууралуу сунуштарды, кеңештерди алдык. Мультимедиялык технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү менен дагы кенен таанышууга шарт болду. Мына, бул жактан алган маалыматтарыбызды эми өз окуу жайларыбызда дагы талкуулап, студенттерибиздин сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө аракет кылмакчыбыз. 

Бүгүнкү иш-чарадан абдан көп кызыктуу маалыматтарды ала алдык. Мисалы, ошол эле биз колдонуп жүргөн доскага электрондук жабдыктар кошумча колдонулуп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүсү дагы мен үчүн кызык болду. 

Биринчи эксперименталдык мультимедиалык класс биздин университетте ачылмакчы болуп жатат. Ал үчүн алгач, Кытай тараптан келген делегациянын өкүлдөрү класс менен таанышып, анын ченемдерин алып кетишмекчи. Бул иш быйылкы окуу жылында чечилип, заманбап класс даяр болуп калат деп үмүттөнөбүз. Мультимедиялык класстын мүмкүнчүлүктөрү менен дагы ошондо жакындан таанышууга ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Мен жакында эле, Кытай жергесинде сапарда болуп, Шанхай университетинин ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштым. Ал жакта дагы толугу менен бардык класстар акыркы технологиялар менен жабдылыптыр. Эң кызыктуусу, Шанхай университетинин башка аймактардагы филиалдары менен биргеликте түз эфирде эле сабактар өткөрүлө берет экен. Чындыгында, билим берүү тармагын өнүктүрүп, студенттерге сапаттуу билим берүүдө мындай мультимедиялык класстардын болуусу заман талабы. 

Кыргызстандын билим берүү тармагын биргеликте өнүктүрүүгө чакырган кытай компаниясы

Заманбап класс.

Ильязова Салира, Кыргыз-орус Славян университетинин кытай тили мугалими: 

“Билим берүү тармагын компьютерлештирүү абдан жакшы сунуш” 

- Кытай Эл Республикасынан келген Синьцзян “Джахун Синьда” маалымат-технологиялык компаниясынын өндүрүш продукцияларынын презентациясы болуп өттү. Бул продукциялар негизинен билим берүү тармагын өнүктүрүүдө колдонулуп, жаштардын сапаттуу билим алуусуна мыкты өбөлгө болгудай. 

Мындан сырткары, бүгүнкү презентация болгон медиа куралдар, мугалимге жардамчы болуп, анын ишин жеңилдетүүдө бир топ жардамчы боло тургандыгына күбө болдук. Бул компаниянын бир багыты болгон жаңы мультимедиялык класстарды даярдап, технологиялык жабдуу иштери, мен үчүн дагы абдан кызык болду. 21-кылым интернеттин доору. Ушул учурда, бала-бакчадагы бөбөктөрдөн баштап, жогорку окуу жайдын студенттерине чейин интернет аркылуу маалыматтарды тез жана бат кабыл алып жаткандыгын эске алсак, мындай заманбап класстардын жардамы менен сабак өтүү учурдун талабы. 

Мультимедиялык класстар ар түрдүү маалыматтардын топтомун окуучуларга тез жана кызыктуу түшүндүрүүгө жардамчы боло тургандыгына күбө болдук. Мындан сырткары, мугалим технологиялык жабдыктарды колдонууну мыкты өздөштүрүп алса, анын иши бир топ эле жеңилдеп калат экен. Менин жеке пикиримде, билим берүү тармагын компьютерлештирүү абдан жакшы сунуш. Эгерде, биз бул багытты жакшы өнүктүрүп кетсек, келечекте мыкты жыйынтыгын берет деп ишенем.Мага бүгүнкү презентация абдан жакты, жакшы сунуштар жана идеялар болду. 

Элнура Черикбаева, “Билим экспорт” эл аралык институтунун менеджери: “Биз окуучуларыбыздын сапаттуу билим алуусу үчүн аракеттенүүгө ар дайым даярбыз” (подзаголовок)

- Биз, билим берүү тармагындагы заманбап технологиялардын презентациясына катышып, алар менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүн алдык. Мындан сырткары, Кытай Эл Республикасынын билим берүү тармагындагы акыркы он жыл ичинде басып өткөн жолу менен дагы тааныштык. Чындыгында, коңшу мамлекеттин окутуу системасында колдонулган технологиялар толугу менен замандын талабына жооп берип, кичинекей балдардан баштап, студенттерге чейин мыкты билим алууга көмөкчү болуп келет. 

Биз бүгүнкү күбө болгон заманбап класстарды өзүбүздүн борбордо дагы колдонууну каалайт элек. Мындай класстар, биздин башкы багытыбыз болгон кытай тилин үйрөтүүдө дагы мыкты көмөкчү болмокчу. Эми, алгачкы эксперименталдык мультимедиялык класс К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде коюлганы жатат. Ал жактан дагы технологиялардын иштөө принциби менен жакындан таанышып, өз көзүбүз менен көрүп, колдонуп анан жыйынтыктарды чыгарсак керек. Биз окуучуларыбыздын сапаттуу билими үчүн иштөөгө ар дайым даярбыз. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)