WeChat      Избранное

Жоомарт Ормонбеков: “Кытай учурда дүйнөлүк державага айланып жаткан мамлекет”

27/07/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Жоомарт Ормонбеков: “Кытай учурда дүйнөлүк державага айланып жаткан мамлекет”

Иш-чара учурунан бир көз ирмем.

17-июль күнү Бишкек шаарында Бириккен Улуттар уюмунун Түндүк-Чыгыш Азия (Кытай, Япония, Монголия, Түштүк жана Түндүк Корея) багытындагы саясий суроолор боюнча иш алып барган, конфликтология адиси, политолог Жоомарт Ормонбеков менен жолугушуу, пикир алмашуу иш-чарасы болуп өттү. 

Бул иш-чара Ololohaus жана Ololohaus Erkindik тарабынан уюштурулуп, бардык каалоочуларга эшик ачык болду. Жоомарт Ормонбеков учурда, Пекин шаарында үй-бүлөсү менен бирге жашап жана иштеп келет. Ал Азия аймагындагы саясий абал, Кыргызстандагы, Мальдивадагы жана Кытайдагы жашоосу жана иш-тажрыйбасы боюнча кенен маалымат берип, абдан кызыктуу маек куруп берди. Мындан сырткары, Жоомарт Ормонбеков кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жардамчысы (Чыңгыз Айтматов Брюсселде Кыргызстандын элчилик кызматын аркалап жүргөн кезинде жардамчысы болгон) болуп жүргөн кезин дагы эскерип өттү. 

Эмне себептен конфликтология? 

- Чындыгында, мен конфликтти абдан жакшы көрөм, бул бир уккан адамга таң калыштуу сезилиши мүмкүн. Бирок, жеке пикиримде конфликт бар жерде сөзсүз өнүгүү болот. Конфликт бул-адамдардын кызыкчылыктары ар башка болуп, бири-бирине дал келбеген учурда пайда болот. Ошондо ортодо талашып-тартышуу келип чыгат. Анын жыйынтыгында, кандайдыр бир диалог түзүлөт. Сүйлөшүү бар жерде, макулдашуу, бири-бирин түшүнүшүү дагы алыс эмес.

Конфликтология боюнча адис болгондугум, мага жеке гана жумушта эмес үй-бүлөмдө дагы чоң жардам берет. Жубайым экөөбүз 13 жылдан бери биргебиз, ортобузда кандай гана түшүнбөстүк болбосун, бири-бирибизге ачык айтып, жаралган маселени чечип алууга көнгөнбүз. 

Ал эми, конфликтологияны тереңдеп үйрөнүп, ушул багытта ишмердүүлүмдү жүргүзүүгө көмөкчү болгон адам катары жогорку окуу жайда конфликтологиядан сабак берген мугалимимди айтсам жаңылышпайм. 

“Кытайда жашоо, иштөө мага абдан жакты” 

- Бириккен Улуттар уюмунун Мальдивадагы кеңсесинде иштеп жүрүп, бир жыл мурун Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына үй-бүлөм менен көчүп келгем. БУУнун Пекиндеги кеңсесинде бир чоң аймактын үстүнөн иштеп, конфликтология багытында иш алып барам. Негизинен, саясий анализ кылып, ошонун алкагында иштейбиз. 

Чындыгын айтканда, эл арасында Кытай тууралуу кандайдыр бир калыпка салынып калган туура эмес түшүнүктөр бар. Бирок, андай стереотиптер жаңылыш экендигин мен Пекинде иштеп, эл менен аралашып калгандан кийин түшүндүм. Кытай эли абдан меймандос келет экен. Мисалы, Пекин шаарын алсак, бүтүндөй дүйнөнүн туристтери келген шаар. Туристтер негизинен, кытайча билишпейт. Ал жакта дагы англис тилинде эркин сүйлөгөн кытайлар аз. Туристтердин тил билбегендигине карабастан карапайым кытай эли ар качан алардын суроолоруна жооп берүүгө, издеген жерин табышууга, же болбосо башка иштерине кандайдыр бир көмөк көрсөтүүгө даяр. 

Мен, жубайым жана эки кызым менен бирге кытай тилин үйрөнүп жатабыз. Төртөөбүз төрт жакта тил курстарын окугандыгыбыз үчүн, кечки тамакта бир-бирибиз билбеген кытайча сөздөрдү айтышып, чогулганда кытайча сүйлөшөбүз. Мен деле кытай тилин аз-аздан өздөштүрүп калдым. Бирок, эркин баарлашкандай деңгээлде эмес. Ал эми, жумушумда англис тили гана колдонулат. Кеңсе Пекинде жайгашкандыгына карабастан, англис тили жумушчу тил болуп эсептелет. Албетте, бизге керектүү маанилүү маалыматтар биринчи кытай тилинде чыгат, бирок ал жакта англис тилине которуу иштери абдан өнүккөн. Ошондуктан, кандай гана маалымат болбосун, англис тилине тез аранын ичинде которулат. Ушул себептерден улам дагы, кытай тилин тереңдеп өздөштүрүүгө анчалык зарылчылык жок. Бирок, дагы да болсо өзүм үчүн бул тилди үйрөнө бермекчимин. 

Чындыгын айтканда, Кытайда жашоо, иштөө мага абдан жакты. Бардыгыбыз билгендей, Кытай учурда дүйнөлүк державага айланып жаткан мамлекет. Экономикасы күчтүү мамлекеттердин бири. Кыргызстан өзү кичинекей мамлекет болгондугу үчүн ар качан коңшу өлкөлөр менен тыгыз мамиледе болуусу зарыл. Кошуналарыбызда бардыгы жакшы болсо, бизде дагы бардыгы жакшы болот. 

“Чыңгыз Төрөкулович өзүн жалгыз сезгендей байкалчу” 

- Мен Чыңгыз Төрөкулович менен иштеше баштаганымда 23 жашта элем. Жаңы гана окууну аяктап, элчиликке кызматка кирип, амбициям ашып-ташып турган убак эле. Элчиликтин ишинен сырткары, жазуучубуздун жеке жардамчысы дагы болчумун. 

Чыңгыз Төрөкулович, мени абдан жакшы көрчү, жакшы мамиле кылчу. Ушул кылган мамилеси үчүн ага абдан ыраазымын. Чыңгыз агайдын өмүрүнүн акыркы төрт жылын бирге өткөрдүк. Мага эмнегедир, ал өзүн жалгыз сезгендей байкалчу. Түнү менен китеп жазуу менен алектенип чыгаар эле. Агайдын кол жазмасын элчиликте менден башка эч ким окуй алчу эмес. Ошондуктан, түшкү тамак учурунда, мен ал кол жазманы компьютерге түшүрөөр элем. Бул эмгек, бардыгыбыз билген залкар жазуучубуздун акыркы китеби “Тоолор кулаганда” болчу. 

Чыңгыз Төрөкулович абдан тамашөкөй эле. Бир күнү китептин электрондук вариантын Москвадагы басмаканага жиберип жатканда үч-төрт жолу “Кандай жибердиң, кеттиби” деп сурап жатты. Анан “Ооба, агай жетти басмаканага”-десем, “Эмне мынча тез, бизге эми олчойгон счет келбейби”-деп күлдүрдү эле. Чындыгында, ар дайым агайдын жанында болдум, котормочусу, жардамчысы болуп чогуу жүрдүм. Акырында, менин элчиликтеги иштөө мөөнөтүм март айында бүтүп, агайдыкы болсо июль айында соңуна чыкмак. Бирге кетебиз, деп менин иштөө убактымды июльга чейин узартууга аракет кылды. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам бул ою ишке ашкан жок. 

Мен Кыргызстанга келдим, менин жеке телефон номерим агайда жок эле. Бирок, бир күнү агай үйдүн телефонун таап мага чалды. Ал-абалды сурашкандан кийин, “Сени сагынып, артыңдан мен дагы келип алдым”-деп күлүп, “Татарстанга кеткени жатам, келгенден кийин жолугалы”-деди эле. Бирок, тилекке каршы ушул маектешүү залкар жазуучу менен болгон акыркы сүйлөшүүбүз болуп калды. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)