WeChat      Избранное

Ванг Тао:“Окуумду аяктаган соң, Кыргызстанга келип иштегим келет”

27/07/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Ванг Тао:“Окуумду аяктаган соң, Кыргызстанга келип иштегим келет”

“Айгүл гүлүнө болгон сапар”. Сүрөттөр Т. Вангдын өздүк архивинен алынды

Учурда, кыргыз-кытай кызматташтык алакасы бардык тармактарда өсүп-өнүгүп келет. Билим берүү тармагы дагы алардын катарында. Кыргызстандык жаштар кытай тилин өздөштүрүп, тереңдеп үйрөнүү максатында Кытай жергесинде окуусун улантышса, Кыргызстанга келип билим алып жаткан кытай жаштары дагы аз эмес.

Мына, ушундай жаштардын бири, Кытайдын эң алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болгон Цинхуа университетинин докторанты Ванг Тао. Ал учурда, Ош мамлекеттик университетинде билимин улантып, Кыргызстан менен жакындан таанышып жүргөн мезгили. Ванг Тао биздин гезитке өзүнүн Кыргызстан тууралуу ой-пикири айтып, кызыктуу маек куруп берди. 

-Ванг Тао, алгач, өзүң тууралуу айтып берсең, Кытайдын кайсы провинциясынан болосуң?

-Мен Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынан болом. Ганьсу Кытайдын байыркы провинцияларынын бири. Ал чыгыш жагынан Синьцзян Уйгур автономдуу облусу менен чектешет. Борбору Ланьчжоу шаары.

Алган билимим тууралуу айта турган болсом, бакалаврды орус тил факультетин бүтүргөм. Ал эми, учурда болсо Пекиндеги Цинхуа университетинде докторантураны окуп жаткан мезгилим. Азыркы адистигим болсо Эл аралык мамилелер. 

-Бизге качан келдиң эле, билимиңди улантуу үчүн эмне себептен Кыргызстанды тандадың?

-Жогоруда айтып кеткендей, мен учурда Эл аралык мамилелер факультетинде окуп жатам. Факультеттеги изилдөөлөрүм негизинен Борбордук Азия чөлкөмүнө байланышкан. Орус тилин дагы билем. Учурда, эки мамлекет ортосунда “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде дагы көптөгөн иш-чаралар аткарылып жатат. Мына ушул себептерден улам, Кыргызстанды тандап, бул жакта билим алуумду улантып жатам. 

Мындан сырткары, менин жакын досум Ош жергесинен болот. Анын таасири аркылуу дагы Ош шаарын тандап, Ош мамлекеттик университетинде билим алып жатам. 

Борбордук Азия, Кыргызстан багытында изилдөө иштерин баштаганда, мен бардыгын кагаз түрүндө гана көрүп, окуп таанышкам. Менин Кыргызстанга келүүдөгү эң башкы максатым, бул аймакты жакындан таанып, өз көзүм менен көрүп, Борбордук Азия чөлкөмү боюнча алган билимимди тереңдетүү болуп саналат. 

-Кыргызстан жана Кытайдын билим берүү системалары тууралуу айтып берсең, экөөнүн ортосунда айырмачылыктар көп бекен?

-Эки мамлекеттин билим берүү системасында айырмачылыктар бар экен. Мисалы, Кытайда мектеп окуучулары 12 жыл окушса, бул жакта 11 жыл. Бирок, Кыргызстанда 9-классты аяктаган соң, көп окуучулар колледждерге тапшырып кетишет экен. Жогорку окуу жайлары тууралуу айта турган болсом, бакалавр жана магистратура тармактарында окуу системасы бирдей экендигин байкадым. 

Ал эми, докторантурага келгенде, бул жакта магистратурадан кийин аспирантураны окуп, андан соң докторантурага тапшырууга мүмкүн экен. Менин жеке пикиримде бул, мурунку Советтер Союзунун билим берүү системасынан калса керек. Ошол себептен уламбы, Кыргызстанда докторантурада окугандардын жашы бир топ эле улуу болот экен. Кытайды аспирантура жок. Ошондуктан, магистратурадан кийин дароо эле докторантураны улантып кетүүгө болот. 

Мындан сырткары, Кыргызстанда көп тилдүү мектептер, окуу жайлар көп кездешет. Мисалы, Ош аймагын алсак деле бул жакта кыргыз, орус, түрк, кытай ж.б. тилдүү окуу жайлар бар. Бишкек шаарында дагы көп тилдүү жогорку окуу жайларды кездештирүүгө болот. 

-Кыргызстанга биринчи жолу келип жатыпсың, Кыргызстан, Ош тууралуу эмнени айтып бере аласың, эң жаккан нерсе эмне болду?

-Ош шаары Бишкекке караганда кеңири тарыхы бар шаар. Анын 3000 жылдан ашкан тарыхы баарыбызга белгилүү. Бишкек менен Ошту салыштырып келгенде, Оштон Борбордук Азиянын колоритин, өзгөчөлүктөрүн көбүрөөк көрүүгө болот. 

Мен Ош жергесинен базарларына чыгып, түркүн-түстүү жер-жемиштерди алып, базар кыдырганды жакшы көрөм. Мындан сырткары, дүйнөгө белгилүү Сулайман Тоого чыгып сейилдегенди жактырам. Ал жактан түшкөн сүрөттөрүм абдан көп. 

-Кыргызстандын ашканасы сага жактыбы, ага көнүү кандай болду?

-Кыргызстандын тамак-ашына көнүү мен үчүн жеңил эле болду. Себеби, Синьцзян аймагынын ашканасына жакын экен. Бирок, менин жеке пикиримде бул жакта көбүнчө майлуу тамактарды жакшы көрүшөт экен. Тамактар майлуу болсо дагы абдан даамдуу. Ошондуктан, Кыргызстанга келгени тамак-аштан эч кыйналган жокмун. Менин Ош жергесинде эң жакшы көрүп жеген тамагым бул-тандыр самсысы. Самсы жаңы гана тандырдан бышып чыгып, ысыгы тарай электе абдан даамдуу болот. Ошондой кезде жегенди абдан жакшы көрөм. 

Ванг Тао:“Окуумду аяктаган соң, Кыргызстанга келип иштегим келет”

Ванг Тао

-Кыргызстанда жүргөндө кызыктуу же таң калтырган окуялар көп эле болсо керек, биздин окурмандар менен бөлүшө кетпейсиңби?

-Пекинде окуп жүргөнүмдө оштук бир бала менен таанышкан элем. Андан бери бир канча убакыт өткөн. Байланышыбыз деле жок болчу. Бир күнү мен Оштон магазинден чыгып бара жатып, ошол таанышым менен бетме-бет жолугуп калдым. Анын таң калганын айтпай эле коеюн. Пекинден таанышып, Оштун бир дүкөнүнөн жолугуп калуу абдан таң калыштуу болгон. Экөөбүз жолуккан соң, кечинде шашпай кездешип, кенен сүйлөшүп отуралы деп чечтик. Убакытты кечки саат алтыга белгилеген соң, таанышым: “Кыргызчабы же немисчеби” деп сурап калды. Ошол кезде, бул суроонун маанисин жакшы түшүнгөн эмесмин. Кийин гана бул суроонун маанисин түшүндүм. 

Кыргызстанда чындыгында, убакыт маселеси бар экен. Дүйнөгө немис эли убакытка тактыгы менен белгилүү го. Ошондуктан, “немисче” деп дагы айтып калышса керек. Эгерде, кандайдыр бир расмий иш-чаралар, жолугушуулар болсо, анда белгиленген убакытта келишет экен. Ал эми, достор арасында, же кандайдыр бир той-майрамдарда коноктор эмнегедир дайыма кармалып келишет. Мен дагы мындай адатка көнүп калдым. 

Бул нерсени жакшы же жаман деп айта албайм. Бул көнүмүш адат десем болот. Жакындарга же досторго барган учурларда, шашпай жумуштарды бүтүрүп, андан соң эч жакка шашылбай эс алуу деле жакшы деп ойлойм. 

-Кыргызстандын Оштон башка кайсы шаарларында болдуң?

-Апрель айынын башында, айгүл гүлү жаңы гана ачып жаткан кезинде Баткен жергесине барып келдим. Мурунтан айгүл гүлү тууралуу угуп, аны көрүүгө кызыгып жүрчү элем. Бул тилегим дагы ишке ашып, сүйүү гүлү менен дагы таанышып, Баткенге кызыктуу сапарга чыгып келдим.

Мындан сырткары, Кызыл-Кыя шаарында болдум. Ал жакта, менин жакын досум эмгектенип келет. Өзү кытай жараны. Кызыл-Кыя дагы абдан даамдуу жер-жемиштери менен белгилүү экен. Албетте, Бишкек шаарында дагы болгом. 

-Окууңду аяктаган соң, Кыргызстанга келип иштөөнү каалайт белең?

-Албетте, окуумду аяктаган соң, эгерде, Кыргызстанга келип иштөө мүмкүнчүлүгү пайда болсо, чоң кубануу менен кайрадан бул жакка кайтып келмекмин. Учурда, кыргыз тилин дагы аста-астадан үйрөнүп жатам. Жакшылап кыргыз тилин дагы өздөштүргүм келет.

-Чет тилди үйрөнүп жаткан жаштарга кандай кеңеш берет элең?

-Негизинен эле ар бир тилди үйрөнүүдө тынымсыз эмгектенүү, өз алдыңча изденүү керек. Мен орус тилин үйрөнүп жаткан кезимде, жалпысынан жаңылыктарды укчумун. Ар бир жаңылыкты кайра-кайра угуп, толук маанисин гана эмес, ар бир сөзүн түшүнмөйүнчө кайталап уга берчүмүн. Тил үйрөнүү жеңил эмес. Бирок, аракет кылса, чет тилди дагы жакшылап үйрөнүп алса болот. Эң негизгиси каалоо жана тынымсыз эмгек керек. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)