WeChat      Избранное

Бегим Турдалиева: ““Шанхай духунун” өзөгүн “ишеним, пайда, кеңешүү, теңчилик, маданиятка сый-урмат, биргелешип өнүгүү” идеясы түзөт”

20/06/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Бегим Турдалиева: ““Шанхай духунун” өзөгүн “ишеним, пайда, кеңешүү, теңчилик, маданиятка сый-урмат, биргелешип өнүгүү” идеясы түзөт”

Бегим Турдалиева, “Мага пекиндиктер жүргөн-турганы шайдоот, бирок олуттуу мүнөз күткөндөй көрүндү

Кыргыз-кытай алакасы жылдан-жылга өнүгүп, ар тараптуу кызматташтык байланышы өөрчүп келүүдө. Эки элдин, эки мамлекеттин мамилесин бекемдөө үчүн бир катар долбоорлор ишке ашырылып, биргеликте иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгына бардыгыбыз күбө болуп келебиз. 

Мына, ушундай иш-чаралардын бири жакында эле Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында болуп өттү. Пекин радиосу аркылуу Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында “Пекин менин көзүм менен” аттуу долбоору ишке киргизилип, ушул долбоордун негизинде “Эркин-Тоо”  гезитинин  Саясат жана экономика  бөлүмүнүн  башчысы  Бегим Турдалиева коңшу мамлекетке барып келди.

Бегим эже, биздин гезитке Кытай жергесине болгон сапары тууралуу айтып берип, катышкан иш-чаралары жөнүндө ой-бөлүштү. 

-Бегим эже, сиз жакында Кытайга барып келдиңиз. Ал жакка барууңузга эмне себеп болду?

-Кытайдагы кесиптештерибиз, тактап айтканда Пекин радиосу ШКУнун алкагында “Пекин менин көзүм менен” долбоорун ишке киргизип, уюмга мүчө өлкөлөрдөн журналисттер тобун чакырган экен. Ошентип, туз буйруп, Кыргызстандан “Вечерний Бишкек” гезитинин Башкы редакторунун орун басары Нина Ничипорова экөөбүз бир жума Пекинде болуп келдик. Кытайлык кесиптештерибиздин айтуусу боюнча, бул иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жатат, кийинки жылдары дагы салт катары улантылмакчы. 

Биздин Пекинге сапарыбыз ШКУ алкагында 1-медиа-саммитке туш келип, ал иш-чарага Кыргызстандын делегациясы катарында катыштык.Медиа-саммит болор алдында Кыргызстандан Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова баш болуп “Кабар” маалымат агенттигинин директору Кубан Таабалдиев, ЭлТР каналынын  башкы директору Айбек Мусаев, НТС каналынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу Пекинге келишти. Медиа-саммиттин эртеси  алар, саммитке келген башка өлкөлөрдүн делегациялар тобу болуп, Кытайды тааныштыруу туру менен кетишти. Биз болсо Кыргызстанга кайттык.

-Сиздер барган долбоордун алкагында кандай иш-чаралар өткөрүлдү?

-Шанхай кызматташтык уюмунун 18-жыйынын утурлап Пекинде алгач ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ММКларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен “Кытай жана чет элдик ММКлардын өз ара байланышы жана кызматташтык” аттуу темада форум болду. Форумда негизги докладды Пекин шаардык комитетинин туруктуу мүчөсү,  Пропаганда бөлүмүнүн башчысы Ду Фэй жасады. Мындан тышкары форумга катышкан өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрү да доклад жасашты. Кыргызстандан “Вечерний Бишкек” газетасынын башкы редакторунун орун басары  Нина Ничипорова  чыгып сүйлөдү. Белгилей кетсек, аталган гезит Кытайдын  ири бир гезити менен  буга чейин эле кызматташтык көпүрөсүн куруу багытында иш алып барып жатышкан экен. Негизи форумда сөз сүйлөгөндөрдүн баары уюм алкагында ММКлардын өз ара кызматташтыгынын зарылдыгын ырасташып, өздөрүнүн бул багыттагы иш-аракеттери туурасында айтышты. 

Андан кийин “ “Бир алкак-бир жол”демилгесине ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ММКларынын катышуусу” аттуу темада “тегерек стол” болду.  Ал жерден мен дагы: “Биз бардыгыбыз географиялык жактан да, тарыхый жактан да бири-бирибизге байланышканбыз. Биздин келечек тагдырыбыз да байланыштуу, бул бизди бири-бирибизге жакын болуп, мамилелерди чогуу бекемдөөгө  милдеттендирет. Андыктан ШКУ өлкөлөрүндөгү кесиптештерибиз менен кызматташууга даярбыз. Элибиз, биз аркылуу, биздин өлкөлөрдүн мамилелерин жана кызматташтыгын биле алышат. Биз ШКУ мамлекеттеринин ММКлары менен өз ара маалымат бөлүшүп, тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты колдойбуз” деген пикиримди билдирдим. Форум соңунда, ММКлар ортосунда кызматташтыкка чакырган “ШКУга мүчө-мамлекеттердин ММКларынын Пекин форумунун биргелешкен демилгеси” кабыл алынды. 

-Демек, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ММКларынын  форуму өзүнчө өткөн экен да?

-Ооба. Эртеси күнү 1-июнда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн, байкоочу өлкөлөрдүн жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн  ММКларынын 1-медиа-саммити  Пекиндеги Дяоюйтай улуттук мейманканасынын Фанфэйюань имаратында өттү. 

Бул иш-чараны  Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Пресс-канцеляриясы уюштурду. Анда Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюро мүчөсү, ККП БК секретариатынын мүчөсү жана ККП БКнын Пропаганда бөлүмүнүн башчысы Хуан Куньмин кеңири доклад жасады. 

Белгилей кетсек, медиа-саммит өткөрүү  идеясын 2017-жылы  ШКУнун мамлекет башчыларынын Астана саммитинде КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин сунуш кылган. Ал элдердин жакындашуусу ММКлардын катышуусусуз мүмкүн эмес деп белгилеп,  ММКлардын кызматташтык механизми катары  медиа форум уюштурууну айткан. Хуан Куньминдин пикири боюнча, медиа ШКУ ортосундагы диалогдун өнүгүшүнө чоң салым кошо алат жана ММКлар уюмдун өнүгүшүнө  жана “Шанхай духун” кеңири пропагандалоого көңүл бурушу керек.

Учурда, “Шанхай духу” термини ШКУга мүчө мамлекеттердин бардык деңгээлдеги диалогдорунда кеңири колдонулууда. Балким кээ бирөөлөрдө  бул терминдин түпкү максаты, маңызы жана мааниси жагынан суроо туулушу мүмкүн, ошондуктан, анын чечмеленишине бир аз токтоло кетсем. “Шанхай духу” теориясынын өзөгүн “өз ара ишеним, өз ара пайда, теңчилик, өз ара кеңешүү, маданияттын ар түрдүүлүгүнө сый-урмат, биргелешип өнүгүүгө умтулуу” идеясы түзөт. “Шанхай духу” - КЭРдин лидерлери Дэн Сяопиндин “эл аралык стратегиялык ой жүгүртүү” жана Цзян Цзэминьдин  “үч өкүлчүлүктүн теориясы” аттуу эл аралык мамилелер тармагында карманып,  ишке ашырган  тажрыйбаларынан келип чыккан концепция. 2001-жылы  ШКУну түзүү саммитинде Цзян Цзэминь  бул тажрыйбаларды жалпылап  “Шанхай духу” теориясын сунуш кылып, ал уюмду түзүүдөгү негиз болчу документтерде толугу менен камтылган. Демек, “Шанхай духу” кытайларга гана тиешелүү эмес. Ал уюмдун рухий негизи катары, мамлекеттер ортосундагы өз ара ишеним, өз ара пайда, теңчилик, кеңеш, маданий ар түрдүүлүккө сый мамиле жана жалпы  өнүгүүгө умтулуу  принциптерине негизделген жалпы кызматташтык концепциясы.

ШКУнун түзүлгөнүнө 17 жыл болду. Алгач, коопсуздукту сактоо маселеси боюнча кызматташтык маанисинде чогулса да бүгүн “Шанхай духун” жетекчиликке алган  уюмга мүчө мамлекеттер экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын кеңири алкагын камтып, өзүнүн катарын кеңейткен дүйнөдөгү эң таасирдүү регионалдык уюмга айланды. Анан албетте,“Бир алкак-бир жол” принцибинде тыгыз кызматташтыкка умтулган уюмдагы өлкөлөрдүн  ММКлар  ортосундагы  байланыштарды түзүү кадыресе жана зарыл  көрүнүш деп эсептейм.

Биринчи медиа-саммитке ШКУга мүчө мамлекеттерден тышкары байкоочу статусундагы жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн  алдыңкы ММКларынын жетекчилери жана өкүлдөрү, медиаэксперттер, дипломатиялык коомчулук болуп жалпысынан 260дөн ашуун  адам катышты.  Ага  дүйнө өлкөлөрүнүн 110дон  ашык ММКларынан өкүлдөр келишти. Ошондой эле ШКУнун башкы катчысы Рашид Алимов катышты жана чыгып сүйлөдү. Анын орун басары Айзада Субакожоеваны да ал жерден кезиктиргенибиз биз үчүн  жагымдуу болду.

Саммиттин негизги бөлүгүндө жана секциялардагы талкууларда сөз сүйлөгөндөрдүн дээрлик баары  ММКлардын коомдогу ролуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп,  өз ара байланыштарды бекемдөө зарылдыгын белгилешти. Бүгүнкү күндөгү жалпы эле медианын өнүгүүсүндөгү актуалдуу багыттар туурасында сөз болуп,ШКУнун маалыматтык  жалпы мейкиндигинин  өнүгүү маселесине  карата бирдиктүү аракеттерди жумшоо белгиленди.Ошондой эле ШКУ алкагында журналисттик сыйлыкты негиздөө жөнүндө да айтылды. Саммиттин ачылышында Кыргызстандын атынан  министрдини орун басары Айнура Темирбекова сөз сүйлөп, соңунда  күзүндө Ысык-Көлдө өтүүчү Көчмөндөр оюнуна медиакоомчулукту чакырды. 

Бегим Турдалиева: ““Шанхай духунун” өзөгүн “ишеним, пайда, кеңешүү, теңчилик, маданиятка сый-урмат, биргелешип өнүгүү” идеясы түзөт”

“Кесиптештерибиз менен Кытайдын ажайып жерлерин кыдырып көрүүгө мүмкүнчүлүк болду”.

“Кытай өлкөсү мага мурда, бейтааныш адамдай болсо, эми мен үчүн жакын жана жакшы тааныш адамдай эсимде калды” 

-Иш-чаранын жыйынтыктары кандай болду медиа-саммит өз мүдөөсүнө жетти деп ойлойсузбу? 

-Медиа-саммиттин катышуучулары “ММКлар ортосундагы кызматташтык жана  тажрыйба  алмашууну  чыңдоо боюнча ШКУнун 1-медиа-саммити көтөргөн демилгени” жарыялады. Анда “Шанхай духун”  чечкиндүү өнүктүрүү зарылдыгы, ШКУ боюнча маалыматты кеңири  жайылтуу, ШКУ өлкөлөрүнүн  ортосундагы эл аралык мамилелердин ийгиликтүү жаңы тажрыйбаларын алып чыгуу жана башка маселелер камтылган. Ошондой эле региондо коопсуздукту сактоо боюнча ШКУнун күч-аракеттерин, терроризм, сепаратизм,экстремизмге, нарко жана кибер кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү тараптардын кызматташтыгын биргелешип активдүү чагылдыруу да белгиленген. 

ШКУ алкагында гуманитардык чөйрөдө кызматташтыкты, цивилизациялар ортосунда тажрыйба бөлүшүүнү, диалогду  колдоо абзел.  Жарыяланган демилгеде улуттар аралык уктуруу тармагын биргелешип  түзүү жана ар кайсы өлкөлөрдүн ММКларынын ортосунда тереңдетилген кызматташтыкты калыптандыруу жана башка бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери камтылган. 

Албетте, саммит максатына жетти деп ойлойм. Биринчиден, анын катышуучуларынын баары ШКУ алкагында кызматташууга даяр экендиктерин жана мунун зарылдыгын белгилешти. Анын алкагында, ММКлар ортосунда жекече кызматташтык боюнча айрым макулдашуулар жетишилди. Албетте, бул мындай масштабдагы биринчи кадам болду. Келечекте бир эле Кытай эмес, башка өнөктөш өлкөлөр менен тажрыйба алмашып, алакаларды түзүү мүмкүндүгү жок эмес. Биз дагы ШКУ деген  чоң “үй-бүлөнүн” толук кандуу мүчөсү катары  ШКУнун  маалымат мейкиндигинде өз арабабызды тартышыбыз керек деп ойлойм.

-Медиа-саммитке 17 өлкөнүн алдыңкы мадиа тармагында иштеген өкүлдөр келип катышкандыгы белгилүү, сиз башка мамлекеттердеги кесиптештериңиз менен жакындан таанышып,  пикир алыша алдыңызбы?

-Биз менен барган Тажикстан, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн негизинен маалыматтык агенттиктерден, телерадиодон  өкүлдөр келиптир. Андыктан өз ара кызматташтык маселеси боюнча сүйлөшө албадык. Бирок, алардын баары Пекинде ШКУнун алкагында ММКлардын өкүлдөрүнүн чогулушуна жакшы баасын беришип, уюштуруучуларга ыраазылыктарын билдиришти жана ушундай эле жолугушууларды өздөрүндө өткөрүү ниеттерин билдиришти.

-Бул медиа-саммиттин журналисттерге ачкан мүмкүнчүлүктөрүнө токтоло кетсеңиз, эл аралык байланышты чыңдоодо медиа-саммиттин орду кандай?

-Бул албетте, ШКУ уюмундагы өлкөлөрдүн журналисттери үчүн таанышуу, өз ара алака-байланыштарды  түзүүдөгү өзүнчө  бир практикалык  аянтча болуп калары талашсыз. Бардыгы салыштыруудан билинет дегендей, мисалы, мен кытайлык кесиптештеримдин иш ордуна, аларга түзүлгөн шарт жана мүмкүнчүлүктөрдү көрүп  суктандым жана ойго баттым. Өз ара кызматташтык тажрыйбасы ишти  жаңы нукка салууга, айрым бир маселелердин чечилишине  түрткү болушу толук мүмкүн. Анан  ШКУ алкагында  ММКлар ортосундагы байланыштарды жайылтуунун өзү ошол эл аралык мамилелерди чыңдоого жатат эмеспи.

Бегим Турдалиева: ““Шанхай духунун” өзөгүн “ишеним, пайда, кеңешүү, теңчилик, маданиятка сый-урмат, биргелешип өнүгүү” идеясы түзөт”

“Дүйнөгө белгилүү Тяньаньмень аянтында”.

-Журналист катары ШКУнун Кыргызстан үчүн маанисине дагы токтоло кетсеңиз?

-Биринчиден, Кыргызстан Евразия чөлкөмүнүн жарымынан көбүн камтыган, дүйнөнүн калкынын дээрлик жарымын түзгөн, Россия, Кытай, Индия өңдүү дүйнөнүн үлкөн мамлекеттери кирген Шанхай кызматташтык уюму аттуу регионалдык чоң уюмдун толук кандуу мүчөсү. Уюм ичинде Кыргызстан  өз кызыкчылыктарын тең ата коргой алат. Уюм  өз ара кызматташтыгында карманган ”Шанхай духу” принцибинде чоң же кичине мамлекет деген жок, тең укуктуу кызматташтыкка  негизделген. Аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү сактоо маселеси да уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы милдети. Уюм алкагында экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта мындан ары өз ара пайдалуу байланыштардын кеңейиши күтүлөт.

Анан келечекте, жаныбыздагы миллиарддаган рынокко ээ Кытай өлкөсүнө өзүбүздүн  айыл чарба азыктарыбызды киргизүүгө  жетише алсак  деген кыялым бар. 

-Сөз соңунда, Пекин шаары тууралуу айтып берсеңиз, коңшу мамлекеттин борбору сизге кандай таасир калтырды?

-22 млн калк жашаган, башы-аягы көрүнбөгөн Пекин шаары асман тиреген бийик курулуштар менен катар эле жашыл шаар экен. Тротуарлардын жээктериндеги, имараттардын айлана-тегерегиндеги  газондор,  майда жапыз талдар  зыңкыйта кооздолуп кыркылып,адамдын көңүлүн бурбай койбойт. Көчөлөрдө коомдук транспорт  тынбай каттап, бирок ичинде биздикиндей шыкалган жүргүнчүлөрдү деле кезиктирген жокпуз. 

Бардык көчөлөрдө веложолдор жана анда ары-бери зуулдаган пекиндиктерди көрөсүң. Кадам сайын эле тизилип турган велосипеддер кездешет, анын акысын төлөп каалаган жериңе тээп барып таштап коё берет экенсиң. Анан албетте, метросу да бар.  Көчөлөрдө  жол тандабастар жокко эсе, негизинен жеңил автоунаалар басымдуулук кылат экен. Алардын баары жалтырап жаңы көрүнөт, шалдыраган-чарчаган автоунааларды кездештирбедик. Көчөлөрдө унаа агымы кыйма-чийме жүрсө да шыкалган тыгын   көрүнбөйт. Эртең менен жана кечкисин  кээ бир жерлерде машина агымы жай болсо да жылып,  бирок шыкалып токтоп калган тыгын жок. Көчөлөрү кенен, борбордук көчөсү эки багытка тең алты тилкеден  болуп, солго бурулуш деген жок. Тыгын көйгөйүн көчөлөрдөгү ар кандай багыттагы айланма көчөлөр,  жөө жүргүнчүлөр үчүн көчө үстүнөн же жер алдындагы  өтмөктөрдү куруу менен  жеңилдеткен сыяктанат. Көп кабаттуу үйлөр канчалык көп болсо да ошончолук кайсы бир жеринен болсо да бири-биринен айырмаланып турат. Мага пекиндиктер  жүргөн-турганы шайдоот, бирок олуттуу мүнөз күткөндөй  көрүндү. 

Кыскасы, Кытай өлкөсү мага мурда алыстагы  кайсы бир бейтааныш адамдай болсо, эми мен үчүн жакын жана жакшы тааныш адамдай эсимде калды. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)