WeChat      Избранное

Анара Нурматова: Колума перфоратор алып, жигиттерге жалюзи орнотконду үйрөткөм

28/06/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Анара Нурматова: Колума перфоратор алып, жигиттерге жалюзи орнотконду үйрөткөм

Студент кезинде ателье ачып, кийин колуна перфоратор алып, жалюзи тагып, ишкана уюштуруп, нечен жыл Кытайда  компания иштетип, Анара Нурматова айым бүгүн Кытай менен болгон бизнес алакада көрүнүктүү ишкерлердин бири. 

- Анара айым, бизнес менен канча жашыңызда алектене баштадыңыз?   

- Эми бизнес эмес, өз алдынча акча табуу десек туура болчудай. Ош мамлекеттик университетинде окуп жүрүп, 20 жаш курагымда кийим тигүүчү ателье ачкам. Себеби модельер-конструктор кесибине окуп жаткам ошол маалда. Иш түзүк эле жүрдү, бирок, турмушка чыгып, жолдошумдун ишине байланыштуу башка областка кетип, ишим токтоп калган. 

- Ал жактан да ишкердүүлүк менен алек болдуңузбу?

- Тагдырдын жазганы  экен, жолдошум каза болуп калды. Эмне кылаарымды билбей, өзүмдү алаксытууга аракеттендим. Бир тааныш эже менен Казакстанга барып, ал жактан жалюзилер үчүн керектүү жабдыктарды ташый баштадым. Бул ишти үйрөнгөн соң, Бишкекте  терезе тоскучтардын ушул түрүн жасоочу цех ачтым. 

- Кыз кишиге өндүрүштү ачыш кыйынга турса керек?

- Кыйынчылык деле болгон жок. Башында, акча жагы тартыштык болгондуктан, базардан дрель алып, жалюзини орнотконго өзүм бардым. Тажрыйба жоктуктан, туура эмес дрель алгам экем, аным же бетон дубалга өтпөй, уста чакырууга аргасыз болдум. Ал келип, кандай перфоратор керек экендин айтып берди. Анан сиңдим экөөбүз барып орнотуп жүрүп, бул иштин да ыгын таптык. Башында, кээ бирлер бизге ишенбей, кыздар да орнотчу беле деп, эркек устаны күтүшчү. Эң кызыгы, ал усталарга жалюзи орнотконду мен үйрөткөм болчумун. Бара бара кардарлар да көбөйдү.

- Кытайга эмне себеп болуп барып калдыңыз? 

- Ал жака биринчи жолу 2006 жылы бардым. Чет элге алгач чыгышым эле. Барган себебим, жалюзи боюнча жаңы технологиялар менен таанышуу болчу. Үрүмчү  шаарына бардым, шаар абдан күчтүү таасир калтырды. Ал жактан келип, тууган урукту чогултуп, атама айттым, барып иштеп  келейин деп. Алар каршы болбоду. Себеби, ал жакта үйрөнчү нерсе көп эле.  

- Чет мамлекетте эмне иш кылдыңыз?

- Жогоруда айткандай, казакстандык тааныш эже менен бирге ал жактан Кыргызстанга жүк ташуу жана импорт-экспорт менен алектенген компания ачтык. Эже жардам берип, өзүмө жаңы тармакты өздөштүрө баштадым. Негизинен курулуш материалдарын, курулуш техникасын, жабдыктарды Кыргызстанга жөнөтүп турдук.

- Тил маселеси кандай болду? 

- Тилден чоң тоскоолдуктар болбоду. Биринчиден, котормочу жалдадык. Анан, Үрүмчүдө иш алып баргандыктан, ал жакта уйгурлар, казактар, кыргыздар менен иштешип, таанышып тил чон көйгөй болгон жок. Анын үстүнө, мурунку СССРден барып иштегендер көп эле. Албетте, жалаң эле котормочуга таянып жатып алганыбыз жок. Бара бара өзүбүз да акырындан үйрөнө баштадык. 

- Кытайда иш алып баруу кандай экен? 

- Эгер компания ачып, ага тийиштүү уруксат кагазды алсаңыз, калганы жеңил болот. Себеби, каттоодон өткөн ишканага ишеним бар болот. Текшерүү деле келчү эмес, баардык отчетторду электрондук канал менен жиберип турчук. 

- Айтып кеттиңиз, Кытайга алгач келгенде чоң таасир калтырды деп. Ал эмне тассирлер эле?

- Биринчи кезекте шаарлар таң калтырды. Имараттардын бийиктиги, ушунчалык шаар инфраструктурасынын өнүккөндүгү, кадимки эле жолдор, учу-кыйры көрүнбөгөн узун көпүрөлөр, коомдук транспорт дегендей... Анан алдыңкы технологиялар.

- Ал эми маданий жагынанчы?

- Мен Синьцзянда жашап, уйгурлар, казактар, мурунку СССРден баргандар көп болуп, чоң айырмачылыктарды деле сезбедим. Көптөгөн кишилер менен тааныштым, дос күттүм. Көбү менен азыркыга чейин катташып турам. 

- Эмнени үйрөндүңүз Кытайдан?

- Албетте, ал жакта баштаган ишимди жакшы өздөштүрдүм. Негизинен, дагы бир ирет кытайлардын иштермандыгына ынандым. Анын үстүнө,  көпчүлүк жумушчулары арык болгону менен, абдан оор жүктөрдү жалгыздап эле көтөрүп, ташып коет. Анан дагы бир жаккан жагы, убакытты жакшы пайдалана билет. 

- Атактуу ашканасы тууралуу учкай айта кетсеңиз?

- Бул өзүнчө маданият. Алар саламдашканда, “тамак ичтиңизби?” деп сурашат. Сөзсүз түрдө тамактын көп түрүн коет. Анын алдында, биздей эле чай сунат. Мисалы, бизде тамактын даамына көп көңүл бурсак, алар анын ден-соолукка пайдалуу жагына карашат. Ар бир тамакты бул бул ооруга жакшы, бул тиги ооруга жакшы деп турушат.

- Кытайда спортко жакшы көңүл бурат дейт го...

- Ооба. Физкультура менен массалык түрдө машыгышат. Ар бир паркта, стадиондордо машыккан адамдар абдан арбын. Гимнастика кылат, бий менен кызыккандар көп. Мен өзүм чуркачумун, күнүнө 10 километрге чейин. Бул жерде гимнастика жасайм. 

- Жаштайыңыздан эле өз алдынча иштегенге умтулчу экенсиз. Үстүңүздөн начальниктин болушун каалабагандыкпы?  

- Андай деле эмес. Кичинемден эле баарын өзүм жасаганга аракет кылчумун. Бала кезден эмгекке бышканбыз. Апабыз он бала төрөп, жетөөбүз барбыз. Кичинемден бала карап, үй ишин да кылып, огородду да карап, мал карап дегендей. Апабыз үйрөтчү, “мен бир жака кетсем, ачка отура бербей, нан жапканды үйрөнгүлө” деп. Анын үстүнө, өз алдынча болсон, ой-максаттарыңды ишке ашыруу да жеңил болот.

- Сиздин элдикинен башкача бир ойуңуз бар экен, айта кетсеңиз...

- Аял катары, катуу таасирленем. Бала кезден бери эле, теледен жетим балдарды көрүп боорум ооруй берчү. Айрычка ымыркайынан балдар үйүнө түшкөндөргө. Ошол себептенби, жетиштүү дэңгээлде каражат топтоп, балдар үйүн ачсамбы деген ой бар. Өзүм дагы колдон келишинче жетимдерге жардам берип келем. 

(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)