WeChat      Избранное

КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай жергесине болгон мамлекеттик сапары жемиштүү болду

20/06/2018  Источник:оригинал   шрифта:

КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай жергесине болгон мамлекеттик сапары жемиштүү болду

2018-жылдын 6-8-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасында мамлекеттик сапарда болду. Андан соң, 9-10-июнь күндөрү КЭРнын Циндао шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйынына катышты. 

Мамлекеттик сапардын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелери, ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана бардык багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнү мындан ары өркүндөтүүнүн келечеги талкууланды. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларацияга жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталган башка бир катар документтерге кол коюлду.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жол чарбасы тармагындагы кытайлык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту, электромобилдерди чыгарган корпорацияга жана Кытай айыл чарба илимдери академиясына барды. Мамлекеттик визиттин маданий бөлүгүнүн программасына ылайык Мамлекет башчысы «Манас» операсына жана Кытайдын бир катар ажайып жайларына барды.

Ал эми, ШКУнун кезектеги саммиттинин жыйынтыгы менен бир катар биргелешкен документтерге, анын ичинде Циндао декларациясына кол коюлду.

ШКУнун төрагалыгы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына өттү. ШКУнун кийинки саммити 2019-жылы Бишкекте өтөөрү белгиленди. Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун саммитинин алкагында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга жана Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар алкагында, Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз гранттык негизде 600 миллион юань берүү боюнча макулдашууга жетишти. Бул каражат жол куруунун үчүнчү фазасына жана фитосанитардык лабораторияларды курууга жумшалаары белгилүү болду. Ошондой эле акчанын бир бөлүгү археологиялык казуу иштерине дагы сарпталмакчы.

Маалымат боюнча акча 2020-жылдан баштап бериле баштайт.

Андан сырткары, Кытай таза суу менен аймактарды камсыздоого Кыргызстанга кайтарымсыз 100 млн. доллар бөлөөрү дагы айтылды. Аталган каражат 2019-жылдан тарта бериле баштаары кабарланды.

Мына ушул, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары жана ШКУнун кезектеги жыйын тууралуу биздин гезитке саясий серепчилерибиз өз ойлорун билдиришти. 

Жумакадыр Акенеев, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда биргелешкен Декларация кабыл алынды” 

- Бардыгыбыз билгендей, жакында эле Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары, андан соң Шанхай Кызматташтык уюмунун чогулушуна катышкандыгы абдан жемиштүү болду. Чындыгында, Кыргызстан сыяктуу кичинекей мамлекеттер үчүн “мамлекеттик сапар” чанда гана уюшулат. 

Бул иш-сапардын алкагында жүзөгө ашкан эки тараптуу жолугушууларда абдан жакшы, көйгөйлүү маселелер каралды. Эң биринчиден, биз үчүн маанилүү болгон ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда биргелешкен Декларациясы кабыл алынды. Мындайча айтканда, дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы экономикага ээ мамлекет, “Кыргызстан дагы биз үчүн абдан маанилүү, стратегиялык өнөктөш мамлекет, кошуна, чектеш жашаган өлкө” деп ошондой деңгээлге көтөрүүсү, биз үчүн абдан чоң жетишкендик деп айтсак болот. 

Мындан сырткары, эки тараптуу 10го жакын документке кол коюлду. Бул жолу Кытай тарап Кыргызстанга 600 миллион юань кайтарымсыз грант берүүсү белгилүү болду. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин өз сөзүндө, Кыргызстандын Кытай үчүн маанилүү стратегиялык мамлекет экендигин, алдыда Кыргызстандын аймагында жайгашкан Байыркы Улуу Жибек жолунун колдонулбаган төрт жолун дагы ишке киргизүү ою менен бөлүштү. 

Учурда, биз Улуу Жибек жолунун эки гана стратегиялык жолун колдонуп жатабыз, эгерде ал төрт жол кошулса, биздин жергебиздин туризм тармагына дагы зор түрткү берээри белгилүү. Бул жолугушуулар учурунда, Кытай тарап толугу менен Кыргызстандын Президентинин паракорчулукка каршы жүргүзүп жаткан жумушун колдоду. 

Мындан сырткары, Президент Сооронбай Шарипович ШКУнун саммитине катышты. Ал жерден үч мамлекет башчылары менен жолугушуулар болду. Монголиянын, Тажикстандын Президенттери жана Индиянын премьер-министри менен жолугушту. Мындай эки тараптуу жолугушууларда дагы бир топ оорчундуу маселелер талкууланды. Мисалы, Тажикстан менен чек ара маселеси, Индия менен соода-сатыкты өнүктүрүү багытында сөздөр болсо, Монголия мамлекет башчысы менен ал жакта Кыргызстандын элчилиги же болбосо, консулдук бөлүгүн ачуу боюнча иштер каралды. Мындан сырткары, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзияев Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга салынчу темир жолду колдоосун билдирди. Ал өз сөзүндө: “Кыргызстан аркылуу курулмакчы болгон темир жол бизге тезирээк жетсе, анда биздин тышкы соодабыз дагы жакшы өнүкмөк”-деген оюн билдирди. Мурун биз Өзбекстандын жетекчилигинен мындай макулдуктарды уккан эмеспиз. 

Кыскача айтканда, Президент Сооронбай Шариповичтин Кытай жергесине болгон сапары абдан ийгиликтүү болду. Эң негизгиси 2018-2019-жж. ШКУнун Төрагалыгы Кыргызстанга берилди. Эми, биз колдон келишинче даярданып, абдан жакшы көрсөткүчтөр, иш-чаралар менен өткөрүүбүз абзел. 

Аликбек Жекшенкулов, саясий илимдеринин доктору, КРнын мурдагы Тышкы иштер министри: “Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин биздин Президентти абдан жакшы маанайда кабыл алып, меймандостугун көрсөттү” 

- Кандай гана өлкө болбосун, мамлекеттик сапар менен баргандан кийин, ал эки мамлекеттин лидерлеринин мыкты мамилесинен кабар берет. Кытай Эл Республикасы жалпы эле эл аралык дүйнөнүн саясатында расмий бийлик менен, эл шайлаган, эл колдогон мамлекет жетекчилери менен ар дайым кызматташууга кызыкдар. Ошолор менен мамилени түзүүгө аракет кылат. Мына, биздин Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары дагы буга толук далил болуп бере алат.

Бул иш сапар абдан ийгиликтүү өттү. Кытай тарап эң жогорку деңгээлде, сый-урмат менен Президентибизди тосуп алды. Бул кадам кытай элинин, Кытай Эл Республикасынын жетекчилигинин кыргыз эли, Кыргызстандын жетекчилиги менен жылуу мамиле түзүп, достук карым-катнашты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигинен кабар берет. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин биздин Президентти абдан жакшы кабыл алып, меймандостугун көрсөттү. Эки тараптуу жолугушуулар мыкты маанайда өттү.

Эки тараптуу жолугушуунун негизинде 10дон ашуун документке кол коюлду. Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосунда Стратегиялык өнөктөштүк Декларациясы кабыл алынды. 2018-жыл бардыгыбыз билгендей Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Ушул багытта иш алып барууну дагы да тереңдетүү, региондорду таза суу менен камсыз кылуу үчүн Кытай тараптан 100 миллион доллар бөлүнөөрү белгилүү болду. Чындыгын айтканда, аймактарды өнүктүрүү иштери бир эле жылда чечилип калбайт. Үстүбүздөгү жыл бул чоң иштин башталышы гана десе болот. Мындан сырткары, Кытай Кыргызстанга 600 миллион юань кайтарымсыз грант бөлүп бермекчи болду. Жогоруда айтып кеткендей, Президентибиздин Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары абдан жемиштүү болду. 

Ал эми, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити тууралуу айта турган болсок, саммит Циндао шаарында ийгиликтүү өттү. Бул жылы коопсуздук маселесине басым жасалды. Бул иш-чаранын алкагында Президентибиз Сооронбай Жээнбеков дагы бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү. 

Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Шанхай кызматташтык уюмунун Кыргызстан үчүн мааниси абдан баалуу” 

- Шанхай кызматташтык уюмунун Кыргызстан үчүн мааниси абдан баалуу. ШКУнун жардамы, колдоосу менен Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү өлкөлөр менен бирге коопсуздукту коргоп, экономиканы өнүктүрүүгө аракет кылуу заман талабы. Жакында эле, биздин Президент Сооронбай Шарипович Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен болуп кайтты. 

Бул сапардын алкагында көптөгөн маанилүү маселелер талкууланып, эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Кытай тарап биздин мамлекеттин жетекчилигин урмат-сый менен тосуп алды. Бул дагы да болсо, кыргыз элине, биздин өлкөгө болгон, кытай элинин урматы деп түшүнсөк болот. 

Мындан сырткары, 10-июнда Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны дагы жогорку деңгээлде уюштурулду. Бул жолку саммитке алгачкы жолу Индия жана Пакистан өлкөлөрү уюмдун толук кандуу мүчөлөрү катары катышышты. Саммитте терроризм, экстремизмге каршы аракеттенүү, коопсуздук маселелери каралды. 20га чукул документке кол коюлду.  Мындан сырткары, экономикалык долбоорлор дагы талкууланды. Кийинки жылы ШКУнун саммити биздин жерде өткөрүлмөй болду. Бул дагы чоң жоопкерчилик, милдет. Жалпысынан алганда, Президентибиздин Кытай жергесине болгон иш-сапары абдан ийгиликтүү өттү. 

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик визитинин алкагында Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюлду 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюлду.

Ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюлду:

1.«Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташуу жөнүндө 2013-жылдын 11-сентябрындагы өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протокол;

2.КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен КЭР Коммерция министрлигинин ортосундагы тышкы соода-экономикалык кызматташтыктын зонасы жөнүндө Меморандум;

3.КР Мамлекеттик кадр кызматы менен КЭР Коммерция министрлигинин ортосундагы адам ресурстары чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандум;

4.Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу коон жемиштерине фитосанитардык талаптар жөнүндө КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги менен КЭР сапатты көзөмөлдөө, инспекция жана карантин боюнча Башкы Башкармалыгынын ортосундагы Протокол;

5.КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн «Мобилдүү оорукананы» жеткирип берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө КР жана КЭР Өкмөттөрүнүн ортосундагы кат алмашуулары;

6.КР Саламаттык сактоо министрлиги менен КЭР Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы саламаттык сактоо жаатында кызматташтык жөнүндө Келишим;

7.КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КЭР радио уктуруу жана теле көрсөтүү иштери боюнча Башкы мамлекеттик башкармалыктын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Келишим;

8.КЭР Башкы бажы башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын ортосундагы Эмдөө практикаланган шарптан арылган зонанын талаптарын түзүү жөнүндө Меморандум;

9.КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен КЭР Адам ресурстары жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

10.Бекер техникалык-экономикалык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишим.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)