WeChat      Избранное

Блокчейн технологиясы-Кыргызстанга ташталган алгачкы кадам

28/06/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Блокчейн технологиясы-Кыргызстанга ташталган алгачкы кадам

Учурда, блокчейн технологиялары жашообузга өтө тездик менен аралашып, интернет-инновация тармагындагы эң көп талкууга алынган тема болууда. Бир канча жыл мурун блокчейн тууралуу чанда гана адам билсе, бүгүнкү күнү бул инновациялар-замандын, коомдун талабына толук жооп берген, улуттук кадрларды өнүктүрүү менен бирге ири инвестициялык капиталдарды өзүнө тарткан булак катары таанымал болууда. Ошондуктан, көптөгөн мамлекеттер блокчейн технологиялары менен иш алып барган долбоорлорду ишке киргизүү үчүн аракеттерди көрүп келет. 

18-июнь күнү Кыргызстанда дагы алгачкы жолу блокчейн форуму болуп өттү. Форум Кыр­гыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Блокчейн Борбордук Азия эл аралык изилдөө институту тарабынан уюштурулуп, иш-чара 150дөн ашуун кытай жана жергиликтүү ишкерлердин башын бириктирди. Бул форумда блокчейн тууралуу кенен маалымат берилип, анын келечеги жана технологиясынын коопсуздугу тууралуу сөз болду. Иш-чаранын башкы максаттарынын бири катары, Кыргызстандагы санарип тармагын өнүктүрүүгө дагы өбөлгө болуу мүдөөсү экендиги айтылып өттү. 

Форумга Кыргыз Республикасынын министрликтеринин өкүлдөрү, мамлекетттик мекемелердин жеткечилери, серепчилер жана кытай ишкерлери катышып, өз ойлору менен бөлүшүштү. Кытай Эл Республикасынан келген ишкерлер Кыргызстанда блокчейн системасын ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти. 

Ишкерлердин айтымында, Кыргызстандын Улуттук Банкы криптовалюта, майнинг, блокчейн технологиялары жөнүндө маалымат берип, аны колдонууга тыюу салбашы керек.

Эскерте кетсек, буга чейин “Санариптик экономика, блокчейн технологиясы, киберкоопсуздук жана жасалма акыл ээси” боюнча эл аралык илимий изилдөө борборун түзүү сунушталган.

Адилбек уулу Шумкарбек, КРнын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин жетекчиси: 

“Кыргызстанда блокчейнди жүзөгө ашыруу, өнүктүрүү үчүн бардык керектүү инфраструктура бар”

- Кыргызстан блокчейн технологиясын өзүнүн керектөөлөрү үчүн өнүктүрүүгө даяр, бул негизинен маалыматтардын ачыктыгы жана тактыгы үчүн маанилүү. Биздин жер өзүңүздөр билгендей жабык, башкача айтканда деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок. Мына ушул багыттан алып караганда, маалымат магистралын түзүү жана маалыматтарды өткөрүп берүү биз үчүн артыкчылыктарды жаратат.

Мындан сырткары, Кыргыз­станда блокчейнди жүзөгө ашыруу, өнүктүрүү үчүн бардык керектүү инфраструктура бар. Кытай ишкерлеринин кызыгуусу дагы блокчейн платформасын жүргүзүүгө толук шарттардын бар экендигинен кабар берет. Бүгүнкү күнү Кыр­гызстанда электр энергиядан тартып, интернеттин баасына чейин арзан. Мыйзам боюнча, эгерде кайра жандандыруу же энергия булактарына инвестиция салынса, анда ишкерлерге конкурсу жок эле ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Ошонун баарын эске алганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан инвесторлорго кызыктуу өлкө болуп жатат. 

Чындыгын айтканда, бул технология биз үчүн жаңы көрүнүш болуп эсептелет. Ошондуктан, бул тармакты дагы тереңдеп, кылдаттык менен изилдеп чыгуу керек. Ушул чөйрөдө мамлекеттин пайдасы үчүн туура багытта иш алып барган, бул тармактан кенен маалыматы бар, атайын билим алган адистерди даярдап чыгуу заман талабы. 

Блокчейн технологиясы-Кыргызстанга ташталган алгачкы кадам

Зайнидин Жумалиев, КРнын Экономика министрлигинин аймактар боюнча башкармалыгынын башчысы: 

“Блокчейн технологиясы бул-Кыргызстанды жаңы бир нукка алып келе турган тармак”

- Бүгүн, Кыргызстандын санариптик өнүгүүсү, алдыга жылдыруу максатында КРнын Экономика министрлиги менен Блокчейн Борбордук Азия эл аралык изилдөө институту тарабынан чогуу уюштурулган иш-чара ийгиликтүү болуп өттү. 

Блокчейн платформасына тармактардын биригиши, санариптик экономиканын негиздерин изилдөө, блокчейн технологиясы менен башкаруу режими ж.б. камтылган. Азыркы убакта, блокчейн технологиясы дүйнөдөгү эң перспективдүү чыгармачыл технологиялардын жаңы ыкмаларынын бири болуп эсептелет. Ал коопсуздук, каржы сектору, саламаттыкты сактоо жана экономиканын ар кандай тармактарында, муну менен катар эле мамлекеттик башкарууда дагы кеңири колдонулат. Блокчейндин жардамы менен санариптик экономиканын негиздерин, технологиялардын түрлөрүн бириктирсе болот. 

Ушул иш-чаранын жүрүшүндө эксперттер жана ишкерлер биригишип, экономиканын өнүгүүсүнө таасир бере турган технологиялык инновацияларды талкуулоого мүмкүнчүлүк болду. Мындан ары дагы блокчейн технологиясын изилдөө жана алдыга жылдыруу Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүүгө пайдалуу салымдарын кошот деген үмүттөбүз. Блокчейн технологиясы бул-Кыргызстанды жаңы бир нукка алып келе турган тармак. Биз блокчейнди элибизге туура түшүндүрүп, туура жайылтышыбыз керек.

Блокчейн технологиясы-Кыргызстанга ташталган алгачкы кадам

Блокчейн-блоктор чынжырчасы, маалыматтар чынжырчасы.

Юе Хэфу, СЕО Эл аралык корпорациясынын төрагасы: 

“Көптөгөн мамлекеттер блокчейн технологиясын колдонууда ийгиликтүү иш алып барууда”

- Учурда, блокчейн технологиясы дүйнөдөгү алдыңкы инновациялык технологиялардын катарын толуктоодо. Көптөгөн мамлекеттер блокчейн технологиясын колдонууда ийгиликтүү иш алып барууда. Биз Кыргызстанда блокчейнди таанытуу боюнча окуу борборун ачууну дагы пландап жатабыз. Бул кадам аркылуу, Кыргыз­стандын өндүрүш иштерин өнүктүрүүгө дагы жардамчы боло алабыз. 

Бардыгыбыз билгендей, дүйнөдө тенденциялар күндөн-күнгө жаңыланып, өнүгүп-өсүп жатат. Ошондуктан, санариптик биржаны ачуу заман талабы. Биз ушул технологияны жеке гана Кыргызстанда эмес, Орто Азияда дагы таратуу үчүн өз аракеттерибизди көрмөкчүбүз. Ошону менен, келечекте аны салттуу бизнеске айкалыштырып, дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу ниетибиз бар.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)