WeChat      Избранное

Алмазбек Эргешов, КРнын ЖКнин депутаты: “Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын башкы соода өнөктөшү”

18/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Алмазбек Эргешов, КРнын ЖКнин депутаты: “Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын башкы соода өнөктөшү”

Кыргыз-кытай алакасы, эки коңшу мамлекеттин кызматташтык абалына бүгүн биздин гезитке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешов сереп салып берди. Эл өкүлү өз сөзүндө, кыргыз-кытай мамилеси, учурда, солгундай түшкөнүн баса белгилеп, аны чечүү жолдору менен дагы ой бөлүштү. 

- Алмазбек Манасбекович, алгач, Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы, кыргыз-кытай алакасына сереп салып берсеңиз?

- Бул багытта айта турган болсом, кытай эли, кыргыз калкы менен ар качан байланышта болуп, кыргыздар улут катары калыптанып, тарыхта аты кездеше баштаган мезгилден баштап карым-катнаш кылып келген. Бул канчалаган тарыхый доорлорду бирге баш кечирип, алака түзүп келген дегенди түшүндүрөт. 

Эң эле жөнөкөй мисал, кыргыздын улут баалуулугу, көөнөргүс казынасы болгон “Манас” эпосунда дагы эки элдин байланышын көрсөк болот. Кийин Совет мезгилинде коңшу мамлекет менен болгон кызматташуубуз Москва аркылуу болуп, ал жактын чечими менен гана алака ишке ашып келген. Ал эми, 1991-жылы Кыргыз Республикасы өз эгемендүүлүгүн алгандан кийин, анын көз карандысыздыгын Кытай Эл Республикасы алгачкылардан болуп тааныган. 

Мына, ушул 27 жылда, эгемендүүлүк жылдарында эки элдин, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу алакасы бир топ өнүктү, өстү. Бардык тармактардан байланыш түзүлдү. Алгачкылардан болуп, эки мамлекет ортосундагы чек ара маселелери такталды, жөнгө салынды. Эки тараптык кызматташуунун негизинде, абдан ийгиликтүү жылдар дагы болду. Бул байланыштын арты менен кыргыз жарандарына көптөгөн жумуш орундары түзүлдү. Ошол эле Дордой, Кара-Суу базарлары Кытай мамлекети менен жемиштүү кызматташуунун артынан пайда болду деп ойлойм. Алар кытай ишкерлери менен иштешүүнүн натыйжасында дүйнөдөгү чоң-чоң базарлардын катарын толуктай алды. Канчалаган жумушчу орундар түзүлүп, канчалаган карапайым үй-бүлөлөргө дагы жашоо-турмушун оңдоп, жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Менин жеке пикиримде ошол жылдары, кыргыз-кытай алакасы абдан өнүгүп, жогорку деңгээлге чыккан. 

Ал эми, бүгүнкү күндөгү эки элдин кызматташтык байланышына келсек, бул байланыш бир аз солгундай түшкөндөй. Менин оюмча, кызматташуунун мындай абалда болуп жаткандыгына үч башкы себеп бар. Биринчиси, азыркы учурда Дордой, Кара-Суу базарларына мурдагыдай муктаждык жок. Көптөгөн ишкерлер Хоргос аркылуу иш алып барып жатышат. Экинчиси, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болуп кирүүсү менен кытай тарап менен соода-сатык иштерин жүргүзүү анчалык деңгээлде пайдалуу болбой калды. Башкача айтканда, ишмердүүлүк өзүн-өзү дагы актабай калды. Үчүнчүсү болсо, виза маселеси. Азыркы тапта, Кытай Эл Республикасына виза алуу абдан оор болуп жатат. Ошондуктан, биздин ишкерлердин коңшу мамлекетке барууга, кызматташтык мамилесин түзүүгө, жакындан таанып билүүсүнө өтө кыйын болууда. 

“Эки тараптуу, бирге иш алып баруу заман талабы”

- Сиз эки мамлекеттин кызматташтык алакасынын солгундай түшкөндүгүнүн себептерин айтып бердиңиз. Эл өкүлү катары, ушул себептерди жоюу үчүн кандайдыр бир иштер аткарылдыбы, же болбосо бул абалды оңдоо үчүн кандай сунуштарыңыз бар?

- Чындыгында, бул багытта Кытай элчилиги менен тыгыз иштөө максатыбыз бар. Алгач, виза маселеси боюнча Кытай элчилиги менен кеңешип, болгон ой-пикирди ортого салып, бирге чечүүгө аракет кылсак деген план каралган. Жакынкы күндөрү бул тууралуу дагы иштер аткарылмакчы.

Кытай Эл Республикасы биздин коңшу болгондон кийин, бүгүнкү күндө деле Кыргызстандын соода боюнча эң башкы өнөктөшү болуп эсептелет. Ошондуктан, эки элдин кызматташтык байланышын күчөтүүдө, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” демилгесинин мааниси дагы зор. Бул долбоордун алкагында эки мамлекеттин карым-катнашын бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүктөр кенен ачылган. Мына ушул багытта иш алып барсак болот. 

Бирок, тилекке каршы, мисалы ТЭЦ иштери сыяктуу жагымсыз окуялардын жана дагы башка терс көрүнүштөр эки мамлекеттин мамилесине өз зыянын тийгизүүдө. Бул биздин чиновниктер тарабынан кетирилген ката деп эсептейм. Учурда ТЭЦ иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Жакында жыйынтыктарын көрөбүз деп ойлойм. Ошондуктан, бул багытта дагы Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги менен бирге иш алып барсак деген пландар бар. Эң негизгиси эки коңшу мамлекет ортосунда ишеним болуусу зарыл. 

- Сиз өзүңүз дагы, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү болуп келесиз. Ушул багытта кеп салып берсеңиз?

- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин иши тууралуу айта кетсем, бүгүнкү күнү Бишкекте жолду оңдоо иштери жүрүп жатат. Бардыгы Кытай Эл Республикасы тарабынан берилген гранттын негизинде аткарылууда. Булардын катарында, Түндүк-түштүк альтернативдик жолу, Балыкчы-Корумду жолу ж.б. жолдор дагы бар. Жолдорду оңдоо иштери үчүн атайын тендер жарыяланып, конкурстан жеңип чыккан Кытайдын компаниялары иш алып барууда. 

Ошондой эле 2017-жылы Бишкектин жолдорун оңдо-түзөө иштери үчүн Кытай Өкмөтү тарабынан 1 миллиард юань каралган. Ошого көптөгөн жолдор оңдолуп, курулду. Бирок, менин жеке пикиримде, Бишкектин ичиндеги жолдорду биздин компаниялар деле куруп, оңдоо иштерин жүргүзө алмак. Ал эми, чоң-чоң трассаларды курууда, ушул багытта тажрыйбасы бар кытай компанияларынын иш жүргүзгөнү туура эле.

- Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолу тууралуу сиздин оюңуз?

- Бардыгыбыз билгендей Кыргызстандын деңизге же океанга чыгууга мүмкүнчүлүгү жок. Биз авиакаттам жана темир жолго өзгөчө көңүл буруубуз зарыл. Өзбекстан-Кыр­гызстан-Кытай темир жолун салсак, биздин мамлекет үчүн дагы абдан пайдалуу болмок. Негизи эле, ушул багытта иш алып барып, бул темир жолдун курулуусуна колдоо көрсөтүү зарыл деп эсептейм. 

- Акыркы жылдары, кытай туристтерин өзүнө тартуу үчүн дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери ат салышып келет. Кыргызстан дагы бул багытта кандай иш алып баруусу керек деп ойлойсуз?

- Бардыгыбыз билгендей, Кытай Эл Республикасы экономикасы өтө тездик менен өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет. Муну менен катар калкынын саны боюнча дагы дүйнөдө алдыңкы сапта турат. Калкы дагы бай. Ошондуктан, көптөгөн чет мамлекеттер кытай туристтерин өзүнө тартуу үчүн атайын иштерди жүргүзүп келишет. Мисалы, Белорусия кытай туристтери үчүн бир айлык визасыз жүрө алган системасын ишке киргизген. Биз деле ушул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, иш алып барсак болот. Албетте, кирген туристтин кайра кайтуучу же болбосо, башка мамлекетке кетүүчү эки тараптуу билети болуусу зарыл. 

Бирок, эл арасында, “кытай жарандары Кыргызстанга келгенден кийин кайра чыкпай коюп жатышат” деген түшүнүк бар. Мына ушундай түшүнүктөрдөн, дегеле кандайдыр бир түшүнбөөчүлүктөрдөн арылуу үчүн Кытай элчилиги менен иштешип, чогуу аракет кылуубуз керек. Эң алгач, виза маселеси чечилүүсү зарыл. Эки тараптуу, бирге иш алып баруу заман талабы.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)