WeChat      Избранное

“Казакстан менен Кыргызстандын максаты бир - бул туруктуу өнүгүү”

03/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Казакстан менен Кыргызстандын максаты бир - бул туруктуу  өнүгүү”

2013 жылы КЭРнын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан “Бир алкак-бир жол” долбоору негизделип, долбоордун алкагына бир катар өлкөлөр кирген. Алардын арасында Кыргызстан жана Казакстан дагы бар. Учурдан пайдаланып Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаев менен “Бир алкак- бир жол” долбоору тууралуу маек курдук.

- Карим Насбекович, КЭРнын төрагасы Си Цзиньпин негиздеген «Бир алкак-бир жол» жөрөлгөсүн Казакстан колдоду жана ага бел байлап алгачкылардан болуп катышып келет. Сиздин пикириңиз кандай?

- «Жибек жолундагы Экономикалык өнүгүү» идеясын КЭРнын төрагасы Си Цзиньпин 2013- жылы сентябрь айында Астанага жасаган иш сапары учурунда алгачкы ирет жарыялаган. Биздин элбашы Нурсултан Абишевич Назарбаев өткөн жылы Пекинде өткөн «Бир алкак- бир жол» форумуна катышып жатып «Бажы биримдиги» долбоорунун маанилүү ролу жөнүндө сөз сүйлөп, «Чоң Евразия» деген жаңы долбоор, жаңы максаттар боюнча бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү жана өнүктүрүү идеясын айтты. «Жибек жолундагы экономикалык өнүгүү «Бир алкак-бир жол» жөрөлгөсү ШКУ, ЕАЭБ жана Евро биримдиги сыяктуу платформалар менен байланыштырсак дагы пайдалуу болушу мүмкүн» деди. Бүгүнкү күндө Астанада ЕАЭБ менен ЖЖЭБ-ны кошуу жөнүндө комиссия иштеп жатат.

Ал эми КЭРнын төрагасы Си Цзиньпиндин Астанада көтөргөн идеясы экономикалык жана интеграциялык жөрөлгө болуп эсептелинет. Казакстан мындай интеграциялык жөрөлгөлөрдү ар дайым колдоп келет. Нурсултан Назарбаев «Евразиялык интеграция» - Евразиялык биригүү долбоору аркылуу Орто Азияны бириктирүү идеясын да 1994-жылы көтөргөн болчу. ШКУнун да курулуусуна Казакстан президентинин салымы абдан зор. Булар тууралуу ал өзүнүн эскерүүсүндө: «Мындай тарыхый убактар унутулбайт, беш мамлекет (Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан) Кытай Эл Республикасы менен чек ара көйгөйүн чечип, тийиштүү кагаздарга кол койгон соң, Кытайдын ошол кездеги төрагасы Цзян Цзэмин мырза экөөбүз чек ара тууралуу кагазга кол койгондон кийин таркабай, экономикалык ынтымакташтыкты биригип сунуш жасадык. Мына, ушинтип ШКУ курулду», - деп жазганы бар. Эми карасаңыз, бул жагы да тарых болуп жатпайбы, КЭРнын төрагасы Си Цзиньпин да өз идеясын Астана шаарында жарыялаганы биздин элбашы Нурсултан Назарбаевдин ошондой демилгелерди эскергендиктен болсо керек.

- Казакстанда «Бир алкак-бир жол» долбоорунун алкагында кандай иш-чаралар иштеп жатат? Ишке ашкан долбоорлор барбы?

- Казакстанда өлкөнү өнүктүрүү жолунда кабыл алынып жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор жетиштүү. 2015-2019- жылдарга карата «Нурлы жол» мамлекеттик инфраструктуралык өнүгүү долбоорун биздин элбашы Нурсултан Назарбаевдин 2014-жылы элине кайрылуусунда ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Бул программалар Алматы, Астана, Актөбө, Шымкент жана Өскемен шаарлары борбор шаарлар иретинде аныкталып олтуруп, элдердин жашаган жерлерин, кичирайондорун калыптандыруу аркылуу Казакстандын чоң шаарларын бир калыпта жана ыңгайлуу экономикалык наркын куруп жана ошондой эле, элдерди транспорт менен ташуу жагын жакшыртуу, эл ташуу системасын интеграциялоого багытталган. Жалпы алганда аталган программаларды ишке ашыруу инфраструктурасын өнүктүрүү мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүү жана ишкердикти колдоо жолу менен кыска мөөнөттүү же узун мөөнөттүү, перспекттивдүү, туруктуу экономикалык өсүүгө өбөлгө түзөт.

Казакстан «Бир алкак-бир жол» долбооруна жигердүү катышат жана «Жибек жолундагы экономикалык өнүгүү» демилгесин да толук колдойт. Бул демилге «Евразия экономикалык союзун», ошондой эле жогоруда айтып өткөн «Нурлы жол» стратегиялык программасы менен айкалыштырууга кызыкдар. Казакстан региону- «Батыш Казакстан-Батыш Европа», «Кытай- Иран» континентал аралык магистралдар менен камтыган «Нурлы-жол» программасын ишке ашыруу аркылуу Казакстан Евразиянын оң жана сол, батыш менен чыгышты, Евросоюз өлкөлөрүн, жакынкы чыгыш жана түштүк-чыгыш Азия мамлекеттерин бириктирген Евразиялык логистикалык борборго айланат.

“Казакстан менен Кыргызстандын максаты бир - бул туруктуу  өнүгүү”

Серепчилердин айтуусуна караганда «Бир алкак-бир жол» долбоору экономиканы өнүктүрүү көз карашы менен КЭР, батыш Европа жана түштүк-чыгыш Азиянын экономикалык жагынан активдүүлүгүнө жараша карап, программаларын түзүүгө багытталган. Ошондой эле темир жол планы боюнча Казакстандын түндүк аймагы аркылуу Транссибирь магистралы өтөт. Деңиз жолу багыттары менен Актау портунан ошондой эле Каспий деңизи жана башка портторун (Махачкала, Баку) камтып, Кавказ өрөөнүнө, Түркия менен Кара деңиз бассейнине чыгууга мүмкүндүк берет.  Казакстандын түштүгү Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран аймагы аркылуу өтүп Индия океанына чыгууга камсыз кылат.

Казакстан менен Кытай ынтымакты, досчулукту бекемдеп мындан дагы да тереңдетүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар. «Нурлы жол» жана «Бир алкак-бир жол» долбоорлорун айкалыштырып, экономиканын ар тармактуу өнүгүүсүнө шериктештик орнотулду. Мындайча айтканда ушул шериктештик эки өлкөгө гана эмес, баардык аймакка тиешелүү. Мисалы, башкасын айтпаганда деле Казакстан аркылуу Европага жүк ташуу көлөмү көбөйөт.

Мындан тышкары, Кытайда Ляньюньган шаарында жайгашкан “Ляньюньган” порту Кытай-Казакстан эл аралык логистикалык ири компаниясы бар. Бул порттун келечеги абдан зор. Портту өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар болуп жатышат. КЭРнын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын Казакстанга болгон иш сапарында эки өлкө башчылары жаңы “контейнер тейлөө борборун” ачышты. Ал Ляньюньган Кытай-Казакстан терминалынын ишин баштоого алып, “Хоргос чыгыш дарбазасы” экономикалык зонасына “контейнер тейлөө борборун” кошушту. Дагы кошумчалап кетчү нерсе, 2017- жылы Пекинде өткөн форумда АК “Казак темир жол” улуттук компаниясы менен Кытайлык COSCO Shipping жана Ляньюньган порту арасында үч жактуу келишимге кол коюлду. Булар “Хоргос чыгыш дарбазасы” эркин экономикалык аймактагы “KTZE-KHORGOS Gateway” кургак портун биргелешип өнүктүрүүнү көздөшөт.

«Бир алкак- бир жол» долбоору алкагында «Жибек жолунун эл аралык академиясын» куруу боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындай уюмду куруу тууралуу биздин элбашы Нурсултан Назарбаев өткөн жылы Пекинде өткөн эл аралык «Ынтымак» форумунда демилгени көтөргөн. Аталган форумга Казакстандын, Кытайдын жана башка 30 өлкөнүн президенттери жана профессорлору катышкан. Быйыл Астанада «Silk Road Global» аталышта форум өткөзгөнү турабыз. Форумга Жибек жолундагы шаарлардын мэрлери келүүсү күтүлүүдө. Иш-чара «Бир алкак- бир жол» долбоорунун беш жылдыгына жана Казакстандын борбор шаарынын 20 жылдыгына арналмакчы.

- Казакстан менен Кыргызстанды салыштырсак, “Бир алкак-бир жол” долбоору эмнелери менен айырмаланат?

- “Бир алкак-бир жол” долбоору, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү бириктирген Евразия аймагынын чоң бөлүгүн камтыйт. Мындайча айтканда, бул мегадолбоорго кирген аймактар ар-түрлүү ресурстарга өтө бай жана дүйнө калкынын 63 жашайт. Болжол менен азыркы күнү экономикалык масштаб 21 трлн. АКШ доллар сумманын тегерегинде иш жүргүзүлөт.

Жогоруда айтылган форумда Кыргызстан тарап «Бир алкак-бир жол» формуласын «Таза коом» деп улуттук долбоорун айкалыштырып ишке ашырарын билдирди. Албетте, КЭРнын төрагасы Си Цзиньпиндин ушундай идея ачышы бул чоң мүмкүнчүлүк жана перспективаларга жол ачты. Биринчиден, бул Кыргызстан үчүн да, Казакстан үчүн да деңизге чыгууга жасалган мүмкүнчүлүк. Логистикалык жана транспорт жолдорун куруу максаттарынан тышкары, Кытай башчылыгы ошол долбоор алкагында, жемкорчулук коррупция менен да күрөшөөрүн белгиледи. Демек, «Таза коом» программасы дагы толук аталган долбоор менен төп келишет деген ойдомун.

- Жаңы эле элчи болуп келип Кыргызстанда жашап иштеп жатасыз. Сиздин көз карашыңыз менен, Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат? Биринчи эле көзгө эмнелер көрүнөт экен?

- Статистикага таянсак Кыр­гызстандын экономикасы 2017- жылдын жыйынтыгы боюнча 4,5 га өскөн экен. Кыргызстандын Евразия Экономика Биримдиги менен товар сатуу жүгүртүүсү 2,4 млрд. АКШ долларын түзүптүр. Өнөр-жай 2017 -жылы 21 га өсүп, 2017- жылдын август айында 4 миңден ашып, 81 миң жумуш ордун камсыз кылыптыр. Ал эми 2018 -жылдын статистикасын карасам элдин жалпы ишмердүүлүгү өсүүдө. Кызмат көрсөтүү тармагы 3,8, Турак-жай курулуш тармагы 10,5, айыл-чарба 3,2 деңгээлге жеткен.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да эл үчүн маңыздуу иштерди жасап атканын байкадык. Ишке киришери менен 2018- жылдын башында маанилүү чечим кабыл алды. 2018- жыл «Региондорду өнүктүрүү» жылы деп жарыялады.

Өзүңүздөргө маалым болгондой, мына жакында эле Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бизди кабыл алды. Мени жаңы официалдуу дипломатиялык ишимдин башталышы менен куттуктады. Мен «Ишеним» грамотасын тапшырдым. Бул ардактуу миссияда, биз эки коңшу элдин, анын үстүнө казак-кыргыз бир тууган деп коет, эки мамлекеттин ортосундагы ишеним көрсөтүүсүн, андан ары өнүктүрүү мамилелерди жана өз ара пайда келтирүү туурасында баарлаштык.

(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)