WeChat      Избранное

“Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар Конгресси дүйнө жүзү боюнча алдыңкы лидер болуп саналат”

03/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар Конгресси дүйнө жүзү боюнча алдыңкы лидер болуп саналат”

Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси аялдарга коомдук, саясий, экономикалык жактан гана эмес, социалдык жана маданий чөйрөдө да көмөк көрсөтө алган уюм. Аталган уюм 1993-жылы түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси менен бир топ эл аралык уюмдар иштешип келет. Анткени Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева ар дайым кыргыз аялдарына кам көрүп келүүдө. Аталган уюм 25 жылдын ичинде бир топ долбоорлорду иш-жүзүнө ашырып,  коомчулук арасында өз ишин улантууда. Аялдар Конгресси Кыргызстандагы эл аралык уюмдар жана элчиликтердин фаворитине айланды деп да айтсак болот. Мисалы: ТИКА уюму менен биргеликте гранттык негизде конкурс уюштуруп “Бизнес план түзүү” деген курстарды окутуп келет. Азыркы учурда Пакистан элчилиги менен биргеликте “Тигүү жана дизайнер” курсун окутууда. Ушул тууралуу Замира айым өз оюн билдирди.

- Кытай элчилиги менен былтыркы жылдын октябрь айынан бери биргеликте “Бизнес план түзүү”, “Чечендик өнөр”, “Компьютердик сабат” боюнча кызыктуу сабактар өтүп жатат. Ушул күнгө чейин окуп кеткендердин саны 3000ден ашты. Биздин курстар аялдарга арналат ошондуктан баардык кыз-келиндерге, сиңдилерге эшик ачык. Угуучуларыбыз ар кайсы билимдин ээси. Айрыкча үй-кожойкелери, жумушсуздар, жумушу барлар дагы, балалуу айымдар да келип билим алышууда. Бизде окуп кетип бизнес ачкандар да бар, ТИКА уюмунан грант уткандар да бар. Ыктыярдуу түрдө биз менен кайра иштешкендер да бар. Кытай элчилиги биздин уюмга чындыгында көп салым кошуп жатат. Жакында Пекинде өтө турган ШОС жыйынына да Аялдар конгресси буюрса биринчи жолу катышкан жатабыз. Ар бир курстун аягында Кыргызстандагы Кытай элчинин жубайы Лю Ян айым өзү келип катышып, курс угуучуларыбызга өз колу менен сертификаттарын тапшырып турат.

Бул ирет да сертификаттарды тапшырып жатып Лю Ян айым: “Коңшу өлкөлөр биринен бири калбай чогуу өнүгүүсүнө тилектешмин” деп, Кыргызстан менен Кытай өлкөлөрүнүн ортосундагы бекем досчулук, ишеним, карым-катнаштардын өнүгүүсүнө да токтолуп, эки өлкөгө жакшы калоо- тилектерин билдирип кетти.

(Автор:​Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)