WeChat      Избранное

Кыргызстан “улуу жибек жолунун жылдызын табуу” конкурсунда ат салышат

25/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстан “улуу жибек жолунун жылдызын табуу” конкурсунда ат салышат

2018-жылдын август айында Грузиянын Батуми шаарында “Улуу Жибек жолунун жылдызын табуу” “Discover Silk Road Star” аттуу эл аралык фестиваль өткөрүлмөкчү. Бул иш-чарага учурда 14 мамлекет катышууга макулдугун берип, даярдык көрүп жаткан учур. Алардын катарында Кыргызстан 

дагы бар. 

17-майда Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда “Улуу Жибек жолунун жылдызын табуу” фестивалынынын программасы тууралуу кенен маалымат берүү максатында катышуучулар менен видео-көпүрө уюштурулду. 

Бул иш-чарага, Бишкектен акын жана композитор Жамиля Муратова, фестивалдын катышуучусу, ырчы Абай Сериков, Тбилисиден фестивалдын негиздөөчүлөрү Нино Шаламберидзе,Тамар Апциаури жана фестивалдын продюсери Темо Саджая, Бакудан фестивалдын катышуучусу, ырчы Эмилия Якубова, акын жана продюсер Захра Бадалбайли, Астанадан фестивалдын катышуучусу, ырчы Рустем Жугунусов жана Москва шаарынан Тажикстандын өкүлү, фестивалдын катышуучусу, ырчы Даниель Рустамов катышышты. Видео-көпүрө абдан кызыктуу өтүп, ар бир өлкөнүн өкүлдөрү өздөрүн тааныштырышып, алгачкы жолугушуусун өткөрүштү. 

Иш-чаранын уюштуруучулары, эл аралык фестивалда 14 мамлекет ат салышаарын билдирип, алардын арасында Кытай Эл Республикасы, Кыргызстан, Украина, Польша, Румыния, Азербайжан ж.б. мамлекеттер бар экендигин айтып өтүштү. Фестивалдын ачылыш программасына төрт жүздөй адам катышып, өзгөчө шаң менен белгиленээрине дагы басым жасалды. 

Бул иш-чараны Грузиянын Туризм департаменти, Батуми шаарынын мэриясы, жана жалпы эле мамлекет колдоого алып жаткандыгы айтылды. 

Конкурстун катышуучулары мамлекеттеринин алдыңкы музыканттары менен бир сахнада өз чеберчилигин көрсөтүшмөкчү. 

Видео-көпүрөнүн жүрүшүнө катышып жаткан ар бир тарап “Улуу Жибек жолунун жылдызын табуу”фестивалы тууралуу өз ой-пикирлерин билдирүү менен бирге, фестивалдын уюштуруучуларына дагы ыраазычылыктарын айтып өтүштү.

Иш-чаранын маалыматтык өнөктөшү Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу. 

Нино Шаламберидзе, фестивалдын негиздөөчүсү: 

““Улуу Жибек жолунун жылдызын табуу” эл аралык фестивалы бүтүндөй байыркы Жибек жолун бойлой жайгашкан мамлекеттердин башын бириктирет”

- “Улуу Жибек жолунун жылдызын табуу” эл аралык фестивалы, бүтүндөй байыркы Жибек жолун бойлой жайгашкан мамлекеттердин башын бириктирет. Иш-чарага фестивалга катышкан өлкөлөрдүн белгилүү продюсерлери жана журналисттери конок катары күтүлүүдө. Фестивалдын соңунда, катышуучулар менен бирге атайын чакырылган сахна жылдыздары тарабынан даярдалган гала-концерт көрүүчүлөргө тартууланмакчы. 

Кечээ, мен Абайдын үнүн угуп, анын фестивалга болгон мамилесин видеомаек аркылуу укканымда абдан кубанычта болдум. Чындыгында, үнү абдан жакты. Негизинен, бардык катышуучулардын жиберген видеомаектери эч кимибизди кайдыгер калтырган жок. Жакында бардыгыбыз жүз көрүшөбүз деп ишенем.

Ар бир катышуучуга ийгилик каалайм. Бардыгыңыздарды чыдамсыздык менен күтөбүз. 

Жамиля Муратова, акын жана композитор: 

“Кыргызстандын атын татыктуу коргоо үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө” 

- “Улуу Жибек жолунун жылдызын табуу” эл аралык фестивалы быйыл Грузиянын Батуми шаарында уюштурулуп жатат. Бардыгыңыздар билгендей былтыр бул иш-чара Астанада өткөрүлгөн. 25-августта фестивалдын конкурс күндөрү өткөрүлөт. Андан соң, катышуучуларды Грузияны кыдыртып, туристтик жайларын көрсөтүү иш-чаралары дагы каралыптыр. Жалпысынан ал жакта 12 күн болуп келебиз. 

Конкурска калыс катары Кыргызстандын атынан менин бараарым белгилүү болгон соң, сынакка катышуучуну тандоо маселеси жаралды. Катышуучуну тандоо укугун мага беришкен эле. Бул мен үчүн абдан чоң жоопкерчилик болду. Чындыгында, Кыргызстанда таланттуулар абдан көп, ошондуктан бул иш оңойго турган жок. Алгач, өзүм үчүн бир нече талапкерди ылгап алып, аларды изилдей баштадым. Ар тараптуу карадым. Соңунда, фестивалдын талаптарынын бири “катышуучунун жашы 25-35 жашта болуусу керек” дегенине карабастан, жаштыкты, курчтукту тандап алдым. Абай 19 гана жашта болгонуна, атайын бул багытта билими жоктугуна карабастан, мыкты үнгө эгедер. Бул анын нукура талант экендигинен кабар берет. 

Учурда, ал Борбордук Азиядагы Америка университетинде билим алууда. Англис тилин жогорку деңгээлде өздөштүргөн. Бул дагы да болсо, конкурстун биринчи туру болгон дүйнөлүк хит күнүндө абдан маанилүү. Конкурс үч баскыч менен өтөт: биринчиси, дүйнөлүк хит, экинчиси улуттук ыр (өз тилинде аткарылат) ал эми үчүнчүсү болсо, грузин элинин бир ырын аткаруу. Чындыгын айтканда, грузин тилиндеги ырды ийине жеткире ырдоо үчүн көп эмгек талап кылынаары белгилүү. Анткени, биз ал тилге көнгөн эмеспиз. Ошентсе, дагы аракеттерди кылып жатабыз. Даярдыктар жүрүүдө. Кыргызстандын атынан барып, аны татыктуу коргоо үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. 

Жалпысынан, мага бул фестивалдын уюштуруу иштери, талаптары абдан жакты. Бардык жактар ойлонулган. Мисалы, биз калыстар тобу, өзүбүздүн мамлекетибиздин  катышуучусуна упай бере албайбыз. Башкалардыкын гана баалап, аларга упай беребиз. Ал эми, акча-каражат жагына келгенде, жол киребиз, тамак-ашыбыз, жашаган жайыбыз толугу менен Грузия тарабынан камсыз болот. Ошондуктан, бул жаатта маселе жок.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)