WeChat      Избранное

Кытай мөөрү-кытай элинин маданий мурасы

30/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кытай мөөрү-кытай элинин маданий мурасы

Музейдин көркүн ачкан мөөрлөр.

Бардык улут мөөрдү байыркы мезгилден бери эле колдонуп келишкен. Ал документтин же болбосо кандайдыр бир иш-кагаздарынын жасалма эместигин тастыктоодо башкы ролду ойногон. Ишенимдин жана макулдуктун белгиси болгон.

 Ал эми, бүгүнкү күнү байыркы мөөрлөрдү тарыхтын чыныгы жүзүн сактаган, коргогон факт катары кабыл алсак болот. Анткени, мөөрлөр аркылуу гана байыркы документтердин асыл нускасын тактап билүүгө мүмкүн. Ар бир элде мөөрдүн тарыхы, жасалышы, чечмелениши ар башка. Бирок, анын башкы кызматы, мааниси бардыгында бирдей сакталган.

Кытай эли дүйнөгө мөөрдү алгачкылардан болуп жасай башташканы менен белгилүү. Ошондуктан, ал жакта мөөр-байыртадан бери искусствонун бир түрү катары каралып, анын жасалышына өзгөчө маани берилген. Учурда дагы мөөр жасоо чеберчилиги эл арасында жогору бааланып келет. 

Кытай мөөрүнүн чегерилип жасалышы, коңшу мамлекеттин салттуу төрт искусствосунун бирине кирип, каллиграфия, живопись жана поэзиянын катарын толуктайт. Ошондуктан, кытай элинде мөөрдүн орду өзгөчө. Кытай жергесиндеги мөөрдүн өнүгүү тарыхына, анын ташыган маанисине сереп салуу менен бирге, коңшу элдин басып өткөн жолу, маданияты менен аз да болсо жакындан таанышууга толук мүмкүн. 

Мөөр бийликтин жана байлыктын символу болгон 

Кытай мөөрлөрүнүн тарыхы тээ Инь династиясынын (1562-1027-жж. б.з.ч) дооруна туура келет. Ошол мезгилде жергиликтүү жашоочулар кандайдыр бир буюмдарга же болбосо документтерге өздөрүнүн аттарын жазууну адатка айлантышкан. Бул ыкма аркылуу анын кимге таандык экендиги белгилүү болгон. Андан соң, сөөккө, нефритке же болбосо жыгачка ысымдарын чегерип, аны мөөр катары пайдалануу салты келип чыккан. Убакыттын өтүшү менен, мөөр бийликтин жана кадыр-барктын белгиси катары колдонулуп, аны жасалма жол менен жасагандар өлүм жазасына чейин тартылышкан. Мөөрдү жоготуп алгандарга айып пул салынса, таап келгендерге сыйлык берилген.

Мөөрдүн бетиндеги ысымды чегерүү ыкмасы кытай элининин салттуу жазуусуна, башкача айтканда каллиграфия менен тыгыз байланышкан. Анткени, бул ыкмада каллиграфиянын шрифтери колдонулган. Мөөрдү жасаган чеберлер каллиграфияны мыкты билүү менен бирге, чегип жасоо ыкмасынын дагы устаты болуусу зарыл эле. Эң мыкты мөөр адистеринин ысымдары, кадыр-баркы белгилүү илимпоздордун аты менен теңтайлаша алган. 

Цинь династиясынан (221-206-жж. б.з.ч.) баштап мөөрлөр өзүнө гана тиешелүү спецификалык өзгөчөлүктөргө ээ болгон жана көптөгөн жылдар бою эч өзгөрүүсүз колдонулуп келген. Ал эми, Согушкан хандыктар (475-221-жж. б.з.ч.) доорунда мөөр, императордун кандайдыр бир чиновникти кызмат ордуна бекитүүдө колдонгон эң башкы атрибуту катары белгилүү болгон. Мөөр бийликтин жана социалдык абалдын символун билдирген.

Жеке адамдар дагы кагаз иштеринде өздүк белгиси катары мөөрдү колдонушкан. Бул мөөр ээсинин байлыгынын жана ийгиликтүү болуусунун белгиси катары да кабыл алынган. Адамдын өздүк мөөрү канчалык кымбат баалуу таштан жасалса, ошончолук анын бай экендигинен кабар берген. 

Кытай мөөрү-кытай элинин маданий мурасы

Цинь династиясынын императору Цяньлундун мөөрү.

“Шоушань” мөөр ташы 

Мөөрдү даярдоодо Кытай жергесинде негизинен таш, жыгач жана сөөк колдонулган. Ал эми, искусство сүйүүчүлөр жана баалоочулар негизинен кымбат баалуу таштан көркөмдөлүп жасалган мөөрлөргө басым жасашкан. Мисалы, нефрит, агат, хрусталь ж.б. Мындан сырткары, пилдин сөөгүнөн жасалган мөөр дагы баалуу болуп эсептелген. 

Мөөрдүн үстүңкү тарабына, ар кандай айбанаттардын келбеттери чегерилген. Көп учурда арстандардын турпаттарын кездештирүүгө болот. Себеби, кытай элинде арстан бийликтин жана гүлдөп өнүгүүнүн белгиси болуп эсептелет. Ал эми, мөөрдүн каптал жактарына ыр саптары же болбосо каалоо сөздөрү түшүрүлгөн. Мөөрлөр ар түрдүү формада жасалган. Бирок ал көбүнчө, бел курда тагылып жүргөндүгү үчүн, ошого жараша ылайыктуу жасалган. 

Кытай тарыхында императорлордун мөөрүн алтындан дагы жасашкан. Бирок, мөөр үчүн колдонулган эң белгилүү таш “шоушань” деп аталган. Бул таштын 130дан ашуун түрү кездешет. Таш өзү абдан кооз оймо-чиймелерге эгедер. Ошондуктан, чеберлер аны бир формага алып келүү менен эле мыкты кооздукка ээ болушкан. Учурда, искусство сүйүүчүлөрү арасында шоушань ташы абдан баркталат жана бааланат. 

Байыркы кытай мөөрлөрүн коңшу мамлекеттин музейлеринен көрүүгө болот. Мындан сырткары, коллекционерлер үчүн дагы атайын аукциондор уюштурулуп турат. Дүйнөгө кытай императорлорунун мөөрлөрү абдан кымбат баада сатылган учурлар белгилүү. 

Бүгүнкү күнү болсо, каллиграфиянын чеберлери ар түрдүү расмий эмес, майрамдык мөөрлөрдү жасаганды жакшы көрүшөт. Анда кандайдыр бир терең тушүнүктү ичине камтыган сүйлөмдөр, каалоо-тилектер орун алышы мүмкүн. Кээ бир коллекционерлер атайын буйрутма менен дагы мөөрлөрдү жасатышат.

Азыркы тапта, мөөрлөр жумшак (мыльный) таш менен жасалып, чебердин каалаган ой-түрмөгүн ичине камтыган оймо-чиймелерди чегерүүгө оңой. Ошондуктан, ар түрдүү кооздуктагы мөөрлөрдү кытай рынокторунан сатып алууга болот. Интернет магазиндерде дагы ушундай мөөрлөргө ээ болуу мүмкүнчүлүгү абдан көп. Жакын адамдарыңа тартууга берүүгө дагы эң ыңгайлуу белек болуп саналат. 

Кытай мөөрү-кытай элинин маданий мурасы

Байыркы кытай мөөрлөрүндө арстандын келбети чегерилип жасалган мөөрлөр көп кездешет.

Эң белгилүү кытай мөөрлөрү 

Эң алгачкы сүрөт түшүрүлгөн белгилүү кытай мөөрү-бул Кытайдын биринчи императору Цинь Шихуандинин мөөрү болгон. Мөөр нефрит ташынан даярдалып (221-ж. б.з.ч.), бардык хандыктардын императордун бийлигинин алдында биригүүсүнүн символу болуп калган. Анын бетине “Асмандын буйругу менен император узак жана бактылуу жашасын” деген жазуу чегилген.

Хань династиясынын (б.з.ч. 206-ж, б.з.219-ж) мөөрү. Ал “Хань хандыгынын мурас мөөрү” аталып, бүтпөс чыр-чатактын объектиси болуп келген. Мөөр жоголуп кеткендигине байланыштуу, анын жасалмалары абдан көп чыгып, эл арасында баш-аламандыкты жараткан. 

Көпчүлүктөр үчүн мөөр жеке гана дипломатиялык байланыштын ажырагыс атрибуту катары кабыл алынса, кытай мөөрү бул-искусствонун көркөм чыгармасы болуп саналат. Ошондуктан, бекеринен кытай элинин маданий мурасы катары эсептесе керек.  

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)