WeChat      Избранное

Чакмак-Суудагы эки элдин кызматташтык алакасы

03/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Чакмак-Суудагы эки элдин кызматташтык алакасы

Чакмак-Суудагы мектеп окуучулары дагы кытайча саламдашканды билишет.

Чакмак-Суу айылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан. Ал райондун борборунун 50 км алыстыкта орун алган. Кыргыздын карапайым, жөнөкөй айылдарынын бири.

Чакмак-Суу айылына Бишкек шаарынан баруу үчүн эки жолу бар. Жайында түндүк тараптан Талас облусу аркылуу айылга барса болот. Бул жолдун алыстыгы 450 кмди түзөт. Ал эми, кышында болсо түштүк тарап аркылуу барган жолдун аралыгы 750 кмден ашык узактыкты түзөт. Бул аймакта кыш мезгили абдан катаал жана суук болуп, алты ай бою кар кетпейт. Ошондуктан, ушул мезгилде түндүк жолу жабылып, айылдын эли Бишкек шаарына барып келүү үчүн, түштүктөгү жол менен гана пайдалана алышат.

Бирок, борбор шаар менен байланыштырган бул эки жолдон өтүү үчүн, баары бир деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте жайгашкан үч ашууну ашып өтүүгө мажбур болушат. 

Чакмак-Суу-суктанарлык аймактын, боор ооругандай абалга түшүүсү 

“Чакмак-Суу” сөзүнүн маанисине токтолсок, чакмак бул-капчыгай, тоо капчыгайын түшүндүрүп, суу болсо бардыгыбыз билген эле “суу” маанисин берет. Жалпылап айтканда, тоосу дагы, суусу дагы бар дегенди түшүндүрөт. Чындыгын айтканда, Чакмак-Суу айылы жеке гана кооз жаратылышка, тоо менен сууга гана мол болбостон, башка жер кен казынасына дагы бай.

Айылдын түндүк тарабында, болжол менен 8 км алыстыкта, баарыбызга белгилүү пайдалуу кендердин чыккан жери орун алган. Бул жер Куру-Тегерек деп аталып, ал жакта жез жана алтын кендери чыгат. Куру-Тегерек Кыргызстандагы тоо-кен иштетүү тармагындагы бирден-бир белгилүү кендүү жер болуп эсептелет. 1963-жылы мурунку Советтер Союзунун геология министрлиги тарабынан бул кендүү жер табылган. 

Ошол мезгилден баштап, бул аймакта 1963-1980-жылдар аралыгында Советтер Союзунун геология министрлиги жана анын алдындагы Кыргызстандын геология башкармалыгы менен биргеликте системдүү чалгындоо иштерин жүргүзүп келишкен. Мына, ушундай багытта иш алып баруу үчүн бул жерге көптөгөн адамдар келип иштешкен, элдер отурукташа баштаган. Ошонун негизинде, Чакмак-Суу айылы пайда болгон. 

Ал эми, 1991-жылы Советтер Союзунун тарашы менен, айылда тоо кен иштери менен алектенген адистердин тобу дагы ишмердүүлүгүн токтотуп, айылдан кетишкен. Кыргызстан 1991-жылы жаңы гана көз карандысыздыгын алгандыктан, өз күчү менен кен байлыктарды иштетүүгө акча каражат жагынан, техникалык жабдык маселелери жагынан дагы шарты болгон эмес. Ал эми, айыл тургундарынын көпчүлүгү башка жактарга көчүп кетүүгө мажбур болушкан. Ошентип отуруп, айылда аз гана түтүн жашап калган. 

Ушундан улам, жергиликтүү административдик башкаруу бийлиги, Чакмак-Сууну “айыл” статусунан ажыратууга аргасыз болуп, карта бетинен алып салышкан. 2012-жылы айылда болжол менен 20 гана түтүн калган. Алардын үйлөрү топурактан эле тургузулуп, абдан начар абалда болгон. Жергиликтүү калк негизинен мал чарбасы менен гана алектенип, картошка, сабизди сатууга эмес, өздөрүн камсыз кылуу үчүн гана өстүрүшкөн. Бул жердеги көчөлөрдүн абалы абдан начар, бир да оңураак жол жок эле. Айылдын кээ бир тургундары Бишкекке, Жалал-Абадга жана Чаткалга көчүп кетишкен. 

Чакмак-Суудагы эки элдин кызматташтык алакасы

Кытай кызматкерлери эл менен тыгыз байланышта.

Чакмак-Суудагы жаз 

2017-жылга чейин Чакмак-Суу айылында мобилдик телефондор 2G менен гана иштеп, жеке гана сүйлөшүү үчүн колдонулуп келген. Тогуз жылдык толук эмес орто мектеп орун алган. Бул мектеп абдан начар абалда болуп, билим уясы дагы топурактан тургузулган. Көп жылдан бери мектепте оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, коопсуздук маселеси келип чыккан. 

Анан, албетте мектеп директорунун жана мугалимдер жамаатынын эмгек акысы абдан аз болгондуктан, көп учурда алар иштен кетүүгө мажбур болушкан. Себеби, мындай айлык акы менен үй-бүлөнү камсыз кылууга мүмкүн эмес эле. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мектептеги окуучулардын саны 150дөн өткөндө гана 11 жылдык орто мектепти ачууга уруксат берилет. Мектептин коопсуздук абалы абдан начар жана окуучулардын саны аз болгондугу үчүн 9-класстан кийин ата-энелер балдарын кошуна айылга же болбосо 50 км алыстыкта жайгашкан Чаткал районунун борборуна окуусун улантууга айла жоктон жиберип келишкен. Бардык эле ата-энелер балдары 11-классты толук аяктап, жогорку окуу жайга тапшырып, окуусун улантуусун каалайт эмеспи. Бирок, мындай мүмкүнчүлүк ал жылдары жокко эсе эле.

2012-жылдын март айында Кытай улуттук алтын компаниясы Кыргызстандын “Кичи Чаарат” компаниясын сатып алуу менен, Куру-Тегерек кен байлык жерин иштете башташкан. Иштин башталышы менен Чакмак-Суу айылы кайрадан калыпка келип, өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 

Чакмак-Суудагы эки элдин кызматташтык алакасы

Айылдын сыймыгы болгон заманбап билим уясы.

Коомдук-социалдык жоопкерчилигин аткарууда Кытай компаниясынын айыл тургундарынын жашоосун жакшы нукка өзгөртүүсү

Кытай улуттук алтын компаниясынын башкы иштөө принциби бул-ынтымак ичинде, биримдикте курулуш иштерин жүргүзүү менен катар, өз ара пайдалуу кызматташтык алакасын түзүү болуп саналат. 

Кытай компаниясы колунан келишинче, жергиликтүү калктын тургундарын долбоорду даярдоо иштерине аралаштырып келишкен. Ал эми, эки жылдан кийин, тактап айтканда 2014-жылы 14-декабрда курулуш иштери башталып, компания Куру-Тегерек кендүү жеринде өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган. Аймактын жашоочуларын дагы жумушка алып, алардын саны болжол менен 440 кишини түзгөн. 

Чаткал районунун жергиликтүү калкы үчүн Куру-Тегерек долбоорунда иштөө, чындыгында абдан сыймыктуу иш болуп эсептелет. Бул компания эл аралык компания болуу менен бирге, ар дайым жергиликтүү калк менен сый-урмат ичинде тыгыз иш жүргүзүп келет. Алар аймактын таланттуу тургундарын жумушка алып, учурда көпчүлүгү техникалык жабдыктар менен иштешүүнү өздөштүрүп, компания ичинде кээ бир бөлүмдөрдүн жетекчилик кызматын аркалоого дагы жетишишти. 

Чакмак-Суу айылынын тургундары үчүн дагы көптөгөн пайдалуу учурлар болду. Айылдын эмгекке жарамдуу калкынын 70%ы ушул компанияда иштеп келишет. Ошондуктан, акыркы жылдары айыл элинин жашоосу жакшы жакка өзгөрдү, социалдык абалы жакшырды. Ал эми, 2017-жылдын акырында, Чакмак-Сууда жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 50дөн ашык түтүндү түздү. Компанияда эмгектенген айылдыктар жаңы, жакшы сапаттагы үйлөрдү куруп, өз жашоолорун бир топ деңгээлде оңдоого үлгүрүштү. Интернет тармагы дагы өнүгүп, мобилдик телефондор 3G толкунун кармай баштады. Мектеп жашындагы балдардын саны 160ка жетти. 

Чакмак-Суудагы эки элдин кызматташтык алакасы

Чакмак-Суунун тогуз жылдык эски мектеби.

2017-жылы ноябрь айында Чакмак-Суу айылы үчүн эң кубанычтуу саамалык болду. Кытай улуттук алтын компаниясы 27 миллион сом бөлүп, айылга жаңы, заманбап, бардык шарттары менен курулган орто мектепти колдонууга берди. Бул мектеп Чаткал районундагы эң мыкты мектептердин алдыңкысы болуп калды. 

Мындан сырткары, 2017-жылдан баштап 9-классты бүткөн окуучулар ар башка мектептерге барып, убара болбой толугу менен өз айылында 11-классты аяктоого мүмкүнчүлүк алышты. Бул чындыгында, Чакмак-Суунун жашоочулары үчүн абдан маанилүү жана мыкты жаңылык болуп калды. Ушул эле жылы, кытай компаниясы айылга жолдорду куруу боюнча долбоор түзүшүп, эки заңгыраган көчөнү куруп беришти. Көчөлөрдүн аты айылдын кадырлуу аксакалдарынын урматына коюлду. 

Мына эми, 2018-жылдын жаз мезгили кирип келди. Чакмак-Сууда болсо эми-эми гана муздар ээрип, кар кете баштады. Чакмак-Суу суусу тоо башынан түшүп, айылга дагы өзгөчө көрк берип келет. Чындыгында, Чакмак-Суу айылынын жаратылышы абдан кооз. Эли дагы кең пейил, меймандос келет. Алар кытай тилинде саламдашканды, коштошконду билишет. Компаниянын кытай кызматкерлери менен жергиликтүү калк ынтымак ичинде, биримдикте иш алып барышууда.

(Автор:Чолпонай Турдакунова / Редактор:GL)