WeChat      Избранное

Чолпон Субакожоева: “Кыргыз дөөлөттөрүнө кам көргөн кытай өкмөтүнө ыраазымын”

25/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Чолпон Субакожоева: “Кыргыз дөөлөттөрүнө кам көргөн кытай өкмөтүнө ыраазымын”

Чолпон Субакожоева жана айтылуу манасчы Жусуп Мамай

Ар бир кыргыз уул-кызына өзгөчө дем берип, тээ көкүрөк түпкүрүнөн кошумча күч-кубат менен коштогон өзүнчө бир сезим бар. Бул сезим жан дүйнөбүздүн жардылыгы менен күрөшүп, руханий байлыгыбыз үчүн алпурушуп келет. Көңүлүң толуп, дүйнөң түгөл болуп турса, чыныгы бакыт ушул болсо керек. 

Кыргыз эли байыртадан бери эле руханий байлыкты бардыгынан жогору коюп, барктап-баалаган. Улут баалуулуктарына өзгөчө кам көрүп, жан дүйнө маданиятына көңүл буруп, сөз багып келген. Жаш балдар сөздүн күчү менен тарбияланып, элдик оозеки чыгармачылыктын негизинде жаман менен жакшыны айырмалап, татыктуу тарбия алып келишкен. 

Мына, ушундай кыргыздын көөнөргүс дөөлөттөрү кытайлык кыргыз боордошторубузда дагы өзгөчө аздектелип, сакталып калгандыгы талашсыз. Бул тууралуу бүгүн биздин гезитке тарых илимдеринин кандидаты, журналист, манас таануучу Чолпон Субакожоева кызыктуу маек куруп берди. 

“Манас” жана жусуп мамай

- Кытай кыргыздарында “Манасты” изилдөө, жазып алуу, чогултуу иштерин эки жүз жыл мурда эле жеке адамдар өз демилгелери менен баштаган. Буга далил катары Жусуп Мамай жана башка көптөгөн манасчылардын айткан “Манас” эпосунун варианттарынын бүгүнкү күнгө дейре сакталып келгендиги. 

Жусуптун агасы Балбай Мамай илимдүү, билимдүү адам болуп, “Манастын” кыргыз эли үчүн маанисин жакшы түшүнгөн. Элден чогултуп, манасчыларды айттырып жазып алып калтырып, бүгүнкү Жусуп Мамайдын айтып калышына түздөн-түз себепчиси болгон.  Рухий дүйнөбүздүн тамыры бир болгондуктан жүздөгөн жылдардан кийин мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, кылым жаштуу залкар манасчы Жусуп Мамай 100 жашка жакындаганда “Манас” эпосу дүйнө жүзүнө тарап, ЮНЕСКО тизмесине кирип, бааланып, баркы өсүп жатат. Жусуп Мамайдын айтуучулук өнөрү жогору, ал “Манас” эпосун 8 урпакка дейре айтуу менен бирге эле, кенже эпосторду, тарыхты, санжыраны да мыкты айта билген адам катары таанымал. 

Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын, ал айткан “Манасты” иликтеп Кытайга көп жолу бардым. Ар бир барган сайын Жусуп атаныкында конуп, өз оозунан көптөгөн накыл кептерди угуп, манасчынын жан дүйнөсүнүн тереңдигине, аруулугуна күбө болуп, акылмандык, даанышмандык менен сугарылган кептеринен угуп моокумум кана, кылымга тете эки доорду камтыган өмүрүндө болуп өткөн окуяларга бир чети таң болуп, бир чети суктанып, кытай элдик оозеки адабиятынын баштоочу Жоң Жиңвин манасчыны “Заманыбыздын Гомери” деп адилет жогору баалаганына дагы бир ирет ынандым. Өз колунан алган “Манастын” 8 урпагына чейинки айтылган китебин кириллицага оодарып, Кыргызстандан басмадан чыгарган элек.

“Манас” эпосун ийне-жибине чейин изилдетип, аны Жусуп Мамайдын варианты боюнча эч бурмалабай басып чыгарган Кытай Өкмөтү, бүгүнкү күнү дагы кыргыз элинин улуттук мурасына өзгөчө көңүл бөлүп келет. Жакында эле, “Манас” операсы көрүүчүлөргө тартууланды. Мындан сырткары, Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракеси Кытай жергесинде сентябрь айында белгиленүүнүн алдында турат. Учурда, даярдыктар өтө кызуу жүрүүдө. 

Кытайлык кыргыздарда манасчылык өнөр жана залкар манасчы "акыркы могикан"  Жусуп Мамай тууралуу айта берсе сөз түгөнбөйт. Алдыда дагы бул багытта кенен маалымат берүүгө аракет кылмакчымын.

Чолпон Субакожоева: “Кыргыз дөөлөттөрүнө кам көргөн кытай өкмөтүнө ыраазымын”

Кытайлык кыргыздарда улуттук кийимдерге болгон өзгөчө сый-урмат сакталып калган

- Баш кийимге урматтоо-барктоо менен мамиле кылуу дагы кытайлык кыр­гыздарда өзгөчө өнүккөн. Баш кийим ар дайым аздектелип, өйдө жерге коюлат. Аш-тойдо, майрамдарда көз жоосун алган кийимдерди кийип чыгышат.

Бизде Кыргызстанда, акыркы жылдары гана кийиз дүйнөсү өнүгүп, кыргыздын орнаменттери түшүрүлгөн буюм-тайымдарды кайрадан көтөрүп чыгып, шырылган чапандарды эми гана кийип баштабадыкпы. Ал эми, кытайлык боордошторубузда улуттук кийимдер ар качан баркталып келген. 

Мен Кытайга биринчи барганда, чай ичкен тактасына илме шибеге менен сайма сайып жаткан келиндерди, кыздарды көргөндө абдан толкундангам. Көшөгөдөгү, туш кийиздеги саймаларды азыр биз чапан кылып кийип жатпайбызбы, ал жакта ар бир сайманын орду, мааниси бар. 

Кытайлык кыргыздардан биздин сабак алчу нерселер көп. Ал жактагы апалар, эжелер биздикиндей шым кийбейт. Алар илгерки эле, кыр­гыздын бөртмө жоолугун салынып, көйнөгүн кийип келишет.Кыргыздын улуттук кийимдери ар бир үйдө бар. Кытайлык кыргыздарда төө чапандын орду дагы өзгөчө. Ал жакта эркек адамдар төө чапан кийишет. Ар бир аялзаты жолдошуна милдеттүү түрдө төө чапан жасап берүүсү абзел. Анын тарыхы, жасалышы да өтө таасирдүү. 

Майрам күндөрү, ар бир кыргыз уулу, кызы улуттук кийимдерин аздектеп кийип, кыргыз экендигине сыймыктанып, кыргыздын нукура касиетин сактап келе жатышат.

 “Жан дүйнөсү жаш баланыкындай таза сакталган кытай кыргыздары”

- Кызыл-Суунун борборунан 60-70 км алыстыкта жайгашкан Тегирменти айылына барып бир жума жашап калдым. Ал жакта акыркы шаман Абдыкадыр атанын үйүндө болдум. 

Жер үй, полу жок топурак төшөлгөн там болсо дагы, үй ээлеринин жан дүйнөсүнүн тазалыгы, алдаганды билбегендиги, Кыргызстандан алып барган, арзыбаган белекке кечке сүйүнүп, аны кайра-кайра салынып суктанган апанын элеси дале көз алдымда. 

Мен чачымды сарыга боеп алган элем, “бул өзүңдүкүбү, же боёп алгансыңбы, муну эмнеге кийип алгансың”- деп, абдан таза, баео сезим менен апанын таң кала сураганы, мына, ушулардын бардыгы мага өзгөчө таасир калтырган.Ошол жерден, жыгач кашык менен төөнүн сүтүнөн уютулган айранды ичип, казанга жабылган нанды жеп, мен кыргыз экендигиме абдан сыймыктангам. 

Шаман ата күндүзү төө кайтарып, күүгүм киргенде үйгө кайтаар эле. Бул жума аралыгында мен Абдыкадыр ата тууралуу толук маалымат алып калганга аракет кылдым. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов дагы өз убагында, Абдыкадыр ата жөнүндө тартылган кинону көрүп, биздин кыргыздардын жашоосуна, сактап калган маданиятына таң берген экен. Эми, мени ошол атадан өнөрүн үйрөнүп, кызыгып,  улантып кеткен мураскеринин болбогону өкүндүрөт.

Чолпон Субакожоева: “Кыргыз дөөлөттөрүнө кам көргөн кытай өкмөтүнө ыраазымын”

“Менин өмүрүмдөгү эң кымбат тартуу”

- Аялдарды жашы өткөндөн кийин сөйкө-шакектер дагы өзгөчө кооздойт окшойт. Кытайлык кыргыз айымдары ар дайым күмүш шакек, сөйкө, чачпактарды тагынып, кооздук буюмдарын барктап келишет. Шагыраган чачпак, күн нуруна чагылышкан шакек-сөйкөлөр көзгө абдан жакшы көрүнөт. 

Кытайда жүргөн кезимде, белгилүү кытайлык кыр­гыз тарыхчысы Анвар Байтурдун туулуп өскөн айылы Боз-Дөңгө баргам. Бир тууган жеңесинин сүйүнүчү дагы да көз алдымда. Ошондо ал мага колундагы шакегин чечип берип, анан чекеси шуру менен басылган баркыт жүз аарчысын тартуулаган. Кадырлуу байбиченин: “Кайним тууралуу китеп жазасыңбы, жазбайсыңбы билбейм, эми сени кайра көрөмбү, көрбөймбү аны да билбейм. Бирок, ушул жакта кыргыз бар экен деп издеп келгендигиң биз үчүн абдан кубанычтуу”-деп айтканы эч эсимден кетпейт. Менин өмүрүмдө эң кымбат белегим деп ушул жүз аарчыны жана шакекти айтаар элем. 

“Жөнөкөй карапайым адамдардын адамкерчилиги, жан дүйнөсүнүн тазалыгы, меймандостугу бардыгынан жогору турат”

- Кытайлык кыргыздарда меймандостук сапаты дагы мыкты өнүккөн. Эч жок дебесе үйүнө киргизип, болгон сыйлуу тамагын дасторконуна коюп, урматтап узатат. Ал эми, кой союп сыйлоо ар бир чакырылган конокко көрсөтүлгөн сый-урматтын бер жак чети эле.

Убагында Иле кыргыздарына Чөйчөк айылына чейин барып келгем. Бардыгыбыз билгендей аларда кээ бири будда динин тутунушат эмеспи. Ошондо, тааныбаган эле эже илгерки кыргыздардын ун сактаган жыгач челекте сакталып турган чучук менен (эт ундун арасынан катып калган) этти салып, камыр жайып, бизди абдан сыйлаган. Ал эже, илгерки шакар самынды өзү жасайт экен. Ошондон бирди, мага жүз аарчыга ороп белекке берди эле. 

Мен ал самынды дагы эле сактап жүрөм. Ушундай карапайым, тунук, таза жан-дүйнөлүү тааныбаган биринчи көргөн адамына койнун ачкан,  ажайып адамдар эсинден эч кетпейт экен. Мен дайыма бактылуу мүнөттөрүм катары эстейм. Өзүмдүн сапар кайрыктарымда жазып жүрөм. Сүрөттөрү жокторго өкүнөм. Каап тартып койбой деп. 

Мен Кытайга баргандагы сапарларымдан эсимде эң калганы бул, бир бийликтин өкүлдөрү же болбосо бир белгилүү адамдардын тоскону, сыйлаганынан дагы жөнөкөй карапайым адамдардын адамкерчилиги жана жан дүйнөсүнүн тазалыгы, меймандостугу болду десем жаңылышпайм.

Бизде 95-96 жаштагы карыя адамдар ар качан кан басымына кам көрүп, майлуу тамак, куйрук жешпейт го. Алгачкы жолу Жусуп Мамайдын үйүнө барганда,атам куйруктан кесип жеп, талкан чалынган шорпону ичип алган эле. Анан мен абдан таң калып карап, ушундай күчтүү тамак ичип алды, эми качан кан басымы көтөрүлөт болду экен деп таң калып караганым эсимде. 

Биздин жаштыгыбызды, биздин генибиздин кыйындыгын сактаган сапат кыр­гыздын жеп жүргөн тамагында экен. Жусуп Мамайдын ушунча жашка чыккандыгынын башкы себептери катары кыргыздын тамагын танбагандыгында, кыргыздын салтын танбагандыгында, кыргыз деп жашап, кыргыз бойдон калгандыгында деп билем. 

Чолпон Субакожоева: “Кыргыз дөөлөттөрүнө кам көргөн кытай өкмөтүнө ыраазымын”

Кыргыздын улуттук баалуулуктарын аздектеп сактаган ажайыпкана

- Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономдуу облусунун Улуу-Чат районунун акими Сыяр Кален аттуу  “ажайыпкана” дейт экен, музей курдурган. Ошол ажайыпканада кыргыздын бүтүндөй улуттук баалуулуктарын табууга болот. Ал ажайыпканада эмне гана жок,  улуттун улуулугун тастыктаган ар бир буюмду көрүүгө болот. Сейил багына чүкөдөн жасаган отургучтарды орнотуптур. Боз үйдүн формасында тойкана салынып жаткан.   

Маал-маалы менен Сыяр агай өзү дагы, ал музейге гид болуп турат экен. Биз барганда, Сыяр агай свет өчүп калгандыгына карабастан, фонарик көтөрүп алып, ажайыпкананы кыдыртып, бүт бардыгын жан-дили менен баяндап берген. Агайдын ар бир жасалган буюмга өзүнүн жан дүйнөсүн төшөгөнү көрүнүп турат. Мына, ушундай жогорку деңгээлде улуттук сезимди ыйык тутуп, башка мамлекетте, башка чөйрөдө, башка дүйнөдө жашап жатып, өзүнүн маданиятын, жан дүйнөсүн сактап калган кытайлык кыргыз боордошторубузга баа берем.

Мен Сыяр агайга миң мертебе ыраазымын. Ар бир кыргыз баласы ушул Сыяр агайдай болсо, кыргыздын көөнөргүс дөөлөттөрүн баалай билсе деп тилек кылып келем.

Ал эми, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ар бир улуттун дөөлөттөрүнө көңүл буруп, ошонун бардыгын куруп, кам көрүп жаткандыгы өзүнчө сөзгө, мактоого татыктуу. 

“Ал жакта ар бир үй кыргыз жыттанып турат”

- Кытай кыргыздарындагы биз кадырлап-сыйлай турган сапат булар руханий маданиятка өтө көңүл бөлүшөт. Ал жакта ар бир үй кыргыз жыттанып турат. Жерге узатасынан салынган түрдүү-түстүү шырдактан баштап, дубалга тартылган туш кийиздер, саймалар коз жоосун алат.

Кытай жергесинде атайын бүркүтчүлөрдүн, саймачылардын, комузчулардын, манасчылардын айылдары орун алган. Булардын бардыгы руханий кенчти сактап, кыргыз маданиятын, салт-санаасын бүгүнкү күнгө чейин аздектеп келүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Бүркүттүн жей турган этинен баштап, манасчылардын айткан манасына чейин Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн программаларынын негизинде акча-каражат бөлүнүп, кам кордук көрүлүп келет. 

Алардын күнүмдүк тиричиликтин түйшүгүнөн бошотуп, улуттук дөөлөттөрдү сыйлаткандыгына биз Кытай Өкмөтүнө рахмат айткандан башка эч нерсе деп айта албайбыз.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)