WeChat      Избранное

Азамат Байзаков: “Кытай жергесинде татыктуу жана сапаттуу билим берилет”

15/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Азамат Байзаков: “Кытай жергесинде татыктуу жана сапаттуу билим берилет”

Азамат Байзаков.

Дүйнө тааным рубрикасында биз ар дайым Кытай жергесинен билим алып келген жаштарыбыз менен окурмандарды тааныштырабыз. Бул жолку биздин рубриканын каарманы Азамат Байзаков. Ал биз менен кытай тили, маданияты, коңшу мамлекеттин билим берүү системасы тууралуу ой бөлүштү.

-Алгач, өзүң тууралуу окурмандарга маалымат бере кетсең? 

-1987-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунда төрөлгөм. Орто мектепти аяктап жатканда Алтын сертификатка ээ болуп, бюджеттик негизде Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде студенттик жашоом башталган. Кесибим боюнча дипломатмын, Эл аралык мамилелер факультетин аяктагам. 

-Эмне себептен кытай тилин үйрөнүүнү чечтиң?

-Жогорку окуу жайга тапшыраардын алдында, улуу эжем Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарына иш сапары менен болуп келген эле. Ошондо, эжем Кытай жергесинде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү абдан таасирдүү баяндап, ал жакта мүмкүнчүлүктөр көп экендигин айткан. Кытай тилине болгон кызыгуум алгач, эжемдин таасири аркылуу ойгонгон десем жаңылышпайм. 

Чындыгында кытай тилин тереңдеп өздөштүрүп, жашоомду толугу менен ушул тил менен байланыштырам деп деле ойлогон эмесмин. Кытай тилин бир аз үйрөнүп алып, коңшу мамлекет аркылуу соода-сатык иштери менен алектенүүнү максат кылгам. Университеттин 2-курсунан экинчи чет тилди тандоо учурунда, кытай тилин тандап, аны өздөштүрө баштагам. 

2006-жылы Кытай жергесинде окуумду улантып, тилди тереңдеп үйрөнүүгө мыкты шарт болуп калды. Мына, ошол мезгилден баштап, кытай тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүүгө каалоом пайда болду. Ал жерден жалаң гана кытай тилин окубастан, кытай маданиятын, салт-санаасын, кытай элин жакындан таанууга аракет кылдым. Себеби, кичинекей кезимде кытайлардын кинолорун көрүп, алардын согуштук өнөрлөрү, кунфу, ушу, каратэси мага өзгөчө таасир берээр эле. 

-Кытай жергесинен дагы билим алып келипсиң, ал жактагы билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп кетсең...

-Чындыгында, кытай студенттери эртенден-кечке убактысын сабак окуу менен өткөрүшөт. Биз деле кытай студенттеринен кем калышпай эртең мененки сегизден кечки саат онго чейин окууга убактыбызды бөлчүбүз. Үй тапшырмаларын корпустун ичинен эле аткарып, кечинде гана жатаканака келчүбүз. Бирок, ал жактан дагы тамактанган соң кошумча, саат түнкү бирлерге чейин өтүлгөн темаларды кайталачубуз. 

Кытайдын билим берүү системасынын талабы абдан күчтүү. Менин жеке пикирим боюнча, коңшу мамлекеттин билим берүү системасы мурунку Советтик билим берүүнүн эң жакшы жактарын алып туруп, өздөрүнүн дагы кошумчаларын кошуп, бул багытты өнүктүргөн болсо керек деп ойлойм. Ошондуктан, Кытай жергесинде татыктуу жана сапаттуу билим алууга толук болот деп эсептейм. 

-Кытайда болгон кызыктуу окуяларың жөнүндө айтып берсең?

-Алгачкы жолу Кытайга кетип бара жатканда, биздин динге туура келсе, “кытай тамактарынан жейм”-деп өзүмдү көндүрүп баргам. Курт-кумурскаларын алар жесе, мен дагы жеп көрөм деп даярданган элем. 

Бир жолу, мен эч кабарым жок эле баканын этин жеп алыптырмын. Ал мезгилде кытай тилимдин деңгээли анчалык эмес болчу. Бир сөздүн бир иероглифин таанып, экинчисин тааныбай эле которууга аракет кыла берчүмүн. Ошентип, сөздү туура эмес түшүнүп алчумун. Баканын эти менен дагы ошондой кырдаалда болуп, талаада жүгүрүп жүргөн канаттуулардын, тооктун бир түрү экен деп ойлоп алыптырмын. Анан кафеден курсагымды тойгузуп чыгып, үйгө келгенде:“бул эмне болгон тоок экен”-деп сөздүктү карасам “бака” деп жүрөт. Ишенген жокмун, эртеси кафенин ээсине барып, өзүм жеген тамак тууралуу сурадым. Ал киши, кампасына киргизип бир чоң ак контейнерди ачты. Анын ичи толо капкара бакалар экен. Абдан бир башкача абалда калгам. 

Көрсө аларды атайын өстүрүп, тамакка кошушат экен. Ошентип, баканын этин дагы жеп көргөм. Чындыгын айтканда, тооктун этинин эле даамына окшош болот экен. 

-Кытайдын кайсы шаарларында болдуң, сага өзгөчө таасир калтырган кайсы шаар болду?

-Кытайдын Үрүмчү, Ланчжоу, Сиань, Гуанчжоу, Пекин, Санья, Гуйлинь ж.б.аймактарында болдум. Кытайга алгачкы жолу автобус менен барганда, биринчи көргөн шаарыбыз Үрүмчү болду. Шаардын заңгыраган жолдору, бийик имараттары көзүбүзгө абдан өзгөчө көрүнгөн. Ал эми, Кытайдын ички шаарлары андан дагы өнүгүп-өскөн экендигине өз көзүбүз менен күбө болдук. Сиань шаары дагы өзүнчө сөзгө татыктуу шаар. Тарыхка бай бул шаарда өтмүш менен заманбап маданияты айкалышып, бир-бирин толуктап турат. Албетте, бул шаар дүйнөгө Жер астындагы армиясы менен белгилүү. Сианьда мусулман аймагы бар. Ал жакта болсо, биздин Караколдогу мечитке окшош мечит жайгашып, ага да бир дагы мык кагылбай тургузулган.

Чындыгын айтканда, коңшу мамлекеттин ар бир шаары өзүнүн маданияты, тарыхы, архитектуралык курулуштары менен өзгөчөлөнүп турат. Бардык шаарынан өзгөчө, терең таасир алып чыгууга толук мүмкүн.

Азамат Байзаков: “Кытай жергесинде татыктуу жана сапаттуу билим берилет”

“Кытай маданиятында чайдын орду өзгөчө” Үрүмчү, чай музейи.

-Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кытай тилин үйрөтүп, мугалимдик кесипти дагы аркалап келипсиң, сенин оюң боюнча, кытай тилин үйрөнүүдө эң оор нерсе эмне? Кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштарга тилди жакшы өздөштүрүүсү үчүн кандай кеңеш берет элең?

-Ооба, алты жыл бою кытай тили мугалими болуп эмгектендим. Негизи, кытай тилин окуу төрт бөлүктөн турат. Бул жазуу, окуу, угуу жана айтуу. Ушул багыттарды бирдей алып окуса гана бул тилди ийгиликтүү өздөштүрүүгө болот. 

Кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттерге айтаарым, эң биринчиден чыдамкайлык керек. Аны жакшылап үйрөнүү үчүн узак убакыт талап кылынат. Бул жерде тилди гана үйрөнбөстөн, кытайдын маданиятын, тарыхын үйрөнүп чыгуу зарыл. Ар бир иероглифинде тарых катылган. Жөн гана жаттай бербей, иероглифтин келип чыгышын изилдесе, эсте бекем сакталат. Кызыктуу дагы болот. 

Сүйлөөгө көп көңүл буруу керек. Өзүңдүн сүйлөгөнүңдү диктофонго жаздырып, аны угуп, кайра кытайлардын ошол сөздөрдү сүйлөгөнүн угуп, салыштырып үйрөнүү абзел. Эң негизгиси, кытай тилдүү чөйрөгө туш келсе, прогресс абдан тез болот. 

-Азыркы тапта алектенип жаткан ишиң тууралуу айтып берсең, Кытайдын жогорку окуу жайлары менен кандай кызматташтык мамиледе болуп келесиң?

-Азыркы маалда, мен “Study in China” мекемесинин башындамын. Борбор жаштарды Кытайга окууга жиберүү иштери менен алектенет. Учурда, Кытай Эл Республикасынын 20га жакын жогорку окуу жайлары менен келишим түзүлгөн. Бул кызматташуу алакабызда бюджеттик орундарды көбүрөөк бөлүштүргөнгө аракет кылып, басым жасайбыз. Кытайга жөнөтүүгө документтерди кабыл алгандан баштап, окууга өткөн шаардын аэропортунан тосуп алганга чейин иштердин бардыгын аткарабыз. Жатаканасына жайгаштырганга чейин көзөмөлдөп беребиз. 

Дагы кошумча айта кетсем, биз келишим түзгөн Кытайдын жогорку окуу жайларынын ичинде техникалык университеттер көп. Технологиялык илимдер жагынан Кытай азыр дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат. Ошондуктан, биздин жаштар дагы ушул жаатта Кытайдан билим алып келип, Кыргызстанда колдонсо ийгиликке жетише алышат деп ойлойм. 

-Сөз соңу...

-Кытай Эл Республикасы биздин кошуна, кыргыздар бекеринен “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деп айткан эмес. Өнүккөн, улуу улут, анын прогрессинен биз дагы колдонуп калуубуз керек. Кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштарыбыз келечекте эки элдин кызматташтык алакасын дагы бекемдейт деп ишенем. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)