WeChat      Избранное

Назик Мараимова: “Кытайдагы он күн кызыктуу китепке айланды”

30/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Назик Мараимова: “Кытайдагы он күн кызыктуу китепке айланды”

 Назик Мараимова, Памирдеги төөлөрдүн тобу менен.

Биз окурмандарыбызга ар дайым, Кытай жергесин байырлаган боордошторубуз, алардын жашоо-турмушу, улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматы тууралуу маалымат берип келебиз. Бүгүнкү биздин мейманыбыз Назик Акжоловна дагы коңшу мамлекетте болуп, кытайлык кыргыздардын жашоо-шарты, маданияты, салт-санаасы менен жакындан таанышып келген. 

Педагогика илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз филологиясы факультетинин филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын доценти Назик Мараимова Кытай жергесиндеги болгон жемиштүү сапары тууралуу кызыктуу маек куруп берди. 

-Назик эже,  колубузда турган “Фольклордук жана диалектологиялык экспедициянын материалдары” деген аталыштагы эки томдуктун жарык көргөндүгүнө көп убакыт өтө элек экен. Ушул тууралуу сөз кылсак?

-Жакшы болот, Чолпонай. Өзүӊүзгө маалым болгондой, кыргыздар Кыргызстанда гана эмес, Алтайдан тартып Түштүк Сибирь, Монголия, Түркия, жана коӊшулаш Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле Кытайда да байырлап жашап келишет. Эки томдон турган бул жыйнактын биринчи томуна Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунда жашаган кыргыздардан чогултулган фольклордук жана диалектологиялык материалдар кирди. 

Ал эми экинчи китеп Тоолуу Алтай, Хакасия, Тыва, Монголия жана Кыргыз республикаларынын аймактарына уюштурулган илимий экспедицияда Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын окутуучулары тарабынан жыйналган материалдардан турат. 

Бул 53 басмадан турган эки томдук Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы (2014-ж.,2-июнь, №119) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун (2015-ж., 6-апрель, №151-б.) негизинде жарык көрдү.

-Сиз биринчи томдун түзүүчүсү турбайсызбы. Ошондой эле, китептин баш сөзүн дагы жазыптырсыз. Коңшу Кытай Эл Республикасына кандайча жана качан барып калдыңыздар, сапарыңыздардын башкы максатына токтоло кетсеӊиз?

-Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Үрүмчү шаарындагы Синьцзян педагогикалык университетинин ортосунда кызматташтык бар. Ал алака 2013-жылдын 12-августунда дагы бекемделип, аталган окуу жайлардагы кыргыз тили жана адабияты факультеттеринин студенттери менен окутуучуларынын кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу, дүйнө таанымын кеӊейтип, тереӊдетүү, илимий-педагогикалык иштерди жүргүзүү, тил, адабиятты окутуу усулдарын салыштыруу жана тажрыйба алмашуу максатында эки тарап  келишим түзүшкөн. Ушул келишимдин негизинде биз, Кыргыз филологиясы факультетинен экспедициялык топ Кытай кыргыздарынан элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн жыйнап, каада-салт, үрп-адаттары, тамак-ашы, жашоо-тиричилиги менен жакындан таанышып келүү максатында профессорлор, филология илимдеринин докторлору Садык Тиллебаев, Турусбек Маразыков, доцент Сайрабүбү Исаева, мен жана он эки студентибиз менен 2014-жылдын 14-августунда Бишкектен кытайлык туугандарыбызга сапар тарттык. Ушул байланыштын демилгечиси, ошол кездеги университеттин ректору, профессор Искендер Исамидинов биздин топко ийгиликтерди каалап, жакшы тилектери менен узатты. Барганда Синьцзян педагогикалык университетиндеги “Манас” изилдөө борборунун негиздөөчүсү, профессор Мамбеттурду Мамбетакун баштаган боордошторубуз бизди чек арадан тосуп алып, материал жыйноого болгон шарттарды түзүп беришти.  Экспедициялык курамды областтын, оодандын жетекчилеринен тартып айылдын жөнөкөй тургундарына чейин өтө жылуу маанайда кабыл алышты, сыйларын көрсөтүшүп, практиканын ийгиликтүү жүрүшүнө чын жүрөктөрүнөн көмөкчү болушту, акырында ак дилден чыккан саламдарын Кыргызстанга жолдошту. Биз сөз кылып жаткан китептин 1-тому ушул сапарда топтоп келген материалдардан түзүлдү.

Назик Мараимова: “Кытайдагы он күн кызыктуу китепке айланды”

Ак-Чийдеги Өкмөт үйүнүн алдындагы “Манас жана анын урпактары” айкели.

“Кыргыздын боз үйүнөн тартып, улуттук аспаптары, колдонгон буюмдары, улуу Манас баш болгон айкелдер сөзү жок сүйлөп, улуу элдин тарыхынан кабар берип турат”

-Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун кайсы аймактарында болдуңуздар? 

-Коӊшулаш Кытай Эл республикасынын аймактык административдик түзүлүшү: мамлекет – өлкө – район – облус – оодан – айыл болуп алты баскычтан турат экен. Кызыл-Суу автономдуу облусунда үч оодан бар. Алар: Улуу Чат, Ак-Чий, Ак-Тоо оодандары. Жашаган кыргыздардын саны 200 000. Биз ушул үч ооданда жана  Артыш, Кашкар шаарларында болдук.

Кыргызстандын Ат-Башы, Алай райондору менен чектешкен оодан - Улуу-Чат. Улуу- Чаттыктардын кеби түштүк диалектиси менен окшошуп кетет, мисалы этиштерге  -гач (-ганча) мүчөсүн көп кошуп сүйлөшөт. Жалпы эле кыргыздардын кебинде кыймыл атоочтордун -оо, -уу формаларына караганда -ыш, -иш формаларынын активдүүлүгү  байкалды.  Жакынкы жылдардын ичинде Улуу-Чатта кыйла өсүштөр болуп жатканына күбө болдук. Мисалы, бул шаарга биринчи ирет келген тилмечсиз чет өлкөлүк да шаарды аралап чыккан соӊ бул жерди кандай түптүү элдер мекендээрин аӊдай алат. Себеби, бул жерде кыргыздын көк тиреген аппак боз үйүнөн тартып улуттук музыкалык аспаптары, колдонгон буюмдары, анан албетте улуу Манас баш болгон айкелдер сөзү жок сүйлөп, улуу элдин тарыхынан кабар берип турат. 

-Залкар манасчы Жусуп Мамайдын кичи мекени тууралуу кеп салып берсеңиз, Ак-Чийге болгон сапарыңыздар кандай болду?

-Мына үстүбүздөгү жылы кылым жашаган биздин замандашыбыз, айтылуу манасчы Жүсүп Мамайдын 100 жылдыгы белгиленип жатат. “Манастын” сегиз урпагына чейин толук айткан, кыргыздын катмары тереӊ маданий мурасын сактоого тоодой салымын кошкон залкардын Ак-Чийдеги бейитине барып куран окудук. Эскерүүбүз андан ары манасчынын музейинде уланды. 

Ак-Чийдин мурунку аталышы Какшаал. Бул жердин атын акын-жазуучуларыбыздын үркүн темасын чагылдырган чыгармаларынан (А.Токтомушев “Какшаалдан кат”, К.Баялинов “Ажар” ж.б.) далай окуп, кандай жер болду экен деп ойго батаар элек. Бүркүтчүлөрдүн мекенине айланган бул ооданда алты айыл бар экен, элдин 90 пайызын черик уруусундагылар түзөт.

Ар бир жердин өзүнө тиешелүү касиеттери, сырлары, алар боюнча айтылган ар түрдүү уламыш, аӊыздар болот эмеспи. Кезинде Бээжинге аттанып бара жаткан Манас бабабыздын 40 чоросу бирден сайып кеткен чырпыктар көктөп, Какшаал дайрасын бойлой “40 чынар мазарына” айландыгы тууралуу, (“Музбурчак хандын мазары” боюнча “Манастагы” каармандардын бири) Музбурчактын бул жерге жашырылганын, анын мүрзөсүн ачууга аракет кылгандардын аягы кейиштүү аяктаганын  жергиликтүү тургундар айтып берип жатышты.

Тоолордун курчоосундагы абасы салкын Ак-Чий шаары Нарын шаарын элестетет. Бош жаткан боз талаа аз гана жылдын ичинде керемет шаарга айланган экен. Өзүлөрү да “жаӊы шаар” деп аташат.  Балдарды кабыл алуунун камылгасын көрүп жатышкан сыры кургай элек мектептеринде жана бала бакчаларында болуп, алардын заманбап талаптарга ылайык жабдылганына күбө болдук. Билим алууга мыкты шарттар түзүлүптүр.

-Кытайлык кыргыздардын “Манаска” болгон мамилесине, деги эле кыргыз маданиятына, оозеки салттуу өнөрчүлүгүнө болгон сый-урматы тууралуу өз байкооңузду айтып берсеңиз?

-Кытай кыргыздарынын “Манаска” болгон мамилеси өтө аяр, өзгөчө аздектешет. Манастын жетинчи, сегизинчи урпагына чейин жакшы билишет. Бизде “Манасты” 30-жылдарга чейин (эпос деген термин киргенче) жомок деп атап келген сыӊары, бүгүнкү күндө жуңго кыргыздарында эпосторду жомок, аны айтуучуларды жомокчу дешет. Айтуучулардан эпосту жазып жатканыбызда “Манаска” караганда “Семетей” эпосун көбүрөөк айтышаарын баамдадык. 5 жашар баладан тартып 80 жашка келген Орозо Кадыр сыяктуу кадырлуу манасчылардын жомогун тыӊдап, жазып алууга мүмкүндүк болду. Мамлекет манасчыларды ай сайын стипендия менен каржылап, камкордукка алыптыр.

-Кытайлык кыргыздар, алардын жашоо-турмушу жөнүндө айтып берсеңиз?

-Кызыл-Суу автономдуу облусунун борбору Артыш шаарында кыргыз, кытай жана уйгур улуттары отурукташкандыктан, үч башка багыттагы маданият менен сугарылган чакан шаар экен. Шаардын көчөлөрүндө машина аз, мотолордун (мотоцикл) саны арбын. Шаарда болобу, айылда болобу негизги унаа катары мото эсептелет. Аны кыздын себине да кошо бергендери бар. Боордошторубуздун шаар жериндеги да, айыл жериндеги да турмуштары менен кенен таанышууга мүмкүндүк болду. 

Кыз узатуу, үйлөнүү тойлорунун үстүнөн чыгып, андагы салт, жөрөлгөлөрдү көрдүк. Жүк көрүү сыяктуу ырымдарга күбө болуу менен, себи келген жаш келинчектин өз колунан чыккан жүз аарчыларын белекке алып кайттык. Карыя, байбичелердин насааттарынан уктук. Улутубузга тиешелүү тарыхый, маданий баалуулуктарды топтогон ажайыпкана (музей) ачам деген тилек менен курулушу кызуу жүрүп жаткан генерал Курманбай Эмет сыяктуу эл азаматтары менен тааныштык. 

Мисалы, турмушка узап жаткан кыздын “калек” деген баш кийими памирлик кыргыздарда гана жасалат экен. Ак-Тоо ооданына караштуу Булуӊ-Көл айылындагы Памир кыргыздарында да болдук. Жол өтө алыс болгону менен (450 чакырымдай) мелтиреген түз жолдон кыйналуусуз Булуӊ-Көлдүк туугандарыбызга кирип бардык. Тобу менен жүргөн төөлөрдүн, топоздордун жакын эле жерлерде ээн-эркин жайылып жүргөндөрү суктандырбай койгон жок. Жайы-кышы кары кетпеген Муз-Ата тоосун, Кара-Көлдү байырлаган кыргыздар кенен пейили, кеӊ дастаркону менен тосуп алышты. Айрыкча, топоздун сүтү кошулган чайы, куруту, каймагы көбүбүз үчүн жаӊылык болду. “Чач той” деп аталган эки жашар кыздын чачын өрүп, той өткөрүп, бата алуу салты менен таанышып, “калектин” кандай жасалып, канча убакыт, мээнет кетээрин көрдүк.

Назик Мараимова: “Кытайдагы он күн кызыктуу китепке айланды”

“Т. Маразыков жана С. Тиллебаев “калекчен” студент Жазгүл менен”.

-Билим берүү тармагында кандай айырмачылыктарды байкай алдыӊыз?

-Кыргызстанга салыштырмалуу коңшу мамлекеттин билим берүү баскычтарында айырмачылык кездешет. Алгач, балдар “дайындык” деп аталган даярдоо курсунан өтүп, 1-класска кабыл алынышат. 1-класстан 6-класска чейин “башталгыч” окууну окуп, 7-, 8-, 9- класстарды окуп “толуксузду” бүтүшөт. Андан соӊ, кааласа, атайын кесип (м.: мугалим, мал чарбачылык, дыйканчылык, чач тарач) алуу багытында 3 жыл “орто техныкомдо” (техникум) окушса болот. Болбосо, 1 жыл бою 7-класстан 9-класска чейин окуган материалдарды кайталап, бышыктап, кытай тили тереӊдетилип үйрөтүлө турган даярдоо курсуна барышат. Бул даярдоо курсу 2005-жылдан баштап атайын жолго коюлган. Даярдоо курсунан кийин “толук орто” деп аталган 10-11-класстарды окуп бүтүшөт. Андан соӊ мамлекеттик сынак тапшырышат. Ал сынактын жыйынтыгы менен бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларына кабыл алынат.

-Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн азчылык улуттардын, анын ичинен кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына болгон мамилесине кандай баа бересиз? 

-Калкынын саны жана аянты боюнча дүйнөдөгү алдыӊкы орунда турган улуу мамлекетте жашап жатышкан боордошторубуздун улуттар аралык жылуу байланыштан улам өз тилинде сүйлөп, ырдап, маданиятын, салтын сактап, ийгиликтүү өркүндөтүп келе жатышканын көрүп, көзгө жаш ала кубандык. 

Чек ара жана тоо бөлүп турган кандаш, боорлорубуздан кеӊ пейилдиктин, жөнөкөйлүктүн, аруулуктун, баёолуктун жана улуулуктун жылуу илеби даана сезилип турду. 10 күндүк сапардан тазарып кайттык десек аша чапкандык болбойт.

-Демек, сапарыңыздар абдан жемиштүү болгон экен да?

-Ооба. Учурдан пайдаланып, жогорудагы келишимдин демилгечи-түзүүчүлөрүнө, практиканын уюштуруучуларына жана ушул эки томдуктун жарык көрүүсүнө колдоо көрсөтүшкөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына, жетекчиси профессор Назаркул Ишекеевге, академик Абдылдажан Акматалиев жетектеген Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна ыраазычылыгымды билдирем. 

Кыз узатуу ыры (китептен үзүндү) 

Айтып берген: Ажар Өмүр, 80 жашта, дыйкан, пычына уруусунан, Тегирмети айылы, Майдан кыштагы

 

Сыр жорго минип көч башта,

Сыр жорго оозун бош ташта.

Сыр жорго мойну тердесин,

Сыланган келин ким десин! 


Кер жорго минип көч башта,

Кер жорго оозун бош ташта.

Кер жорго мойну тердесин,

Керилген келин ким десин!


Саамай чачың булай жүр,

Аргамжы болсо улай жүр. 

Атаң менен энеңдин,

Амандыгын сурай жүр.


Желке бир чачың булай жүр,

Үзүлгөн учук улай жүр,

Атаң менен энеңдин,

Амандыгын сурай жүр.


Аттанып үйдөн чыкканча,

Жолуӊа алтын чачылсын,

Аттанып үйдөн чыккан соң,

Айдай бир бактың ачылсын!


Күлмүндөп үйдөн чыкканча,

Күмүштүн зээри чачылсын.

Күлмүңдөп үйдөн чыккан соң,

Күндөй бир бактыӊ ачылсын!



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)