WeChat      Избранное

Шанхай кызматташтык уюму – келерки саммитти утурлай

18/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында, Кытай мамлекетинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити өтөт. ШКУ сыяктуу ири уюмдар бүгүнкү күндө дүйнөдө кандай роль аткарат, эмне максаттарды коет, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө кандай пайда алып келет? Ушул жана башка суроолорго өлкөдөгү белгилүү саясат талдоочулар жооп берет. 

Алмазбек Акматалиев, саясат таанучу:

Шанхай кызматташтык уюму – келерки саммитти утурлай

- Шанхай Кызматташтык Уюмунун да, Евразия Экономикалык Биримдигинин да мааниси өтө зор. Дүйнөдө, мамлекеттер, өз ара мамиле куруудан сырткары, ШКУ сыяктуу ири уюмдарга кирүү, мүчө болуудан кандайдыр бир преференцияларды алуу,  дүйнөлүк саясатта өзүнчө бир тренд болуп бара жатат. Менин жеке оюм боюнча, биз ШКУ же болбосо ЕАЭБке кирбей койсок, ахыбалыбыз бүгүнкү күндөн жакшы болуп кетмек эмес. Азыр ушундай чоң бирикмелердин заманы келди деп ойлойм. Буга мисал, Европа Биримдиги, “Чоң жетилик”, КМШ, ЕАЭБ жана башкалар. Менин оюмча, бул ааламдашуунун бир белгиси. Себеби, ааламдашууда капитал биригип, миграция күчөп, жаңы технологиялар ылдам өнүгүп жатканда, ШКУ сыяктуу уюмдар пайдасын тийгизет. 

- ШКУ алкагында Кыргызстандын ролу кандай болууда?

- Биз, жөн гана мүчө болуп тим болбостон, ШКУда каралган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз  керек. Ал жерден да күрөшүш керек, маселелерге активдүү катышуу зарыл. Ал эми ушундай болуш үчүн, башкача айтканда ШКУда  түзүлгөн эрежелердин канткенде биздин экономикага пайдасы тиет, кантип преференциялар менен артыкчылыктарды колдонобуз деген суроолорго жооп таап, аны ишке ашырыш үчүн, ошол чоң уюмдардын катчылыгында иштеп турган кишилердин  квалификациясы жогору болушу керек. 

Бүгүнкү күндө, терең аналитикалык отчет көрө элекмин. Мүмкүн бардыр. Менин оюмча, ШКУна киргенден бери эмнелерге жетиштик, эмнелерге жетишибиз керек деген сыяктуу темаларга арналган талкуулар жүрүшү керек. Биз, ШКУга перспектива бар үчүн кирдик да, башка маселе уюмдун артыкчылыктарын кандайча пайдаланып жатабыз, маселе ушунда. 

Талант Разаков, коопсуздук маселелери боюнча эксперт, жазуучу: 

Шанхай кызматташтык уюму – келерки саммитти утурлай

- Мен өзүм, ШКУ жаңы түзүлгөндө, алгачкы жумушчу тобунун курамында болчумун. Бул уюмдун түзүлүшүнө, коопсуздук маселелери түрткү болгон. Коопсуздук жаатында иштеген киши катары айтсам, ШКУнун алкагында, ага мүчө болгон өлкөлөр арасында маалымат алмашуу болуп жатты. Бул абдан маанилүү. Андан сырткары, Россиядан, Кытайдан жардам келди. Мисалы, Россия курал жагынан, аскер техникасы жагынан көп жардам көргөздү. Ал эми Кытай Эл Республикасынан жакшы автомобилдер келди. ШКУ, негизинен атайын кызматтардын иши болуп баратат. Терроризмге, экстремизмге каршы туруу боюнча активдүү иш жүрүүдө. 

Орозбек Молдалиев, саясат таанучу:

Шанхай кызматташтык уюму – келерки саммитти утурлай

- ШКУ азыр перспективдүү уюм болуп атат. Кыр­гызстан көп эле эл аралык уюмдарга мүчө, ошонун ичинен эң таасирдүүсү ШКУ. Мисалы, КМШ менен ШКУну салыштырсак, КМШдан мамлекеттер биринин артынан бири чыгып атат, калгандары уюм иштебей атат деп нааразы. Кабыл алынган 6 миңдей документтин алты пайызы эле иштейт. Ал эми ШКУнун долбоорлору, пландары жакшы иштеп жатат. Уюмга мүчө болобуз деген мамлекеттер көп. Индия менен Пакистан көптөн бери байкоочу болуп келишти. Эми бул уюмдун жаңы, чоң долбоору бар: “Бир жол – Бир алкак” деген. Бул өтө перспективдүү, чоң геосаясий долбоор. Анда Кытайдын Сиань шаарынан Борбор Азия аркылуу, Иран аркылуу Европага чейин кургак жол менен чыккан долбоору бар, жана деңиз менен чыккан жолу бар. Экөө келип туруп Европадан жолугат. Бул 21 триллион доллардык долбоор. Мындай дүйнөдө жок. Азыр дүйнөлүк ички дүң продукциянын 17-18 пайызын Кытай чыгарат дешүүдө, ал эми жогорудагы долбоор ишке ашса 50 пайызга чейин көтөрүлөт. Мунун бизге да оң таасири тиет, эгер туура пайдалансак. Мурда Кытай менен Кыргызстан гана Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө эле, ошон үчүн биздин тышкы соода абдан өнүккөн. Биздин көп жаштар Кытайдан барып билим алып жатышат, Конфуций борборлору ачылууда. Биз аркылуу газ түтүгү өтөт келечекте. “Бир жол – Бир алкак” долбоорунун дагы бир жакшы жагы, эл аралык уюмдардын, финансы уюмдардын жардамы жетпеген өлкөлөр аркылуу алып өтөбүз деп жатат, ошондо бул Африка мамлекеттерине пайдасын тийгизет дагы, конфликтердин азайышына, элдердин өнүгүшүнө жардам берчү долбоор.

(Автор:​Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)