WeChat      Избранное

Айдарбек Сарманбетов: “Кытай–күтүлбөгөн чоң жаңылыктардын, адамдарга камкордуктун, экономикалык, социалдык, техникалык ыкчам өсүп-өнүгүүлөрдүн өлкөсү ”

18/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:


Айдарбек Сарманбетов: “Кытай–күтүлбөгөн чоң жаңылыктардын, адамдарга камкордуктун, экономикалык, социалдык, техникалык ыкчам өсүп-өнүгүүлөрдүн өлкөсү ”

Жазуучу, журналист, котормочу, сүрөтчү, КРнын маданиятынын мыкты кызматкери, “Түрк дүйнөсүнүн адабияты” журналынын башкы редактору жана Кыргызстандын Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык коомдор бирикмесинин басма сөз жетекчиси Айдарбек Сарманбетов бүгүн бизде конокто. 

Айдарбек агай биз менен Кытай жергесине болгон сапары, залкар манасчыбыз Жусуп Мамай менен болгон жолугушуусу тууралуу ой-бөлүшүп, кызыктуу маек куруп берди. 

- Айдарбек агай, алгач, ко ңшу мамлекетке кандай барып калдыңыз, сапары ңыздын башкы максаты, кытайлык кыргыздардын жашоо-турмушу менен жакындан таанышууңуз кандай өттү, ушул багытта кеп салып берсеңиз?

- Коңшу, Кытай Эл Республикасына мен үчүн күтүүсүз, бирок кытай-кыргыз маданий алакалары үчүн үзүрлүү иштеп жүргөн Айкын Турду кызынын түйшүктүү аракеттеринин аркасында барып калдым. Ал, Пекиндеги белгилүү “Вужоу” басмасы менен иштешип жүргөн экен.

Мени Кытайда жашаган аз сандагы улуттардын азыркы жашоо-турмушу тууралуу байыркы Жибек жолунун алкагында жазып берүүмдү өтүнүшүп, мен дагы макулдугумду берген элем. Ошентип, ортобузда түзүлгөн келишимдин негизинде туура беш жыл мурда барып, Кытай жергесинде бир ай жүрүп келгем. 

Кытай тарап дагы сунушталган беш-алты кыргызстандык жазуучулардын арасынан мага токтолушкан экен. Сапардын со ңундагы жолугушууда, эмне себептен мени тандап алгандыктарын сурасам, СУАРдын экинчи жетекчиси: “сиз айылда өсүп, заводдо иштеген экенсиз, демек жумушчу, карапайым адамдардын турмушун жакшы түшүнөсүз, журналист, калем-фото сүрөтчү катары баамчыл, ыкчам иштейсиз, алыс, бийик тоо-түздө, ар кандай аба ырайындагы жолдо жүрүүгө чың ден-соолук керек, сиз жаштыгы ңызда спорт менен машыккан экенсиз, жазуучу катары түрк дүйнөсүнүн көп сыйлыктарын жеңип алыпсыз”,- деп, бир катар талаптарды санап берди. Алар дагы алгач, мени менен кызматташууда бардык тараптан сереп салып, тандап алышкан экен. 

Ал эми ко ңшу мамлекетке болгон сапарым тууралуу айтсам, ал укмуштуудай кызыктуу өттү. Мен үчүн Кытай – күтүлбөгөн чоң жаңылыктардын, адамдарга камкордуктун, экономикалык, социалдык, техникалык ыкчам өсүп-өнүгүүлөрдүн өлкөсү болуп калды!

СУАРда самолёт, унаа менен да, жөө да тоо-түздүктөгү миңдеген чакырым жолдорду басып, ар түркүн улуттагы адамдарга жолугушуп, турмушу менен тикелей таанышып, не бир тарыхый, жаңы шаарларды, эстеликтерди көрдүк! КЭРде кыргыздар гана эмес, казак, моңгол, уйгур, түркмөн, найман, орус, шиве ж.б. көптөгөн улуттагы элдердин турмушу менен тааныштым. Бардыгынын жашоо-шарты бирдей, жакшы де ңгээлде. Улутка, же аймак, иш-кызматына карап бөлүүнү көргөнүм жок. 

- Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун кайсы аймактарында болдуңуз, аз да болсо кытайлык кыргыздар жашаган аймактарга токтоло кетсеңиз?

- Сапарымда Үрүмчү шаарынан Казак автоном облусун кыдыруудан баштап, Кулжа, Текес, Көк-Терек, Шаты айыл аймактары – Моңгул-Күрөө ооданынан эски-жа ңы Кашкар, Кызыл-Суу кыргыз автоном облусун толук кыдырып чыктым. Малчы, дыйкандардан тартып, тарыхчы, жазуучу, манасчы, илимпоз, мамлекеттик кызматкерлерге чейин пикир алышып, айыл-шаардагы үй-мекемелерди көрө алдым.

Кытайлык кыргыздардын улуттук айылдары өтө таң калтырды: улуттук өнөрдү тутунган манасчылардын, бүркүтчүлөрдүн, комузчулардын, саймачылардын – дегеле өнөр адамдарынын атайын, өз-өзүнчө айылдарга топтолуп, аларга улуттук деген өзгөчө даража берип, ошол өнөрдү тутунган адамдарга мамлекеттен айлык төлөп, камкордукка алуусу мен үчүн чоң жаңылык болду. Аз сандуу улуттарга үстөксүз насыя берүү, салыктын жоктугу, 50 пайызын өкмөттүн төлөп берүүсү менен каалаган эмеректерин кошуп үй салып берүү, ижарага алган жерлерде өндүргөн эгин-малдарын өкмөттүн өзүнүн сатып алуулары, акысыз күнөсканаларды, толук шарттуу саякат үйлөрүн ижарага алып, иштетүү, жумушсуздуктун толук жоктугу – та ң калтырбай койгон жок, мындай, элге түзүлгөн шарт эч бир мамлекетте жок. 

Дагы бир таң калыч – Актоо ооданындагы Акмуздагы бийик тоо башына кыргыздардын мындан 300 жыл илгери барып, байырлап калганы болду. Ал, узак тарыхты китепке толук жаздым.

Кашкар шаарындагы Жусуп Баласагын, Махмуд Барскани-Кашгари, Кулжадагы генералыбыз Ысакбек Мониев сыяктуу атактуу, тарыхый  мекендештерибиздин кабырына барып куран окутканым эстен кеткис!

Көөнө-Салттагы үйлөнүү тойдо бизде унутулуп калган салттар сакталып калганы да күтүүсүз болду. Мындай өзгөчөлүктөрдүн бардыгын “Көрүшкөнчө Синцзян!” аттуу китебимде жазып бердим.

“Атактуу манасчыбыз менен жүз көрүшүп, батасын алганым сапарымдын эң маанилүү, бактылуу учуру болуп калды”.

- Ак-Чийге болгон сапары ңыз, Залкар манасчы Жусуп Мамайдын кичи мекени тууралуу кеп салып берсеңиз?

- Бишкекте эле, жол сапарыма атактуу манасчыбызга жолугушууну кийирүүнү сунуштагам. Артышка барганда Ак-Чийдеги Жусуп Мамайга жолугалык десем анын сыркоолоп жатканын айтып, киши кабыл албай жатканын айтышты. Мен өзүнө айткыла, кантип жолукпай кетмек элем десем, Айкын Пекинге телефон чалып, кайра-кайра талабымды айтып жатып эртеси күнү 15 мүнөткө гана кездешүүгө макулдук беришти.

Барганыбызда аксакал кубана тосуп алып, эки сааттай кетирбей, “Манас” эпосу, өзү жазган кытайдагы кыргыздардын санжырасы, өмүрүндөгү урунттуу учурлар тууралуу, ар тараптуу багытта маектешип, салтка ылайык чайын берди. 

Көрсө, он жылдан ашуун мурда Кытай Өкмөтү “Жусуп Мамай – Кытай мамлекетинин дөөлөтү” деген токтом чыгарып, манасчыбызды мамлекеттик толук камсыздоого алган экен. 

Мен атайын көлдүн суусун, касиеттүү жердин бири Чолпон-Атадан алдырып, өзүм ойлоп, даярдап койгон тартууларым дагы бар эле. Элибиздин зор таланттары Токтогул, Карамолдо, Ыбырай баштаган комузчулардын өздөрүнүн аткаруусундагы архивде сакталып калган күүлөрүнөн, Рыспай, Асанкалый, Түгөлбай Казаковдун өз аткаруусундагы ырларын компактдискке көчүрүп белекке ала баргам. Ала келген тартууларымды сунуп, жол карытып келген Ысык-Көлдүн суусунан аксакалдын колуна куйганымда, залкар манасчы: “арманымды тапкан экенси ң” деп, батасын берди. 

Алп манасчынын 95 жылдык мааракесине карата, ошол убактагы Президентибиз А.Атамбаевдин жаңы эле жарлаган куттуктоосун, эмгектерин элибиздин дөөлөтү катары ар тараптуу колдоого алуу тууралуу Жарлыгын окуп бердим. Ыраазы боло башын ийкеп, муюп олтурду, алкоосун алдым. Ал, жолугушуубуз да китепке кенен жазылды. Мен үчүн атактуу манасчыбыз менен жүз көрүшүп, батасын алганым сапарымдын эң маанилүү, бактылуу учуру болуп калды. 

- Кытайлык кыргыздардын “Манаска” болгон мамилесине, деги эле кыргыз маданиятына, оозеки салттуу өнөрчүлүгүнө болгон сый-урматы тууралуу өз байкооңузду айтып берсе ңиз?

- Эпосубузга кызыгуу да, колдоо да абдан чоң экен! Бардык жерлерде атайын айылы, борборлору, уюмдары, музейлери уюшулуп, китептери чыгып турганы бизден артык суктаныч болду. Артушта Жусуп Мамай аксакалыбыздын шакирти, чоң манасчы Сартакун баштаган чо ң манасчылар менен жолугуштум. 

Таң калычтуусу семетейчи, сейтекчи кыз-келиндер болду! Манасты аялдар айтууга болбойт, ал касиеттүү дешип, кичи эпосторду мыкты айтышат экен. Кыргыз салты, маданияты бизден артык сакталып, бааланганын өз көзүм менен көрдүм. Албетте, мунун бардыгы элдин аракети менен бийликтин колдоосунан улам. Ар өнөрдүн улуттук өз айылдарынын барлыгы да ага чоң шык, көмөк экени талашсыз.

- Кытай жергесине болгон сапары ңыздын жыйынтыгында кандай жетишкендиктер болду. Сапарыңыз өз мүдөөсүнө жеттиби?

- Сөзсүз жетти. Мен, өкмөттүк басма аркылуу баргандан улам, Пекинден бери келип, Үрүмчүдө тосуп алышып, жайгаштырып, котормочу, коштоочуларды кошуп берип, шаарлардын, аймактардын жетекчилери чек арасында тосуп алышып, белгиленген иштерди өз учурунда уюштуруп, бардык шарттарды түзүп берип жатышса кантип үзүрлүү иштебейси ң. 

Өзүм да чоң таасир алгандыктан келишим мөөнөтүнөн эки ай мурда, эки эседей ашык көлөмдө китепти жазып, тапшырдым. Алар да биз күткөндөн артык жазыптырсыз деп ыраазы болгонун Айкын карындашым айтып, кубандырды.

- Быйыл Кытай жергесинде, Кыргызстанда дагы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы белгиленүү алдында турат. Кыргыз элинин маданиятында Жусуп Мамайдын ээлеген орду тууралуу өз ою ңузду айтып берсе ңиз?

- Кытай жергесинде атактуу манасчыбыздын мааракеси кенен белгиленип жаткандыгын угуп, кубанып жатам. Бизде да албетте камылгалар көрүлүп, иштер жүрүп жатат. 

Жусуп Мамай – кыргыз маданиятына, рух дүйнөсүнө, улуттук казынабызга Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев сыяктуу замандаштары сыяктуу орду толгус, өтө баалуу салымын кошкон инсан. Кыргыз улутуна, урпактарына опол тоодой эмгек калтырып кетти. Эми аларды биз, эки тараптагы кыргыз эли жогору баалап, ардактап, кенен иликтеп, таберик тутуп алуубуз керек. Ал эмгектерсиз улуттук өзгөчөлүгүбүз, касиетибиз кемип калары турган иш. Бул иштер мамлекеттик деңгээлдеги жалпы элдин парзы.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)