WeChat      Избранное

Улан Чокушов: “Кытай элинин жаңы нерсени кабыл алуу жөндөмдүүлүгү өтө өнүккөн-бул мыкты сапат”

03/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Улан Чокушов: “Кытай элинин жаңы нерсени кабыл алуу жөндөмдүүлүгү өтө өнүккөн-бул мыкты сапат”

Акыркы жылдары кытай тилин үйрөнүп жаткан кыргыз жаштары жылдан-жылга өсүүдө. Ал эми, дүйнөдөгү бирден-бир оор болгон бул тилди өздөштүрүп, аны жашоосунда ийгиликтүү колдонуп жаткан жаштарыбыз дагы арабызда көп. 

Алардын бири кытай укугу боюнча адис, учурда, кытай басмасында котормочулук менен алектенип жаткан Улан Чокушов. Улан биздин гезитке чет жердеги кызыктуу жашоосу жана кытай тилин үйрөнүүдөгү оорчулуктар туурасында кеп салып берди. 

-Улан, алгач өзүң тууралуу маалымат бере кетсең?

-2011-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Эл аралык укук факультетинин Кытай укугу багытын аяктагам. 2008-2009-жж. Кытай Эл Республикасынын борбору болгон Пекин шаарындагы Пекин илимий-техникалык университетинен билим алгам. Ал жактан чет өлкөлүк студенттер үчүн кытай тилин үйрөтүү курстарынан окуп, кытай тилимдин деңгээлин бир топ жогорулаткам десем болот.

Университетти аяктаган соң, 2012-жылы кытай тили мугалимдеринин тажрыйбасын жогорулатуу курстарынан дагы окууга мүмкүнчүлүктөр болду. Муну менен эле катар 2015-жылга чейин өзүмдүн университетимде, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында сабак берип, мугалимдик кесипти дагы аркалап жүрдүм. 

Андан соң, кытай компанияларында котормочу болуп да иштедим. Кайрадан университетке кайтып барган учурларым дагы болду. Ал эми, азыркы тапта Кытайдын Женвень котормо басмаканасында китептерди которуу иштери менен алектенүүдөмүн. 

-Эмне себептен кытай тилин үйрөнүүнү чечтиң? 

-Мен кичинекей кезимден эле кытай маданиятына, өзгөчө кытай кинолоруна кызыгуум бар болчу. Ушу, кунфу, каратэ сыяктуу согуштук чеберчилигине өзгөчө кызыгып, ошол маалда эле Кытайды жакындан тааныгым келген. Кытай тилин үйрөнүүмө ошол балалык кездеги кызыгуум чоң роль ойноду десем жаңылышпайм. 

Мектептен 11-классты аяктап жатканда, университеттерди таанытуу иштеринин алкагында биздин мектепке дагы Юридикалык академиядан келишкен. Ошондо, кытай укугу боюнча адистиги мага жагып, келечектеги жашоомду кытай тили менен биротоло байланыштыргам. 

-Кытай жергесиндеги башыңдан өткөн кызыктуу окуяларың менен бөлүшө кетпейсиңби?

-Чындыгында, көп эле кызыктуу окуялар болду. Алардын бирин айтып берсем, Пекинде велорикшалар абдан көп. Анан, бир жолу көчөдө кетип бара жатып “Бишкек” деп жазылган велорикшаны көрүп калдым. Бардыгыбыз билгендей, чет жерде жүргөндө ата-мекенге болгон сагынычың ар дайым көөдөнүңдө кандайдыр бир боштукту жаратып турат эмеспи. Ошондон болсо керек, Бишкек сөзү көзүмө абдан жакшы көрүндү. Ээсинин жанына барып: “Бишкекке чейин канча юань”-десем, 10 юань экендигин айтты. Көрсө, Пекин шаарындагы Бишкек кафесине чейин эл ташыган велорикша экен. Бирок баары бир, калдайган кытай элинин ичинен Бишкектин атын кездештирүү мен үчүн өтө кубанычтуу болду. 

Кытай тили диалекттерге абдан бай экендиги баарыбызга маалым. Бир жолу Кытайдын түндүгүнөн жана түштүгүнөн келген эки кытай сүйлөшүп жатып бир-бирин эч түшүнө алышпады. Сүйлөгөн диалекттери ар башка эле. Ошондо, мен экөөнө котормочу болуп бергем. Сырттан караган адамга, бир кыргыз эки кытайга кытайча котормочу болуп жаткандыгы абдан эле кызык көрүнсө керек. Бирок, ушундан биз кытай тилинин көп кырдуулугун, оорчулугун, анын өзгөчөлүгүн көрө алсак болот. 

Мындан сырткары, мени абдан таң калтырган учурлардан айта кетсем, Пекинде дүйнөгө белгилүү Жибек рыногу бар. Ошол жерде иштеген сатуучулар сенин бет-түзүлүшүңө карап эле, кайсы мамлекеттин өкүлү экенинди айырмалай алганы мени абдан таң калтырганы эсимде. Эгерде англиялык бирөө болсо, аны менен англис тилинде эркин сүйлөшө алышат. Эгерде, араб бирөө болсо, арабча дагы сүйлөшүп, кардардын көңүлүн табышат. Орусча дагы кенен баарлаша алышат. Иштин мыкты жүрүшү үчүн, адамды сыртынан таанып, ушунча көп тилди билүү-бул дагы кытай элинин мыкты сапаттарынын бири экендиги талашсыз. 

-Кытай тилин үйрөнүүдө сага кандай оорчулуктар болду?

-Чындыгын айтканда, кытай тилин өздөштүрүүдө жазгандан дагы, сүйлөөдөн дагы анча кыйналган жокмун. Мага эң оор келген нерсе бул-тилди түшүнүү болду. Кытай тилинде омонимдер абдан көп. Айтылышы бирдей, бирок мааниси ар башка сөздөр. 

Ошондуктан, алдын-ала даярдыгы жок, теманын негизин түшүнбөй туруп, маектешүүлөрдү которуп кетүү, же түшүнүү абдан оор. Алар, мисалы үчүн аалам тууралуу сүйлөшүп жатса, сен ашкана жөнүндө түшүнүп калышың мүмкүн. Иероглифтердин айтылышы бирдей, бирок тондордун басымы менен гана айырмалоого мүмкүнчүлүк бар. 

Мына, ошондуктан, кытай тилин туура жана так түшүнүү үчүн аудио китептерди көчүрүп, анын текстин таап, аудиону угуу менен катар текстти дагы кылдаттык менен окуп салыштырып үйрөнгөм. Бул аз да болсо угуу жана түшүнүү сапаттарын өнүктүрөт. Менин оюмча, кытай тилиндеги эң оор багыт бул синхрондук котормо. 

-Пекин шаары тууралуу айтып берсең?

-Бардыгыбыз билгендей, Пекин шаары дүйнө жүзүнө Улуу кытай сепили менен белгилүү. Пекинде тарыхый-архитектуралык комплексттер абдан көп. Кытай Эл Республикасынын бардык шаарларындай эле Пекинде дагы заманбап тарыхый курулуштар эриш-аркак жайгашып, бир нече маданияттын бир арада орун алышы менен өзгөчөлөнүп келет. Мага Пекиндин бизнес борбору абдан жагат. Бирок, ал жакта аба абдан булганган. Башкача айтканда аймак смогко чулганган. Мына, ушул нерсе шаардын жалгыз гана кемчилиги деп айтаар элем. 

Бирок, акыркы жылдары Кытай Өкмөтү смог маселесин чечүүнүн үстүнөн өтө кызуу иш жүргүзүп келет. Ошондуктан, алдыда абаны тазалоо иштери ийгиликтүү жыйынтыгын берет деп ишенем. 

-Акыркы жылдары кытай тилин үйрөнүүнү каалаган жаштардын саны Кыргызстанда көбөйүүдө. Ушундай жаштарга кытай тилин өздөштүрүү багытында кандай кеңеш берет элең?

-Менин эң башкы кеңешим-эгерде, сиз келечектеги кесибиңиз, жумушуңуз кытай тили менен байланыштуу болот тургандыгына күмөн оюңуз жок болсо, анда бул тилди өздөштүргүлө демекчимин. 

Ал эми, жөн гана убактылуу кызыкчылык үчүн же болбосо, ата-энелер каалаган үчүн кытай тилин окуунун кереги жок. Себеби, бул тилди өздөштүрүү үчүн кызыгуу, каалоо, убакыт жана тынымсыз изденүү талап кылынат. Мисалы, мен тааныган эң күчтүү китаист чет өлкөлүк профессорлор, канча жыл Кытайда жашап, иштесе дагы бул тилди Кытайдын башталгыч классынын окуучусунун деңгээлинде гана өздөштүргөндүктөрүн айтышат. Анан, албетте арасында кытай тилин суудай билген агайлар бар. Бирок, алар дагы бирин-экөө гана. 

Жогоруда айтып кеткендей, кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштарыбыз угуп жана түшүнүүгө көп көңүл буруулары зарыл. Бул үчүн кытай тилинде кино, программаларды көрүү керек. Туура сүйлөгөнгө басым жасоо дагы абзел. Үйрөтүп жаткан мугалимдерден дагы көп нерсе көз каранды. Эң негизгиси, мугалим бардык тараптан күчтүү болуусу керек. 

-Кытай элинен баалаган сапатың?

-Кытай элинин эмгекчилдиги тууралуу бардыгыбыз билебиз. Алар эмгекти сүйгөн эл болот. Дагы бир мыкты сапаттарынын бири, кандай гана кырдаал, шарт болбосун кытай эли адаптация болууга жөндөмдүү келип, жаңы нерсеге бат ыңгайлаша алышат. 

““Жибек жолу” китеби кыргыз тарыхчылары үчүн дагы кызык болот деп ишенем”

Учурда, “Жибек жолу” аттуу китепти кытайчадан орусчага которуп жатам. Эмгектин автору Борбордук Азиянын тарыхы боюнча белгилүү кытай профессору Лю Иншэн. Китеп тууралуу айта кетсем, илимий тилде жазылган тарых китеби. 

Которуу жеңил болгон жок. Ал жакта байыркы көчмөн калктардын тарыхынан бери айтылат. Арасында кыргыздар тууралуу дагы маалыматтар бар. Чындыгын айтканда, бул китеп башка тилдерге которулган эмес. Которулуп бүткөн соң, биздин кыргыз тарыхчыларына дагы абдан кызык болооруна ишенем. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)