WeChat      Избранное

“Ортот” онлайн соода платформасы-ишкерлер үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр

25/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Ортот” онлайн соода платформасы-ишкерлер үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр

21-май күнү Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын “XINJIANG SILUTONG” маалымат-технология компаниясы кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда “ОРТОТ” онлайн соода платформасы ишкерлерге сунушталып, ал тууралуу маалымат берилди. Бул иш-чара КРнын Экономика министрлигинин жана кыргызстандык ишкерлердин колдоосу менен өткөрүлдү. 

Интернет-индустриянын жана санарип экономиканын укмуштуудай тездик менен өнүгүүсүнүн негизинде электрондук коммерция жаңы соода маалымат доорун сунуштайт. Ушунун негизинде, “XINJIANG SILUTONG” маалымат-технология компаниясы үйдөн чыкпастан эле, сапаттуу жана мыкты товарларды интернет аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кыргызстандыктарга бере алат. 

Компания өндүрүш фабрикалары менен түздөн-түз иш алып баргандыгы үчүн товар баасы заводдон чыккан баа менен сатылат. Кошумча нарк кошулбайт. Компания кардарларына бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даяр. “ОРТОТ” онлайн соода платформасы дал ушундай интернет соода тармагын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого көмөкчү болмокчу. 

Зайнидин Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси: 

““Ортот” онлайн соода платформасы абдан жакшы сунуш”

- Бардыгыбыз билгендей эки элдин алакасы кечээ гана баштала калган жок. Акыркы 25 жылдык дипломатиялык аралыктын ичиндеги кыргыз-кытай алакасы жаңы дем, жаңы күч менен өнүктү. Себеби, бул жылдар аралыгы экономика тармагында гана эмес, социалдык тармактарда дагы карым-катнаш бир топ чыңдалды. 

Ал эми, эки мамлекеттин ортосундагы соода-сатык мамилелери дагы жакшы жолго коюлган десек болот. Учурда, Кыргызстанда кытай ишкерлери бир жыл ичинде болжол менен 11 миңдин тегерегинде жумушчу визасын алып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишүүдө. Ошондой эле, азыркы убакта 2017-жылдын жыйынтыгы менен Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы соода көлөмү 1 миллиард 600 миллион долларга өстү. Бул 2015-жылга салыштырмалуу дагы он пайыздын тегерегинде өсүш болгондугун тастыктайт. Ошентип жылдан-жылга өнүгүү бар. Бирок, бул өнүгүү жеткиликтүү деңгээлде эмес. 

Жакында эле, Пекин шаарында болуп өткөн Кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык 13-жыйынында дагы эки мамлекеттин ортосундагы бир топ маселелер талкууга алынды. Дагы да болсо, алдыда аткарылуучу иштер көп. 

Ал эми, бүгүнкү “XINJIANG SILUTONG” маалымат-технология компаниясынын “ОРТОТ” онлайн соода платформасы абдан жакшы сунуш. Бул ишке ашып кетсе биздин ишкерлерге дагы бир топ жеңилдик болмок. Жеке гана товарларынын түрлөрүн көбөйтүүгө көмөкчү болбостон, интернет аркылуу эле каалаган товарын алууга дагы чоң мүмкүнчүлүк жаралмак. 

Мэнг Сью Ли, “XINJIANG SILUTONG” маалымат-технология компаниясынын башкы директору: 

“Эки тараптуу келишимдин негизинде ийгиликтүү кызматташтык жүргүзө алабыз деп ишенем”

- Мен бүгүн Бишкек шаарында сиздер менен жүз көрүшүп жаткандыгыма абдан кубанычтамын. Чындыгында, Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык алака абдан үзүрлүү ишке ашып келүүдө. Аймактар аралык байланыш дагы бекемделүүдө. 

Биздин компания өз ишмердүүлүгүн Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүүнү максат кылууда. Кийинки жылы, “XINJIANG SILUTONG” маалымат-технология компаниясынын өкүлчүлүгү Бишкек шаарында ачылат деп ишенем. Албетте, алгач, ушул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу пайдалуу кызматташуу алакасын түзүүгө аракет кылмакчыбыз. 

Бүгүн биз, жалпы кыргызстандык ишкерлерге “ОРТОТ” онлайн соода платформасын презентация кылуудабыз. Бул онлайн соода кызматын бардык каалоочулар колдоно алат. Ал үчүн биздин сайтка кирип, каттоодон өтүүсү гана жетиштүү. Товардын 17 түрү бар. Көпчүлүк арасында товарлардын сапаты тууралуу дагы күмөн ой жаралышы мүмкүн. Бирок, товарлар негизинен Кытайдын Иу, Гуанчжоу жана Шанхай шаарларынын өндүрүш ишканаларынан чыгат. Ошондуктан, сапатына дагы толук жооп берет десек болот. 

Биздин бул сунуш кыргызстандык ишкерлерге дагы бир топ жеңилдиктерди бермекчи. Эки тараптуу келишимдин негизинде ийгиликтүү кызматташтык жүргүзө алабыз деп ишенем. Биз кыргызстандык ишкерлер менен 20 жылдан бери жакындан таанышып, иштешип келе жатабыз. Ушуга чейин бир да жолу ортобузда кандайдыр бир келишпестиктер болгон эмес. Эң негизгиси бир-бирибизге болгон ишеним бар. Соода ишинде ишенимдин болушу абдан маанилүү. 

Биз 150дөн ашык чет өлкөлүк компаниялар менен иш алып барабыз. Алардын арасында Бишкектин “Милан” логистикалык компаниясы дагы бар. Келечекте Тажикстан, Россия, Казакстан мамлекеттеринде дагы биздин компаниянын өкүлчүлүктөрүн ачууну көздөп жатабыз. 

Биздин башкы максат эки тараптуу иш алып баруу. Мисалы, Кытай жергесинде Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларына муктаждык бар. Ошондуктан, алдыда, бул жактын продукцияларын Кытай рыногуна чыгарууга дагы көмөкчү болмокчубуз. 

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы коңшу жайгашып, достук мамиледе кызматташып келет. Ошондуктан, бардыгыбыз ушул алаканы өнүктүрүүгө салым кошуубуз зарыл. Кытай Эл Республикасы тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долбоорун биз дагы толук колдойбуз. Учурда, жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүбүз дагы ушул долбоордун алкагында ишке ашып келет. 

“Ортот” онлайн соода платформасы-ишкерлер үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр

Сергей Пономарев, “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти: 

“Компания өндүрүш фабрикалары менен түздөн-түз иштешет, бул абдан жакшы”

- “Бир алкак-бир жол” долбоору биз үчүн абдан маанилүү. Жеке гана биздин ишкерлер үчүн эмес, бүтүндөй мамлекет үчүн дагы анын мааниси зор. Бул долбоор байыркы Жибек жолун бойлой жайгашкан мамлекеттерди ичине камтыйт. “Бир алкак-бир жол” концепциясы адамзат тарыхында болуп көрбөгөндөй эң чоң акча каражатына эгедер. Башкача айтканда, долбоор 21 триллион 200 миллиард АКШ долларын түзөт. 

Бүгүнкү болуп жаткан онлайн соода платформасынын презентациясы дагы ушул долбоордун алкагында аткарылууда. Бул платформанын эң жакшы жагы компания өндүрүш фабрикалары менен түздөн-түз иштешет. Ортомчулар дээрлик жокко эсе. Ошондуктан, товардын баасы дагы арзан болмокчу. Биздин ишкерлер үчүн бул абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Биз дагы өзүбүз тараптан кытай кесиптештерибизге кандайдыр бир маселелерин жөнгө салууга жардамчы болмокчубуз.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)