WeChat      Избранное

Адилет Кыдырмаев: “Ош облусу боюнча кытай ишкерлерине жалпысынан 31 лицензия берилген”

11/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Адилет Кыдырмаев: “Ош облусу боюнча кытай ишкерлерине жалпысынан 31 лицензия берилген”

Кыдырмаев Адилет.

Акыркы жылдары Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чет өлкөлүк инвесторлордун саны өсүүдө. Сырттан келген инвесторлор менен иш алып барып, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө көмөкчү болгон мамлекеттик органдардын бири бул-Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети. Комитет кыргызстандык дагы, сырттан келген ишкерлерге дагы бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, биздин аймакта иштөө үчүн лицензия менен камсыз кылат.

Аталган мамлекеттик комитеттин Жер казынасын пайдалануу саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кыдырмаев Адилет Ош облусундагы пайдалуу кен-байлыктары тууралуу маалымат берди. Муну менен катар инвесторлордун укуктары жана жоопкерчиликтери менен дагы тааныштырып өттү.

-Адилет, Ош облусундагы пайдалуу кен-байлыктар тууралуу маалымат берип кетсеңиз?

-Кыргыз Республикасы жаратылыш ресурстарына бай. Ал эми, Ош облусу тууралуу айта турган болсок, бул аймак негизинен сымап, сурьма, күрөң көмүр, таш көмүр, алтын, руда эмес пайдалуу казындылар жана цементти өндүрүүчу чийки заттары менен белгилүү. Албетте, мындан башка пайдалуу кен-байлыктар дагы кездешет, бирок алар аз санда.

Алтын тууралуу айта турган болсок, Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 95 км түштүктө, Алай кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 2100-3000 метр бийиктикте жайгашкан Чалкуйрук-Акжылга алтын кени белгилүү. Кен 1915-жылы табылган. Бул кендүү жер башында, мышьяк, кобальттары менен гана таанымал болсо, акыркы жылдары алтын кени менен дагы аты чыгып келет. 

Мындан сырткары, Алай районунда жайгашкан Терек алтын кени. Ал экономикалык жактан жакшы изилденген, жеткиликтүү аймакта, деңиз деңгээлинен 2100-2600 бийиктикте орун алган. 2017-жылдын 1-январына карата кен байлыктын теңдемдик камдыктары 2,7 тоннаны түзгөн. Ал эми, Чоң-Алай районундагы Сол жээк (Левобережный) алтын кенинин теңдемдик камдыктары болсо 2017-жылдын 1-январына карата 5,97 тонна болгон. Пайдалуу кен байлыктардан сырткары, Ош облусунда руда эмес пайдалуу казындылар дагы кездешет. Бирок, коңшу жайгашкан Баткен облусуна салыштырмалуу анчалык көп эмес. 

Чындыгын айтканда, Ош облусунда орун алган пайдалуу кен-байлыктар тууралуу толук маалымат абдан көлөмдүү болуп саналат. Ошондуктан, эгерде ушул багытта изилдеп, кошумча маалымат алууну каалагандар болсо биздин мамлекеттик агенттиктин сайтында жайгашкан интерактивдүү картаны пайдаланса болот. Сайттардын дареги: www.gkpen.kg жана www.gkpen.on.kg .

-Кыргыз Республикасына инвестиция берүү шарттары менен тааныштыра кетсеңиз, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жеңилдиктер каралганбы?

-Ар бир инвестор Кыргызстанда пайдалуу кен-байлыктарды иштетүү үчүн алгач, лицензия алуусу шарт. Лицензия боюнча атайын түзүлүп чыккан жобо бар. 

Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу укугун берүүчү лицензияны алуу үч форматта өткөрүлөт. Биринчи конкурс-жалпы мамлекеттик маанидеги жер байлыктары, экинчиси аукцион түрүндө, үчүнчүсү болсо бетме-бет сүйлөшүүлөр. 

Конкурс мамлекеттик комиссия тарабынан өткөрүлөт. Ал ири кендүү жерлер үчүн уюштурулат. Конкурска бардык каалоочулар катыша алат. Сырттан келген же болбосо ата мекендик ишкерлер деп бөлүнбөйт. Бардыгынын укуктары бирдей, аларга коюлган талаптар дагы окшош. Андан жеңип чыккан соң, ар кайсы мамлекеттик структуралардан дагы текшерүүдөн өтөт. Мисалы, экология багытынан мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук инспекциясы бар, андан өтөт, айлана-чөйрөнү токой чарбасын караган агенствосу дагы өз корутундусун беришет. Ушундай бир катар текшерүүдөн өткөндөн кийин гана лицензия берилет. Бул багытта айлана-чөйрөнү коргоо маселеси дагы негизги талап болуп эсептелет.

Көлөмү боюнча орто болгон пайдалуу кен-байлыктарына аукцион уюштурулат. Аукциондор өз жеринде уюштурулат. Башкача айтканда, жергиликтүү калк менен биргеликте, ачык өткөрүлөт. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дагы аукциондук комиссиянын мүчөлүгүнө киришет. 

Лицензиянын дагы бир нече түрү бар. Мисалы, изилдөө, чалгындоо иштерин жүргүзүүгө алынган лицензия, андан соң жер казынасын пайдаланууда берилген лицензиялар. Геологиялык изилдөө иштерине берилген лицензия беш жылга чейин берилет, андан соң дагы узартууга болот. Геологиялык чалгындоого болсо он жылга чейин берилип, андан кийин узартуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ал эми, кен чыккан жерде ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө 20 жылга лицензия берилет. Бул учурда дагы лицензияны узартып алууга болот.

Мамлекет берген лицензияны келишимде коюлган талаптар аткарылбаган учурда кайтарып алуу укугуна ээ. Мисалы, салыкты өз убагында төлөбөсө, жылдык планын толук аткарбаса, иштетилген жерди, жер кыртышын калыбына келтирбесе (рекультивация) ж.б. учурларда.

Кыргызстандын эшиги бардык инвесторлор үчүн ар дайым ачык. Ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даяр. Эң негизгиси, эки тарап тең мыйзамдын чегинде иш алып баруусу абзел. Жогоруда айтып кеткендей, пайдалуу кен-байлыктарын иштетүүдө жергиликтүү инвестор менен сырттан келген ишкердин укугу бирдей. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ишкерлерге салык жеңилдиктери дагы каралган. 

Ал эми, 2017-жылдын 29-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Салык төлөө боюнча стабилдүүлүктү сактап туруу режиминин шарттары жана тартиби тууралуу жобосу бекитилген. 

Стабилдүүлүк режими-бул инвестор үчүн ыңгайлуу шарттардын бири. Себеби, Кыргыз Республикасынын салык жана салык эмес төлөмдөрүнө кандайдыр бир өзгөрүүлөр кирген учурларда, жобонун бардык талаптарына жооп берген, ишкер же болбосо инвестиция кылып жаткан компания стабилдүүлүк келишимине кол койгон күндөн баштап он жыл аралыгында өзүнө ылайыктуу болгон салыкты төлөө укугуна ээ болот. Албетте, стабилдүүлүк режимине кол койгондон кийин, ишкер же болбосо компания жободо каралган бардык шарттарды аткаруусу шарт. Эгерде, талаптар аткарылбаса анда, келишим жараксыз деп табылат. 

“Алдыда, пайдалуу кен-байлыктар тармагы Кыргыз Республикасынын экономикасына жана мамлекеттин социалдык чөйрөсүнө бараандуу салым кошо алат деп ишенимдүү түрдө айтсак болот” 

-Ош облусунда канча Кытай тоо-кен иштетүүчү компаниялары бар, алар пайдалуу кен-байлыктардын кайсы түрүн иштетип келишет?

-Чындыгында, Кыргызстанда учурда, инвестиция кылып жаткан чет элдиктердин басымдуу бөлүгү кытай ишкерлерине тиешелүү. Жалпы Кыргызстан боюнча алсак деле, алтын кендерин иштетип жаткан инвесторлордун көпчүлүгү Кытай Эл Республикасынын жарандары. 

Ал эми, Ош облусун бөлүп карай турган болсок, ал жакта кытай ишкерлерине жалпысынан 31 лицензия берилген. Алардын он экиси алтынды, сегизи көмүрдү, бешөө руда эмес пайдалуу казындыларды, төртөө нефть жана газ байлыктарын жана экөө металдарды иштетүүгө берилген. 

-Пайдалуу кен-байлыктарын иштетүүдө, экологияны сактоо маселесинен улам келип чыккан жергиликтүү калк менен инвестордун ортосундагы түшүнбөөчүлүктөрдү кантип жоюу керек?

Ар бир инвестор жер байлыктарын иштетүү үчүн лицензия алгандан кийин милдеттүү түрдө техникалык долбоор даярдайт. Техникалык долбоор бул-кендүү жерди иштетүүдөгү бардык маалыматты ичине камтыган документ болуп эсептелет. Документ толугу менен тиешелүү структуралар тарабынан каралып, экспертиза кылынат. Эгерде, кандайдыр бир кемчиликтер табылса, анда инвестор долбоорду кайрадан иштеп чыгат. Техникалык долбоор бардык талапка жооп берген учурда гана, ишкер ишке кирише алат. Ал эми, жергиликтүү калк менен болгон чыр-чатактар негизинен, ушундай маалыматтардын жетишсиздигинен улам келип чыгат. 

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети дагы бул багытта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Кен-байлыктарды иштетүүдө жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында атайын жер-жерлерге барып дагы иштеп жүрөбүз. Негизинен, эл менен инвестордун ортосунда кандайдыр бир түшүнбөөчүлүк болгон аймактарга барабыз. Ал жакта, калк ойлогондой абдан чоң маселе жок экендигин, инвестор ишке киришсе кошумча жумуш орундары, кошумча киреше булактары пайда болоорун, анчалык деңгээлде зыян алып келбестигин элге түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Атайын элдик угуулар өткөрүлөт.

Кыргызстандын жүргүзгөн саясатында жер казынасын пайдаланып, иштеткен ишкерлерде социалдык жоопкерчилик маселеси каралган. Келишим жергиликтүү калк менен ишкердин ортосунда түзүлөт. Бул келишимдин негизинде жер казынасын иштетип жаткан тарап, элге материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүүгө милдеттүү.

-Сиздин оюңуз боюнча, пайдалуу кен-байлыктарды иштетүү тармагы Кыргызстандын экономикасына кандай салым кошууда?

-Акыркы жылдары, пайдалуу кен-байлыктар менен иштеген ири компаниялар Кыргызстанда өндүрүш иштери менен дагы алектенип келишет. Бүгүнкү күндө, алтын кенин иштеткен 7-8 компания өзүнүн продукцияларын ишке ашыра башташты. Бул кошумча салыктардын төлөнүшүн камсыз кылат. Салыктын түрлөрү көп. Бири мамлекеттин казынасына түшсө, бири болсо жергиликтүү бийликтин бюджетине төлөнөт. Мына ушундай, салыктар жолу менен дагы мамлекеттин, аймактардын казынасына кошумча киреше түшүп, экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө болууда. 

Президентибиз Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2018-жыл аймактарды өнүтүрүү жылы деп жарыяланбадыбы. Ошондуктан, жер-жерлерде инвестицияларды көбөйтүп, аймактардын өнүгүүсүнө жардамчы болуу дагы заман талабы. Жогоруда айтып кеткендей, Кыргыз Республикасында пайдалуу кен-байлыктар мол жайгашкан. Бардык аймактардын бул багытта потенциалы күчтүү. Эгерде, тоо-кен байлыктарын иштетип, инвесторлор менен биргеликте иш алып барсак, кошумча жумуш орундары пайда болуп, жергиликтүү калктын социалдык абалы дагы бир топ жакшырмакчы. 

Пайдалуу кен-байлыктарды казып алуу (салыштырма салмагы өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө 7,8%) продукцияларынын өндүрүшүнүн көлөмү 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 17996,6 млн сом болуп, ал эми физикалык көлөмдүн индекси деңгээлине карата 2016-жылы 178,4% түзгөн. Өндүрүштүн көлөмүнүн ушундай жол менен өсүшү кен-байлыктарды казып алуунун негизинде камсыз болууда. Эгерде, биз мындан ары дагы тоо-кен өндүрүшүн өнүктүрүп, инвесторлордун жер-жерлерде иш алып баруусуна көмөкчү болсок, алдыда, пайдалуу кен-байлыктар тармагы Кыргыз Республикасынын экономикасына жана мамлекеттин социалдык чөйрөсүнө бараандуу салым кошо алат деп ишенимдүү түрдө айтсак болот. 

-Тоо-кен тармагындагы өндүрүш тутумун (чынжырчасын) кеңейтүү планы барбы, ушул багытта кеп салып берсеңиз?

-Өндүрүш тутуму бул-пайдалуу кен-байлыктарды казып алуудан баштап, аны биздин жерде иштетип, өндүрүп, даяр продукция кылып чыгаруу чынжырчасы болуп эсептелет. Тактап айтканда, продукцияны иштетип чыгууну ичине камтыган бүтүндөй өндүрүү процесси десек да болот. 

Мисалы алтын, бүгүнкү күндө бизде, алтын казылып алынган соң, концентрат катары гана Кыргызстандан чыгарылып кетет. Бул өндүрүш тутумун толук түзүп чыгуу үчүн бизде алтын иштетүүчү фабрикаларын, заводдорун куруп чыгуу керек. Бул маселе барып эле кайрадан, экология темасына барып такалат. Жергиликтүү калк менен дагы түшүнбөөчүлүктөр жаралат. Азыр, бул жакшы же жаман деп так жооп бере албайм. Бирок, учурда ушул маселенин үстүнөн иштеп, дыкаттык менен изилдеп жатабыз. 

-Кыргызстанга, анын ичинен Ош облусуна сырттан инвесторлорду тартуу боюнча кандай иштер аткарылууда?

-Бул багытта негизинен, Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги жакындан иш алып барат. Биз дагы агенттик менен тыгыз кызматташабыз. Бул агенттик чет өлкөлүк ишкерлерге Кыргызстанды таанытуу боюнча дагы алгылыктуу иштерди аткарып келүүдө. Ош облусуна сырттан ишкерлерди тартуу боюнча жергиликтүү бийлик дагы өз көмөгүн көрсөтүп келет. 

Биздин жерге келип өз ишмердүүлүгүн жүргүзөм деген бардык чет элдик ишкерлер, жогоруда айтып кеткен интерактивдүү карта менен жакындан таанышып, ал жакта иштетилбей, бош турган пайдалуу кен-байлыктары тууралуу маалымат ала алышат. Андан кийин, бизге ошол жерге лицензия алуу өтүнүчү менен кайрылуу укугуна ээ. Бардык иштер ачык-айкын түрдө өткөрүлөт. 

Кыргызстанда тоо-кен байлыктарын иштетүү тармагы инвесторлор үчүн, мурдагы мезгилге караганда бир топ эле жеңилдетилген. Дагы да болсо ушул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Эң негизгиси мыйзамды сыйлаган, адал иштеген, тажрыйбасы мол, акча каражаты, техникалык жабдыктары жетиштүү инвесторлор келүүсү шарт. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)