WeChat      Избранное

Кыргыз Республикасындагы Иран Республикасынын элчиси: Иран Улуу Жибек Жолу мамилелерди бекемдөө үчүн түрткү болду

25/04/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз Республикасындагы Иран Республикасынын элчиси: Иран Улуу Жибек Жолу мамилелерди бекемдөө үчүн түрткү болду

Али Моджтаба Рузбехани, Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси:

“Иран географиялык жактан так ортодо жана ыңгайлуу аймакта жайгашып, Улуу Жибек Жолу мамилелерди бекемдөө үчүн түрткү болду”

2013- жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан “Бир алкак-бир жол” долбоору негизделген. Бир топ өлкө катышып, алардын арасында Кыргызстан жана Иран өлкөлөрү дагы бар. Учурдан пайдаланып Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани мырза менен “Бир алкак- бир жол” долбоору тууралуу маек курдук. 

- Сиз Иран Ислам Республикасынын КРдагы элчиси катары эки өлкөнүн “Бир алкак – бир жол” долбоорундагы ордун кандай баалайсыз?

- Кытайдын Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон карым-катнашы аябай активдүү, иштиктүү жана өнүгүү жүрүшүндө байкалып жатат. Кыргызстан акыркы жылдары баардык өлкөлөр менен тышкы экономикалык инфраструктурасына байланыштуу мамилелерди бекемдөөгө аракет жасап келүүдө. Кыргыз­стандын жаратылыш ресурстары жана Ирандын транзиттик, өнөр-жай жана өндүрүштүк кубаттуулугу эки тарап эле эмес, үч тарап үчүн да бири-бирин толуктоого мүмкүнчүлүгү бар. Мындан сырткары, Иран менен Кыргызстандын мамилеси тарыхый, саясий, маданий ж.б. ар кандай тармакта байланышы бар экен менен маанилүү болуп эсептелинет. Эки өлкөнүн ортосунда тарыхый түспөлдөштүктөр да бар. Иран маданият аймакта жайгашып, Улуу Жибек Жолу (Бир алкак-бир жол) мамилелерди бекемдөө үчүн түрткү болду. Ирандын географиялык жайгашуусу дүйнөлүк экономикада маанилүү болгон транспорт жана нефть, газ ташуу чөйрөдө, өзгөчө шарттарды белгиледи. Иран так борбордо жайгашып бир тарабы Түркия жана Европа өлкөлөрү менен чектешсе, башка тарабы Азия өлкөлөрү менен курчалат. Кыргызстан болсо Борбор Азияда жайгашып кошунасы улуу держава болгон Кытай өлкөсү менен чектеш. Иран жогоруда айтылып келген шарттарды колдонуу аркылуу, өз экономикасын регионалдык жана дүйнөлүк деңгээлге жеткизүүдө. Азыркы учурдагы шарттарда, Европага эң кыска жолдун жеткиликтүүлүгү өлкөнүн артыкчылыктарынын бири болуп эсептелинет жана Жибек Жолунун же болбосо “Бир алкак-бир жол”долбоорунун жандануусунан кийин транзиттик жүк ташууда маанилүү ролду ойной алат.

- Бишкекте жашап иштеп жатасыз. ММКлардан окуп же көрүп жатсаңыз керек. “Бир алкак-бир жол” алкагында бизде болуп жаткан эмнелерди байкап же көрүп жатасыз?

- Азырынча бул долбоордун өнүгүүсү алгачкы этаптарда болуп саналат. Ишке ашыруу үчүн көптөгөн жылдар керек эле бирок долбоордун бат эле ишке ашканын баарыбыз байкап жатабыз. Аз убакыттын ичинде канчалаган иштер жасалды. “Бир алкак-бир жол” долбоорунун регионалдык экономикага боло турган таасири өтө маанилүү болуп эсептелинет. Бул себептен долбоор өкмөт башчылары жана экономикалык активисттер тарабынан колдоого алынып, Кыргызстан үчүн “Бир алкак-бир жол” долбоорунун иш жүзүнө ашуусу, экономикалык кызматташуу алкагында чоң бир түрткү болуп саналат. Бул жагдайда сиздер билгендей Кыргыз­стан деңизге чыгууга жолу жок мамлекет болуп эсептелет. Бул кесепеттен, мамлекет экспорт тармагында ар кандай жолдорду изилдеп, жол табуу үчүн аракет жасап, азыркы учурда Кытай-Кыргызстан-Ооганстан-Тажикстан-Иранга жолдонгон темир жолдон пайдаланууну көздөп жатат. Иран менен Кыр­гызстан жана жогоруда аты аталган өлкөлөр үчүн да бул чоң мүмкүнчүлүк жана абдан ыңгайлуу болуп эсептелинет жана бул өлкөлөрдүн транзиттик жана башка кызматташтыгынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт.

- Иранда “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында кандай иш-чаралар болууда? Ишке ашкан долбоорлор барбы? Иран менен Кыргызстандын окшош долбоорлору кандай? Башка дагы кандай багытта иш алып барып жатышат? 

- Иран- Улуу Жибек Жолунун негизги жолу болуп эсептелинген. Азыркы учурда да Ирандын географиялык жайгашуусу өтө ыңгайлуу жана алдыңкы ролдорду ойнойт. Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан аркылуу Иранга темир жол байланышы KTAI аты менен белгиленген долбоор “Бир алкак-бир жол” алкагында түзүлдү. Бирок иш жүзүнө аша элек. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ишке ашкан башка долбоорлордун бири бул - 2016-жылы KTI (Казахстан- Түркмөнстан-Иран) жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу темир жолу болду. Азыркы тапта иштеп жатат. Контейнер жүк ташуучу темир жолу каттамы бүгүнкү күндө 5 поезд транзиттик жүк ташууну аткарып келет. Мындан сырткары Кытай- Ооганстан же Пакистан-Иран- Түркия менен дагы бир топ темир жол долбоорлору “Бир алкак-бир жол” алкагында ишке ашырылат деген ойдобуз. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

- Кытай- Иран мамилеси мындайча айтканда “Бир алкак-бир жол” алкагында темир жол жана жолдорду модернизациялоолор болот дешти эле. Канчалык дэңгээлде ишке ашты?

- Ооба, Горган- Инче Борун темир жол долбоору ишке ашты. Чабахар-Захедан, Арак-Керманшах-Хосрави темир жолдорунун Ирак менен байланышуу үчүн курулушу, Газвин-Рашт-Астара темир жол курулушу, Азербайжан- Грузия аркылуу Кара-Деңизге чыгуу максатында темир жолдордун курулушу маанилүү болуп эсептелинет. Жогоруда айтылып кеткен долбоорлордун баарынын ачылышы буйруса жүк ташууну тездетип, каражат жактан да киреше кирип, бир далай иштер жеңилдегени турат.

- Сөз соңунда ушул 3 өлкөгө жана “Жибек Жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин редакциясына каалоо тилек айта кетсеңиз?

- Учурдан пайдаланып, маектешүү үчүн ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Кытай элине, Кыргызстан элине, Иран элине, бул жерде жашап жаткан жердештериме тынчтык, ийгилик жана жакшылыктарды каалаймын. Азия региондорунун элдеринин арасындагы маданий, саясий, достук мамилелер жана карым-катнаштар келечекте өз ара кызматташуунун өнүгүүсү туруктуу болот деген терең ишеничим бар. Сиздердин жамаатка дагы чоң ийгиликтерди каалаймын. Окурмандарыңыздар көбөйө берсин!

(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)